ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 ТАМАШАЛАП ТАЛАК БЕРҮҮДӨН САК БОЛ!

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Үч нерседе чыны да, тамашасы да бирдей: никелешүүдө, талак берүүдө жана (толук ажырашпастан) кайрадан жарашууда». (Тирмизи)

Абу Дарда, радыяллаху анху, риваят кылган хадис Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким тамашалап талак берсе же кулду азат кылса, анда анын айтканындай болот». (Сахих аль-Жаами)
 
Бул туурасында аалымдар китептеринде мындай деп айтышкан.

▷ «Акыл-эси жайында жана балагатка жеткен адам “талак” деп ачык айтса, анда жалпы аалымдардын ою боюнча анын айткан сөзү ишке ашат жана “мен жөн эле айткам же тамашалагам же болбосо талак ниетинде айткан эмесмин” дегени эч пайда бербейт». (“Муъаллим ас-Сунан”)

▷ «Эгерде акыл-эси жайында жана балагатка жеткен адам тамашалап талак берсе же никелешсе же толук ажырашпастан аялын кайтырып алса, анда тамаша айтканын аткарууга милдеттүү болот. Мунун мааниси тамашалаган адамдын сөзү эсепке алынат. Ал эми уктап жаткан же унутуп койгон же акылы кеткен же мажбурланган адамдын сөзү эсепке алынбайт». (“Заад аль-Маъад”)
 
▷ «Талак сөзүн тамашалап айтса да, чындап айтса да талак түшөт. Бул экөөнүн ортосундагы айырма – чындап айтканы талак сөзүн да, өзүн да максат кылат. Ал эми тамашалап айтканы талактын өзүн максат кылбастан сөзүн эле максат кылат». (“Аль-Мумтиъ”)

Мындан тышкары аалымдар талак сөзү тамаша түрүндө айтылса да талак түшөт деп өкүм чыгарышкан. Бул туурасында Имам ибн Мунзир айтты: 
«Чындап жана тамаша түрүндө айтылган талактын өкүмү бирдей экендиги туурасында аалымдардын арасында талаш жок». (“Аль-Иджмаъ”)
 
Эгерде кимдир бирөө талак тууралуу таптакыр билбестен туруп ушундай кылса, анда ага кечиримдүү болот. Анткени Ислам дининде билбестиктен кылуу кечиримдүү себептерден болуп саналат.
 
Азыркы учурда мусулмандардын арасында ойноп талак бергендер күндөн-күнгө көбөйүүдө. Кээ бири үч же андан көп талак бергенине карабастан, аялы менен жашап зына кылып жүргөнүн көңүлгө албагандары да жок эмес.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ҮЙЛӨНҮҮ КҮНӨӨДӨН САКТАЙТ

Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)

📌 ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды, өзгөчө жаштарды үйлөнүүгө үндөгөн. Эгер кимдин үйлөнүүгө шарты болсо, мисалы, үй-бүлө багууга мүмкүнчүлүгү болсо жана жоопкерчиликти көтөрө ала турган даражага жетсе, анда ал сөзсүз түрдө үйлөнүшү керек. Анткени үйлөнүү көздү арам нерселерден, денени зынадан сактайт. Ал эми үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ орозо тутууну сунуштаган. Анткени орозо денедеги кумар каалоонун күчүн басаңдатып, адамды күнөө иштерден алыс кармайт.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
✔️ Ойлонуу — оорунун жарымы. Оору денени талкалаган сыяктуу, түпсүз ойлор адамдын жашоосун талкалайт. Шайтан адамдын жүрөгүнө анын ойлору аркылуу кирет, ар кандай азгырык ойлорду жаратып, акыры адамдын ички дүйнөсүн бузат.

➤➤ https://t.me/tilmech