🕊(Ыύⲙⲁⲏ) ⲀⲦⲘⲞⲤⲪⲈⲢⲀⲤЫ🕊
1.83K subscribers
1.69K photos
734 videos
1 file
15 links
📝 Ꮯиɜᴦᴇ ᴨᴀйдᴀᴄы ᴛийᴦᴇн бᴀᴩᴀᴋчᴀ❤️
🕊️ Ꮇᴏᴛиʙᴀция
🕊️Циᴛᴀᴛᴀ
🕊️Жөн ᴦᴀнᴀ ᴏйᴧᴏᴩ
🕊️Ꮇуɜыᴋᴀ ʙидᴇᴏ

t.me//janduinoooo
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ар бир адам өз адамын күткөнү ага адал болуп жолукканы - бул Исламдын ак сүйүүсү❤️🤲.


Өз адамыңызды күтүңүз, көрүнгөндүн эрмеги болбоңуз.

Чечим өзүңүздөн...!
Биз күнөөлөрүбүз жөнүндө ойлонсок, алардын көп экенин билебиз...
Токтотуу керек күнөөсүздөй жашаганды..
Бираз өзүбүз жөнүндө ой жүгүртүү керек эмеспи...
?
👍3
Ассалому алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху кандайсыздар мусульман бир туугандарым Кутмандуу кечиңиздер менен Жакшыларым ✨🕊

Баарыңыздарга көңүлдүү маанай🥰❤️


Мен баарыңыздарды эмес ар бириңиздерди Аллах ыраазычылыгы үчүн жакшы көрөм 🕊✨😊
(көрүнгөнгө көз менен байланба!🪐
👍2
•Сыртын сулуулап,жасанып алган аялды көргөндө,ичиңден: «Бул аялдын ички сулуулук-намыс,аруулук сыяктуу улуу сапаттарга да ушунчалык маани берет болду бекен?» - деген ойго жетеленесиң...🌾
👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Курандын кээ бир маанилүү сүрөлөрү жана аяттары:

1-сүрө. Эң белгилүү “Аль-Фатиха” (Китепти ачуучу) сүрөсү, ошондой эле “Курандын энеси” деп да аталат. Мусулмандар күндө 5 маал окуй турган намазда 1 эле жолу окулбастан, анын ар бир рекетинде окулат.
❤1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
2-сүрө, 255-аят “Аль-Курси” (Такты) аяты. Аллахтын өзү жараткан ааламды жана ааламдагылардын баарын башкарып тургандыгы жөнүндө эң таасын айтылгандардын бири. (Адатта бул аят ар түркүн жин-шайтандардан, сыйкырдан сактоочу эң күчтүү аят деп айтылат)
❤2
Жараткан сага бирөөнүн сүйүүсүн бергенде, ал сүйүүнү мүмкүн болушунча бекем карма. Умар (ра).
❤6
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кайсыл бир жерде мени жакшы түшүнгөн , кандай болсом ошондой кабыл алган адам бар, жөн гана биз кезиге элекпиз…🫀
А балким такыр жолукпайт чыгарбыз.....🍃


@bkrvaas
❤7👍2
☪️ КҮНДӨРДҮН ЭҢ ЖАКШЫСЫ ЖУМА КҮНҮ

Жума күнү жөнүндө Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) минтип айткан: “Күн шооласын чачкан күндөрдүн эң жакшысы – Жума күнү” (Имам Муслим, 1410).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).

Жума маарек болсун! 🤗🌹

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эгер алганын жакшы болсо байлыгын ошол. Алганың начар чыкса, мына чоң халак (банкрот) болуу...

@Bkrvaas
👍3
Ассаламу ьалейкум ва рахматулоху ва баракатуху ва жаннатуху☺️
Кандайсыздар🥰
Жума маарек болсун жакшыларым✨😊😍🥰
👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🌙САЛАВАТТЫН ЖАКШЫСЫ ЖУМА КҮНҮ АЙТЫЛГАНЫ🌙

_Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллооху ъалайхи ва салам салават айтуунун пайдалары:

✳️Ахзаб сүрөөсү 56-аят, "Чындыгында Алла пайгамбарга ырайым кылат . Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага салават жана саламдар айткыла"

✅1. Алланын буйругу баш ийүү жана кабыл алуу._

✅2. Салават айтуучунун даражасы он эсе көтөрүлүп, ага он жакшы иш жазылып, он жаман иши өчүрүлөт._

✅3. Салават айтуу Пайгамбардын салаллооху ъалайхи ва салам шафаатына жеткирет._

✅4. Салават айтуу менен пенденин күнөөлөрү кечирилет._

✅5. Салават айтууда пенде Алланын коргоосуна жетет._

✅6. Салават айтуу садака берген менен барабар._

✅7. Салават айтуу бардык муктаждыктарды чечет._

✅8. Салават айтуу Алланын мээримине жана периштелердин ага истихфар айтуусуна  себеп болот._

✅9. Салават айтуунун пенденин өлөөрүнөн мурда бейиш менен сүйүнчүлөшүнө себеп болот._

✅10. Салават айтуу кыямат күндүн коркунучтарынан сактайт._

✅11. Салават айтуу пенденин унуткан нерсесин эстетет._

✅12. Салават айтуу кедейликти кетирет._

✅13. Салават айтуу пендеден сараңдыкты,  ичи тардыкты кетирет._

✅14. Салават айтуу пендени бейиштин жолуна баштайт._

✅15. Салават айтуу пенде үчүн кыл көпүрөсүндө нур болот._

✅16. Салават айтуу пендени оройлуктан жана таш боордуктан сактайт._

✅17. Салават айтуу пенденин ишине жана өмүрүнө береке берет._

✅18. Салават айтуу пенденин чыныгы хидаятта (туура жолдо) болуусуна себеп болот._

✅19. САлават айтуу пенденин пайгамбардын жакшы көрүүсүнө себеп болот._

✅20. Алла бизди зикир кылуучулардан, шүгүр кылуучулардан жана пайгамбарга салаллооху ъалайхи ва салам салават-салам айтуучулардан кылсын! Ааламдардын Роббиси Аллага шүгүрлөр болсун!_

✅21. Салават пайгамбарга дуба кылуу, салам айтуу, ырайым тилөө._

Мисалы: "салаллооху ъалайхи ва салам", "алоохумма солли ъала саййидина Мухаммадин ва ъала аали саййидин Мухаммад". 
Котормосу: "Ага Алланын саламдары жана салаваттары болсун!", "Төрөбүз Мухаммадка жана анын үй-бүлөсүнө салават -саламдар болсун!"

БYТ МОМУНДАР ОКУЙ ТУРГАН САЛАВАТ
ОКУЛУШУ

Аллахумма, солли 'ала саййидина Мухаммадин набиийил 'уммии ва 'ала аалихи ва сахбихи ва саллим.

Мааниси: Оо, Аллахым! Биздин окуу-жазууга үйрөтүлбөгөн жол башчыбыз Мухаммадга, анын уй-бүлөсүнө жана анын сахабаларына (кут берекелуу) салаваттарынды түшүрө көр!


жүрөк ачкычы 💕..
...
👍5❤1🥰1