ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
📌 Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
📌 Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ борбаш чымчыкты, баканы, кумурсканы жана сасык үпүптү өлтүрүүнү тыйган». (Ибну Маажах, 211)

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ!
Жогоруда айтылган жаныбарларды зыян берген учурда өлтүрүүгө уруксат. Мисалы, кумурска үйдөгү тамак-ашты каптап кетсе, же үйдүн ар жерин тешкилеп адамга зыян келтирип жатса, анда курт-кумурскаларды жок кылуучу химиялык каражаттарды колдонуп өлтүрсө болот. Зыян берген учурда гана өлтүрүүгө уруксат, себепсиз өлтүрүүгө болбойт.

➤➤ https://t.me/tilmech
ТИЛМЕЧ
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР 

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибн Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)

Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)

Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.

═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
❏ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
 
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)

Имам Ахмад жума намаз окулган мечитке карай жолдо баратып эле «Кахф» сүрөөсүн окуп койчу. («Аль-Мугни», 2/610)

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ

Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:

– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун!

▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот.

▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот.

▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот.

▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат.

▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат.

▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын.

▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун.

▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун.

📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech