ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 МУРДУ МЕНЕН ЖЕР СҮРСҮН!

Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен отурган кезде: «Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн!» – деп айтты. Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Пайгамбар ﷺ айтты:

– Кимдин ата-энеси карылык жашка жеткенде ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең жанында болуп, аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам. (Сахих Муслим)

Абу Дарда, радыяллаху анху айтты: Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-эне бейиш эшиктеринин эң жакшысы. Эгер сен бейишке кирүүнү кааласаң, ал эшикке сак бол. Болбосо ал эшиктен куру каласың». (Ибн Маажах)

 ═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
⚠️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Ким арам жолдо акча тапса, мисалы, уурдаса же пара алса же сүткорлук кылса же арак сатып акча тапса же ушуга окшогон күнөө жолдо иштеп акча тапса, кийин ошол акчасынан садака кылса же туугандарына жардам берсе же Аллах жолуна Анын ыраазылыгы үчүн деп бир бөлүгүн чыгарса же мечит курдурса, дегеле аны кандайдыр бир жакшылык жолго сарптаса, анда кыямат күнү Аллах анын бул кылган жакшылыгын жана садакасын кабыл кылбайт. Тескерисинче, аны ошол арам байлыгы менен кошо тозокко ыргытат. Анткени арам жолдо табылган акчаны адал жолго сарпташ менен Аллахтын ыраазылыгына жетүү мүмкүн эмес.

 ═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭЧ КИМДИ МИНТИП СӨКПӨ

Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Жабир, радыяллаху анху, пайгамбарыбызга ﷺ келип: «Мага осуят кылыңыз» – дегенде ал: «Эч кимди сөкпө» – деп осуят кылды. Мен ошондон кийин эркин адамды да, кул адамды да, жадагалса төөнү да, койду да сөккөн жокмун». | Абу Дауд, 4084

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Улуу табийин Саид ибн аль-Мусайиб айтты: 
«Эч качан досуңа «Эй, эшек… Эй, ит… Эй, чочко» деп айтпагын. Эгер ушинтип айтчу болсоң, кыяматта сага: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүң беле?!» – деп айтылат». | «Мусаннаф» Ибну Абу Шайба, 5/282

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ибрахим ан-Нахаи, рахимахуллах, айтты: 
«Эгер кайсы бир адам бирөөгө: «Эй, эшек! Эй, ит! Эй, чочко!» – десе, кыямат күнү Аллах ал адамга: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүңбү?!» – деп айтат. | «Мусаннаф» Ибн Абу Шайба, 5/283

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Имам Навави, рахимахуллах, айтты: 
«Адатта адамдар колдонгон жаман сөздөрдөн – кайсы бир адам бирөө менен урушуп кетсе, ага: «Эй, эшек! Эй, теке! Эй, ит» же башка ушуга окшогон сөздөрдү айтуусу. Бул эки тараптан алганда жаман сөз болуп эсептелет: биринчиси, жалган болгондугу үчүн, экинчиси, ыза келтиргендиги үчүн». | «Аль-Азкар», 365-бет

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 БАЛДАРЫҢ ЫЙМАНДУУ БОЛСУҢ ДЕСЕҢ, УШУЛ ДУБАНЫ ДАЙЫМ АЙТЫП ЖҮР

Бир адамдан: «Балдарыңыздын адептүү, такыба болушунун себеби эмнеде?» — деп сураганда ал мындай деген экен:

«Үйлөнгөнгө чейин жана балалуу болгонго чейин мына ушул дубаны дайым айтып жүрчүм:

«Робби ижъалнии мукыимас солаати уа мин зуррийяти, Роббанаа уа такоббаль дуъа'и».

{رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِن ذُرِّيَّتِي ۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ}

«Оо, Раббим! Мени жана менин урпагымды намазды толук окугандардан кыл. Оо, Раббибиз! Дубамды кабыл кыл».

═══════════════

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалардан:
«Гыйбат (ушак) деген эмне экендигин билесиңерби?» – деп сураганда алар: «Аллах жана Анын Элчиси билет» – деп айтышты. Ошондо ал айтты: «Гыйбат деген – бул бир адамга тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылганың». Арасынан бир адам: «А эгер менин айтканым ал адамда болсочу?» – деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда бар болсо, аны ушактаган болосуң. А эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, жалаа жапкан болосуң». (Сахих Муслим)

Имам ан-Навави айтты: «Гыйбат деген бул – адамдын денесине, динине, жашоосуна, жеке өзүнө, дене-боюна, мүнөзүнө, мал-мүлкүнө, ата-энесине, бала-чакасына, аялына, кызматчыларына, кийимине, кыймыл-аракетине, түнт же жайдары мүнөзүнө жана башка ага тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылуу. Гыйбат – сөз, белги же ишарат менен болот». (“аль-Азкар”)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ДИНГЕ БЕКЕМ БОЛУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА

▷ Анас, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ ушинтип көп айтат эле:
«Оо, жүрөктөрдү Өзгөртүүчү! Жүрөгүмдү диниңе бекем кыл (Йа, муколлибаль кулууб! Саббит кольби аълаа дииник)». 📕 Тирмизи, 3/171.

Пайгамбарыбыз ﷺ Аллахтын эң сүйүктүү пайгамбары болсо да Аллахтан динге жана акыйкат жолго бекем кылууну дайым сураган. Эгер пайгамбарыбыз ﷺ пайгамбар болуп туруп туура жолго бекем кылууну сурап жатса, анда биз үчүн ар бир көз ирмемде сураш милдет. Анткени адамдын жүрөгү өзгөрмө, жан-дили кубулма, ой пикири оомо, бирок аларды бекем кылган жалгыз Аллах. Ар бир адам баласынын жүрөгү Аллах тааланын гана колунда. Эгер Аллах кааласа, аны туура жолго салып коёт, кааласа аны адаштырып коёт. Андыктан ар бир адам ушул дубаны дайым айтып жүрүүсү зарыл. Анткени анын динге бекем болуусу – анын эки дүйнөдөгү бактылуулугунун негизи болуп эсептелет.

═══════════════

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ

Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
 
«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534)

Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан: 

– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар: 

– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти. 

Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты: 

– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз