«Азаттык» радиосу
✔
3.94K subscribers
4.35K photos
638 videos
30 files
8.66K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Санкциялар "сабагы": Бишкек шектүү компанияларга каршы аракетин күчөттү

Кыргыз өкмөтү аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө, тобокелдиктерди азайтуу аракети уланып жатканын белгилеп, бир катар чараларын жарыялады. Буга байланыштуу 52 ишкана ишин токтотуп, дагы 57 компанияны мажбурлап жабуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.

Батыш өлкөлөрү Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берет деген дооматын Кыргызстанга бир нече ирет койгон. Жада калса, Кыргызстанда катталды делген компаниялар улам санкцияга киргени жарыяланды.

@azattyk_radiosu
Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сынына жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сын-пикирине жооп берди.

Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын, болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбей турганын билдирди.

“Эми шайлоо процесси башталганын баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар кандай пикирлер, сындар айтылат. Айрыкча талапкерлер өз позициясын ар кандай формада, маанайда билдириши мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш. Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет”, - деди Аскат Алагөзов.

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматын жетектеген Сыймык Жапыкеев Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январында өтө турган кезектеги президенттик шайлоого талапкерлигин койду. Ал акыркы убактарда бийликти сындап жатат.

Сыймык Жапыкеев жакында эле журналист Эрнис Кыязга 1 саат 40 мүнөттүк маек берип, ал 2-ноябрда жарыяланды. Анда ал Садыр Жапаровдун бийлигин сынга алып, өлкөдө жакырчылык күчөгөнүн айткан.

“90% эл “банк” деп сыздап калыптыр. Баары тең карыз. “Кымбатчылык” деп жүрүшөт. Бензин, тамак аш кымбат. Кыргыздар көчмөн эл болгондон кийин Көчмөндөр оюндарына барышат. ШКУнун жыйынын буга чейин деле өткөрүп жүргөнбүз. Эмне чечилди? Маселе чечилгенде да. Ютага же каяка барат бир нерсе чечип келиш керек да. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга барса 19 млрд доллар, Америкага барса 100 млрд долларга келишим түзүп келишет. Казактардыкы Европа же Кореяга барабы бир нерсе чечип келишет. Биздики эмне чечип келип атат?”, - деген Сыймык Жапыкеев.

Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен. https://www.azattyk.org/a/33888734.html
👍5❤3
Уркун 1.pdf
9.5 MB
Улуу Үркүнгө 110 жыл. “Азаттык” кыргыз элинин тарыхый трагедиясын эскерип, “Үркүн: Эс тутум жайлар” аттуу даректүү тасма тартты. 4-ноябрда тасманын бет ачары болот. Тасма жакында www.azattyk.org сайтына, Ютубдагы Azattyk каналына чыгат. 
Ал эми “Үркүн - 100: Кылымдар унуткус кыргын” деген “Азаттык” 2017-жылы чыгарган китептин бул жерден окуй аласыз.
😢4👍3
Баткенде 24 жаштагы келиндин өлүмү териштирилүүдө

31-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы Дилфуза Сайназарова каза болду. Маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн зомбулугунан улам мерт болгонун айтышууда. Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, келиндин жолдошу шектүү катары кармалды. https://www.youtube.com/watch?v=f05UxNh8DrU
🚌Бишкекте жыл башынан бери автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды

2026-жылдын башынан бери Бишкекте эл ташыган автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды. Анын ичинен 244ү боюнча коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 272 учурда экинчи тарап күнөөлүү деп табылган.

Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инжинери Бакыт Табалдиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты. Анын сөзүнө ылайык, келтирилген чыгымды автобустун айдоочусу айлыгынан төлөйт же накталай берсе болот.

Расмий маалымат боюнча, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында 1400 автобус бар. Анын ичинен күн сайын 1100-1150 автобус элди ташууга чыгат.

@azattyk_radiosu
❤2
✈️ Европанын "кара тизмесинен" кийин: Кыргызстан авиацияга канча каражат сарптайт?

Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасы кандай өнүгүп жатат? Кандай иштер жасалууда? Тармактагы өзгөрүүлөргө назар салабыз.

Ал арада “Манас”, “Жалал-Абад”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аба майдандары реконструкцияланып жатат. Аба майдандарына салынып жаткан инвестициялардын суммасында Евразия өнүктүрүү банкы менен “Кыргызстан аэропортторунун” маалыматтарынын ортосунда чоң айырма бар – биринчиси 770 млн доллар жумшалат десе, экинчиси 190 млн долларды болжойт.

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз! 👇
👍3
‼️Президент 2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктай турганын айтты

2031-2032-жылдары Кумтөр кениндеги карьерди иштетүү аяктап, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчы мындан тышкары Таластагы Талды-Булак, Андаш жана Бала-Чычкан кендерин мамлекет инвесторлорго лицензияларды сатпастан, 100% өз күчү менен өздөштүрөрүн билдирди. Маалыматка ылайык, бул кендерди иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ишканасында кесипкөй адистерден турган команда түзүлгөн.

@azattyk_radiosu
❤1👍1
Ташиев кеткени Атайын кызматта эмне өзгөрүү болду? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 03.11.2026

- Аймактарда Атайын кызматтын дарегине даттануулар ачык айтылып жатат. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден бери эмне өзгөрдү? Акыйкаттык издеген элдин үнүн бийлик канчалык угуп жатат?

- Бул арада абактагы ишкер Имамидин Ташов президентке кайра кат жазды. Ал мамлекет башчысын абактагы кыйноолор тууралуу маалыматтарга көңүл бурууга чакырууда.

- Украинанын Камышеваха кыштагына жасалган аба соккуларынан 30 дай киши каза болду. Курман болгондордун көбү мектепке гуманитардык жардам алуу үчүн келген жай тургундар экени айтылууда. https://youtube.com/live/Av7RZk6u6c0
❤2
Медербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айтты

Кыргызстанда чыгарган чечимдери кийинки инстанцияларда көбү жокко чыккан судьялардын ишин комиссия иликтейт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланган жыйында айтты.

“Сот тутуму ичинен тазаланууга тийишпиз. Президент элди аралап жүрүп “адилеттик жок” деген тыянакка келип атат. Бул сөз ар бирибизди башка барскан менен ургандай болуш керек. Андыктан биз жоопкерчиликти күчөттөбүз”,

- деди ал.

@azattyk_radiosu
😁2
💵Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд 400 млн долларга жакындады

2026-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд 371,63 млн долларга жетти.

Анын ичинен 5 млрд 96,38 млн доллар ички, 5 млрд 275,24 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 367,68 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

@azattyk_radiosu
👏3❤1
Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 04.11.2026

- Жапыкеев бийликтин саясий долбоорубу? Президенттик шайлоого катышам деген саясатчынын сынына бийликтин көтөрүмдүү мамилеси талкууларга жем таштады.

- Кымбатчылык элди кыйнады. Бааларды туруктуу кармоо үчүн эмне кылуу керек? Эксперттер ой болүшөт.

- АКШ тарыхындагы алгачкы мусулман-сенатор. Кошмо штаттарда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Демократиялык партия Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүккө жетишти. https://www.youtube.com/watch?v=dTgS1_I9khM
Бишкекте “Азаттыктын” Үркүн боюнча тасмасынын таанытымы өттү

4-ноябрда Бишкекте “Азаттыктын” кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бирине арналган “Үркүн: Эс тутум жайлар каткан сыр” аттуу даректүү тасмасынын таанытымы өттү. Тасма Үркүндүн 110 жылдыгына байланыштуу тартылган. Иш-чарага тарыхчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер жана студенттер катышты.

Тасмада 110 жыл мурун Орус падышалыгынын куугунтугунан качып, адам буту баспаган ашууларды ашып, Кытайдан башпаанек издөөгө аргасыз болгон миңдеген кыргыздардын изи көрсөтүлөт. Казакстандын Жаркент, Кыргызстандын Ысык-Көл аймагындагы эс тутум жайлары тууралуу баяндалат. Үркүн - кыргыз элинин улуттук аң-сезимине жана жамааттык иденттүүлүгүнө кандай таасир эткенин чагылдырат.

Даректүү тасманы жакында “Азаттыктын” сайтынан жана Ютуб каналынан көрө аласыз.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Ошол каргашалуу окуядан улам кеминде 120 миң кыргыз кырылганын, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр набыт болгонун белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950–1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы “Азаттык” радиосу “Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын” деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. https://www.azattyk.org/a/33890396.html
❤2
"Кумтөрдөй кылып алып коем дедим". Кыргызстан газ тармагын өзү башкара алабы?

Президент Садыр Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, өкмөт аны Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коёрун эскерткенин билдирди. "Кыргызгаздын" Орусиянын компаниясын өткөнүнө 12 жыл болду. Ортодогу келишим канчалык аткарылды?

Убагында “Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” ишканасына символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” компаниясы деп аталып калган. Андан бери 12 жыл өттү. Ошол кезде орусиялык компания Бишкектин чет жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү шарты менен алганы белгилүү болгон.

@azattyk_radiosu
👍3👎2🤣2❤1
‼️ТИМ Элистан Токтогуловдун согушка тартылышы боюнча Орусияга нота жиберди

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргызстандык Элистан Токтогуловдун алдамчылык жолу менен Украинадагы согушка тартылышына байланыштуу Орусиянын башкы дипломатиялык мекемесине нота жөнөттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди. Элчилик аталган жарандын мекенине тез арада кайтарылышын камсыз кылууну талап кылган.

Мындан тышкары бул факты боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Орусиянын тийиштүү органдарына расмий каттарды жөнөттү.

4-ноябрда Манас шаарында Украинадагы согушка мажбурланып жиберилип жаткан кыргызстандыктын жакындары бийликке кайрылган. Алар 21 жаштагы Элистан Кыргызстанда алданып, азыр Орусияда коркутуу жолу менен согушка жиберилүү алдында турганын айтып чыгышкан.

@azattyk_radiosu
👍4
Сот Тилекмат Кудайберген уулун кайрадан камакта калтырды

6-ноябрда Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун (Күрөңов) үй камагына чыгаруу өтүнүчүн кайрадан четке какты. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Ал “Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, шектүүнүн иши сотко өткөндөн кийин бир жылдын ичинде өкүм чыкпаса адам камактан бошотулушу керектигин” айтты.

Ишти карап жаткан судья Уланбек Туманбаев, Карасартованын айтымында, Жогорку соттун пленумунда “Тилекмат Кудайберген уулу оор кылмышка айыпталып жаткандыктан бөгөт чарасы өзгөртүлбөй турганын” билдирген.

@azattyk_radiosu
👎4👍2❤1
⚡️Бектур Асанов президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди

Саясатчы, Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, кийин соттон акталган Бектур Асанов Кыргызстанда 2027-жылы январда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди. Ал “Азаттыктагы” маегинде сөз эркиндиги, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин иши тууралуу суроолорго жооп берди.

Бектур Асанов талапкерлерге коюлган талаптардын бири - кыргыз тилин “ортодон жогору” же, башкача айтканда, B2 деңгээлинде билет деген “Кыргызтесттин” сертификаты бар экенин айтты.

Буга чейин президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков БШКга арыз берген. Алар ушул тапта кол топтоп жатат.

@azattyk_radiosu
😁4
⚡️Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин коюу боюнча БШКга арыз берди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

66 жаштагы саясатчы Ош шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин аяктаган.

@azattyk_radiosu
🤣5
Коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев каза болду

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 6-ноябрда 90 жашында каза болду. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук илимдер академиясы билдирди.

Ал 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Жамин Акималиев Кыргыз айыл-чарба институтун аяктаган. Селекция станциясында илимий кызматкер, директор, айыл чарба министринин орун басары болуп иштеген.

Жамин Акималиев акыркы жылдары саясат, айыл чарба багытында пикирлери менен байма-бай бөлүшүп келген.

@azattyk_radiosu
🕊2👍1
"Дал келбеген, күмөндүү жагдайлар бар". Капаловдун өлүмүн кайра иликтөө өтүнүчү

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, маркум Кубанычбек Капаловдун жакындары анын өлүмүнө байланыштуу ишти адилет тергөөнү суранууда. Алар тергөөдө айрым жагдайлар ачыкталбай, күмөн бойдон калып жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.

Бул ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) сентябрда кайра карай баштаган. 45 жаштагы Кубанычбек Капаловдун сөөгү быйыл 13-мартта унаасынан табылып, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени айтылган. Жубайы жана бир тууганы “Азаттыкка” маркумдун жазып калтырган каты жана алар күмөнсүп жаткан жагдайлар тууралуу айтып беришти.

@azattyk_radiosu
❤1