ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
​​🔴 БАКАНЫ ДАРЫЛЫК МАКСАТТА ӨЛТҮРСӨ БОЛОБУ?

Шариятта баканы өлтүрүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бир нече хадистер айтылган. Аалымдар ошол далилдердин негизинде баканы өлтүрүү арам деп өкүм кылышкан.

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ борбаш чымчыкты, баканы, кумурсканы жана сасык үпүптү өлтүрүүнү тыйган». (Ибну Маажах, 211)

Ал эми Абдуррахман ибн Усман ат-Тайми айтты:
«Бир дарыгер Аллахтын элчисинен ﷺ баканы дарылык максатта колдонсо болобу деп сураганда, ал аны өлтүрүүдөн тыйган». (Абу Дауд, 5269)

Имам Байхаки айтты: «Бул хадис баканы өлтүрүүгө тыюу салган далилдердин эң күчтүүсү». («Субул ас-Салам», 2/515)

Ал эми баканы өлтүрүүгө тыюу салынышынын сыры тууралуу Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анху, мындай деп айткан:
«Курбакаларды өлтүрбөгүлө, анткени алардын чардаганы – тасбих (Аллахты аруулоо). Ошондой эле жарганатты да өлтүрбөгүлө, анткени Байтуль-Макдис (Акса мечити) талкаланганда, ал айткан: «Оо, Раббим! Мага деңиздин үстүнөн бийлик бер, мен аларды чөктүрөйүн». («Ас-Сунан аль-Кубро», Байхаки, 9/318)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
⚠️ Аалымдар баканы өлтүрүү, жеш жана аны дарылык максатта пайдалуу арам экендигине жогорудагы эки хадисти далил кылышкан. Эгерде аны жегенге уруксат болгондо, анда Пайгамбарыбыз ﷺ аны өлтүрүүдөн тыймак эмес.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔵 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ ЖЕТИ ЗИКИР СӨЗҮ

Бул зикир сөздөрүн маанисин түшүнүү менен дайым айтып жүрүү көптөгөн соопторго жеткирет.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ШАРИЯТТА ӨЛТҮРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРИЛГЕН ЖЕТИ ЖАНЫБАР

➤➤ https://t.me/tilmech