ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
​​🔴 КӨЗ ТИЙҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТӨРТ НЕРСЕ
 
1) КӨЗ ТИЙҮҮ ЧЫНДЫК

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим 5665)

Ал эми башка хадисте айткан: «Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами 4144)

Хадистеги «адамды кабырга киргизет» дегендин мааниси – эгер кайсы бир адамга катуу көз тийген болсо, анда ал адам ошол замат жан бериши ыктымал же кырсыкка кабылышы ыктымал же ал себептүү ооруга чалдыгып, ошол оору акыры аны өлтүрүп, кабырга киргизиши ыктымал. Ошол сыяктуу эле малга да көз тие турган болсо, ал мал сыягынан чыгып, ээси аны союп, казанга түшүшү ыктымал. Көз тийүү – бул бар нерсе. Бул туурасында көптөгөн хадистерде келген.


2) КӨЗ ТИЙҮҮ АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН ГАНА БОЛОТ

Көз тийүү чындык экенин билдик. Бирок көз тийүү Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен гана болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Көз тийүү – бул акыйкат нерсе. Эгерде тагдырды озуп кете тургандай нерсе бар болгон болсо, анда аны көз тийүү озуп кетмек». (Сахих Муслим 5666)
Мунун мааниси, адамга көз тийиши ыктымал, эгерде көз тийүү аны тагдырында жазылган болсо. Себеби адамдын жашоосундагы ар бир нерсе Аллахтын жазган тагдырына ылайык келген жолдо гана болот.


3) ДУБА КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН КОРГОЙТ

Адам өзүн жана үй-бүлөсүн көз тийүүдөн дуба кылуу менен коргой алат. Аллахтан дайым жакшылыктарды тилеп, жамандыктардан коргоо сурап дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Чындыгында дуба – адамдын башына түшкөн жана түшө элек бүткүл нерселерге пайдасын келтирет. Оо, Аллахтын пенделери! Ошондуктан дайым дуба кылгыла!» (Сахих ат-Таргыиб, 1634)


4) ЗИКИР КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ

Адам шариятта келген жалпы зикирлерди айтуу менен өзүн көз тийүүдөн коргой алат. Айрыкча эртең мененки жана кечки зикирлерди калтырбай айтып жүрүүсү зарыл.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
‼️ Бүгүн жума намазга барууну унутпаңыз.

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БАЛАНЫ ЖИН-ШАЙТАНДАН КОРГООНУН БИР ЖОЛУ

Ислам дини жубайларга кээ бир шарият адептерин аткарууну милдет кылган. Ал адептерден – күйөөсү менен аялы жыныстык мамиле кылуудан алдын шариятта келген дубаны айтуулары зарыл. Бул дубаны айтуу – такыба, ыймандуу урпакка жетүүгө жардам берген себептерден болуп саналат.

Абдуллах ибн Аббас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Эгерде силердин бириңер аялы менен жыныстык мамиле кыларда: «Аллахтын ысымы менен баштаймын. Оо, Аллах! Бизден жана бизге ырыскы кылган (перзенттен) шайтанды алыстат» – деп айтса жана ошондон кийин ал экөөсүнө балалуу болуу тагдыр кылынса, анда шайтан ал балага эч качан зыян бербейт». (Сахих Бухари 6388, Сахих Муслим 1434)

Ал эми хадистин башка риваятында мындай деп айтылган:
«Шайтан ага зыян бербейт жана анын үстүнөн башкара албайт». (Сахих Бухари 3283)

Дубанын арабча айтылышы:
«Бисмиллахи, аллахумма жаннибнаш-шайтоона уа жаннибиш-шайтоона маа розактанаа».
{ بِسْمِ اللَّهِ، اللَّهُمَّ جَنِّبْنَا الشَّيْطَانَ ، وَجَنِّبْ الشَّيْطَانَ مَا رَزَقْتَنَا }


▪️ Бул хадисте айтылган «шайтан ал перзентке эч зыян бере албайт» деген сөздүн мааниси туурасында аалымдар ар кандай ой-пикирлерди айтышкан:

– «Бисмиллах» сөзүнүн берекеси себептүү шайтан анын үстүнөн толук бийлик жүргүзө албайт.

– Ага жин-шайтандар зыян келтире албайт, жин себептүү талма оорусуна чалдыкпайт, жиндин кирүүсүнөн тосот, сыйкырдын таасиринен коргойт.

– Шайтан анын динине эч кандай таасир тийгизе албайт.

– Шайтан аны динден чыгарып, каапырлыкка түртө албайт. Бирок мындан ал бала келечекте такыр күнөө кылбайт дегендей маани келип чыкпайт.

– Жубайлар жыныстык мамиле кылып жатканда шайтан аларга аралаша албайт, алардын авраттарын жиндердин көзүнөн тосот.

– Ымыркай төрөлгөндө шайтан аны курсагына сая албайт. 

═════════

⚠️ ДУБАНЫ ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮҢҮЗ:

➤➤ https://t.me/dubazikir/183
➤➤ https://t.me/dubazikir/183
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 АДАМДЫН ӨЗҮНӨ ЭМЕС, КЫЛГАН КҮНӨӨСҮНӨ АЧУУЛАН

Күндөрдүн биринде Абу Дарда топтолуп турган адамдардын жанынан өтүп калат. Алар бир адамды ортого алып, аны кылган күнөөсү үчүн урушуп сөгүп жатышкан экен. Ошондо аларга кайрылып:

– Кандай ойлойсуңар, эгерде ушул адамдын кудукка түшүп кеткенин көрсөңөр, аны кудуктан чыгарат белеңер? – деп сурайт. Адамдар ага:

– Албетте чыгармакпыз,– дешти. Ошондо ал:

– Андай болсо бул мусулман бир тууганыңарды урушуп сөккөнүңөр туура эмес! Андан көрө силерди ушундай күнөөдөн сактап койгон Аллахка шүгүр кылгыла,– деп насаатын айтат.

Аны уккан адамдар:

– Сен анын кылганына ачууланган жоксуңбу? – деп сурашканда ал:

– Мен анын өзүнө эмес, кылган күнөөсүнө гана ачууландым. Бирок ал бул күнөөнү таштаган кезде мага мусулман бир тууган бойдон калуусун каалайм,– деп жооп берди.

📖 “Минхаж аль-Каасидин”, 127

 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон.
 
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЫЙЫК АЙЛАРДЫН БИРИ БОЛГОН МУХАРРАМ АЙЫ БАШТАЛДЫ

– Бул ай тууралуу эмнелерди билесиз?

Бул ай жыл ичиндеги өзгөчө айлардын бири. Бул айдын келиши менен жыл жаңырат. Бул ай мусулман жыл санагындагы он эки айдын эң биринчиси болуп эсептелет. Ошондой эле бул ай жыл ичиндеги ыйык төрт айдын бири болуп саналат.

Бул айдын башка айлардан өзгөчөлүгү – бул айда орозо тутуу Рамазан орозосунан кийин эле сооптуу орозо болуп эсептелет. Ошондой эле бул айда Ашура күнү бар. Ал күнү орозо тутуу өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Андыктан бул айда алыңыздын жетишинче орозо тутуп, Аллахка жакындаңыз. Кудай буйруса, бул ай жана андагы Ашура күнүнүн орозосу тууралуу да учуру келгенде кеңири маалымат берилет.

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
 
Быйыл 2025-жылы Мухаррам айы 26-июнда башталды.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 РАМАЗАНДАН КИЙИНКИ ЭЛЕ ЭҢ СООПТУУ ОРОЗО

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Рамазандан кийинки эле эң артык орозо – Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо». (Сахих Муслим, 1163)

Быйыл 2025-жылы Мухаррам айы 26-июнда башталды. Бул айда орозо кармоо — сооптуу амалдардан. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан, көп орозо кармоого аракет кылыңыз. Күн ара орозо тутуңуз, эгер ал колуңуздан келбесе, аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү тутуңуз. Ошондой эле Ашура күнү быйыл 5-июлга туш келет — бул күнү орозо кармоону унутпаңыз!

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Кимде-ким Аллах жолунда бир күн орозо кармаса, Аллах анын жүзүн тозоктон жетимиш жылга алыстатат». (Сахих Муслим, 1153)

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:

Намаз календарындагы багымдаттын убактысына чейин ооз бекитилет, шам намазынын убактысында ооз ачылат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз