🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ
Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534)
Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан:
– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар:
– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти.
Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581)
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

🔴 БАЛКИМ БАЛАҢДЫН БАКТЫСЫЗДЫГЫНА ӨЗҮҢ КҮНӨӨЛҮҮСҮҢ
Кээде элес албастан балдарыбызга “өлүп кет, кара жерге кир, келесоо, көк мээ, башың иштебейт, эшек, ит” ж.б.у.с. жаман сөздөр менен урушуп тилдейбиз. Бирок ошол каргыш сөздөр балдарыбыздын жашоосуна кандай балээ алып келээрин эч баамдабайбыз. Эгерде адамдын айткан ошол сөзү дуба кабыл боло турган учурга туш келсе, анда ал айтылган каргыш сөз сөзсүз кабыл болот. Анан өмүр өткүчө айткан сөзүбүздүн запкысын өз балдарыбыздан көрүп өтөбүз. Бул жеке эле балдарга эмес, адамдын өзүнө жана мал-мүлкүнө да тийиштүү. Ошондуктан тилибизди каргыштан, тилдөөдөн тыюубуз керек. Болбосо бир каргыш сөз бүтүндөй өмүрдү жок кылып коюусу толук мүмкүн.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Өзүңөргө, балдарыңарга жана мал-дүйнөңөргө каргыш айтпагыла! Эгерде (ал айтылган каргыш) Аллах дубаларды кабыл кыла турган убакытка туш келип калса, анда айтканыңар кабыл болот». (Сахих Муслим)
═══════════════

Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 МЫНДАЙ АЯЛ ЫЙМАН ЫРАХАТЫН СЕЗБЕЙТ
▷ Бир аял аалымдан:
– Мен турмушка чыкканга чейин көп намаз окуп, көп орозо кармачу элем. Куранды ырахаттануу менен окучум. Турмушка чыккандан кийин ыйман ырахатын такыр сезбей калдым? – деп сураганда, ал:
– Күйөөңө болгон мамилең кандай? – деп сурады.
– Шейх, мен сизден орозо, намаз, ыйман жөнүндө сурасам, сиз менден күйөөм тууралуу сурайсыз го? Бул суроого күйөөмдүн кандай тиешеси бар? – дегенде аалым айтты:
– Ооба, кызым. Билесиңби, эмне үчүн кээ бир аялдар ыйман ырахатын сезишпейт. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: «Аял күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин толук аткармайынча ыйман ырахатын сезбейт».

🔴 МУСУЛМАНГА ЗАРЫЛ БОЛГОН АЛТЫ ХАДИС
✦ Кимде ким ихлас сүрөөсүн он жолу окуй турган болсо, анда Аллах ал үчүн бейиште хан сарай куруп коёт. (Имам Ахмад, 3/437)
✦ Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуй турган болсо, анда ал эки жуманын ортосунда ал үчүн нур болот. (Сахих аль-Жаами, 6470)
✦ Кимде-ким кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттай турган болсо, анда ал Дажжалдын азгырыгынан куткарылат. (Сахих Муслим, 809)
✦ Кимде-ким парз намаздан кийин аяталь курсини окуса, анда ал адамдын бейишке кирүүсүнө өлүм гана тоскоол болуп турат. (Сунан Насаи, 9848)
✦ Кимде-ким кечинде жатардан мурун кафируун сүрөөсүн окуса, анда ал ширктен амандыкта болот. (Тирмизи, 3403)
✦ Кимде-ким талаптагыдай даарат алып, андан соң: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху уа анна Мухаммадан аъбдуллахи уа расуулуху (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем)» – деп айтса, анда ал адамга бейиштин сегиз эшиги ачылат, ал алардын каалаганынан кирет. (Сахих Муслим, 234)

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ЭҢ УЛУК, ЭҢ ООР КЕЛМЕ
📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
▷ t.me/dubazikir

🔴 ЫРЫСКЫМА КАНТИП ЖЕТЕМ ДЕП НААЛЫБА
Макхул, рахимахуллах, айтты:
«Эненин курсагындагы түйүлдүк эч нерсе сурабайт, капаланбайт жана түйшүк тартпайт. Аллах анын ырыскысын киндиги аркылуу жеткирип турат. Анын энесинин айыз каны анын курсагындагы баласына азык болот. Мына ошол себептен кош бойлуу аялдын айызы келбейт.
Ал эми ал төрөлгөндө жер бети ага өөн учураганы себептүү ал чыңырып ыйлайт. Ошондо анын киндиги кесилет жана Аллах анын ырыскысын энесинин сүтү аркылуу келе турган кылат. Кийин аны кол менен даярдалган тамак-аштарга өткөрөт. Ал колу менен тамак жеп баштайт. Ошентип ал баралына жетип, акылы толук жетилгенде: «Мен ырыскыга кантип жетем» – деп баштайт.
Эй, куругур! Сен энеңдин курсагында жана койнунда болгон кезиңде ырыскың келип турган эле го, эми акылыңа кирип, киши болуп калганда «Эми өлөт турбаймынбы, ырыскысыз калат турбаймынбы» деп наалып баштадыңбы,– деди да Аллахтын бул сөзүн окуду:
«Аллах ар бир ургаачынын курсагындагыны жана анын канчалык кемип же өсүп жатканын билет. Анын алдында бүткүл нерсенин өлчөмү бар». (Раад сүрөөсү, 8-аят)
Тагыраак айтканда, Аллах таала ар бир аялдын боюнда көтөргөн түйүлдүктүн уул же кыз экенин билет, ал бактылуу же бактысыз болорун билет, аялдын күнү жетпей төрөрүн же боюнан түшүп каларын билет же тогуз айга толуп же андан өтүп төрөрүн билет. Бүткүл нерсенин ашыгы да, кеми да Аллахтын алдында өлчөнүп жазылган, ал андан ашып кетпейт». ("Уъюн аль-Ахбар", 2/730)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу