Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
761 subscribers
440 photos
152 videos
2 files
454 links
Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://turatalybaev.taplink.ws
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
А бул болсо 4-сабак экен, дагы толтура сабак тартылып, Йутубга киргизилген.
​💻 Компьютердик сабаттуулук курсу

👋 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, биз көптөн бери АйТи тармагын окууга, ар күнү өзүңүздү өнүктүрүүгө үгүттөп келебиз, бирок бир көйгөйдү байкадык.

⚠️ АйТи окуп баштай албай жаткандардын же АйТи курстарга барып окууну алып кете албай калгандардын көпчүлүгү компьютердик сабаттуулугу жетишсиз экен.

🖥 Мисалы:
— жөнөкөй эле Виндоусту толук кандуу түшүнбөйт;
— ноутбукту колдоно албайт;
— өзү Word, Excel сыяктуу программаларды орното албайт;
— керексиз программаларды өчүрө (удалить кыла) албайт.
Мына ушул сыяктуу көйгөйлөр көп адамды артка тартып жатканын байкадык.

✨ Бул көйгөйдү чечүүгө жөн карап отурбай, өз колубуздан келген жардамды кылсакпы деп жатабыз.

📚 Биздин “Компьютердик сабаттуулук” курсу өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1️⃣ Виндоус системасын башкаруу, негизги базалык билимдерин үйрөнүү: локалдык дисктерди туура колдонуу, папкаларды туура жайгаштыруу.
2️⃣ Ар кандай керектүү программаларды орнотуу: Telegram, WhatsApp, Zoom сыяктуу программаларды ноутбукка орнотуп, аларды туура колдонуу.

🌐 Интернет браузерлерди пайдалана билүү, жасалма интеллектти колдонуу.

🗓 Булардан тышкары 2 ай аралыгында эң керектүү деген компьютердик сабаттуулуктун билимин бергенге аракет кылабыз.

🎥 Окуу онлайн Zoom аркылуу өтүлөт.
📌 Жумасына 4 күн сабак болот:
— 2 күн теориялык билим,
— 2 күн практикалык билим.

✅ Кечээ өтүлгөн сабак ар бириңиздерден жекече талап кылынат.

👩🏻‍🏫 Азыркы учурда компьютердик сабаттуулук бардыгына керек болуп калды: бала бакчадагы тарбиячыларга, мектеп мугалимдерине, бейтапканалардагы дарыгерлерге, мамлекеттик кызматтагы байке-эжелерге…
Кыскасы, баары бул билимге муктаж болууда.

🚀 Келиңиз, сиздин муктаждыгыңызды чечүүгө биз жардам кылалы.
АйТи тармагын окуйм дегендерге да багыт берели, алар үчүн эң зарыл болгон билимдерди сунуштайлы.

🌱 Урматтуу окурманым, окууга, үйрөнүүгө эч качан кеч эмес.
Биргеликте өзүбүздү өнүктүрөлү, өзүбүзгө пайдалуу бололу! Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн дагы өнүгүшүнө салым кошолу!

📅 Курсубуз 15-сентябрда башталат, сабактар кечки саат 21:30да башталат.
Жазылуу үчүн: https://t.me/turat_alybaev “Компьютер” деп жазып койсоңуз, сизге жеке байланышам.

✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары. 10-сентябрь, 2025-жыл.
​💻 Компьютер колдоно билүү бүгүнкү күндүн талабы

🤝 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, амансыздарбы?

📅 Биздин Компьютердик сабаттуулук курсубуз 15-сентябрда саат 21:30 да башталат. Сабак он-лайн окутулат.

❓ Бул курсту кимдер окуй алат? Кимдер окуй албайт? Ошону айтып берейин.

🛒 Маркетингде же сатууда бир жакшы түшүнүк бар экен:
Баары эле сатат, баары эле акча табайын дейт. Бирок: Адамгерчилик менен сатуу бар, же эптеп эле өтсө болду деген сатуу бар.

👨‍👩‍👧‍👦 Адамгерчилик менен сатууда — эгер сатып жаткан нерсеңди өзүңдүн жакындарыңа дагы уялбай сата алсаң, анда бул нерсе башкаларга да пайдалуу болот деген сөз.

👩‍🎓 Бул курста менин карындашым жана байкемдин кызы окуганы жатат. Аларга сунуш кылганда уялган жокмун, себеби ишине жарайт экенине көзүм жетип турат:
Карындашым банкка жумушка кирип жатат — ага компьютердик сабаттуулук керек.
Байкемдин кызы АйТи тармагына тапшырды, 1-курстун студенти — ага дагы керек.

✅ Демек, аларга пайдалуу болсо — сизге да пайдалуу болот деп ишенем.

📌 Бул курсту окуу үчүн: Компьютериңиз же ноутбугуңуз болушу керек. Сабактар Zoom аркылуу өтүлөт. Кээ бир катталуучуларым: «Мен Zoom’ду билбейм, он-лайн окуй албайм го» — деп жазып жатат. Ооба, билбешиңиз мүмкүн. Бирок бул үйрөнө албайсыз дегенди билдирбейт.

🧑‍💻 Эч ким Zoom’ду билип же компьютерди колдонуп туулган эмес. Бир учурда мен дагы компьютер басканды билбейт элем. Бир учурда мен дагы кыйналдым. Бирок аракет кылдым — үйрөндүм! Бүгүн билгендердин баары бир кезде нөлдөн баштаган. Эми кезек сизде!

🌱 Өзүбүздү ар күнү өнүктүрө берели, улам жаңы нерселерди үйрөнөлү, алдыга карай жылалы!

✍🏻 Турат Алыбай — агартуучу, програмчы.
📍 Каракол шаары.
🗓 14-сентябрь, 2025-жыл.
4-октябрь күнү, буюрса Kyrgyz-German IT коомчулугу менен биргеликте сонун иш-чара өткөргөнү жатабыз.

https://forms.gle/ru3dV9zN7mGtUV8s9

Бул шилтеме аркылуу катталып, акысыз АйТи жолугушууга келип катышып кетиңиздер!
🤔 Адам жаңы нерсеге көнүшү кыйын окшойт.

Илгери Windows XP колдонуп жүрүп, Windows 7 чыкканда ушундай кантип болсун, бул өтө начар экен деп жүрүп эле, 7 ни бир топ жыл колдонгом. Анан 10, анан 11 улам кийинкиси чыкканда жаккан эмес.

Эми минтип билинбей эле MocOS ке өтүп калыптырбыз. Мактын ушул обновлениеси чынын айтсам такыр жакпады. Аябай ыңгайсыз болуп жатам.

Эми муну менен бирге толтура нерсени дагы обновление кылуу керек.

Айла жок, муну да колдоно берип көнүп кетебиз да. 😁
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Компьютердик сабаттуулук курсубуздун програмасы кандай? Аны менен кантип таанышабыз ошону көрсөтүп бердим.

https://ahead-aura-b52.notion.site/28aef908725b80fa9b44db356ff16f6b

Ушул Шилтемени басып эле, көрсөңүз, таанышсаңыз, ой-пикир, сунуш айтсаңыз болот!
💻 Компьютердик сабаттуулук курстун 2-потогу

🤲 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, биздин бул курстун 2-потогу ачылып жатат! Бул ирет мурункулардан айырмаланып, кичине конкурс кылып коюуну туура көрүп жатабыз.

💬 Ушул посттун алдына жакшы бир комментарий жазыңыз, постту башкалар менен бөлүшүңүз, жана бизге подписка болуңуз.

🏆 Анан кимдин жазган комментарийи эң көп лайк алса — 100% жеңилдик,

🥈 2-орунда алган комментарийдин ээси — 50% жеңилдикке ээ болот, тагыраак айтканда, 1-айга төлөм кылып, 2-айды акысыз окуйт!

🖥 Компьютердик сабаттуулук — заманбап жашоодогу ийгиликтин ачкычы.

⚠️ Эскертүү: Бул конкурс Инстаграмда гана болот!

Инстаграмдагы посттун шилтемеси бул: https://www.instagram.com/p/DPylnRRDDQH/

✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы.
📍 Каракол шаары.
Жан дүйнөң тынч болбосо, жашоонун да тынчы кетет!
Турат Алыбаев
Video
Мошенниктерге алданып калбоо үчүн, бул видеону көрүп, анан Компьютердик сабаттуулук курсубузга жазылып, окуп үйрөнүңүз.