🔴 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АЛТЫ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
1. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамдын таманынын астынан асманды көздөй жаркыраган нур чыгып, кыямат күнү ага нур болот. (Сахих ат-Таргыиб)
2. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам менен Каабанын ортосунда нур пайда болот. (Дарими)
3. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам үчүн эки жуманын ортосунда нур болот. (Хаким)
4. Кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттаган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот. (Сахих Муслим)
5. Кахф сүрөөсүнүн акыркы он аятын окуган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот жана ал ага зыян келтире албайт. (Ибну Хиббан)
6. Кахф сүрөөсүн окуган адамга бейпилдик, тынчтык түшөт. (Сахих Бухари)
📲 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АРАБЧАСЫН, ТРАНСКРИПЦИЯСЫН ЖАНА АУДИОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
Аудиосу:
➤ https://t.me/tilmech/221
Арабчасы жана транскрипциясы:
➤ https://t.me/tilmech/222
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
⚠️ Кафирун сүрөөсүнүн видеосун жана сүрөтүн төмөнкү шилтемелерден көчүрүңүз:
Сүрөтү ▷ https://t.me/dubazikir/54
Видеосу ▷ https://t.me/dubazikir/53
Сүрөтү ▷ https://t.me/dubazikir/54
Видеосу ▷ https://t.me/dubazikir/53
Forwarded from Дубалар жана зикирлер
🔴 ЖАТАРДАН АЛДЫН УШУЛ СҮРӨӨНҮ СӨЗСҮЗ ОКУП ЖАТ
Күндөрдүн биринде Фарват ибн Науфал, радыяллаху анху, Пайгамбарыбызга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага бир нерсе үйрөтүңүз, мен аны жатарда окуп жатайын» – деп сураганда, ал айтты: «Кул йаа айюхаль каафируун…» деген (сүрөнү) оку. Чындыгында ал (сага) ширктен коргоо болот». (Тирмизи, 3403)
ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары бул дүйнөдө да, акыретте да аларга пайда бере турган маселерди дайыма андан сурашкан. Бул хадисте да сахабалардын бири Фарват ибн Науфал да пайгамбарыбызга ﷺ келип, анын акыретине пайда бере тургандай нерсени үйрөт деп сураганда, Пайгамбарыбыз ﷺ ага жатардан алдын «Каафируун» сүрөөсүн окуп жат деп насаат кылды. Анткени ким жатардан алдын бул сүрөөнү окуп жатса, анда ал аны ширктен коргойт. Себеби бул сүрөдө мушриктер сыйынган жалган кудайларын ачык түрдө жокко чыгарган жана Аллахка гана сыйынуу парз экендиги тууралуу айтылган. Андыктан ким бул сүрөөнү жатканда окуй турган болсо, анда Аллах аны диндеги эң чоң күнөө болгон ширктен коргойт.

Telegram
Дубалар жана зикирлер
⚠️ Кафирун сүрөөсүн жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ӨЗҮ НАМАЗ ОКУЙТ, БИРОК АЯЛЫ АЧЫК КИЙИНИП ЖҮРӨТ (ЭРКЕКТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ)
Абдыгапар ажы Сманов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Абдыгапар ажы Сманов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖЕР ТИТИРӨӨ КҮНӨӨНҮН ЖАНА БУЗУКУЛУКТУН ЖАЙЫЛЫШЫНАН БОЛОТ
◉ Күндөрдүн биринде Анас ибну Малик, радыяллаху анху, бир киши менен бирге Аиша энеге келет. Ошондо ал киши: «Оо, момундардын энеси! Жер титирөө жөнүндө айтып бериңизчи?» – деп сурады. Ал айтты:
«Адамдар зынаны адал деп эсептегенде, мас кылуучу ичимдиктерди ичкенде жана музыкалык аспаптарда ойноп баштаганда, Улуу жана Кудуреттүү Аллах асмандан каарданат жана жерге: «Аларды титиреткин» – деп айтат. Эгер алар тообо кылбаса жана токтотпосо, анда (жерди) алардын үстүнө уратат». Ал кайрадан: «Оо, момундардын энеси, бул алардын жазасыбы?» – деп сураганда, ал мындай деп жооп берди: «Албетте, бул ыймандуулар үчүн ибарат жана ырайым, ал эми каапырлар үчүн башкаларга сабак болуучу азап, жаза жана каарга калуу». (Ибну Абу ад-Дунья, 4/443)
◉ Ибну Абу ад-Дунья риваят кылат: «Пайгамбарыбыздын ﷺ заманында жер титирейт. Ошондо ал колун жерге коюп: «Тынчтан, сенин убактын али келе элек» – деп, сахабаларына карап мындай деди: «Чындыгында Раббиңер силерден тообо кылууңарды талап кылат, андыктан тообо кылгыла».
Умар ибну аль-Хаттабдын доорунда да жер титирөө болот. Ошондо ал: «Оо, адамдар, бул жер титирөө силердин кылган ишиңерден гана болду. Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, эгер дагы кайталанса, мен бул жерде силер менен эч качан калбайм» – деп айтты.
◉ Ибну Абу ад-Дунья башка бир риваятта айтат: «Умардын доорунда жер титирейт. Ошондо ал колу менен жерди уруп мындай деди: «Сага эмне болду? Сага эмне болду? Эгерде кыямат болгондо ал бүт баарын айтып бермек. Аллахтын элчисинин ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Кыямат болгондо жердин ар бир чыканактай жери, ар бир карыштай жери сүйлөйт».
◉ Кааб, радыяллаху анху, айтты: «Жер бетинде күнөө иштер кылынса, ал титирейт. Ал Улуу жана Кудуреттүү Аллахтан коркконунан титирейт, Ал ага назар салсын деп».
◉ Халиф Умар ибну Абдулазиз шаарларга мындай деген мазмунда кат жолдойт:
«Андан соң: Аллах бул силкинүүлөр аркылуу пенделерине эскертүү берет. Мен шаарларга кат жөнөттүм, баланча айдын баланча күнүндө алар сыртка чыгышсын жана кимдин колунда эмне бар болсо, ошону садака кылсын. Аллах талаа айтты: «(Күнөөдөн) тазаланган, Раббисинин аты эстеген, намаз окуган адам ийгиликке жетти». (Аълаа сүрөөсү, 14-15-аяттар)
Адам ата айткандай айткыла: «Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эгер Сен бизди кечирбесең жана бизге ырайым кылбасаң, биз зыян тарткандардан болобуз». (Аараф сүрөөсү, 23-аят)
Нух пайгамбар айткандай айткыла: «Эгер мени кечирбесең жана ырайым кылбасаң, анда мен зыян тарткандардан болом». (Худ сүрөөсү, 47-аят)
Юнус пайгамбар айткандай айткыла: «Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң. Чындыгында мен залымдардан болдум». (Анбия сүрөөсү, 87-аят)
Демек, жогорудагы хадистердин негизинде жер бетинде болуп жаткан табият кырсыктарына бузукулуктун жана күнөөлөрдүн жайылышы да себеп болот. Табият кырсыктары болгон кезде мусулман адам Аллахка кайтып, күнөөлөрү үчүн тообо кылуусу керек. Кыйынчылыктардан кутулуунун бир гана жолу – Аллахка кайтуу, башка эч кандай жолу жок. Ошондой эле кырсыкка кабылган мусулмандарга колунан келген жардамын көрсөтүүсү керек, эгерде жардам берүүгө шарты болбосо, анда дуба кылуусу зарыл.
🔹 Кыйынчылыкта айтылуучу дубаны төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/tilmech/96
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

ТИЛМЕЧ
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 КӨЗ ЗЫНАСЫНА КАБЫЛГАН КЫЗДАР
Абдыгапар ажы Сманов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Абдыгапар ажы Сманов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 МЫНДАЙ СӨЗ ДЕҢИЗДИН СУУСУН ДА БУЗУП ЖИБЕРМЕК
Аллах таала Куранда мындай деп айтты:
«Оо, ыйман келтиргендер! Силерден бир адамдар экинчи адамдарды шылдыңдабасын, балким алар тигилерден жакшыраактыр. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын, балким алар тигилерден жакшыраактыр. Бири-бириңердин айыбыңарды ачпагыла жана бири-бириңерге жаман ат такпагыла. Ыйман келтиргенден кийин бузуку атка конуу кандай жаман! Кимде-ким тообо кылбаса, мына ошолор залымдар». (Хужурат сүрөөсү, 11-аят)
Айша энебиз айтат: «Бир жолу пайгамбарга ﷺ: «Сизге Сафиянын жанагындай болгону деле жетишет (башкача айтканда анын бою кичине)» – дедим. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Сен ушундай сөздү айттың, эгерде ал деңиздин суусуна аралашса, анда деңиздин суусун да бузуп жибермек». (Тирмизи)
Чындыгында мусулмандарды чындап болобу, тамаша түрүндө болобу кемсинтип, шылдыңдап маскаралоого тыюу салынган. Мындай кылуу душмандыкка, көрө албастыкка жана мусулмандардын бөлүнүп-жарылуусуна алып келет. Мына ошол себептен Ислам дининде ушуга окшогон терс көрүнүштөргө кескин тыюу салынган.
Халид ибну Сафван айтты: «Мындай сөз бар «Ар бир нерсенин башталашы бар, душмандыктын башталышы – тамаша кылуу». (“Аль-Амсаль”)

🔴 ЖУМА НАМАЗЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Салман, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Жума күнү жуунуп, колунан келишинче тазаланып, чачын тарап, үйүндөгү атырынан себинип, (мечитте бир сапта олтурган) эки адамдын ортосун бөлбөй, каалашынча намаз окуп, кийин имам сүйлөп баштаганда анын сөзүн кунт коюп уккан адамдын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет». (Бухари)
Насаинин риваятында:
«Кайсы адам болбосун, жума күнү буйрулгандай тазаланып, кийин үйүнөн чыгып жумага келсе жана намаз окулганга чейин кунт коюп (хутба) укса, анда анын мурунку жумадагы күнөөлөрү кечирилет» – деп келет.
Табарани Насаинин бул риваятындай риваятты айтып, аягында бул кошумчасы менен риваят кылат:
«Анын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет, эгер чоң күнөөлөрдөн алыс болгон болсо. А бул жыл бою ушундай уланып турат».

🔴 БАКАНЫ ДАРЫЛЫК МАКСАТТА ӨЛТҮРСӨ БОЛОБУ?
Шариятта баканы өлтүрүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бир нече хадистер айтылган. Аалымдар ошол далилдердин негизинде баканы өлтүрүү арам деп өкүм кылышкан.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ борбаш чымчыкты, баканы, кумурсканы жана сасык үпүптү өлтүрүүнү тыйган». (Ибну Маажах, 211)
Ал эми Абдуррахман ибн Усман ат-Тайми айтты:
«Бир дарыгер Аллахтын элчисинен ﷺ баканы дарылык максатта колдонсо болобу деп сураганда, ал аны өлтүрүүдөн тыйган». (Абу Дауд, 5269)
Имам Байхаки айтты: «Бул хадис баканы өлтүрүүгө тыюу салган далилдердин эң күчтүүсү». («Субул ас-Салам», 2/515)
Ал эми баканы өлтүрүүгө тыюу салынышынын сыры тууралуу Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анху, мындай деп айткан:
«Курбакаларды өлтүрбөгүлө, анткени алардын чардаганы – тасбих (Аллахты аруулоо). Ошондой эле жарганатты да өлтүрбөгүлө, анткени Байтуль-Макдис (Акса мечити) талкаланганда, ал айткан: «Оо, Раббим! Мага деңиздин үстүнөн бийлик бер, мен аларды чөктүрөйүн». («Ас-Сунан аль-Кубро», Байхаки, 9/318)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Аалымдар баканы өлтүрүү, жеш жана аны дарылык максатта пайдалуу арам экендигине жогорудагы эки хадисти далил кылышкан. Эгерде аны жегенге уруксат болгондо, анда Пайгамбарыбыз ﷺ аны өлтүрүүдөн тыймак эмес.