ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
198 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага: 

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт. 

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)
 
Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛДАРЫҢ КҮЧТҮҮ ИНСАН БОЛСУН ДЕСЕҢ, УШУЛ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛ БУР

▷ t.me/risalatkg
​​🔴 БИЛИП ТУРУП АТКАРБАДЫК

❐ Кыяматта адамдын сурагы беш маал намаздан башталарын билип туруп намаз окубаганыбыз жана аны үйрөнүүгө аракет кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Балагатка жеткен ар бир аялзаты үчүн хижаб кийүү парз экенин билип туруп хижаб кийбегенибиз жана ал анчалык деле маанилүү эмес дегендей кайдыгер мамиле кылганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Күнүгө 100 жолу «Субхааналлахи уа бихамдихи» деп айткан адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болсо да кечирилет деген хадисти билип туруп, бул зикирди айтканга күнүгө 2-3 мүнөт убакыт таппаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Күнүгө эки рекет духа намазын окуу денебиздеги 360 мүчө үчүн садака болорун билип туруп, бир да жолу духа намазын окубаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах аны тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатарын билип туруп, Рамазандан башка убакта бир да күн орозо кармабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Эртең менен оорулуу адамга барып, аны көргөн адам үчүн жетимиш миң периште кечирим сурарын билип туруп, ага барып ал-акыбалын сурап кабар албаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Той-аштарга жүз миңдеп акча чачып, бирок кыяматтын кайнаган күндөрүндө адамга көлөкө боло турган садакага жүз сом да бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!

❐ Кайсы бир маркумдун жаназасына жана аны көмгөнгө катышкан адамга эки Ухуд тоосундай сооп-сыйлык берилерин билип туруп, өлгөн адамдын жаназасына катышпаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Аллах жолунда торгойдун уятсындай мечит курсаң, ал үчүн Аллах бейиште үй курарын билип туруп, мечит курулуп жатканда ага бир кыш койгонго да жарабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Ыйык Курандан бир тамга окусаң, ал үчүн он сооп берилерин билип туруп, Куран китебинен күнүгө жок дегенде бир аят болсо да окубаганыбыз же таптакыр эле Куран окуганды билбегенибиз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐Жетим-жесирлерге жардам берген адам Аллах жолунда казат кылгандай, эртеден кечке орозо кармап, түнү бою уктабай намаз окугандай соопко ээ болорун билип туруп, жетим-жесирлерге жардам бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы бейиш болорун, аны аткарган адам энеден жаңы төрөлгөн баладай күнөөсүз кайтып келерин билип туруп, шартыбыз болуп турса да ажылык кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

⚠️ Эми ушулардын баарын билгенден кийин да аткарбай койгонубуз акыретте биз үчүн мындан да чоң өкүнүчтөрдү алып келет!

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 ЖУМА КҮНДҮН БЕШ АДЕБИ

❐ ПАЙГАМБАРГА САЛАВАТ АЙТУУ

Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

❐ ЖУМА КҮНҮ ЖУУНУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Жума күнү жуунуу ар бир балагатка жеткен адамга милдет». | Бухари, 846

Салман Фариси, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер силердин кимдир-бирөөңөр жума (намазына) бара турган болсо, анда жуунсун». | Бухари, 788

❐ ЖУМА НАМАЗЫНА ЧЕЙИН НАФИЛ НАМАЗДАРДЫ ОКУУ ЖАНА ЖЫПАР ЖЫТТАН СЕБИНҮҮ

Салман Фариси, радыяллахунун, риваятында пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер (бир адам) жума күнү жуунса, колунан келишинче тазаланып, (чачын жана денесин) жыттуу атырлар менен сүртүп же үйүндө кандай жыттуу нерсе болсо ошону менен сүртүнсө, андан кийин (мечитке кирген кезде) отурган адамдарды түрткүлөп зыян келтирбесе, андан кийин (жума намазы башталганга чейин) намаз окуса, андан кийин имам хутба кылып баштаганда унчукпай угуп отурса, анда ал адамдын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Бухари, 883

❐ ЖУМАГА ООЗДУ ТАЗАЛАП БАРУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ар бир бойго жеткен мусулман жума күнү жуунуусу керек. Жана (тишин) мисвак менен тазалап, колунан келишинче жыпар жыттуу нерселерди колдонуусу керек». | Бухари, 858

❐ ЖУМАГА ЭҢ ЖАКШЫ КИЙИМДЕРИН КИЙИП БАРУУ

Абу Саид аль-Худри жана Абу Хурайра, радыяллаху анхумадан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү жуунуп, (тишин) мисвак менен тазалап, өзүндө бар жыпар жыттуу нерселерин колдонуп, эң жакшы кийимин кийип, андан кийин мечитке барган кезде адамдардын үстүнөн аттабай, андан кийин каалашынча (нафил) намазын окуп, андан кийин имам хутба кылып намаз окулуп бүткөнгө чейин унчукпай отурган болсо, анда анын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Абу Дауд, 343

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 40 ЖЫЛ БОЮ КҮНӨӨ КЫЛГАН АДАМДЫН ОКУЯСЫ
 
Муса пайгамбардын заманында Исраил урпактары катуу кургакчылыкка туш болот. Ошондо адамдар ага чогулуп: «Оо, Аллахтын ортомчусуз сүйлөшкөн пайгамбары! Аллахтан бизге жамгыр жаадыр деп дуба кылчы» – деп келишет. Ошондо Муса пайгамбар алар менен бирге ээн талаага чыгат. Чогулган адамдардын жалпы саны 70 миңден ашык эле. 
 
Муса пайгамбар жалынып жалбара:
– Оо, Аллахым! Бизге жамгыр жаадыра көр! Бизге ырайым кыла көр! Бизге эмчектеги балдар, жан-жаныбарлар жана кары-картаңдар үчүн болсо да ырайым кыла көр! – деп дуба кылат. Бирок бир тамчы да жамгыр жаабай коёт. Тескерисинче, асмандагы булуттар чар тарапка тарап, күн андан да катуу ысып баштайт. Муса пайгамбар мындай болот деп күткөн эмес эле. Ошондо Аллахтан мунун себебин сураганда Ал ага вахий кылып: 

– Араңарда бир күнөөкөр адам бар. Ал кырк жылдан бери күнөөсүн таштабай жүрөт. Адамдарга жар салып айт, ал эл алдына чыксын. Ошол адам үчүн жамгырдан куру калдыңар – деди.
 
Муса айтты:
– Оо, Аллахым! Мен алсыз пендеңмин, үнүм да алсыз. Жетимиш миң адамдын баарына кантип үнүмдү жеткирем – дегенде Аллах ага вахий кылып:

– Айтып коюш сенден, аны жеткириш Бизден – деп айтты.
 
Ошондо Муса пайгамбар жар салып:
– Эй, кырк жылдан бери Аллахка баш ийбестик кылган күнөөкөр пенде! Арабыздан чыккын! Сен үчүн бизге жамгыр жаабай жатат – деди. 
 
Аны уккан жанагыл күнөөкөр адам эки жагын карады, эч ким чыккан жок. Ошондо айтылып жаткан адам өзү экенин билип, ичинен күбүрөнө: «Эгерде азыр мен ушунча адамдын астына чыксам, анда шерменде болом. А эгер чыкпай койсом, анда адамдар жамгырсыз калат» – деди да, кылганына өкүнүп, башын чепкенине киргизип: «Оо, Аллахым! Мен Сага кырк жыл бою күнөө кылдым. Бирок Сен мени ушунча убакыттан бери жазалабай күттүң. Мына эми мен Сага моюн сунуп келдим, тообомду кабыл кыла көр» – айткыча эле асманды булуттар каптап келди, көнөктөп жамгыр куйду. 
 
Ошондо Муса таң кала:
– Оо, Аллахым! Арабыздан жанагыл адам чыккан жок го, кайсы себептен улам жамгыр жаадырдың? – деп сурады. Аллах айтты:
 
– Оо, Муса! Ошол күнөөкөр адам себептүү силерге жамгыр жаадырдым. 
 
– Оо, Аллахым! Мага ошол пендеңди көргөзчү – деп суранганда Аллах ага:
 
– Оо, Муса! Ал күнөө кылган кезинде анын абийирин ачпаган, эми ал Мага моюн сунуп келгенде ачмак белем – деп айтты. («Кисас аль-Вуъъаз»)
 

✅ ОКУЯДАН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР

– Аллахтын пенделерине болгон мээримдүүлүгү.
– Күнөө кылуу дуба-тилектердин кабыл болушуна тоскоол болгон себептерден.
– Коомдо күнөө иштердин көбөйүшү табият кырсыктарына, жакырчылыкка, кургакчылыкка себеп болот.
– Тообо кылуу – кыйынчылыктан кутулууга себеп болот.
– Адам канчалык күнөө кылса да, анын абийирин, катачылыгын жашыруунун зарылдыгы.

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ТООБО КЫЛУУГА ЭЧ КАЧАН КЕЧ ЭМЕС

▷ t.me/risalatkg
🔴 АЧУУНУ БАСУУНУН ТӨРТ ЖОЛУ

1. ДААРАТ АЛУУ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, ачуулануу – бул шайтандан. А шайтан болсо оттон жаралган. Ал эми от суу менен өчөт. Эгер силерден бирөөңөрдүн ачуусу келсе, анда даарат алсын». (Абу Дауд, 4784)

2. УНЧУКПОО
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Эгерде силердин бирөөңөрдүн ачуусу келсе, анда унчукпасын». (Ахмад, 2556)

3. АЛЛАХТАН КОРГОО СУРОО
Аллах таала айтты:
«Эгер сага шайтандын азгырыгы жетсе, анда Аллахтан коргоо сурагын. Чындыгында, Ал — Угуучу жана Билүүчү». (Аъраф сүрөсү, 200-аят)

Сенин ачууң келген убакта шайтан сөзсүз жаман иш жасатканга аракет кылат. Андыктан ачууң келген кезде сөзсүз Аллах тааладан коргоо сурагын.

Сулайман ибну Сурад, радыяллаху анху, риваят кылды:
«Мен Пайгамбар менен чогу отурган кезде эки адам бири-бири менен айтыша кетти. Алардын бирөөсүнүн (ачуусу келип) жүзү кызарып, тамырлары шишип көөп чыкты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, мен бир сөздү билем. Эгерде аны айтса, анда анын (ачуусу) басылат. Эгерде ал: «Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм" - деп айтса, анын ачуусу басылмак». (Бухари, 3282)

4. ОТУРУУ ЖЕ ЖАТУУ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Эгерде силердин бирөөңөрдүн турган абалда ачуусу келсе, анда отурсун. А эгер (отурса да) ачуусу таркабаса, анда жатсын». (Абу Дауд, 4782)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ТАГДЫРЫҢА ЫРААЗЫ БОЛ!


Чыныгы ыймандуу адам тагдырдын жакшылыгын да, жамандыгын да ыраазылык менен гана кабыл алат. Анткени анын башына түшкөн ар бир нерсе Аллахтын тандоосу менен болду. Аллахтын ал адам үчүн кылган тандоосу адамдын жеке каалоосунан жана тандоосунан жакшыраак. Себеби Аллах биз үчүн эмне жакшы, эмне жаман экенин эң жакшы билүүчү.
⠀
Андыктан ар дайым тагдырыңызга ыраазы болуңуз. Ошондо Аллах сиз ыраазы боло тургандай тагдырды берет.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БУЛ ЭКӨӨСҮ ТЕҢ БИРДЕЙ АРАМ

▷ @risalatkg
🔴 ЖУМА КҮНҮНДӨ ДУБА СӨЗСҮЗ КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН УБАКЫТ БАР

Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат:

«Аллахтын элчиси ﷺ олтурган кезде мен ага: «Чындыгында, биз Аллахтын китебинде (Тооратта): «Жума күнү ушундай бир убакыт бар, кайсы ыйман келтирген пенденин намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураганы ошол убакытка туура келсе, анда Аллах анын муктаждыгын берет» – деген (сөз) бар экенин билебиз» – деп айттым. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ мага ал убакыт аз гана убакыт экенби дегендей ишарат кылды. Мен: «Туура айттыңыз, аз гана убакыт. Ал кайсы убакыт?» – деп сурадым. Ал: «Күндүздүн акыркы убакыттары» – деп жооп берди. Мен: «Ал убакыттар – намаз убакыттары эмес го» – деп айтсам: «Ооба, пенде намаз окуп кийин олтуруп калса, аны намаз гана олтургузган болот жана ал учурда ал намазда тургандай эле болот» – деп айтты». (Ибн Маажах)

⚠️ Эскертүү: Көпчүлүк аалымдар жума күнү дуба кабыл болгон убакыт күн батардан (шамдан) алдынкы убакытта болот деп айтышкан. Ошол убакытта кайсы бир мусулман Аллахка дуба кылса, анда дубасы кабыл болот.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 КҮНӨӨЛӨР ЖҮРӨКТҮН НУРУН ӨЧҮРӨТ

«Күнөөлөрдүн адамдын жүрөгүнө жана денесине эки дүйнөдө тийгизген таасири өтө терс, жаман жана зыяндуу. Аларды бир гана Аллах билет.

Алардын бири – шарият илиминен куру калуу. Чындыгында шарият илими – Аллахтын адамдын жүрөгүнө салып койгон нуру. Ал эми күнөөлөр ошол нурду өчүрөт.

Имам Шаафи Имам Маликке бет маңдай олтуруп, анын алдында китеп окуганда, ал анын баамчылдыгынын кеңдигин, зээнинин курчтугун жана түшүнүгүнүн тереңдигин көрүп суктанган. Ошондо Имам Малик ага:
«Байкасам, Аллах сенин жүрөгүңө нур салган экен. Эми аны күнөөлөрдүн караңгылыгы менен өчүрбө» – деп насаат кылган». («Ад-Да’у уад-Даваа», 76-бет)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
​​🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ

Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534)

Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан:

– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар: 

– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти.

Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581)

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз