🔴 ТУМАР ЖАНА КӨЗ МОНЧОК ТАГЫНУУ КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким тумар тагып алган болсо, анда Аллах анын максатын ишке ашырбайт. Кимде-ким ракушка (деңизден чыккан үлүл кабыкчасы) тагып алган болсо, анда Аллах анын максатын ишке ашырбайт». (Ибн Маажах)
Ахмад жана Хакимдин риваятында: «Кимде-ким тумар тагынса, анда ширк кылган болот» – деп келет. (Ахмад)
Сахих Бухариде: «Төөлөрдүн мойнундагы (көз тийбеш үчүн тагылган) жиптерди кескиле» – деп айтылат. (Бухари)
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

🔴 БАЛАҢДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАППА
Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Бир адам Абдуллах ибн Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:
– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.
– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага:
– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)
Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл.

🔴 ЭЧ КИМДИ МИНТИП СӨКПӨ
Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Жабир, радыяллаху анху, пайгамбарыбызга ﷺ келип: «Мага осуят кылыңыз» – дегенде ал: «Эч кимди сөкпө» – деп осуят кылды. Мен ошондон кийин эркин адамды да, кул адамды да, жадагалса төөнү да, койду да сөккөн жокмун». | Абу Дауд, 4084
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Улуу табийин Саид ибн аль-Мусайиб айтты:
«Эч качан досуңа «Эй, эшек… Эй, ит… Эй, чочко» деп айтпагын. Эгер ушинтип айтчу болсоң, кыяматта сага: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүң беле?!» – деп айтылат». | «Мусаннаф» Ибну Абу Шайба, 5/282
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Ибрахим ан-Нахаи, рахимахуллах, айтты:
«Эгер кайсы бир адам бирөөгө: «Эй, эшек! Эй, ит! Эй, чочко!» – десе, кыямат күнү Аллах ал адамга: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүңбү?!» – деп айтат. | «Мусаннаф» Ибн Абу Шайба, 5/283
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Имам Навави, рахимахуллах, айтты:
«Адатта адамдар колдонгон жаман сөздөрдөн – кайсы бир адам бирөө менен урушуп кетсе, ага: «Эй, эшек! Эй, теке! Эй, ит» же башка ушуга окшогон сөздөрдү айтуусу. Бул эки тараптан алганда жаман сөз болуп эсептелет: биринчиси, жалган болгондугу үчүн, экинчиси, ыза келтиргендиги үчүн». | «Аль-Азкар», 365-бет
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 КАРЫЗ АЛСАҢ, КАЙТАРЫП БЕРЕМ ДЕГЕН НИЕТТЕ АЛ
Кимде-ким карыз алган кезде кайтарып берем деген ниетте алган болсо, анда Аллах таала ал адамды карызынан өз убагында кутулууга сөзсүз жардам берет. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Кимде-ким кутулам деген ниетте адамдардан карызга акча алса, Аллах аны карызынан кутултат. А эгер ким кайтарып бербейм деген ниетте карыз алса, Аллах аны жок кылат». (Сахих Бухари)
Ошондой эле карыздар адам Аллах таала карызымдан кутулууга сөзсүз жардам берет деген терең ишенимде болуусу керек. Аллахтын элчиси ﷺ өзүнүн хадистеринин биринде айтты:
«Чындыгында карыздар адам Аллах жаман көрбөгөн жолдо карыз алып, андан кутулганга чейин Аллах аны менен бирге болот». (Ибну Маажах)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Ошондой эле карызы бар адам сүннөттө келген дубаларды дайым айтып жүрсө, Аллах аны карызынан тез арада кутулууга жеңилдиктерди берет. Имам Тирмизи риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:
«Күндөрдүн биринде өзүн кулчулуктан куткарыш үчүн кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талибге келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатам, мага жардам бер»– дейт. Ошондо Али ага айтты: «Аллахтын элчиси ﷺ мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү, эгерде Сир тоосундай карызын болсо да бул дубаны айтсаң, Аллах сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:
“Оо, Аллах! Мага адал ырыскы берип Өзүң арам кылган иштерден сакта жана мени Өз пазилетин менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам Тирмизи)
📌 Дубанын арапчасы:
اللَّهمَّ اكْفِني بحلالِكَ عَن حَرَامِكَ، وَاغْنِني بِفَضلِكَ عَمَّن سِوَاكَ
“Аллахумма-кфинии би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔵 ЫЙМАН АЛСЫРАГАНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА
Бул дуба — шариятта келген негиздүү дубалардын бири. Эгер мусулман адам ыйманы алсыраганын сезсе, анда бул дубаны дайым окуп жүрүүсү керек. Анткени Пайгамбарыбыз айткан: «Чындыгында, силердин бириңердин ичиңердеги ыйман, кийим эскирген сыяктуу эле эскирет. Ошондуктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңылоосун сурагыла».
▷ t.me/dubazikir

🔴 БЕЙИШКЕ КИРГИҢ КЕЛСЕ АПАҢДЫ ТИРҮҮСҮНДӨ ЖАКШЫ КАРА
Талха ибн Муавия, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип:
«Оо, Аллахтын Элчиси! Мен Аллах жолунда согушкум келет» – деп айттым.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Апаң тирүүбү?» – деп сурады.
Мен: «Ооба» – дедим.
Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Апаңа баш ийип, аны жакшы кара, ошондо бейишке киресиң» – деп айтты. (Табарани)

🔴 ЭСТӨӨГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТӨРТ АДЕП
1. ООЗУН АЧЫП ҮН ЧЫГАРЫП ЭСТЕГИСИ КЕЛГЕНДЕ ТОКТОТУП КАЛУУ
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Чындыгында Аллах таала чүчкүрүктү жакшы көрөт, (оозду чоң ачып) эстөөнү жаман көрөт. Эгер бир адам чүчкүрүп «алхамдулиллах» деп айтса, анда ар бир уккан мусулман адам ага «ярхамукаллах» деп жооп кайтарууга милдеттүү болот. Ал эми (оозду чоң ачып) эстөө – ал шайтандан. Ошондуктан мүмкүн болушунча эстөөнү токтотуу керек. Эгер «аах» деп (үн чыгарып) эстесе ага шайтан күлөт». (Сахих Бухари)
2. ЭСТЕГЕН УЧУРДА ООЗДУ КОЛУ МЕНЕН ТОСУУ
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Эгерде силердин бириңер (оозду чоң ачып) эстесе, анда колу менен оозун жапсын. Антпесе шайтан (оозунан) кирип кетет». (Сахих Муслим)
3. НАМАЗДА ЭСТЕГЕН УЧУРДА ООЗДУ КОЛУ МЕНЕН ЖАБУУ
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Оозду чоң ачып эстөө шайтандан. Эгерде силердин бириңер (оозду чоң ачып) эстесе, анда мүмкүн болушунча токтотууга аракет кылсын». (Сахих Муслим)
4. ЭСТЕГЕНДЕ ҮН ЧЫГАРБОО
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында Аллах таала чүчкүрүктү жакшы көрөт, (оозду чоң ачып) эстөөнү жаман көрөт. Эгер бир адам чүчкүрүп «алхамдулиллах» деп айтса, аны уккан адам ага: «ярхамукаллах» деп жооп кайтарууга милдеттүү болот. Ал эми (оозду чоң ачып) эстегенде ага шайтан күлөт. Ошондуктан мүмкүн болушунча эстөөнү токтотуу керек». (Сахих Муслим)

🔴 ТАМАКТЫН КАЙСЫЛ ЖЕРИНДЕ БЕРЕКЕ БАР ЭКЕНИН БИЛБЕЙСИҢЕР
Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ (тамактануудан кийин) манжаларда жана идиште калган (тамактын калдыгын) тазалап жегенге буйруду». (Сахих Муслим)
Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «(Тамактанып жатканда) силерден тамактын бир бөлүгү түшүп калса, анда аны алсын да, андагы жаман нерселерди тазалап туруп, жеп койсун. Аны шайтанга калтырбасын. (Тамактанып бүткөндө) манжаларындагы тамакты тазалап жемейинче колун кол арчуу менен аарчыбасын. Анткени ал кайсы тамакта береке бар экенин билбейт». (Сахих Муслим)