ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ЭГЕР КЫЗЫҢЫЗДЫ КҮЙӨӨСҮ КАТУУ УРУП ЖАТСА

Чубак ажы Жалилов

▷ t.me/risalatkg
🔴 ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮКТҮН ТӨРТ БЕЛГИСИ

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Кимде төрт сыпат болсо, анда ал анык мунафык болот. Кимде ушулардын бирөөсү эле болсо, аны таштамайын ал адамда эки жүздүүлүктүн сыпаты кала берет: сүйлөсө жалган сүйлөйт, убада берсе аткарбайт, келишим түзсө бузат, талашып-тартышса чектен чыгып кетет». (Сахих аль-Бухари 34)


⚠️ ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮКТҮН КЭЭ БИР БЕЛГИЛЕРИНЕН:

– Жалган сүйлөө, аманатка кыянаттык кылуу, убаданы бузуу, берген антынан кайтуу, келишимди бузуу.

– Диний баалуулуктарды шылдыңдоо, Куран-сүннөттө келген дин өкүмдөрүнө (мисалы, хижабга, сакалга, сүннөт кийимге ж.б.) сын айтуу, аалымдарды же диндар адамдарды шылдыңдоо, басмырлоо, аларга каршы чыгуу.

– Намаз окууда жалкоолонуу, мечитке баруудан зааркануу.

– Адамдардын көзүнө көрүнүш үчүн же сөзүнө алыныш үчүн ибадат кылуу.

– Аллахты зикир кылбастык.

– Аллах таала жаман көргөн нерселерди жакшы көрүү.

– Намазды дайым өз убактысынан кечиктирип окуу же далбастап шашып окуу да эки жүздүүлүктүн белгилеринен. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
❐ ЖУМА КҮНҮ САЛАВАТ АЙТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

⚠️ Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.

➤➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Хадистин түшүндүрмөсүн төмөнкү шилтемеден окуңуз ➤➤

https://t.me/tilmech/4455