Дил азык🌾
3.15K subscribers
193 photos
122 videos
2 links
Рустам Абилов 🇰🇬
Download Telegram
«Чыныгы сүйүү — жүрөктү дүрбөлөңгө салган сезим эмес, жүрөккө тынчтык берген адам. Сен анын жанында өзүңдү далилдөөгө муктаж болбойсуң. Анткени тунук махабатта көздөр сүйлөйт, жүрөк түшүнөт, ал эми жан “ушул адам — менин адамым” деп тынчтык табат.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥19
«Кээ бир адамдарды жүрөк тандабайт — жүрөк аларды тааныйт. Анткени чыныгы махабат жолугушкан күндөн эмес, жүрөк “сен ушул адамды көптөн бери күтүптүрсүң” деп тынчып калган күндөн башталат.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥17❤‍🔥1💔1
«Сүйүү — бир адамды күн сайын кайра-кайра тандоо. Анын сулуулугуна эмес, жан дүйнөсүнө байланып, дүйнө жүзү өзгөрсө да, жүрөгүңдөгү ордун өзгөртпөө.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥17🤩2
«Тунук махабатта ашыкча сөз болбойт. Бир караш жетиштүү, бир жылмаюу жетиштүү. Анткени чындап сүйгөн эки жүрөк бири-бирин сөздөн мурда сезет.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥16💔1
«Кээде адамдын жанында болуу — бакыт эмес. Анын жүрөгүндө өзүңө орун бар экенин сезүү — чыныгы бакыт. Себеби аралык денелерди алыстатат, бирок чыныгы сезимдерди алыстата албайт.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥15💔1
«Жүрөккө жаккан адам көп болушу мүмкүн. Бирок жүрөккө тынчтык берген адам — бирөө гана. Ошол адамды жолуктурганда сүйүүнүн ызы-чуу эмес, тынчтык экенин түшүнөсүң.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥28🔥1💔1
«Кээ бир сүйүүлөр көздөн башталат да, убакыт менен өчөт. Ал эми кээ бирлери жүрөктөн башталып, жылдар өткөн сайын тереңдей берет. Чыныгы махабат — убакытка баш ийбеген сезим.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥12💔1
«Эгер бир адамдын жанында өзүңдү эркин сезсең, унчукпай отурганда да жүрөгүң тынч болсо — аны сакта. Анткени мындай адамдар жашоого көп кездеше бербейт.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥15🕊1
«Мен сүйүүнү сенин мага кандай караганыңдан эмес, сенин жаныңда жүрөгүмдүн кандай тынчып калганынан түшүндүм. Кээде адам издеген бакыт — бирөөнүн кучагында эмес, бирөөнүн жүрөгүндө жашайт.»

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥21🥰2
Өзүм каалагандай жашаймын деп жатып, напси каалагандай жашап кеткен адамдар бар. Бир күнү таза табиятынан алыстап кеткенин түшүнөт. Кайткысы келет. Бирок кайта албайт. Кирдеген дүйнөсү менен жолун таппай калат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥25❤‍🔥7👏7😢5
😍24🕊5👏1😢1
Бүгүн… экөөбүздүн бир үй-бүлө болгонубузга туура бир жыл болуптур.

Бир жыл…

Убакыттын өткөнүнө ишенбейсиң. Кечээ эле тойдун толкундануусу, ак жоолугуң, уялып жылмайганың көз алдымда тургандай. Ал эми бүгүн, бир жылдын ичинде канчалаган күндөрдү бирге өткөрүп, кубанычты да, түйшүктү да, тынчтыкты да, санааны да чогуу бөлүшүп калдык.

Сени аялым кылып мага жолуктурган Аллахка миң мертебе шүгүр.

Сен мен үчүн жөн гана жар эмессиң.

Сен — ыйманы менен жүрөгүмө тынчтык берген,
ибасы менен көркүнө көрк кошкон,
итааты менен үй-бүлөнүн баркын билген,
таалим-тарбиясы менен өзүн бийик туткан,
илим-билими менен суктандырган,
колунан жасаган ар бир тамагына мээримин кошкон,
сулуулугу көзгө, мүнөзү жүрөккө жаккан,
периштедей бир жансың.

Сенин сулуулугуңду сөз менен айтып бүтүү кыйын.
Бирок мен үчүн сенин эң чоң сулуулугуң — жүзүңдө эмес, жүрөгүңдө.

Адамдын жанында сулуу адамдын болгону жакшы.
Бирок жүрөгү сулуу адамдын жанында өмүр сүрүү — чоң бакыт.

Ушул бир жылдын ичинде мен бир нерсени дагы даа түшүндүм:
үй-бүлө — бир үйдө жашоо эмес экен.
Үй-бүлө — бири-бирин түшүнүү, кечирүү, колдоо, сыйлоо жана кандай күн болбосун «мен сенин жаныңдамын» деп тура билүү экен.

Кээде мен айта элек сөздү сезчүсүң.
Кээде чарчаганымды сөзүмдөн эмес, көзүмдөн байкадың.
Кээде бир жылуу сөзүң менен бүтүндөй күнүмдү өзгөрттүң.

Сенин жаныңда мен «үй» деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнө баштадым.

Бүгүн биздин баш кошконубузга бир жыл.
Бирок мен бул бир жылды бүтүндөй өмүрүмдүн эң кооз башталышы деп билем.

Аллах никебизге береке берсин.
Ыйманыбызды бекем кылсын.
Сүйүүбүздү жыл өткөн сайын күчөтсүн.
Бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбызды арттырсын.
Үйүбүздөн күлкү, жүрөгүбүздөн мээрим, дасторконубуздан береке кетирбесин.

Жана эң башкысы —
бул дүйнөдө да, акыретте да бирге болууну насип кылсын.

Бир жыл өттү…

Ал эми мен сени менен дагы миңдеген күндөрдү,
миңдеген таңдарды,
миңдеген кечтерди өткөргүм келет.

Үйлөнгөн күнүм — жашоомдогу эң туура чечимдердин бири болгон.

Жаным, үйлөнгөнүбүздүн бир жылдыгы кут болсун!
Сен бар үчүн — үйүм үй.
Сен бар үчүн — жүрөгүм тынч.
Сен бар үчүн — жашоомдун мааниси дагы да кооз.

Жакшынам менин.🫶🏻

с.Рустам Абилов
😍58❤‍🔥16🔥6🤗3🙉2✍1
Түн адамды алсыз кылбайт. Күндүз качып жүргөн чындыктарың менен жалгыз калтырат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥20💔3😱1
Эң оор жаза — өзүңдүн ким болгонуңду билип туруп, өзүңдөн кача албоо.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥18👏1
Баарына жетишүүгө аракет кылып, өзүңө жетпей калба.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
👏7🔥3
Өмүр кыска. Бирок кээ бир каталардын көлөкөсү өтө узун.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥9👏2
Эң оор суроолорго жоопту түн эмес, абийириң берет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥16👏1
АДАМДЫН ЭҢ ЧОҢ БАЙЛЫГЫ

Бул жашоодо бай болууну каалагандар көп. Бирок эмнеге бай болуу керектигин түшүнгөндөр аз…

Көпчүлүгүбүз байлык дегенде акчаны, заңгыраган үйдү, кымбат унааны элестетебиз. А бирок адамдын чыныгы байлыгы көзгө көрүнгөн нерселерде эмес, көзгө көрүнбөгөн асыл сапаттарында экенин кээде кеч түшүнөбүз.

Мен үчүн эң чоң байлык — билимдүү акыл, адамгерчиликтүү жүрөк, көркөм мүнөз жана таза жан дүйнө.

Анткени билими жок байлык адамды текебер кылышы мүмкүн. Адамгерчилиги жок бийлик адамды зулумга айландырышы мүмкүн. Ал эми жан дүйнөсү жакыр адам бүт дүйнөгө ээ болсо да, өз жүрөгүн байыта албайт.

Кызыгы, кээ бир адамдардын чөнтөгүндө эч нерсеси жок, бирок жанында отурсаң жан дүйнөң байып чыгат. Сөзүн уксаң акылың толот, мамилесин көрсөң адам болгуң келет.

Ал эми кээ бирөөлөрдүн байлыгы ашып-ташканы менен, жанында беш мүнөт отурууга көңүлүң чыдабайт.

Демек, адамдын баркы анын эмнеси бар экенинде эмес, башкаларга эмне бере алганында тура.

Акчалуу адам бирөөнүн курсагын тойгузушу мүмкүн. Билимдүү адам бирөөнүн көзүн ачат. Ал эми адамгерчиликтүү адам бирөөнүн жашоосуна жарык чачат.

Акчаң менен бирөөгө үй куруп беришиң мүмкүн. Бирок жакшы сөзүң, туура кеңешиң, көркөм мүнөзүң менен анын бүтүндөй тагдырын өзгөртүп коюшуң мүмкүн.

Ошондуктан мен байлыкты жаман көрбөйм. Бай болууга умтулууну да айыптабайм. Болгону, байлык издеп жүрүп, байлыктан да кымбат нерселерибизди жоготуп албасак дейм.

Акча табам деп абийирибизди сатпасак…
Даражага жетем деп жөнөкөйлүгүбүздөн ажырабасак…
Бай болом деп адам болууну унутпасак…

Анткени адам бул дүйнөдөн кеткенде анын канча акчасы болгону эмес, кандай адам болгону көбүрөөк эскерилет.

Бирөөлөр артында мал-мүлк калтырат. Бирөөлөр жакшы тарбияланган урпак калтырат. Дагы бирөөлөр элдин жүрөгүндө өчпөс из, акылында өчпөс билим, жашоосунда унутулгус жакшылык калтырат.

Менимче, эң чоң байлык — сен жок кезде да адамдардын жүрөгүндө жакшылыгыңдын жашап калышы.

Андыктан бай бололу. Бирок акчадан мурда акылга, мүлктөн мурда мүнөзгө, даражадан мурда адамгерчиликке, дүйнөлүк байлыктан мурда жан дүйнөнүн байлыгына умтулалы.

Анткени чөнтөгүңдөгү байлык сенин канчалык бай экениңди көрсөтүшү мүмкүн. Бирок жүрөгүңдөгү байлык сенин канчалык адам экениңди көрсөтөт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
🔥20❤‍🔥5👏1🤩1
Сен сүйгөнүң сени сүйсө чынында,
Сенин сүйүүң зыян бербейт чымынга.
А, сүйүүсү арман менен коштолгон,
Ак сүйүүсүн ороп чегет чылымга.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
❤‍🔥13👏4🔥1
Ар бир башка, ар бир жанга бир өлүм,
Мен да бир күн жок болуучу бирөөмүн.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾
💔13🔥4🤩1