ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ

Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)

Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ

Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:

– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун! 

▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот. 

▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот. 

▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот. 

▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат. 

▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат. 

▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын. 

▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун. 

▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун. 

 📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛАНЫ 2 ЖАШКА ЧЕЙИН ТАРБИЯЛООНУН 3 ЭТАБЫ

▷ t.me/risalatkg
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Жалпыңыздарды кирип келген ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аллах Таала бул куттуу айда ар бириңиздерге көптөгөн ибадаттарды жана жакшылыктарды кылууга ийгилик берсин, туткан орозоңуздарды кабыл кылсын жана акыретте орозо кармаган адамдар гана кире турган Ар-Раййан бейишине кирүүнү насип этсин. Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 РАМАЗАНДЫ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК
(Күнүмдүк режим)

❒ Таң атканга чейин

– Орозо кармоону жүрөктөн ниет кылыңыз.
– Түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө тахажуд намазын окуп, андан соң дуба кылып ой-тилектериңизди Аллахтан сураңыз, күнөөлөрүңүз үчүн тообо кылыңыз.
– Саарлыкта жакшылап тамактаныңыз жана көбүрөөк суу ичиңиз. 

❒ Күндүзү

– Беш маал намазды сүннөттөрү менен кошо өз убагында окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы.
– Куран окууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Маанисин терең түшүнүү үчүн Курандын түшүндүрмөсүн (тафсир) же котормосун окуңуз.
– Аллахты көп зикир кылыңыз. Айрыкча намаздан кийинки, таңкы жана кечки зикирлерди калтырбай айтыңыз. 
– Таравих намазга сергек туруу үчүн түштөн кийин 1 сааттай уктап алыңыз.
– Сүннөттө келген арабча дубаларды маанисин түшүнүү менен жаттаңыз жана дуба кылганда ошолорду айтыңыз. Ошондой эле пайгамбарыбызга салават айтууну эстен чыгарбаңыз.
– Күнөө иштерден болушунча алыс болууга аракет кылыңыз. 
– Ыйман тууралуу сабактарды угууга жана китептерди окууга аз болсо да убакыт бөлүңүз.

❒ Ооз ачарда

– Оозду так сандагы курма менен ачыңыз, курма жок болсо суу менен ачыңыз. Ашыкча тоюудан сак болуп, пайдалуу тамак-аштардан жеңиз.
– Туугандарга ооз ачырыңыз, бул туугандык мамилени бекемдөөгө себеп болот.
– Ооз ачардан алдын чын жүрөктөн дуба кылыңыз, Аллахтан күнөөлөр үчүн кечирим, Анын коргоосун, ырыскынын молдугун, дегеле эки дүйнөдөгү жакшылыктарды сураңыз.
– Ооз ачкандан кийин көбүрөөк суу ичиңиз.

❒ Кечинде

– 20 рекет таравих намаз окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы. Эгерде витир намазды мечитте окуй албай калсаңыз, анда үйгө келгенде сөзсүз окуңуз.
– Эрте жатууга аракет кылыңыз. Жатардан алдын даарат алыңыз, жатарда айтылуучу дубаларды сөзсүз окуңуз. Бул саарлыкка сергек ойгонууга жардам берет.

⚠️ Эсиңизде болсун, Аллахтын алдында чын ыкластан кылынган иштер гана кабыл кылынат. Ошондуктан ар бир ишти Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуу керек. Орозону арыктоо үчүн же башка дүйнөгө байланышкан максатта эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана тутуңуз. 

Ушул берекелүү жана куттуу Рамазан айында кылган ибадаттарыңызды Аллах кабыл кылсын, акыретте толук сыйлыктарга жеткирип, бейишке кирүүнү баарыбызга насип этсин.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🟢 БУЛ НЕРСЕЛЕР ОРОЗОНУ БУЗБАЙТ

1. Билбестен жеп-ичүү (эгер жеп же ичип жатканда орозо экенин эстесе, анда жеп-ичкенин дароо токтотуп, орозосун уланта берет). 

2. Кулакка дары тамчылатуу, сууга түшкөндө же жуунганда кулакка суунун кирүүсү. 

3. Көзгө дары тамызуу же линза тагуу.
 
4. Косметикалык заттарды колдонуу, макияж кылуу (крем, духи, дезодорант ж.б.) 

5. Жубайлардын бири-бирин өбүүсү же кучактоосу. Ошондой эле жаш баланы өбүү же кучактоо.

6. Жыныстык мүчөдөн суюктуктун (маний, сперма) ыктыярсыз чыгуусу, түшүркөө, жунуп болуу же орозо экенин билбестен аялы менен жыныстык мамиле кылуусу.

7. Мисвак же тиш пастасын колдонуу, эгер жутуп алуу коркунучу болбосо. 

8. Кан анализин тапшыруу, хижама кылдыруу ж.б. жолдор менен кан алдыруу.

9. Гусулу жок болгон абалда ооз жабуу.

10. Укол алуу (инъекция), кан куюу, гемодиализ аппараты менен кан тазалатуу же дары тамчылаткыч (капельница) аркылуу дары алуу.

11. Тиш дарылатуу же жулдуруу, эгер дары, суу, кан жутуп алуу коркунучу болбосо.

12. Хирургиялык же лапароскопиялык операцияларды жасатуу.

13. Кокустан же атайын кусуу, эгер ооз толо куспаган болсо. Ооз толо кусса ооз ачылат.

14. Кусундуну кокустан жутуп алуу же тамакка кетип калуусу.

15. Мурун жана ооз көңдөйү аркылуу чаң же түтүн жутуу.

16. Ооздогу шилекейди, тамактагы какырыкты, мурундагы чимкирикти жутуу.

17. Ваннага түшүү же жуунуу, бирок мурун же ооз аркылуу суу жутуудан сак болуу.

18. Гинекологго текшерилүү жана жыныстык кынга же көтөн чучукка (ануска) дары салуу (тампон, свеча ж.б.) 

19. Кислород түтүкчөсү аркылуу жасалма дем алдыруу.

20. Тамак жасаган адам жутпастан тамактын тузун көрүүсү, андан соң оозун таза чайкоосу керек.

21. Мурун канаса же дененин бир жери кесилип же тытылып кан чыкса.

22. Ымыркайга жутпастан тамак чайнап берүү.

═════════

📌 ОРОЗОНУ БУЗГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТӨМӨНКҮ БАРАКЧАДАН ОКУҢУЗ:

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 БУЛ НЕРСЕЛЕР ОРОЗОНУ БУЗАТ

1. Орозо экенин билип туруп атайын жеп-ичүү.

2. Орозо экенин билип туруп жыныстык мамиле кылуу.

4. Атайылап бел суюктугун (сперма) чыгаруу (мастурбация, онанизм, оргазм алуу ж.б.) 

5. Тиш пастанын же тиш чайкаган суюктуктун тамакка кирүүсү.

6. Аз болсо да тиштин арасында калган тамактын калдыгын жутуу.

7. Башка адамдын шилекейин жутуу (мисалы, жубайлар өбүшкөндө ж.б.) 

8. Мурунга дары тамчылатуу, спрей чачуу.

9. Дары ичүү.

10. Тамакка дары чачыратуу (ингалятор, спрей ж.б.) 

11. Тамеки тартуу же тамекинин түтүнүн атайын жыттоо.

12. Ашказанды текшертүү үчүн шланг жутуу (эндоскопия), анткени шлангга май же крем сүйкөлөт. 

13. Клизма кылдыруу. 

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ: Кайсы бир адам орозо экенин билип туруп жеп-ичсе же жыныстык мамиле кылса, анда ал күнөөсүн жууп кетириш үчүн Рамазандан кийин удаама-удаа 60 күн (каффарат) орозо тутуп берүүсү милдет болот. 

═════════

📌 ОРОЗОНУ БУЗГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТӨМӨНКҮ БАРАКЧАДАН ОКУҢУЗ:

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз