✿ Кээ бир эркектер бар, аялына келгенде шариятта мындай деп айтылган деп талап кылат, ал эми напсисине жаккан ишке келгенде шариятка карабайт, байкамаксан болуп калат. Мындай кылуу күнөө жана анын арты жакшылыкка алып барбайт. Бул эки жүздүүлүктүн түрлөрүнө кирет.
Андыктан эркек динди аялынан эле талап кылбастан, биринчи кезекте өзүнөн талап кылуусу зарыл. Анткени дин эркек үчүн да, аял үчүн да бирдей түшкөн. Эгерде үй-бүлөнүн пайдубалы динге гана курулган болсо, ал үй-бүлө бекем болот. Үй-бүлөнүн бакыты, ынтымагы жана бекемдиги динде. Бакытты динден башкадан издеген үй-бүлө акыры барып бузулат, пайдубалы бош үйдөй болуп урайт.
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech

🔴 БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ
Имам Шиблийдин бир досу айтат:
«Имам Шиблий бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:
– Аллах сага кандай мамиле кылды? – деп сурасам, ал айтты: «Ал мени Өз алдына тургузуп:
– Оо, Абу Бакр! Билесиңби, мен сени кайсы нерсең үчүн кечирдим? – деп сурады. Мен:
– Жакшы иш-аракеттерим үчүн чыгар,– десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
– Анда ыкластуулугум жана ибадаттарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
– Анда ажылыгым, орозом жана намаздарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, Мен сени ал үчүн кечирген жокмун,– деди.
– Анда такыба адамдардын жанына көчүп барганым үчүнбү? – десем:
– Жок,– деди.
– Анда илим алуу үчүн узак сапарга чыкканым үчүнбү? – дедим.
– Жок,– деди.
– Оо, Раббим! Бул иштердин баарысы адамды азаптан сактай турган иштер го! Мен булардын баарысын Сени кичирет деген үмүттө алымдын келишинче жанталашып аткаргам,– дедим.
– Мен сени булар үчүн кечирген жокмун,– деди.
– Оо, Аллах! Анда кайсы ишим үчүн кечирдиң? – деп сурасам, Ал айтты:
– Бир жолу сен Багдаддын көчөлөрүнүн биринде баратып кичинекей бир мышыкты көргөнүң эсиңдеби. Ал катуу сууктан улам өлөйүн деп бутун жерге коё албай дубалдан дубалга секирип жаткан болчу. Ошондо ага бооруң ооруп, аны сууктан коргош үчүн үстүңдө жамынган чепкениңе орогонсуң.
– Ооба, эстедим,– дедим.
– Сен ошол мышыкка бооруң ооруп мээрим төккөнүң үчүн Мен сага ырайым кылдым,– деди. ("Тарих", Ибн Асакир, 342)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════

❏ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)
Имам Ахмад жума намаз окулган мечитке карай жолдо баратып эле «Кахф» сүрөөсүн окуп койчу. («Аль-Мугни», 2/610)

🔴 ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР
❑ Гусул деген эмне?
Гусул деген – денени баштан-аяк таза суу менен жуу жана тазалануу.
❑ Гусул кантип алынат?
Ханафи мазхабы боюнча гусулдун 3 парзы бар: ооз-мурунду таза чайкоо жана дененин бир дагы жерин кургак калтырбастан толук жуу. Ушуларды аткарса, гусул алган болуп эсептелет.
❑ Сүннөткө ылайык толук гусул кандай алынат?
– Гусул алууну ниет кылуу;
– Колдорун үч жолу жуу;
– Сол колу менен жыныстык мүчөсүн жуу (истинжа);
– Намазга даарат алгандай даарат алуу;
– Башына суу куюп, чачтарынын арасына суу киргизип жуу;
– Сууну алгач денесинин оң жагына куят, андан кийин сол жагына куюп, денесин толук жууйт;
❑ Кайсы абалдарда гусул алуу парз болот?
Төмөнкү абалдарда гусул алуу парз:
– Аял-күйөөнүн ортосундагы жыныстык катнаштан кийин;
– Уктаган же ойгоо абалда эркектен жана аялдан уруктуктун чыгуусу, түшүркөө (поллюция);
– Уруктук (сперма) чыкпаса да, эркек менен аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн бири-бирине тийүүсү;
– Аялдын айызы бүткөндөн кийин;
– Төрөттөн кийинки нифас каны токтогондон кийин;
– Ислам динин кабыл алганда;
– Адам өлгөндө аны жуунтуу;
❑ Гусулсуз абалда кандай нерселерди кылууга болбойт?
Гусулсуз абалда төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:
– Намаз окуу. Парз болобу, нафил болобу, дегеле намаздын кандай түрү болбосун, гусулсуз окууга болбойт.
– Каабаны таваф кылуу, тагыраак айтканда Каабаны айланууга болбойт.
– Куран китебин кармоо. Анткени Куран китебин гусулдуу жана даараттуу адам гана кармаганга уруксат. Ханафи мазхабында Курандын тафсирин да гусулсуз кармоого болбойт деп айтылат.
– Куран окуу, китептен болобу, оозеки болобу, айырмасы жок, гусулсуз адамга Куран окуу тыйылган.
– Мечиттин ичинде олтуруу.
❑ Гусулсуз абалда кайсы нерселерди шариятта кылууга уруксат?
Гусулсуз абалда Куран угуу, ооз жабуу, зикир кылуу, дуба кылуу жана Курандан башка диний китептерди окууга уруксат.
❑ Кайсы учурларда гусул алуу сүннөт болуп эсептелет?
Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ажылыкка же умрага ниет кылып, ихрам кийимин киерде, Арафатта туруудан алдын жана өлүктү жуугандан кийин сүннөт болуп эсептелет. Ошондой эле ыйык жерлерге барардан мурун гусул алып чыгуу да мустахаб.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 САГА АРЗАНЧЫЛЫКТА ЫРЫСКЫ БЕРГЕН АЛЛАХ КЫМБАТЧЫЛЫКТА ДА ЫРЫСКЫ БЕРЕТ
⠀
Күндөрдүн биринде адамдар улуу аалым Саламат ибну Динарга келип: «Оо, Абу Хазим! Караңызчы, кымбатчылык болуп кетти го?» – деп айтышканда, ал: «Мунун эмнесине кабатыр болосуңар?! Бизге арзанчылыкта ырыскы берген Аллах кымбатчылыкта да ырыскы берет» – деп жооп берди. ("Хильятул Аулия", 3/239)
⠀
Бүткүл айып-кемчиликтерден аруу жана улук Аллах пенделерине ырыскы берүүнү Өз мойнуна алган. Жер бетинде кандай жандык болбосун, ага ырыскыны Аллах гана берет. Андыктан адам баласы үчүн ар бир ишинде Аллахка гана таянуу, Андан гана үмүт кылуу, ырыскысын Андан гана суроо милдет болуп эсептелет.
Кайсы гана адам болбосун, ырыскысына толук жетмейин дүйнөдөн өтпөйт, ага жазылган ырыскы кандай жол менен болсо да, акыры ага келет. Ажал аны кандай кууса, анын ырыскысы да аны кууп жүрөт. Ал бешенесине жазылган ырыскыга сөзсүз жетет. Эгер ал нааразы болуп кайгырса, анда бул анын Аллахка болгон ишениминин алсыздыгынан кабар берет.