ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким Аллахтын Китебинен бир тамга окуса, ага бир жакшылыктын сообу жазылат. Ал эми бир жакшылык он эсе көбөйтүлүп берилет. Мен «алиф, лям, мим» бир тамга деп айтпайм, «алиф» – бир тамга, «лам» – бир тамга, «мим» – бир тамга». (Тирмизи)

  ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ибн Ражаб, рахимахуллах, мындай деп айтат:
«Аллахка жакындаткан нафил ибадаттардын арасынан эң абзели – Куранды көп окуу жана аны түшүнүү, ой жүгүртүү менен угуу. Хаббаб ибну Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп айтты: «Аллахка жакындоого болушунча аракет кылгын! Сен Аллахка эң сүйүктүү болгон Куран менен жакындагандай башка эч нерсе нерсе менен Ага жакындай албайсың». (“Жамиъ аль-Уълуум уаль-Хикам”)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.

Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот. Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге ошол дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айткан болсок, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт. Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.

📍 Дубаны сактаңыз, жаттаңыз, башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 КҮЙӨӨСҮН СЫЙЛАБАГАН АЯЛДЫ ЭЧ КИМ СЫЙЛАБАЙТ

Чубак ажы Жалилов

➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 ЖУМА КҮНДҮН БЕШ АДЕБИ

❐ ПАЙГАМБАРГА САЛАВАТ АЙТУУ

Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

❐ ЖУМА КҮНҮ ЖУУНУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Жума күнү жуунуу ар бир балагатка жеткен адамга милдет». | Бухари, 846

Салман Фариси, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер силердин кимдир-бирөөңөр жума (намазына) бара турган болсо, анда жуунсун». | Бухари, 788

❐ ЖУМА НАМАЗЫНА ЧЕЙИН НАФИЛ НАМАЗДАРДЫ ОКУУ ЖАНА ЖЫПАР ЖЫТТАН СЕБИНҮҮ

Салман Фариси, радыяллахунун, риваятында пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер (бир адам) жума күнү жуунса, колунан келишинче тазаланып, (чачын жана денесин) жыттуу атырлар менен сүртүп же үйүндө кандай жыттуу нерсе болсо ошону менен сүртүнсө, андан кийин (мечитке кирген кезде) отурган адамдарды түрткүлөп зыян келтирбесе, андан кийин (жума намазы башталганга чейин) намаз окуса, андан кийин имам хутба кылып баштаганда унчукпай угуп отурса, анда ал адамдын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Бухари, 883

❐ ЖУМАГА ООЗДУ ТАЗАЛАП БАРУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ар бир бойго жеткен мусулман жума күнү жуунуусу керек. Жана (тишин) мисвак менен тазалап, колунан келишинче жыпар жыттуу нерселерди колдонуусу керек». | Бухари, 858

❐ ЖУМАГА ЭҢ ЖАКШЫ КИЙИМДЕРИН КИЙИП БАРУУ

Абу Саид аль-Худри жана Абу Хурайра, радыяллаху анхумадан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү жуунуп, (тишин) мисвак менен тазалап, өзүндө бар жыпар жыттуу нерселерин колдонуп, эң жакшы кийимин кийип, андан кийин мечитке барган кезде адамдардын үстүнөн аттабай, андан кийин каалашынча (нафил) намазын окуп, андан кийин имам хутба кылып намаз окулуп бүткөнгө чейин унчукпай отурган болсо, анда анын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Абу Дауд, 343

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КЫЯМАТТА УШУНДАЙ АДАМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛӨТ

Имам Ибн Ражаб аль-Ханбали, рахимахуллах, айтты: «Алгачкы муундагы мусулмандардын биринин мындай дегени кабарланат: «Бизге мындай кабар жетти: кыямат күнү башка адамдарга сурак болуп жатканда сый дасторкон жайылып, анда көп орозо кармагандар тамактанып отурушат. Сурак берип жаткан адамдар айтат: «Оо, Раббибиз, биз сурак болуп жатканда, булар эмнеге тамактанып отурушат?». Ошондо аларга мындай жооп болот: «Алар ар дайым орозо кармашкан, а силер ошондо тамактанып жаткансыңар. Алар түнкү намаздарды окушкан, а силер уктап жаткансыңар».

📙 Латаиф аль-маъариф, 297

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БАЛА-ЧАКАНЫ БАРДЫК ЖАМАНДЫКТАР КОРГОО ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА (АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ)

Бул дубаны жаттап балдарыңызга дайым айтып жүрүңүз. Бул дубаны айтуу – балаңызды көз тийүүдөн, адамдардын назары түшүүдөн, жин-шайтандардын, курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын зыян берүүсүнөн, сыйкырдан, дегеле бардык жамандыктардан сактайт.
⠀
✔️ Бул дубаны каалаган учурда айта берсе болот, айрыкча балага көз тийүү же башка ушундай сыяктуу коркунучтар жаралган учурларда көп окуу керек.

▷ t.me/dubazikir
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔵 ЭМНЕ ҮЧҮН АЖАТКАНАДАН ЧЫККАНДА «ГУФРООНАКА» ДЕП АЙТАБЫЗ?

«Гуфроонака» деп ажатканадан чыккандан кийин айтылат. Бул дубаны айтуу менен адам Аллахтын алдында кетирген кемчиликтери жана Ага жеткиликтүү шүгүр кыла албагандыгы үчүн Андан кечирим сурайт. Ошондуктан ар бир мусулман ажатканадан чыкканда бул дубаны сөзсүз түрдө айтуусу зарыл.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
​​🔴 БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Силерден ким бут кийимин кие турган болсо, оң бутунан баштасын, эгер чече турган болсо, сол бутунан баштасын. Ошондой эле экөөсүн бирдей кийип жүрсүн же экөөсүн бирдей чечип жүрсүн». | Сахих Муслим 2097
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бут кийим кийүүнүн адеби туурасында айтты. Тагыраак айтканда, ким бут кийим кие турган болсо, анда оң бутунан баштоосу керек. Ал эми чечкенде, сол бутунан баштап чечет. Ошондой эле бут кийим кийгенде эки бутуна тең кийиш керек же экөөсүн тең чечиш керек. Бир бутуна гана бут кийим кийип басуу шайтандын басыгы болуп эсептелет. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айткан:

«Аллахтын Элчиси ﷺ бир бут кийим менен жүрүүдөн тыйган жана «шайтан бут кийимин бир (бутуна эле) кийип жүрөт» – деп айткан». | Ат-Тахави, «Мушкил аль-Аасар», 2/142
 
Анткени бир бут кийим менен жүрүү адамдын кадыр-баркына шек келтирет, чалынып кетиши мүмкүн же сырттан караган адамга сылтып баскандай көрүнүшү мүмкүн. Ошондой эле адам башкалардын көңүлүн өзүнө буруш максатта кылуусу да мүмкүн. Шариятта мындай кылуу тыйылган.

✔ БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ:
 
1)  Оң буттан баштап кийүү.
2)  Сол буттан чечүү.
3)  Бут кийимди отуруп кийүү.
4)  Бут кийимди эки бутуна кийүү же экөөсүнөн тең чечүү.
 
⚠️ Кимде-ким бут кийим кийгенде ушул сүннөттөрдү аткарса, анда ал адамга СООП жазылат. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ЖАСАЛМА КИРПИК КОЙСО БОЛОБУ?

Максат ажы Токтомушев

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
📌 ЖУМА НАМАЗЫ КИЧИНЕ КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Эгерде чоң күнөөлөр кылынбаса, анда беш убак намаз – намаздардын арасындагы күнөөлөрдү, жума намазы — жума намазына чейинки күнөөлөрдү жана рамазан — рамазанга чейинки күнөөлөрдү жок кылат». (Муслим)

Абу Малик ал-Ашари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Жума намазы кийинки жума намазына чейинки күнөөлөрдү жана дагы үч күндүк күнөөлөрдү жок кылат. Анткени Аллах таала айтты: «Кимде-ким бир сооп менен келсе, анда ал он эсеге көбөйтүп берилет».* (Табарани)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech