ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Ражаб айы да бүттү. Мына бүгүн пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көргөн, башка айлардан өзгөчөлөгөн жана пенделердин кылган амалдары Аллахка көтөрүлө турган Шаабан айы дагы кирип келди. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айдын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ага өзгөчө даярдык көрүшкөн жана бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
 
Усама ибну Зайд, радыяллаху анху, пайгамбарыбыздан ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Шаабан айында орозо тутканыңыздай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм, (мунун себеби эмнеде)?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар элес албаган (Шаабан) айы. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын». | Насаи, 2356
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
 
Ал эми башка хадисте Аиша энебиз мындай деп айткан: 

«Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык (көпкө) орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт дейт элек, кээде (көпкө) оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт дечүбүз. Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айында гана орозону толук тутканын жана Шаабан айында эң көп орозо тутканын көрдүм». | Сахих Бухари, 1969
 
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок, алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир, радыяллаху анху, туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн».
 
Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан. 
 
Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар: 
«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы». Ал эми кээ бир булактарда: «Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу» – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?». 
 
 
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Демек, бул айда көбүрөөк орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын. Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
 
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
📌 Үй-бүлөнүн кадыры эркектин кадырына түзмө түз байланыштуу

Үй-бүлөдө эркектин кадыр-баркы болбосо, ал үйгө эшик аттагандын баары кожоюн болуп алат. Бул жагдай төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:

1. Кадыр-барктын жоголушу
Эгер үй-бүлө башчысы өз милдетин так аткарбай, намысын бийик сактабай же боштук кылса, үй-бүлөдө "башчы" деген түшүнүк жоголот. Натыйжада, сырттан келген ар бир адам ошол үйдүн ички иштерине кийлигишип, үстөмдүк кылып, акыл үйрөтүп, өзүн кожоюн сезе баштайт.

2. Коргоонун жоктугу
Эркек — үй-бүлөнүн тиреги жана бекем коргоочусу. Тирек бошосо, сепил урайт. Эркектин сөзү өтпөгөн жерде сырткы күчтөр үй-бүлөнүн ички биримдигин оңой эле бузуп, мүчөлөрүн сыйлабай калышат.

3. Тарбиянын бузулушу
Үйдөгү тартип жана өз ара сый-урмат атанын кадыры менен кармалат. Атанын кадыры кеткенде, балдар да, үйдөгүлөр да бири-бирин укпай калат. Мындай үй-бүлө сырткы терс таасирлерге туруштук бере албай, коомдогу ордун жоготот.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭРКЕКТИН ЧЫНЫГЫ МҮНӨЗҮ — ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КЫЛГАН МАМИЛЕСИНЕН БИЛИНЕТ

Пайгамбарыбыздын ﷺ «Силердин эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылганыңар...» деген хадиси — коомдун эң негизги уюткусу болгон үй-бүлө баалуулугун ачып берген эң терең насааттардын бири. Бул хадиске төмөнкүдөй талдоо жана түшүндүрмө берсек болот:

1.  Чыныгы мүнөз үй-бүлөдө билинет
Адам сыртта, коомдук жайларда же жумушта өзүн маданияттуу, сылык жана сабырдуу көрсөтүшү мүмкүн. Анткени ал жерде анын аброю, кызыкчылыктары жана «эл эмне дейт?» деген кооптонуу бар. Бирок адамдын чыныгы жүзү жана мүнөзү ал өзүн эркин сезген жерде — үйүндө билинет. Эгер адам эч ким көрбөгөн жерде, өз жакындарына сылык, кечиримдүү жана күйүмдүү болсо, демек ал чындап жакшы адам.

2. Үй-бүлө — биринчи кезектеги милдет
Көпчүлүк адамдар сырттагыларга жакшы көрүнүү үчүн убактысын, акчасын жана күчүн жумшап, бирок үйүнө келгенде чарчаганын шылтоо кылып, жакындарына орой мамиле жасашат. Бул хадис мындай мамиленин туура эмес экенин эскертет. Соопту жана жакшылыкты башкалардан мурун эң биринчи сенин мээримиңе муктаж болгон жубайыңдан, балдарыңдан жана ата-энеңден баштоо керек.

3. Үй-бүлө — сооптун булагы
Хадистин уландысында Пайгамбарыбыз өзүн үлгү катары көрсөтүп: «...араңардан мен үй-бүлөмө эң жакшы мамиле кылган адаммын»,— деп айткан. Бул дегендик:
•  Үй иштерине жардам берүү;
•  Жакындын көңүлүн көтөрүү;
•  Алардын каталарын кечирүү;
•  Балдарга убакыт бөлүү — бул жөн гана тиричилик эмес, бул ибадат жана эң чоң жакшылык.

⚠️ Эсиңизде болсун: үйүндө тынчтык жана сүйүү тапкан адам биринчи кезекте үй-бүлөсүнө, анан коомго көбүрөөк пайда алып келет.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АЗ БОЛСО ДА САДАКА БЕР

Пайгамбар ﷺ айтты:
«Жарым курма садака кылып болсо да өзүңөрдү тозоктон сактагыла. Эгер аны да таппасаңар, анда жылуу сөз менен». (Сахих аль-Бухари, 7512)

📌 Бул хадисте үч негизги түшүнүк бар:

1. Жакшылыктын кичинеси болбойт
«Жарым курма берип болсо да...» — бул жерде курманын жарымы өтө кичинекей, байкалбаган нерсе катары айтылууда. Демек, садака берүү үчүн сөзсүз бай болуу шарт эмес. Чын жүрөктөн берилген эң кичинекей нерсе да Аллахтын алдында чоң мааниге ээ жана адамды балээден сактайт.

2. Ниеттин маанилүүлүгү
Исламда кылган ишиңдин көлөмү эмес, ниетиң биринчи орунда турат. Колунда бар адам миң сом берсе, колунда жок адам акыркы нанынын жарымын берсе, нан бергендин сообу кээде көбүрөөк болушу мүмкүн. Анткени ал өзүнө керектүү нерсени башкага кыйды.

3. Жылуу сөздүн таасири
«Ал болбосо жылуу сөз айткыла...» — эгер адамдын бергенге эч нерсеси жок болсо, анда ал адамдарга жылуу мамилеси, жакшы сөзү жана жылмаюусу менен жакшылык кыла алат. Жакшы сөз — бул:
•  Бирөөнүн көңүлүн көтөрүү;
•  Кайгырып турганга дем берүү;
•  Жөн гана сылык болуу.

⚠️ Бул хадис бизге: «Жакшылык кылууга эч качан шылтоо жок» дегенди үйрөтөт. Акчаң жок болсо — колуң менен жардам бер, колуңдан келбесе — тилиң менен жакшы сөз айт. Эң башкысы, кайдыгер болбо жана өзүңдү жакшы иштерден алыс кармаба.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМА КҮНҮ АДАМДАР КАЙРА ТИРИЛИШЕТ

Аус ибн Аус, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:
«Жума күнү – бул силердин эң жакшы күндөрүңөрдөн. Аллах ушул күнү Адам атаны жаратып, ушул күнү анын жанын алган. Бул күнү сурнай чалынып (адамдар тирилишет) жана бул күнү катуу дабыш угулуп (андан адамдар өлүшөт). Андыктан бул күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында, силердин салаватыңар жума күнү мага көрсөтүлөт». Сахабалар: «Сиз топуракка айлансаңыз анан кантип биздин айткан салаваттарыбыз сизге жетип турат?» – деп сурашат. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Чындыгында, Улуу Аллах таала жерге биздин денебизди жешин арам кылды» – деп жооп берди».(Абу Дауд)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖАЛГАН ЖАЛАА ЖАБУУНУН ЖАЗАСЫ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким бир момун тууралуу анда жок нерсени айтса (жалаа жапса), айткан сөзүнүн (күнөөсүнөн) арылмайынча, Аллах аны «Радгатул-хабал» (тозоктуктардын денесинен аккан ириң-кандар аккан жерге) жайгаштырат». (Абу Дауд, 3597)

📌 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Жалаа жабуу (бухтан) — бул бир адамдын артынан анда жок сапаттарды айтуу же ал кылбаган ишти кылды деп айыптоо. Бул Ислам дининде эң оор күнөөлөрдүн бири болуп саналат.

Ушак (гыйбат) менен жалаанын (бухтан) айырмасы: эгер адамдын боюнда бар кемчиликти айтсаңыз — бул ушак, ал эми жок нерсени айтсаңыз — бул жалаа.

Төмөндө жалаа жабуунун негизги түрлөрү келтирилген:

1. Абийирине жалаа жабуу (зына менен айыптоо)
Бул жалаанын эң коркунучтуу түрү. Абийири таза эркек же аялды “сойкулук кылды” же “ойноштук кылды” деп, эч кандай далилсиз айыптоо.

2. Кылмыш боюнча жалаа жабуу

Бирөөнү “уурулук кылды”, “киши өлтүрдү” же “пара алды” деп, анын кылбаган ишин мойнуна коюу. Бул адамдын коомдогу кадыр-баркын гана түшүрбөстөн, анын эркиндигине же өмүрүнө коркунуч туудурат.

3. Диний же ишенимдик жалаа
Такыба адамды “каапыр”, “мунафык (эки жүздүү)” же “динсиз” деп айыптоо. Бул адамдын диндеги беделине шек келтирүү болуп саналат. Пайгамбарыбыз  ﷺ эгер бирөө экинчисин “каапыр” десе жана ал антип айтууга татыктуу болбосо, ал сөз айткан адамдын өзүнө кайтып келерин эскерткен.

4. Ниетке жалаа жабуу

Адамдын кылган жакшы ишин “мактануу же элге көрүнүш үчүн кылды” же “бир пайда көрүү үчүн жасады” деп, анын жүрөгүндөгү ниетин жаманга жоруу. Адамдын ички дүйнөсүн бир гана Аллах билет, ошондуктан ниетти жамандоо да жалаага кирет.

5. Үй-бүлөлүк жана тегине жалаа жабуу

Бирөөнүн тегине шек келтирүү (“атасы башка”, “ата-теги бузулган” ж.б.) же үй-бүлө мүчөлөрүнүн аброюна шек келтирген жалган сөздөрдү таратуу.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КӨЗ ТИЙҮҮ— ЧЫНДЫК

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим, 5665)

Бул хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ  көз тийүү (ал-‘айн) деген нерсе чыныгы көрүнүш экенин ачык билдирүүдө. Исламда көз тийүү — адамдын жүрөгүндөгү көрө албастык, суктануу же ичи тарлык менен караганда, Аллахтын уруксаты менен башка бирөөгө зыян жетиши. Бул ырым-жырым же жомок эмес, шарият тарабынан тастыкталган акыйкат.

📍 КӨЗ ТИЙҮҮ:
•  ден соолукка кескин зыян алып келиши мүмкүн,
•  адамдын алсырап, ооруп калышына себеп болушу мүмкүн,
•  кээде малга же мүлккө да таасир этет.

Башка хадисте мындай деп айтылган:
«Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами, 4144)

Бул хадис көз тийүүнүн канчалык күчтүү таасири болушу мүмкүн экенин күчтүү мисал менен түшүндүрөт.
•  «Адамды кабырга киргизет» — башкача айтканда, көз тийүү адамды оорутуп, алсыратат, төшөккө жыгышы мүмкүн. Атүгүл кээде өлүмгө да алып барат.
•  «Төөнү казанга түшүрөт» — төө абдан күчтүү, чыдамкай жаныбар. Ошого карабастан, көз тийүү аны казанга да түшүрүшү ыктымал.

Мына ошондуктан көз тийүүнү жеңил көрбөш керек. Адам дайым андан коргонуунун шариятта келген жолдорун колдонуу зарыл.

✅ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАНУУ ЖОЛДОРУ

Пайгамбарыбыз ﷺ бизге коргонуу жолдорун да үйрөткөн:

•  Куран окуу, айрыкча Фатиха, Аятуль Курси, Ихлас, Фалак, Наас сүрөлөрүн.

•  Дуба кылып Аллахтан коргоо суроо.

•  Бир нерсеге суктанганда:
👉 "МашаАллах" (Аллах каалагандай болду) же "БааракАллах" (Аллах береке берсин) деп айтуу сунушталат. Бул көз тийүүдөн алдын алат.

•  Балдарды, өзүн Аллахка аманат кылып дуба менен коргоо.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 БУЛАР НАМЫСЫ ЖОК АЛСЫЗ ЭРКЕКТЕР

Садыбакас ажы Доолов

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
❐ ЖУМА КҮНҮ САЛАВАТ АЙТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Аус ибн Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга Пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

⚠️ Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.

➤➤ https://t.me/tilmech