ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
⚠️ Кафирун сүрөөсүнүн видеосун жана сүрөтүн төмөнкү шилтемелерден көчүрүңүз:

Сүрөтү ▷ https://t.me/dubazikir/54
Видеосу ▷ https://t.me/dubazikir/53
🔴 ЖАТАРДАН АЛДЫН УШУЛ СҮРӨӨНҮ СӨЗСҮЗ ОКУП ЖАТ
 
Күндөрдүн биринде Фарват ибн Науфал, радыяллаху анху, Пайгамбарыбызга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага бир нерсе үйрөтүңүз, мен аны жатарда окуп жатайын» – деп сураганда, ал айтты: «Кул йаа айюхаль каафируун…» деген (сүрөнү) оку. Чындыгында ал (сага) ширктен коргоо болот». (Тирмизи, 3403)

ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
 
Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары бул дүйнөдө да, акыретте да аларга пайда бере турган маселерди дайыма андан сурашкан. Бул хадисте да сахабалардын бири Фарват ибн Науфал да пайгамбарыбызга ﷺ келип, анын акыретине пайда бере тургандай нерсени үйрөт деп сураганда, Пайгамбарыбыз ﷺ ага жатардан алдын «Каафируун» сүрөсүн окуп жат деп насаат кылды. Анткени ким жатардан алдын бул сүрөөнү окуп жатса, анда ал аны ширктен коргойт. Себеби бул сүрөдө мушриктер сыйынган жалган кудайларын ачык түрдө жокко чыгарган жана Аллахка гана сыйынуу парз экендиги тууралуу айтылган. Андыктан ким бул сүрөөнү жатканда окуй турган болсо, анда Аллах аны диндеги эң чоң күнөө болгон ширктен коргойт. 

═════════
⚠️ Кафирун сүрөөсүнүн видеосун жана сүрөтүн төмөнкү шилтемелерден көчүрүңүз:

Сүрөтү ▷ https://t.me/dubazikir/54
Видеосу ▷ https://t.me/dubazikir/53