🔴 ҮЙЛӨНҮҮ КҮНӨӨДӨН САКТАЙТ
Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)
📌 ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды, өзгөчө жаштарды үйлөнүүгө үндөгөн. Эгер кимдин үйлөнүүгө шарты болсо, мисалы, үй-бүлө багууга мүмкүнчүлүгү болсо жана жоопкерчиликти көтөрө ала турган даражага жетсе, анда ал сөзсүз түрдө үйлөнүшү керек. Анткени үйлөнүү көздү арам нерселерден, денени зынадан сактайт. Ал эми үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ орозо тутууну сунуштаган. Анткени орозо денедеги кумар каалоонун күчүн басаңдатып, адамды күнөө иштерден алыс кармайт.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

✔️ Ойлонуу — оорунун жарымы. Оору денени талкалаган сыяктуу, түпсүз ойлор адамдын жашоосун талкалайт. Шайтан адамдын жүрөгүнө анын ойлору аркылуу кирет, ар кандай азгырык ойлорду жаратып, акыры адамдын ички дүйнөсүн бузат.
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КУРАН КИТЕБИ ОКУЛГАН ҮЙГӨ ЖИН-ШАЙТАНДАР ЖОЛОБОЙТ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантпагыла! Чындыгында шайтан бакара сүрөсү окулган үйдөн качат». (Сахих Муслим)
▪️ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Куран китеби дайым окулган үйдө көптөгөн жакшылыктар жана береке болот. Куран – бул адам менен Аллахтын ортосун байланыштырып турган аркан сымал жана аны окуган адамдын жүрөгүндө бейпилдик орнойт, ал жашаган үйдөн жин-шайтандар качышат, айрыкча ал үйдө бакара сүрөөсү дайым окулуп турган болсо.
Бул хадисте Пайгамбарыбыз «үйлөрүңөрдү мүрзөгө айландырбагыла» деп айтты. Анткени мүрзөдө Аллахты эстеген, ибадат кылган, Куран окуган эч бир тирүү жан жок. Ошол сыяктуу эле кайсы бир үйдө Куран китеби окулбаган болсо, анда ал үй дагы мүрзө сыяктуу болуп калат. Ал үйдө тирүү адамдар жашаса да алардын жүрөктөрү өлгөн. Андай үйлөрдү жин-шайтандар уялайт. Эгерде үйдү жин-шайтандар уялаган болсо, анда ал үйдөн ыйман, ынтымак, жакшылык, береке кетет.
▪️ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР
– Бакара сүрөсүнүн артыкчылыгы.
– Үйдө Куран китебин окууга жана көп зикир кылууга үндөө.
– Куран оку, зикир кылуу адамдын жүрөгүн тирилтет, ал үйгө жакшылыктарды алып келет.
– Куран окулган үйдөн жин-шайтандар качат.