🌸Жан азыгы🌸
3.76K subscribers
1.98K photos
830 videos
66 files
50 links
Баардык нерсе Аллахтын каалоосу менен гана болот.
Барга шугур кылып, жокко сабыр кылыныз.
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Атанын мээрими 💫 - бул дүйнөдө теңдеши жок улуу күч⚡️🌱.
Жашоонун ар бир кыйынчылыгында биринчилерден болуп жардамга кол сунган дагы, айылга барганда "эрке кызым келди" деп кучак жайып тосуп алган дагы - Атам🫀. Атамдын сүйүүсү чексиз♾️🤍

©️Жунусалиевна
❤12😍2🔥1🥰1
Кызыңыздарга мээрим төгүп, мээримдин туу чокусун башкадан эмес, өз үйүнөн көрсөтүңүздөр. Анын илим-билимдүү болушуна кам көрүңүздөр, анткени ал — эртеңки күндүн келечектүү энеси. Кыз бала үчүн атанын, ага-ининин мээрими менен колдоосу жашоодогу эң бекем тирек болуп саналат. 🫂💫


©️Жунусалиевна
❤7😍3🤗2👏1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аял🌹🐝

Бүгүнкү күндө коомдогу аялдарга карата жасалган кордукту көрүп, бойдок кыздардын жүрөгү ооруп, турмушка чыгуудан корккону — табигый нерсе. Бирок айрым эркектердин зулумдугу — Исламдын мыйзамы эмес, бул алардын динден алыстыгы жана сабатсыздыгы. Ислам дини үй-бүлөлүк зомбулукту катуу айыптайт.
Ыйык Курандын «Шура» сүрөсүнүн 42-аятында Аллах Таала мындай эскертет:
«Күнөө (жаза) адамдарга зулумдук кылгандарга жана жер бетинде адилетсиз бузукулук кылгандарга гана берилет. Дал ошолор үчүн жан ооруткан азап бар».

Аял — эркектин менчиги эмес, ал Аллахтын берген назик аманаты. «Ниса» сүрөсүнүн 19-аятында Кудай Таала эркектерге: «Алар (аялдар) менен жакшылыкта өмүр сүргүлө», — деп түз буйрук берген. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саллям: «Силердин эң жакшыңар — аялына жакшы мамиле кылганыңар», — деп айтып, өмүрүндө бир да жолу аялга кол көтөргөн эмес.

©️Жунусалиевна
❤9🔥2😍1
🫧💚📖

Кээде сыртка чыгып, асманды тиктеп, тынчтыкта китеп окуган жагымдуу мүнөттөргө эч нерсе жетпейт.

©️Жунусалиевна
❤5😍3🔥2
Екатеринбург ❤️

©️Жунусалиевна
❤10😍2👏1
Кээде окуудан, жумуштан чарчап, баарын таштап алыска
кеткиңиз келет. Эч нерсе к
убантпай, атүгүл жакындарыңызды көрүүгө да кубатыңыз калбай калган учурлар болот. Бирок ойлонуп көрүңүз, Жакшым
💚... Сиз тажап жаткан ушул жашоого жете албай кеткендер канча? Жаңы аткан таңды көрө албагандар, же ден соолугу жок төшөктө жаткандар канча?
Ошондуктан, Жаратканга шүгүр кылыңыз. Таң эрте туруп окуган эки рекет баамдат намазыңыз бул дүйнөдөгү бардык байлыктан артык экенин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан. Болгону ар бир демиңиз үчүн шүгүр келтириниз.
Альхамдулиллах 🫧💫


©️Жунусалиевна
❤9👏3😍3🔥1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Дүйнөнүн кооздугу Дубай эмес, үйдөгү жубай» ✨ Чыныгы бакытты байлык, бийлик же саякат эмес, жаныңда турган өмүрлүк жарың, үй-бүлөдөгү сый-урмат жана жылуулук гана бере алат. Байлык өтүп кетет, ал эми жубай менен бирге курган үй-бүлөлүк очок — өчпөс жана түбөлүктүү. 🕊️


©️Жунусалиевна
❤12👍3🕊1
😍😍

©️Жунусалиевна
❤9😍3❤‍🔥2