ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
​​🔴 АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР
 
Аллах Таала Куранда мындай деп айтты:
«Эгер сени шайтан азгырган болсо, анда Аллахтан коргоо сура. Чындыгында, Ал Угуучу, Билүүчү». (Аараф сүрөөсү, 200-аят)

Сахабалардын бири Сулайман ибн Сурад, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде биз пайгамбар ﷺ менен чогу отурган элек. Ошондо эки адам бири-бири менен сөгүшө кетти. Бирөөсү экинчисин сөккөндө, ал ачууланып жүзү кызарып чыкты. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, мен ушундай бир сөздү билем, эгер аны ачууланган адам айтса, анын ачуусу тарайт, ал «аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм»¹ деп айтсын». (Сахих аль-Бухари 6115; Сахих Муслим 2610) 
¹ Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм” сөзүнүн мааниси “Аллахтан каргышка калган шайтандан коргоосун сураймын” дегенди билдирет.
⠀
Жогорудагы хадисте ачуулануу шайтандын азгырыгы экендиги туурасында айтылды. Эгерде ким ачууланса, анда эң биринчи кезекте Аллахтан коргоо сурасын. Мына ошондо Аллах аны шайтандын жамандыгынан коргойт, ачуусу себептүү башкаларга зыян берүүдөн сактайт.
 
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ ачуулануунун зыянынан кутулуу үчүн адамга сөз түрүндө да, иш жүзүндө да аткаруусу зарыл болгон иштерди буйруган.
⠀
Сөз түрүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Араңардан ким ачууланса, анда ал унчукпасын» деп үч жолу айтты». (“Муснад” 1/239)
⠀
Эгерде ачууланган адам сүйлөй турган болсо, анын сөзү адамдарга катуу тийиши мүмкүн же акылга сыйбаган сөздөр айтылып, урушууга себеп болушу мүмкүн. Мындай туруксуз абалда ачууланган адам өзүнө келгенге чейин унчукпай турганы жакшы. Ал эми ачуусу тараса, орундуу сүйлөйт, эч кимге зыян бербейт, адамдардын көңүлүн оорутпайт, ортодо душмандык да болбойт.
⠀
Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда туруп турган болсо, анда олтурсун. Эгер олтурса да ачуусу таркабаса, анда жатсын». (“Муснад” 5/152; Сунан Абу Дауд 4782)
⠀
Себеби адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши да ыктымал. Эгерде ушундай абалда олтура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, андан дагы алыстайт.
⠀
📌 ДЕМЕК, АЧУУЛАНСАҢ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР:
1) Аллахтан коргоо сура.
2) Унчукпа, сүйлөбө, эч нерсе деп жооп бербе.
3) Турган болсоң олтур, олтурсаң да ачууң таркабаса, анда жат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
📌 Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
📌 Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ борбаш чымчыкты, баканы, кумурсканы жана сасык үпүптү өлтүрүүнү тыйган». (Ибну Маажах, 211)

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ!
Жогоруда айтылган жаныбарларды зыян берген учурда өлтүрүүгө уруксат. Мисалы, кумурска үйдөгү тамак-ашты каптап кетсе, же үйдүн ар жерин тешкилеп адамга зыян келтирип жатса, анда курт-кумурскаларды жок кылуучу химиялык каражаттарды колдонуп өлтүрсө болот. Зыян берген учурда гана өлтүрүүгө уруксат, себепсиз өлтүрүүгө болбойт.

➤➤ https://t.me/tilmech
ТИЛМЕЧ
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР 

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибн Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)

Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)

Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.

═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
❏ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
 
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)

Имам Ахмад жума намаз окулган мечитке карай жолдо баратып эле «Кахф» сүрөөсүн окуп койчу. («Аль-Мугни», 2/610)

➤➤ https://t.me/tilmech