🔴 ШАЙТАНДЫН АКЫЛ НАСААТЫ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ орозодо зекеттен чогултулган тамак-ашка мени кароолчу кылып койгон эле. Түндөсү бир киши келип, зекеттен чогултулган тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алдым да: «Мен сени Аллахтын элчисине ﷺ алып барам» – деп айтсам, ал мага: «Мен абдан муктажмын. Менин бала-чакам бар. Мен өтө кыйын абалдамын» – деп мага өзүнүн оор абалын билдирди. Мен ага боорум ооруп, коё бердим.
Эртеси таң атканда пайгамбар ﷺ менден: «Сен кечээки туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
– Мен: «Оо, Аллахтын элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып даттанды эле, мен ага боорум ооруп коё берип салдым» – деп жооп бердим.
Менин жообумду уккандан кийин пайгамбар ﷺ: «Ал сага жалган айтыптыр. Бирок ал кайра кайтып келет» – деп айтты.
Пайгамбар ﷺ мага ошентип айткандан кийин мен анын кайра келээрин билип, аны аңдып турдум. Пайгамбар ﷺ айткандай эле ал түндөсү кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап уурдай баштады.
Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын элчисине ﷺ алып барам» – деп айтсам, ал: «Мени коё берчи. Мен чын эле муктажмын. Балдарым да бар. Экинчи кайтып келбеймин» – деп жалдырады. Мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум.
Эртеси эртең менен пайгамбар ﷺ менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен туткунуңду эмне кылдың?» – деп сурады.
– Мен: «Оо, Аллахтын элчиси! Ал мага өзүнүн оор абалын, бала-чакасын айтып жалдырады эле, мен ага боорум ооруп, кайра коё берип койдум» – деп жооп бердим.
– Пайгамбар ﷺ: «Ал сага жалган айтты. Бирок ал дагы кайтып келет» – деди.
Үчүнчү түнү мен аны аңдып отурсам, ал кайра келип тамак-аштан уучтап-уучтап ала баштады. Мен аны кармап алып: «Мен сени Аллахтын элчисине ﷺ алып барам. Сен ушуну менен үчүнчү жолу келбейм деп убада берип, кайра эле келип жатасың» – деп айттым.
Ал: «Мени коё бер. Эгер мени коё берсең, мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм, ал сөздөр сага Аллахтын алдында пайдасын тийгизет» – деди.
Мен таң калып: «Ал кандай сөздөр?» – деп сурадым.
Ал киши: «Кечинде жатаарда аяталь курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде Аят аль-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты. Ал ошентип айткандан кийин мен аны өз жолу менен коё бердим.
Эртеси таң атканда пайгамбар ﷺ менден: «Сен кечээ түнү туткунуңду эмне кылдың?» – деп кайра сурады.
Мен: «Оо, Аллахтын элчиси! Ал мага Аллахтын алдында пайдасы тие турган сөздөрдү үйрөтөм деп айтканынан, кайра коё бердим» – деп айттым.
Пайгамбар ﷺ: «Ал кандай сөздөр эле?» – деп сурады.
Мен: «Ал мага: «Кечинде жатаарда Аят аль-Курсини башынан аягына чейин окуп жат. Эгерде Аят аль-Курсини окуп жатсаң, ал түнү таң атканча сен Аллахтын коргоосунда болосуң жана сага эч бир шайтан жолой албайт» – деп айтты» – деп жооп бердим.
Ошондо пайгамбар ﷺ: «Чындыгында, ал жеткен жалганчы. Бирок бул жолкусунда ал сага чындыкты айтыптыр» – деп ал кишинин сөздөрүн тастыктап, менден: «Эй, Абу Хурайра! Сен үч күндөн бери ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?» – деп сурады.
Мен: «Жок. Ал ким экенин билбейм» – деп жооп бердим.
Пайгамбар ﷺ мага: «Сен үч күндөн бери сүйлөшүп жаткан киши – шайтан болчу» – деп айтты. | Сахих Бухари, 2311
═════════
📌 АЯТАЛЬ КУРСИНИ ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:
➤➤ https://t.me/dubazikir/45?single

⚠️ Аллах үчүн болгон сүйүү эч качан жок болбойт, эч качан өлбөйт, тескерисинче ал күн өткөн сайын көбөйөт. Ошол сыяктуу Аллахтын ыраазылыгын көздөп түптөлгөн үй-бүлөдө да эч убакта сүйүү оту өчпөйт. А эгер адам өмүрлүк жарды тандоодо Аллахтан башка максатты көздөсө, мисалы, сулуулугуна, байлыгына, бийлигине ж.б.у.с. дүйнөгө байланыштуу убактылуу нерселерге карап турмуш курса, анда ошол нерсенин азайышына же жок болушуна жараша ортодогу сүйүү жоголот, барып-барып сезим оту да өчөт. Ошондуктан үй-бүлөнү Аллахтын ыраазылыгын көздөп гана куруу зарыл.
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
Forwarded from Дубалар жана зикирлер
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ӨЗҮҢӨ ЖАНА БАШКАГА ДЕМ САЛГАНДА ЭМНЕЛЕРДИ ОКУУ КЕРЕК
📍 Видеону сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
✔️ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
Фатиха сүрөсү: https://t.me/dubazikir/26
Аят аль-Курси: https://t.me/dubazikir/43
Ихлас сүрөсү: https://t.me/dubazikir/28
Фалак сүрөсү: https://t.me/dubazikir/30
Нас сүрөсү: https://t.me/dubazikir/35
Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяты: https://t.me/dubazikir/112
▷ t.me/dubazikir

➤ Пайгамбарыбыз ﷺ Ашура күнүнө өзгөчө көңүл бурган, ал күнү орозо тутууга шашылган. Абдуллах ибн Аббас айтат:⠀
«Пайгамбар ﷺ артыкчылыкка ээ болгон күндөрдүн арасынан мына ушул Ашура күнүнүн орозосуна айрыкча көңүл бурганын көрдүм». (Сахих Бухари, 1867)
⠀
📌 ЭСКЕРТҮҮ!!!
Быйыл 2025-жылы Ашура күнү 5-июль күнү болот.
Ашура күнүнө карата орозо календарын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/tilmech/4549

📌 Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал:
«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
➤➤ https://t.me/tilmech

‼️ Экинчи чыккан календарды колдонуңуздар. Биринчи сүрөттө ката кетиптир (ал өчүрүлдү).
🔴 БИР ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛГОН АШУРА КҮН
🔹 АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?
Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы 2025-жылы 5-июлга туура келет.
🔹 БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?
Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фараон жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.
🔹 АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИЯТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?
Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болорун билебиз.
🔹 БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?
Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (4-5-6-июль күндөрү) катар орозо тутулат.
2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (4-5-июль күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (5-6-июль күндөрү) орозо тутуу.
3) Ашура күнү эле (5-июль күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.
🔹 БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?
– Пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет.
– Бул күнү пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан.
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн.
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз ﷺ аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнүн же кийинки күнүн кошуп туткула деп айткан.
– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фараонду аскери менен кошо жок кылган деп келген.
Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөсү (11:14)
Аллах таала Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 АШУРА КҮНҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНДАЙ КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде Ашура күнү тууралуу мындай деп айткан:
«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деп үмүт кыламын». (Сахих Муслим, 1976)
⠀
Бул хадистеги «өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот» дегендин мааниси – бул күндүн орозосу өткөн жылдагы кылынган кичине күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деген маанини билдирет. Ал эми адам чоң күнөөлөрдү кылган болсо, алар үчүн тообо кылуусу шарт.
Бул туурасында Имам Навави мындай деп айткан:
«Ашура күнүнүн орозосу себептүү бир жылдык күнөөлөр кечирилет. Эгерде адамдын кичине күнөөлөрү болсо, анда ал себептүү ошол күнөөлөрү кечирилет. Эгерде анын эч кандай кичине жана чоң күнөөлөрү болбосо, анда ал себептүү ага жакшылыктар жазылат жана даражасы көтөрүлөт. Эгерде анын чоң күнөөлөрү гана болсо, анда ал себептүү алар жеңилдетилет деп үмүт кылабыз». («аль-Мажмуъ шарх аль-Мухаззаб», 6)
Ал эми башка аалымдардан: «Арафат жана Ашура күнүнүн орозосу кичине күнөөлөрдүн гана кечирилишине себеп болот» – деген да сөздөр айтылган.

📌 Үй-бүлөнүн бузулушуна көп учурда сырткы кийлигишүүлөр себеп болот. Башкалардын орунсуз аралашуусу жана себепсиз кеңеш берүүсү үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизип, түшүнбөстүктөрдү пайда кылат. Мындай кийлигишүүлөр көп учурда жеке жашоого жана үй-бүлөнүн ички тынчтыгына шек келтирип, үй-бүлөнүн ынтымагын бузууга алып келет. Ошондуктан үй-бүлө мүчөлөрү жаралган көйгөйлөрдү өзүлөрү гана чечип, бири-бирин түшүнүүгө аракет кылып, сырткы таасирлерден алыс болууга тийиш.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech