Исламдагы сүйүү 🧕❤️
2.31K subscribers
351 photos
266 videos
18 links
🎀 Адамдарга сонун сөздөрдү айт

Пайгамбар (ﷺ)айтты:" эң сонун сөз бул-садака"😻
Download Telegram
📌Акыркы учурлары эмнегедир соц тармактардан алыстап бараткандаймын. Кээде өзүмдү өзүм түшүнбөй кетем. Акыркы жылдары сыноолорго бай жыл болуп жатса керек баарында эле. Мурун сыноо келген сайын күчтөнөт элем,кайра кайра туруп ,бирок азыр эмнегедир алым жетпей жаткансыйт)
Адам баласынын башына сыноо келсе, кубануу керек ошол учун деле наалыбаганга аракет кылам. Сыноо адамдарды сындыруу учун эмес,балким аларды күчтөндүрүп, андан дагы оор сыноолорго даярдоо учун берилет. Башыбызга келген сыноолор Аллах бизди жакшы көрүп ,сыноо максатында жөнөтөт эмеспи.Адамга күнүнө же жумасына сыноо келип турбаса коркуу керек. Анткени Аллах сыноо аркылуу пендесинин итаатын жана сабырыбызды ж.б. кылган иш аракетерибизге карайт эмеспи. Бизге келген сыноолор Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) га келген сыноолордун алдында эч канча болбосо керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дын кулк мүнөзү ушунчалык көркөм болгон учун, Аллахка таянып дуа кылып биз үчүн динди алып келүү үчүн эмнелерди гана көрбөдү. Ушул сөздөрүмдүн арасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мисал катары кыскача айтып өткүм келди. Негизи өзүмдүн көйгөйлөрүмдү адамдарга айтканды жактыра бербейм. Бирок бугун эмнегедир бир аз ачылып кеттим окшойт. Дагы бир нерсе каналга киргенде мурунку активти коро албай жаттам. Балким өзүм анча карай албай жаткандырмын, бирок учкул сөздөрдү же башка нерселерди киргизгенде эч кимге кызыксыздай болгон учунбу айтор билбейм анча киргизбей калдым.
❤4👍4
Альхамдулиллах Аллахтын бизге берген сыйы 🥹❤️
❤30💋3😍2
Эми бала мн бошобой эч нерсе киргизе албай каралбай жатат мурдагыдай автивный болбой калат экенсин🤭
🔥4
Кызыл мен❤️🙃
Көк сен💙🫵🏻
❤15👍1
Аллах Таалам сизди бактылуу кылгысы келсе - эң кыйын жол менен алып жүрөт, себеби жеңил жолдо бакыт жок…
Эй, эже-карындашым
Эгер сен жок десең, башкалар да жок десе, бүткүл дүйнө эркектери мусулман кыздарына бир гана нике аркылуу жетүү мүмкүн
экенин түшүнүшөт.
❤14👍6
ТУУРА ЭМЕС СЫР СӨЗ (ПАРОЛЬ) ЖАЗЫП КАДИМКИ ТЕЛЕФОНУБУЗДУ АЧА АЛБАЙБЫЗ.

ЭМИ ЭЛЕСТЕТИНИЗ?

ТУУРА ЭМЕС ЖАШАСАК,

КАНТИП БЕЙИШ ЭШИГИ АЧЫЛСЫН?!
👍7❤5
Кармаган орозонуздар кабыл болсун🥰🤲🏻
❤5
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эн сонун бакыттын бири🥰
Альхамдулиллах 🥹🤲🏻
❤19👍2
🌾Адам өзүн түшүнгөн инсандын жанында гүлдөйт.Себеби ал инсан сени түшүнөт колдойт коргойт, өз оюуңду даана так жеткизе айта аласың…
Кандай кыйынчылык болбосун сени колдоп турса,мына ошондо сен ага деген ишенимиң артып дагы да,аракет кылып гүлдөп баштайсын🧚‍♂️ себеби сени түшүнгөн инсан жаныңда…
Мына ошол үчүн гүлдөгүң келет…
Ар бир инсандын түшүнүп колдоп турган инсаны болсо ар бир жан гүлдөп ачылмак… А сен менин гүлдөтчү инсаным бол өзгөчөм.
… Баарыбыздын гүлдөтчү инсаныбыз болсун…❤️‍🩹🕊
🔥11👍4👏2🥰1
Мынчалык эмнебизге ишенип жашап жатабыз.
Ойлоп көрсөк бүл дүйнөгө келгенде эч нерсеси жок келдик, өлгөндө да эч нерсени алып кете албайбыз.
Демек бул дүйнөдөгү эч бир нерсе бизге таандык эмес.
👍14❤7
КАДЫР ТҮНДӨ ОКУЛУУЧУ НАФИЛ НАМАЗДАР.🌱

Кадыр кечеси төрт рекет намаз окулат.Биринчи рекеттинде фатиха сүрөөсүнөн кийин үч жолу Кадыр сүрөөсү экинчи рекетте фатиха сүрөөсүнөн кийин үч жолу ихлас сүрөсү окулат.Үчүнчү жана төртүнчү рекеттер ушул сыяктуу болот.Намаздан кийин бир жолу төмөнкү Такбир ,Ташрик окулат.

📖Окулушу: "Аллоху Акбар, Аллоху Акбар Лаа иллааха иллаллоху валлоху акбар. Аллоху акбар ва лиллаахи хамд"

📝Мааниси: "Аллах улуу, Аллах улуу Андан башка ибадат кылууга татыктуу Зат жок .Аллах улуу, Аллах улуу ,мактоо Ага гана таандык "деп окулат.

Андан кийин 100 жолу Кадыр сүрөөсү окулат.

📖Окуулушу: "Бисимиллаахир Рахмаанир Рахиим "

"Инна анзалнааху фии лайлатил кадыр .Ва ма адроока ма лайлатул кодр .Лайлатул кодри хайрум мин алфи шахир.Таназзалул малааикату вар рууху фийха би изни роббихим мин кулли амир.Салаамун хия катта матлаъил фажир"
Жана жүз жолу Инширох сүрөөсү окулат:

📖Окулушу: "Бисимиллаахир Рахмаанир Рахиим"

"Алам нашрох лака содрок.Ва ва зоънаа ъанка визрок. Аллазии ъанкозо зохрок, Ва рофаънаа лака зикрок.Фа инна ма ъал усри юсроо.Инна маъал усри юсро .Фа изаа фарагта фансоб.Ва илла роббика фаргоб"

📝Мааниси :

"Мээримдүү жана ыраайымдуу Алланын аты менен баштаймын."Биз сенин көкүрөгүңдү ачпадыкпы?Жана сенин үстүңдөгү оор жүктү алып салбадыкпы? Ошол жүк сенин жонуңду басып турган эле жана сенин атыңды көтөрбөдүкпү ?Акыйкатта кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет,эгере намаздан бошосоң дубага кириш Жараткан Эгеңе жалбар
Жана жүз жолу Кадыр сүрөсү окулат.

Окулушу:"Аллохумма иннака афуввун Кариймун тухиббул афва фаъфу аннии."

Мааниси:"Аллахым! Албетте сен кечирүүчүсүн.Кечирүүнү жакшы көрөсүң мени кечиргин"

Ибну Аббас (радиаллаху анху )риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи ва саллям )айтты :Кимде ким Рамазандагы Кадыр түндө төрт реккет намаз окуса фатиха сүрөөсүн бир жолу ,Такаасур сүрөөсүн 1 жолу,ихлас сүрөөсүн үч жолу Аллах анын өлүмүн жанын жеңил кылат жана ыйманы менен алат,кабыр азабынан кутултат.Аллах Таала ага берет 4 түркүк нурдан болгон,ар бир түркүктө 1000 ден касыр сарайлары бар.
❤4👍2
Кадыр түнү периштелер, Адам ата жаратылып, алгачкы бактар жер жүзүнѳ отургузулган деп айтылат.🪐
❤5
Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп ѳткѳрүүгѳ болбойт.
Бирок үйдѳбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып ѳткѳрѳ берсе болот. 💫Сѳзсүз мечитте ѳткѳрүү шарт эмес.
Ал эми дасторкон жаюуда, ар ким ѳз мүмкүнчүлүгүнѳ жараша жей турганын коё берсе болот.🪞🍃

Куран окуй алгандар Куран окуп, окуй албагандар аны угуусy керек. 🔋
Кѳп дуба кылyу керек. ❤️‍🩹
Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек. Ѳткѳн күнѳѳлѳргѳ тооба кылуу керек. 🥀
Ѳзуң жана ѳткѳндѳр үчүн дуба кылуу керек.
Бул ыйык Кадыр түн баарыбызга тынчтык, ынтымак жана бакыт алып келүүсүн жараткандан тилешибиз керек!🤲🏻❤️‍🩹
❤9