ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
Адам үчүн өзүнөн кийин эле анын үй-бүлөсү турат. Акыретте ар бир адам өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги адамдар үчүн жооп берет. Ошондуктан үй-бүлөсүнө, айрыкча алардын тарбиясына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Үй-бүлөнү тарбиялоо – Аллахтын жана пайгамбардын буйругу. Үй-бүлөнү тарбиялоо – аларды жакшылыкка чакыруу, жамандыктан тыюу жана аларга туура багыт көрсөтүү. Үй-бүлөнүн тарбиясына көңүл бурбай таштап коюу чоң бузукулукка алып келет. 

Аллах Куранда мындай деген: 
«Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла. Анын үстүндө таш боор жана каардуу периштелер бар. Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышпайт жана аларга буйруганды аткарышат». (Тахрим, 6-аят)

Имам Катада аятты мындайча түшүндүрөт: 
«Ар бир адам үй-бүлөсүн Аллахка баш ийүүгө, Анын буйруктарына каршы чыкпоого буюруп жана аларга Аллахтын буйругунун негизинде мамиле кылып, аларга жардам берүүсү зарыл. Эгерде үй-бүлөсүндө күнөө ишти көрсө аны токтотуу керек».

═══════
➤➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.

 ➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ПАЙГАМБАРДЫ ЭЭРЧИБЕГЕН АДАМ КАБЫРДА БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРЕ АЛБАЙТ

Анас ибн Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат:

«Чындыгында, пенде өлгөндөн кийин аны жакындары кабырга коюп кетип жатканда алардын баскан үндөрү кабырдагы адамга  угулат.

Андан кийин ага эки периште келип аны отургузуп: «Сен бул адам, Мухаммад, саллаллахи алейхи уа саллам, туурасында эмне дедиң эле?» – деп сурашат. Ошондо ыймандуу адам: «Мен күбөлүк берем, албетте ал Аллахтын кулу жана Элчиси» – деп жооп берет.

Андан кийин ал адамга айтылат: «Тозоктогу ордуңду кара! Чындыгында, Аллах тозоктогу ордуңду бейишке алмаштырып койду». Андан кийин ал адамга эки орунун тең көргөзүшөт.

Ал эми мунафык менен каапырга айтылат: «Сен бул адам туурасында эмне дедиң эле?». Ал айтат: «Мен эч нерсе билбейм, болгону мен эл эмне деп айтса, мен дагы ошону айтып жүрчүмүн». Ошондо ал адамга айтылат: «Сен билгиң да, окугуң да келген эмес». Андан кийин темир барскан менен урган кезде ушунчалык кыйкырат, анын кыйкырыгы адамдар менен жиндерден башка жакын турган жандыктардын баарына угулат». (Сахих аль-Бухари)

═════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Оо, Аллах! Палестинадагы жабыр тарткан боордош мусулман бир туугандарыбызга жардам бер!

Оо, Аллах! Алардын жандарын, бала-чакаларын, үй-жайларын сакта жана аларды өз үй-бүлөсүнө аман кайтып келүүнү насип кыл!

Оо, Аллах! Алардын кадамдарын бекем кыл, аларга кайрат берип, аларды колдо жана Сенин каарыңа калган, диниңе душмандык кылган жөөттөргө каршы аларды колдой көр!

Оо, Аллах! Мусулмандардын башын бириктирип, алардын ынтымагын арттыра көр! Мусулмандын ыйык мечиттеринин бири болгон Акса мечитин мусулмандарга кайтара көр!

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АДАМДАР КӨРБӨСӨ ДА АЛЛАХ КӨРҮП ТУРАТ

Момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анхунун, заманында кээ бир сүт саткан соодагерлер сүткө суу аралаштырып сатышкан. Мусулмандар соодагерлердин бул кылыгын амирге айтып даттанышат. Ошондо момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, өзүнүн жардамчыларын соодагерлерге жиберип, аларды аманаткөйлүккө чакырууну буйруйт. Анын жардамчылары базарга киришип: «Оо, сүт саткан соодагерлер! Сүткө сууну аралаштырып сатып адамдарды алдабагыла! Эгерде ким бул кылыгын токтотпосо, анда момундардын амири аны катуу жазага тартат» – деп айтып кетишет.

Амирдин жардамчылары элге эскерткенден кийин бир түнү момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мусулмандардын абалын билүү үчүн жардамчысы Аслам менен бирге шаарды кыдырып чыгат. Экөө шаарды кыдырып жүрүп, бир дубалдын жанына келишип, ошол жерде эс алып отуруп калышат. Алар дубалдын жанында отурушкан кезде, бир аял кызы менен сүйлөшүп жатканын угуп калышат.

Апасы кызына: «Алдыңда турган сүткө суу кошуп койчу» — десе, анда кызы: «Апаке, момундардын амири чыгарган буйрукту уга элексизби?» — дейт.

Апасы: «Амир эмне деп буйрук чыгарды эле?».

Кызы: «Момундардын амири өзүнүн жардамчыларын жиберген. Алар сүткө суу кошуп сатып адамдарды алдабагыла деп буйруп кетишти» — деп айтат.

Анда апасы кызына: «Умар да, анын жардамчысы да көрбөгөн жерге барып сүткө суу кош» — деп буйруйт.

Кызы: «Эгерде Умар бизди көрбөсө да, анын Раббиси бизди көрүп турат. Аллахка ант болсун! Мен Аллахтын буйруктарына эл алдында моюн сунуп, ал эми жалгыз калганда ага каршы чыга албайм» — деп, чечкиндүү жооп берет.

Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, кыздын сөздөрүн укканда, ал кыздын такыбалыгына абдан таң калат. Кетип жатып жардамчысына: «Эй, Аслам! Бул эшикке белги коюп кой жана бул жерди эстеп кал» — деп айтып кетет.

Эртеси эртең менен Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, жардамчысына: «Эй, Аслам! Кечээги жерге бар да, сүйлөшүп жаткан аял менен кыз ким экенин сураштырып, алардын күйөөлөрү барбы же жокпу тактап кел» — деп буйруйт.

Аслам баягы жерге барып сураштырып, алар жашы улгайып калган аял жана анын кызы Умму Аммара экенин, ошондой эле ал экөөсүнүн тең күйөөлөрү жок экенин билет. Алар ким экенин билгенден кийин Аслам Умар, радыяллаху анхуга, кайра барып кабарды айтып берет.

Ошондо Умар, радыяллаху анху, өзүнүн балдарын чакырып: «Кимиңерге үйлөнгөнгө кыз керек? Эгерде атаңар аялга муктаж болгондо, ал кызды силердин эч кимиңерге бербей өзү үйлөнүп алмак» — деп айтат.

Ошондо балдарынын бири Абдуллах: «Менин аялым бар» — деп айтат.

Экинчи баласы Абдурахман: «Менин да аялым бар» — дейт.

Үчүнчү баласы Аасым: «Атаке! Менин аялым жок. Ал кызды мага алып бериңиз» — деп айтат.

Умар, радыяллаху анху, ал кызга куда түшүп, баласы Аасымга алып берет. Кийин Аасым менен Умму Аммара кыздуу болушат. Ошол кыз белгилүү аалым жана тарыхта бешинчи халиф болуп эсептелип калган Умар ибн Абдулазизди төрөйт.

Ал кыздын аты – Умму Аммара бинту Суфиян ибн Абдуллах ас-Сакафи. Бул кыз тарыхта Аллахка такыбалык кылууда адамдарга үлгү болуп эскерилип калды.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
✔️ Күнөөңдү эч кимге айтпа! Күнөө болот.

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ДИНДИ ШЫЛДЫҢ КЫЛГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ
 
Аллах таала ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Аллахтын аят-белгилерин азил-тамаша тутпагыла!». (Бакара сүрөөсү, 231-аят)
 
«Тозоктогулар бейиштегилерге жалбарып: «Бизге суудан (куйгулачы) же Аллах силерге ырыскы кылган нерселерден бергилечи» – деп кайрылганда алар айтышат: «Чындыгында Аллах муну каапырлар үчүн тыйган. Алар өз динин оюн-тамаша тутуп, дүйнө жашоосуна азгырылып кеткендер». (Аараф сүрөөсү, 50-51-аяттар)

«Ант болсун! Эгер алардан сурасаң: «Биз жөн эле айтып, тамашалап койгонбуз» – деп гана айтышат. Айткын: «Силер Аллахты, Анын аят-белгилерин жана пайгамбарын шылдың кылдыңарбы?! Кечирим сурабай эле койгула! Силер ыйман келтиргенден кийин (ушул сөзүңөр үчүн) каапыр болдуңар». (Тауба сүрөөсү, 65-66-аяттар)

Абдуллах ибн Умар жана башкалар риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:
«Табук газаватында мунафыктардан бир адам: “Мен биздин Куран карыларындай курсагын гана ойлогон, жалганды гана сүйлөгөн, душман менен беттешкенде алардан өткөн коркок эч кимди көргөн эмесмин» – деди. Ошол жерде турган Ауф ибн Малик, радыяллаху анху: “Сен жалган айттың, сен анык эки жүздүүсүң! Бул сөзүңдү Аллахтын элчисине ﷺ айтамын” – деп жөнөдү. Бирок ал келгенге чейин эле Аллах таала пайгамбарга ﷺ ал тууралуу аятты түшүргөн экен. Качан пайгамбар ﷺ төөсүн минип кеткени жатканда, жанагы адам (кечирим сураганга) келип: “Оо, Аллахтын элчиси! Биз өзүбүздү жол кыйынчылыгынан алаксытыш үчүн сүйлөшүп баратып тамашалап эле койгонбуз” – деди.

Абдуллах ибн Умар, радыяллаху анху, айтты: 
“Ал адам азыр да көз алдымда турат, пайгамбардын ﷺ төөсүнүн басмайылына асылып, буттары ташка урунуп: “Биз жөн эле айтып, тамашалап койгонбуз” – деп жатты. Аллахтын элчиси ﷺ: «Силер Аллахты, Анын аят-белгилерин жана пайгамбарын шылдың кылдыңарбы?!» – деп ага жүз да бурбады, ашыкча сөз да айтпады». (Ибну Абу Хатим; Имам Табари)
 
Аллах тааланы, Анын элчисин ﷺ жана Куранды шылдыңдоо ыйман негиздерине каршы келет жана аны кылган адам динден чыгат. Анткени Аллах таалага, Анын Китептерине жана пайгамбарларына ыйман келтирүү – ыйман негиздеринен болуп, аларды ыйык тутуп урматтоо ар бир мусулман үчүн парз болуп саналат.

Мухаммад ибн Салих айтты: 
«Бул хадисте илим ээлерин урматтоо туурасында айтылды жана аларды шылдыңдап же маскаралоону жокко чыгарды. Анткени бул мунафык адам: “Мен биздин Куран карыларындай адамдарды көргөн эмесмин...” – деп аалымдарды жамандоону максат кылып айткан. Ал эми аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору жана үммөттүн үлгүсү. Эгерде биз аалымдарды жаманатты кылсак, анда мунун аягы мусулман коомчулугунун ыдыроосуна алып келет жана аалымдардын кадырын кетирип, аларга карата шектенүүлөрдү пайда кылат». (“Аль-Мустафид”)

Ибн Каййим айтты: 
«Аллах таалага карата айтылган шылдың же маскаралоо же башка ушул сыяктуу иштерге кескин тыюу салынган. Бул туурасында тамашалап айтуу чын айтканга барабар». (“Иъламуль муваккиъин”)

⚠️ Ошондой эле хижабга же сакалга же ушул сыяктуу шарият өкүмдөрүн шылдыңдоого жана кемсинтүүгө кескин тыюу салынган.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМА КҮН – ИБАДАТ КҮН
 
Ибн Каййим ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
 
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон. 
 
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386

 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ПЕРИШТЕЛЕРДИ ҮЙҮҢДӨН КАЧЫРБА


Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ит жана сүрөттөр бар үйгө периштелер кирбейт». [Сахих Бухари]


✅ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Эгерде кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдардын, жаныбарлардын, канаттуулардын) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу же колго тартылган сүрөт болобу же гезиттердеги сүрөттөр болобу же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет. Анткени хадисте айтылган периштелер — жер кезип, үйлөрдү кыдырып жүргөн периштелер. Алар ошол жашаган үйдөгү адамдарга кечирим, ырайым, береке тилеген периштелер.

Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл.

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech