Исламдагы сүйүү 🧕❤️
2.3K subscribers
351 photos
266 videos
18 links
🎀 Адамдарга сонун сөздөрдү айт

Пайгамбар (ﷺ)айтты:" эң сонун сөз бул-садака"😻
Download Telegram
Аллахым адамдарга Сени эмес,озумду суйдуруп алсам кечирчи...🥺

Сени эмес,адамдарды суйуп кетсем кечирчи...🥺
💔17👍1😢1
Ал майып эмес, эле мына мен чыныгы майып экенмин!

Бүгүн мечитте Аср намазынан кийин, Шам намазын күтүп мечитте отургам. Даараткана жактан коляскада олтурган бир майып жигитти айдап, бир таксыр келип калды.

Ал жигитке коляскадан түшүп жатканда көтөрүшүп, жардам берейин десем:

— Таксыр, сизге оордугум тийбесин - деп, жылмайып өзү коляскадан жөрмөлөп, бир топ кыйынчылык менен түштү. Анан жаныма олтуруп, жылуу жүз менен атыңыз ким болот таксыр? Менин атым Муса деди. Мен атымды айтып, колун кыса кармадым.

— Намазга чейин убакыт бар экен, каршы болбосоңуз Аллахты улуктап отуралы…- деп калды.

Ал жигит өзүнө жарашкан сакал коюп, жүзүнөн нур чачырап турат эле.

Мен:
— «Бизде илим жок, сизден пайдаланалы…» - дедим. Ал жылмайып, Аллахга чексиз мактоолорду айтып, Аллахтын улуктугун айтып, Ага шүгүрлөрдү келтирип, көзүнө жаш алды:
— Мен төрөлгөндө майып төрөлдүм, эки бутум, сол колум иштебейт. Чулдурап сүйлөй да алчу эмесмин, өмүр бою жакындарыма оорчулугум тийип келет дейт. Аллахтын буйругу менен бир жыл мурда сүйлөй албасам да, намаз окууну үйрөнүп, намаздын сөздөрүн эптеп жаттап, чулдураган тилим менен сүйлөй албай, бирок чын дилим менен Аллахтан сурап намаз окуй баштадым.Аллах жоктон бар кылган, бүт
ааламды кыйынчылыксыз
Жараткан... Өз Мээрими менен
мага тил берип, сүйлөп калдым.
Аллах дубаларымды укканына
ушунча шүгүрлөр айтам деп...
байкуш көзүнө жаш алды.
Адамдарга Аллах ден-соолугун,
акыл эсин аман-соо берсе да, канча
бир туугандарыбыз шүгүр кылып,
бир жолу чекесин саждага койбой,
текеберленип жүрүшөт. Эртен
кырсык болуп, майып болуп, өз
муктаждыктарыны аткарганга
жарабай калса эмне болот?! Бул
жашоо сыноо жашоо, эртең
Жараткандын алдына кайсы
акыбалда барабыз?! Мен сага
жашоо бердим, сен Мага эмне
кылдың десе, кандай жооп
беребиз? - деп, ыйлактайт байкуш.
Омурткасы сыздап төрөгөн,
бапестеп багып өстүргөн
ата-энесин ыйлатып, каяша
сөздөрдү айткандарды көрүп
боорум ооруйт. Ата-эне кандай үмүт
менен түйшүктөрүңө чыдап,
чоңойтсо... Дагы кээ бир, бир
туугандар канчалаган кыздардын
көчөдө намысын тепселеп,
абийирин төгүп, таштап кетип
жатат.
Уландысы комментарийде ⬇️
👍5
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Күйөөсүн ыраазычылыгын издеген аял,эн бактылуу аял🤍
❤18👍2
«Бүтүн дүйнө үчүн сен катардагы гана адамсың, бирок бир адам үчүн бүтүндөй дүйнө болушуң мүмкүн».

(Г.Маркес)
❤9👍2
Бир күнү бул каналга пост жүктөлбөй калат...🥀💔

©
Түшүнгөн түшүндү
💔24👍2
Аллахым адамдарга сени эмес,өзүмдү сүйдүрүп алсам кечирчи...🥺

Сени эмес,адамдарды сүйүп кетсем кечирчи...🥺
❤15
Эки ага-ини атасын таш менен уруп олтуруп койгондуктан айыпталган.

Бир күнү азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) сахабалар менен чогуу мечитте олтурганда, эки ага-ини атасын таш менен уруп өлтүрүп койгондукта айыптап, өч алуу үчүн бир жигитти алып келишти. Маселенин чоо жайын сураган азирети Умарга (Аллах андан ыраазы болсун), окуяны айыпталып жаткан жигит, баяндап берди:

- “Атабыз жакында эле дүйнөдөн өттү, инилерим жетим калды. Атам өлөөр астында: “Мадинадан алысыраак жерде бирөө кайтарып жаткан мал-мүлкүмдү, сен адилеттүүлүк менен бөлүштүрүп бер. Менден кийин бирөөнүн колун карап калбагыла” - деп, осуят кылган эле. Эми ошол мүлктү атамдын жетимдерине бөлүштүрүп берүү үчүн, төөгө минип жолго чыктым.

Бир жерге токтоп, дем алып олтурган элем, кокусунан төө бошонуп бир кишининин багына тосмосун бузуп кирип кетти. Ал киши ачууланып чыкты да бир ташты алып төөгө атты эле, төө жыгылып өлүп калды. Ачуум келип ыргыткан ташын өзүнө аттым эле, ал киши да өлүп калды, ошентип анын уулдары мени сизге алып келишти” - деди.

Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) өлгөн кишинин уулдарынан:

- “Эми эмне каалайсыңар бул жигиттен? Кунун аласыңарбы же өч аласыңарбы?” - деди.

Алар:

- “Биз атабыздын өчүн алып, бул жигитти да ошондой кылып өлтүрүп берүүңүздү талап кылабыз” - дешти.

Жигит айтты:

- “Оо момундардын башчысы! Мага үч күн убакыт бериңиз, алардын менден башка агасы жок. Атамдын осуятын аткарып, мал-мүлкүн балдарына тең бөлүштүрүп берейин”, - деди.- "Сени качып кетпейт деп, ким кепилдик берет, кимди өз ордуңа коюп кетесиң?" - деди Умар (Аллах андан ыраазы болсун).

Көзүнө жарк эте түшкөн аппак кийимдеги, узун бойлуу бир сахабанын колунан кармап:

- "Биринчиден мен бул жерге ыйманымды коюп кетемин жана мына бул адам мага иншаАллах кепил болот", - деди.

Ал пайгамбарыбызды (алайхис-салам) өтө жакшы көргөн сахабалардын бири Абу Зар аль-Гыффаари эле. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) таң калып, Абу Зарга (Аллах андан ыраазы болсун) карады.

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун):

- Ушул жигитке "кепил болуп беремин!" - деди.

- "Бул сен тааныбаган адам, качып кетсе, ордуна сенин башың кетерин билесиңби, ошону ойлондуңбу?"

Уландысы бар ...
👍7❤4
Мага “Хиджаб” кийген ыймандуу кыз жагат дейт…

Маңдайы ”Жайнамазга” тийбеген,махрам эмне экенин билбеген жигит…
💔24👍6
Эки ага-ини атасын таш менен уруп олтуруп койгондуктан айыпталган.

2-болум

- деди Абу Зарга (Аллах андан ыраазы болсун).

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

- "Ойлондум!" - деди.

Жигитке үч күн убакыт берилди. Арадан үч күн өттү. Өлгөн атасынын өчүн алуу үчүн эки уул келишти.

Абу Зар да (Аллах андан ыраазы болсун) чакырылды. Бирок жигит белгиленген мөөнөттөн кечигип жатты.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун):

- "Оо Абу Зар эмне кылып койдуң!" - деп жатты, боору ооруп.

Ошол убакытта алыстан чуркап, кайра жыгылып, чуркап, кайра жыгылып келе жаткан караан көрүндү. Тердеген, чарчаган, караан жакындап калганда азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:Куш келипсиң! Оо өлүмүнө шашып келүүчү жигит! Чуркап шашып келүүңдүн себеби эмнеде? Качып кетсең болоор эле го!" - деп суроо узатты.

Жигит:

- "Оо момундардын башчысы! Үч күндөн бери, Аллах Тааладан "ыймансыз өтүп кетпейин" - деп дуба кылып жаттым, мен бул жерге ыйманымды таштап кеттим эле, качып кетсем кийин адамдар айтышпайбы "пайгамбар (алайхис-салам) өткөнүнө көп болбой жатып, мусулмандар убадасына турбай калган экен деп" - деди.

Уландысы бар...
👍10
Эки ага-ини атасын таш менен уруп олтуруп койгондуктан айыпталган.

3-болум (final)

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Абу Зардан (Аллах андан ыраазы болсун) сурады:

21

- Эмне үчүн сен өзүң тааныбаган адамга кепилдикке өттүң?

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) жооп берди:

- "Оо момундардын башчысы! Пайгамбарыбыздын (алайхис-салам) өткөнүнө көп болбой жатып, мени "мусулман" - деп, мага жакшы күмөн кылып, "кепил болуп бер"- десе, мен андан баш тартсам. Кийин адамдар айтышпайбы "ошондой эле мусулмандар бири-бирине ишенишпей калган экен деп" - деди.

Ошондо атасынын өчүн алүү үчүн келген эки уул:

- "Биз атабыздын өчүн кечтик!" - деди.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) эмне үчүн алардын мындай кылгандыгын сурады.Алар:

- "Пайгамбарыбыздын (алайхис-салам) өткөнүнө көп болбой жатып, "мусулмандар кечиримдүүлүктөн тайышкан экен" - деп айтпасын деп, "атабыздын өчүн кечтик, мындай такыба адамды жазага тарткан менен атабыз тирилип келбейт"" - дешти.

Ошондо азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун):

- "Эгер ушул абалдан жазбасак эле, биз жоголуп кетпейбиз!"- деген экен.

«ДҮНҮЙӨ БАЗАРЫНДАГЫ СААЛИХТЕР» китебинен алынды.
👍11❤2
АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ УА РАХМАТУЛЛООХИ УА БАРАКААТУХУ.
Кандайсыздар. Ыйык Жума кунунуздор маарек болсун! 🤗

Пайгамбарыбыз алейхи саламга салават айтууну унутпаңыз😊👇
اللهم صل وسلم على نبينا محمد🌺

ЖУМА МААРЕК БОЛСУН!🌹
❤7
Бир күнү РАМАЗАН менсиз башталат... 🥀💔
💔16
Көңүлүбүздү оорутса тамашага жазыппыз,
Биз тамаша кылсак көңүлү ооруп калат экен...)


Админкага тиешеси жок)
💔7
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жашоо китеп сыяктуу)
Ар бир барактарыбыз түгөнүп баратат)
💔14😢5❤2👍1
Мага таандык болбогон нерсе менен мени байлаба
Йа Роббим...
😭24❤10
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Коргой ала турган эркекке муктаж))❤️
❤16👍4
Андыктан Ыйманыбызды толуктайлы,урматтуу мусулман бир туугандар🥰🌹✨
❤16
❤️
😍13
“ҮЙДҮН НАМЫСЫ”
Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты.
Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты:
- "Уулум, дасторкон даяр, тамагыңды куюп койдум;
кел, муздап кала электе ичип ал?"
Муну уккан чоң эне,бөлмөнүн бурчуна, айылдан
кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө олтурду.Небереси, чоң энесин көрө калып:
"Чоң эне, келиңиз чогуу ичели" - деди. Кемпир маанилүү үшкүрүнгөн соң:
"үйдүн эркеги келгиче кечки тамакка олтурулбайт.
Атаңар келсин, чогуу тамактанабыз Кудай буюрса"-деди.
Келини:
- Ай коюңузчу апаке, илгери ошондой экен го! азыркылар ачка болгондо, дасторконго олтура берет, атабыз
келгенде жейт да.
Кемпир:
- Кызым, адамдардын кандай адеби бар болсо,үйлөрдүн да намысы жана адеби болот.
Небереси чыдабай, мазактагансып сөзгө кошулду:
- Апеей да, чоң эне, үйдүн намысы деген эмне экен?
Айтып берчи кана, кызык болуп жатат? - деди.
Кемпир сөздү баштады:
- Биз кичине кезибизде апаларыбыздан,аталары-
быздын каршысында адептүү олтурганды үйрөндүк.
Үйдө,ата-энебиз барда бутту сунуп олтурбай, улуулар сүйлөп жатканда, сөз укугу берилмейинче сөзгө
аралашчу эмеспиз. Улуулар бөлмөгө киргенде, дароо
тура калып орун берчүбүз. Эч качан атабыз дасторконго олтуруп даам ооз тийгиче, дасторконго кол узатчу эмеспиз.Атабыз келип: "Бисмилахи-Рохмаанир-Рохиим
келиле, тамактан алгыла" - дечү.Ошондо гана жыргап тамак иче баштачубуз. Тамак ичип бүткөн соң,бир туугандар менен кезектешип дасторкон дубасын окуйт элек.Үй-бүлө мүчөлөрүнүн толук олтуруп,жеген тамагына эч нерсе жетпейт го, чиркин. Бул дасторкон адеби болуп саналат балам.
Небереси:
- Ушунчалык басым кылынса, депрессия болчу белеңер анан? - деп сурады.
Чон энеси:
- Жок балам, биздин учурда сый болгон үчүн, сүйүүда түбөлүк болчу. Сүйүү бар болгон соң,депрессияга кирген эч ким кездешчү эмес. Тамактар даамдуу, уйкулар таттуу, эс алдыруучу болчу. Билесиңби? Мен
"депрессия" деген сөздү биринчи жолу ушул жактан уктум, жада калса айылда бир кем акыл адам бар эле,
"жинди Ыбрайым" дешчү аны. Бирок ал деле ушундай
бактылуу адам болчу дейсиң.Керели күнү кечке көчөдө балдар менен ойноп, ачка болгондо бир эшикти такылдатып: "Аба ачка болдум, аба суу берчи" дейт эле.
Кайсы каалганы такылдатса да, бош жөнөтүлчү эмес.
Чачтарач анын чачтары өсүп кетсе кыскартып, мончочу киринтип, тазалап койот эле. Жума күндөрү соодагерлер колунан кармап, намазга да жетелеп барышчу.
Кыскасы, эч ким аны кагып-силкчү эмес. Азыр болсо, эч
нерсеге сый-урмат калган жок...
Мына карачы, үйлөрдө да сый жок, бул шаарда. Кеч кирсе да, эч ким терезе пардаларын жаап койбойт. Үйдүн ичи бүт көрүнуп турат, бирок эч ким уялбайт. Биз болсо күүгүм кире электе, калың пардаларды жаап,үйдүн жарыгын күйгүзүп койот элек. Жада калса парда жабык болсо да, кийимибизди которгондо, жарыкты өчүрүп жерге тизелеп олтуруп анан алмаштырат элек.
Көлөкөбүз дагы сыртка көрүнүп калса жүзүбүз кызарып,уялат элек.
(Ошол убакта келини, олтурган жеринен турду
дагы, уялыңкы башын шылкыйта бөлмөнүн пардаларын жапты)
Чоң энеси сөзүн улантты:
- "Үйдүн адеби, пардалардын жабылып-жабылбаганынан билинет"
• дешчү улууларыбыз.Үйлөр,
бийик-бийик дубалдар менен курчалса дагы, эч ким
ич кийимдерин көз-көрүнө жерге илип, жайчу эмес.Үй
тургундарынан да уялышчу. Мен кичинемде кийип жүргөн шалбарымды, эң алдыңкы кермеге жайып койсом,
апам келип: "Кокуй, бул эмне кылганың?! Атаң короого чыгыптыр, сенин шалбарың илинип турат, уялганымды
кантейин, кирүүгө тешик таппай калбадымбы. Экинчи
кайталанбасын, ич кийимиңди эң аркадагы кермеге
асып жүр! Үстүнө узун жоолук жаап, анын үстүнө башка кийим илип коюп жүр, ботом. Эмне илинип турганы көрүнбөсүн! Намысыбыз, адебибиз жоголсо, ыйманыбыз да жоголот!" - деди. Мен болсо ал кезде 12 жаштагы секелек кыз элем. Апам буларды айтып жатканда жерге кирип кете жаздагам...
Азыр ошондойбу? Өткөндө балконго чыга калсам,
маңдайкы кошуна, бардык кирин жайып коюптур, уялып

Уландысы бар
👍9❤2👎1
" УЙДУН НАМЫСЫ"
алдынкы посттун уландысы

кайра кирип кеттим.
Азыркы заманда сыртта тамактанышчу болду. «Көз
акысы» болуп жатат, эч ким муну ойлонгон жок. Базардан алынган азыктар да ичи көрүнгөн баштыктарда
үйгө алынып келинет.Аларды ала алган да, ала албаган да бар.
Көз акысы-кызганычты туудурат.
Бирөөнүн көзү түшкөн азыктар эми аш болобу?
Албетте, жегениңер аш болбой, депрессия болуп, дарыгерге көрүнөсүңөр. Үйдүн дагы бир адеби бар. Эң
маанилүүсү ушул менимче.Үйдүн ичинде болуп өткөн окуялар, эч качан сыртта айтылбаш керек. Желип-ичилгендер, уруш-талаштар, бактылуу учурлар.Бул да үйдүн намысы болуп эсептелинет жана эч кимге айтылбашы керек. Ошол үчүн илгери үй ичиндеги маселелер,
оңой эле чечилчү.Анын үстүнө өзгөчө эрди-катындын
ортосунда болуп өткөн окуялардын чөйрөгө жайылтылуусун эң чоң күнөө экендиги айтылып келген.
"Tyyрабы Лейла?" - деди келинине.
Лейла уялып:
- "Ооба, апаке" - дей алды жөн гана.
Небереси:
- Чоң эне, азыр интернет деген бар. Адамдар барган ресторандарынан баштап, жеген тамактарына чейин
сүрөткө тартып, миңдеген адамдарга көрсөтүшөт.
Ий, кокуй, уят да, адам жегенин кантип көрсөтсүн?
деди, таңдана чоң энеси.
Небереси:
Ах, чоң эне, майда-чүйдөсүнө чейин бөлүшүшөт. Кыдырган жерлерин, жеген тамак-аштарын, алган буюмдарын,кийим-кечесин, жада калса аялдар күйөөлөрүдөн
алган гүлдөрүн жана жазган каттарына чейин көрсөтүшөт".
Чоң энеси:
- Ок, балам, сен эмне деп жатасың? "Кыямат күнү келди" - дечи. "Үйлөр жылаңач болду дечи.." - деп көз жашын көлдөтүп сөзүн улантты: "Биз күйөөлөрүбүз
менен жанаша баскандан да арданчубуз. Жесир калгандар бар, турмушка чыга албагандар бар. Алардын көнүлүндөгү жараларга туз баса көрбөйлү деп,
күйөөлөрүбүздөн бир кадам артта басчубуз. Азыр болсо уруш-талаш ортодо, сүйүүлөр ортодо. Албетте жеке жашоо калбаган соң, чын жүрөктөн жасалган иштер да
жоголот. Үйдүн берекети - улууларды сыйлоодо жатат.
Үйдүн намысы - жабылган пардалар. Сүйүүнүн намысы- жашыруун болууда.Көздүн намысы - сурмаларда.
Дененин намысы - жабынууда. "Уялуу ыймандын бир
бөлүгү".
Анда келини:
- Туура айтасыз апа. Биз намысыбызды жоготкон
сайын санааларыбыз, жүрөк-заадаларыбыз көбөйдү.
Небереси акырын кашыгын коюп жатып:
- Апа, мен атам келгенде тамактанам... - деди.

— “Дүнүйө базарындагы саалихтер” китебинен алынды.
👍17❤1👎1