ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
📖 Сабит аль-Банани айтат:

«Бир жерде бир бала атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмне кылганың?»,— деп чуулдап калышты. Ошондо  баланын атасы адамдарга мындай деп айтты:

— Муну жөн койгула! Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем. Мына эми өз башыма түштү, өзүмдөн чыккан балам мени дал ошол жерде сабап жатат.

📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 КУРАНДЫ ОКУГАНДА ОН НЕРСЕНИ ЭСКЕ АЛ
 
❐ Куран китепти ачардан алдын оболу жүрөгүңдү ач. Билесиңби, Куранды ачкан адамга бактылуулуктун, берекенин, ырыскынын жана көптөгөн жакшылыктардын эшиктери ачылат.

❐ Ар бир аятты окуганда мага карата айтылып жатат дегендей сезимде оку. 

❐ Ар бир аяттын маанисине терең ой жүгүрт.

❐ Куран окуганда Аллахтын ыраазылыгын гана максат кыл. Ал мени кабыр азабынан коргойт, кыяматта тозок азабынан сактайт, мага шапаат кылат жана бейиштеги даражамды көтөрөт деген ойлорду эсиңе сал.

❐ Куран окугуң келбей жалкоолонуп жатсаң, анда ушуну эсте, Курандын бир бетин окусаң болжолу 5000 сооп, бир пара окусаң 100 000 сооп, толук окуп бүтсөң болжолу 3 миллион сооп аласың.

❐ Окуп жатканда терең ойлорду жараткан, жүрөгүңө катуу таасир эткен аяттарды улам-улам кайталап оку.

❐ Куран окуганда шашылба, ар бир тамганы, ар бир сөздү эрежеси менен кыраатка салып оку.

❐ Эки дүйнө жакшылыктары тууралуу аяттар келгенде Аллахтан жакшылык сурап дуба кыл, ал эми азап тууралуу аяттар келгенде Аллахтан коргоо сурап дуба кыл.

❐ Куранды терең түшүнүү үчүн тафсир китептерин же котормосун кошумча оку.

❐ Куранды окуп бүткөндөн кийин ошол айтылгандарды турмушта иш жүзүндө аткарууга аракет кыл. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
❏ СУРОО:
  
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
 
❏ ЖООП:
  
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
  
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)

Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот. 

Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот. Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.

═══════════════
 
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
▷ Аль-Асмаи айтат:

«Бир жолу чөлгө барып калдым. Ошондо ушунчалык бир сулуу аялды көрдүм. Бирок анын күйөөсү өтө түрү суук адам экен. Анан мен ал аялдан:

– Ушундай адамдын алдында болууга кантип ыраазы болуп жүрөсүң? – деп сурасам, ал мага карап:

– Эй, сен укчу! Балким ал Аллах менен болгон мамилесинде такыбалык кылганы үчүн мени ага сыйлык катары бергендир. А балким мен Аллах менен болгон мамилемде кемчиликтерди кетиргеним үчүн аны мага жаза катары бергендир. Аллах мага Өзү каалап бергенине кантип нааразы болоюн?! – деп жооп бергенде мен эч нерсе дей албай туруп калдым». 📚 "Ихья улуму ддин"

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Адам Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Ал ага күтпөгөндөй сыйлыктарды берет. Адамдар сенин сырткы сулуулугуңа карап мамиле кылса, Аллах сенин ички сулуулугуңа карап мамиле кылат. Аллах эч качан адамдын сулуулугуна жана байлыгына карабайт, Ал адамдын жүрөгүнө, ниетине жана иш-аракеттерине карайт жана ошого жараша сыйлыгын же жазасын берет.

═════════
➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Жогорудагы дуба – мусулман үчүн эң зарыл дубалардын бири. Ар бир мусулман билүүгө жана аны дайым айтып жүрүүгө тийиш.

Бул дубаны каалаган убакта айтса болот. Дайым айтып жүргөн адам көз тийүүдөн, курт-кумурскалардын жана жин-шайтандардын зыянынан коргоодо болот. Адам бул дубаны жеке эле өзүнө айтпастан, өзүнүн бала-чакасына да айткан болсо, алар да ушул нерселерден коргоодо болот.

➤➤ https://t.me/tilmech