ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЭРТЕ БАРУУНУН СООБУ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Жума күнү ар бир мечиттин эшигинде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине жараша жазып турат. Имам минбарга чыгып олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибн Хузайма)

➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 САНЫН КӨРСӨТКӨН ЭРКЕКТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ

Абдышүкүр ажы Нарматов
🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА!
 
Адамдарды шылдыңдоо, мыскылдоо, басмырлоо, келеке кылуу, сынтагуу сыяктуу сыпаттар – бул адамдын мойнундагы карыз сыяктуу. Аны бир күнү керт башың менен төлөөгө туура келет. Бүгүн бирөөнү шылдың кылсаң, эртең сени дагы бирөө шылдыңдайт. Бүгүн бирөөгө сынтаксаң, эртең ошол сынтакканың көп өтпөй өз башыңа келет. 

Абдуллах ибн Масууд айтты: 
«Кайсы бир итти шылдыңдап ошол иттин кейпине түшүп калуудан корком». («Аз-Зухд», 2/570)

Амр ибн Шурахбил айтат: 
«Кайсы бир эркектин кой саап жатканын сынтагып, өзүм да бир күнү кой саап калуудан корком». («Аль-Мухаласат», 3/243)

Ибн Сирин айтат:
«Бир адамды куру жалак калдың деп сынтагып коюп, акыры өзүм да куру жалак калдым». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 1/322)

Аалымдардын бири айтат:
«Тиштери түшүп калган бир адамды шылдыңдап коём деп өзүмдүм да тиштерим түшүп калды». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 5993)

Демек, кайсы бир адам башка бир адамды шылдыңдаса же ага сынтакса, анда ал айтканы бир күнү өз башына түшөт. 

Эгерде сага бирөөнүн күнөө кылганын айтып жамандаса, анда «Аллах аны да, бизди да кечирсин» деп айтуу менен чектел. Адамдардын артынан аңдыба, кемчилик издебе, айыбын ачпа! Андан көрө өз айып-кемчиликтериңди оңдо! Акыретте башкалардын айыбы үчүн эмес, өзүңдүн айыбың үчүн сураласың. Ошондуктан мусулман адам башка бир адамдан кемчилик көрсө, аны шылдыңдабасын, басмырлабасын, оболу ага насаатын айтып, өзүнө каалаган жакшылыкты ага да кааласын. Пайгамбарыбыз ﷺ бир хадисинде мындай деп айткан:

«Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Араңардан ким өзүнө каалаган жакшылыкты башка мусулман бир тууганына кааламайынча толук ыймандуу боло албайт». (Сахих аль-Бухари, 13)

Аль-Кирмани айтат:
«Өзүңө жаман көргөн нерсени мусулман бир тууганыңа да жаман көргөнүң – ыймандан болуп эсептелет». («Заад аль-Муслим», 5/338)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Бардык күнөөлөр үч нерседен пайда болот:

▷ Текеберленүүдөн, анткени текеберлик Иблисти Аллахтын каргышына алып келди.

▷ Напси каалоодон, анткени напси каалоону ээрчүү Адам атаны бейиштен чыгарды.

▷ Көрө албастыктан, анткени көрө албастык Адам атанын баласы өзүнүн бир тууганын өлтүрүүсүнө себеп болду.

Кимде-ким мына ушул үч нерсенин жамандыгынан сактанган болсо, анда ал бүткүл жамандыктардан кутулат.

— Каапырлык текеберликтен пайда болот.

— Күнөөлөр напсинин каалоосунан пайда болот.

— Зулумдук кылуу жана чектен чыгуу көрө албастыктан пайда болот.

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛДАРЫҢ КҮЧТҮҮ ИНСАН БОЛСУН ДЕСЕҢ, УШУЛ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛ БУР

▷ t.me/risalatkg
🎞 КӨЗ ТИЙҮҮДӨН, СЫЙКЫРДАН ЖАНА ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН КОРГОНУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
​​🔴 КӨЗ ТИЙҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ТӨРТ НЕРСЕ
 
1) КӨЗ ТИЙҮҮ ЧЫНДЫК

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим 5665)

Ал эми башка хадисте айткан: «Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами 4144)

Хадистеги «адамды кабырга киргизет» дегендин мааниси – эгер кайсы бир адамга катуу көз тийген болсо, анда ал адам ошол замат жан бериши ыктымал же кырсыкка кабылышы ыктымал же ал себептүү ооруга чалдыгып, ошол оору акыры аны өлтүрүп, кабырга киргизиши ыктымал. Ошол сыяктуу эле малга да көз тие турган болсо, ал мал сыягынан чыгып, ээси аны союп, казанга түшүшү ыктымал. Көз тийүү – бул бар нерсе. Бул туурасында көптөгөн хадистерде келген.


2) КӨЗ ТИЙҮҮ АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН ГАНА БОЛОТ

Көз тийүү чындык экенин билдик. Бирок көз тийүү Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен гана болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Көз тийүү – бул акыйкат нерсе. Эгерде тагдырды озуп кете тургандай нерсе бар болгон болсо, анда аны көз тийүү озуп кетмек». (Сахих Муслим 5666)
Мунун мааниси, адамга көз тийиши ыктымал, эгерде көз тийүү аны тагдырында жазылган болсо. Себеби адамдын жашоосундагы ар бир нерсе Аллахтын жазган тагдырына ылайык келген жолдо гана болот.


3) ДУБА КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН КОРГОЙТ

Адам өзүн жана үй-бүлөсүн көз тийүүдөн дуба кылуу менен коргой алат. Аллахтан дайым жакшылыктарды тилеп, жамандыктардан коргоо сурап дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Чындыгында дуба – адамдын башына түшкөн жана түшө элек бүткүл нерселерге пайдасын келтирет. Оо, Аллахтын пенделери! Ошондуктан дайым дуба кылгыла!» (Сахих ат-Таргыиб, 1634)


4) ЗИКИР КЫЛУУ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ

Адам шариятта келген жалпы зикирлерди айтуу менен өзүн көз тийүүдөн коргой алат. Айрыкча эртең мененки жана кечки зикирлерди калтырбай айтып жүрүүсү зарыл.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
‼️ Бүгүн жума намазга барууну унутпаңыз.

➤➤ https://t.me/tilmech