ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Силерден ким бут кийимин кие турган болсо, оң бутунан баштасын, эгер чече турган болсо, сол бутунан баштасын. Ошондой эле экөөсүн бирдей кийип жүрсүн же экөөсүн бирдей чечип жүрсүн». | Сахих Муслим 2097
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бут кийим кийүүнүн адеби туурасында айтты. Тагыраак айтканда, ким бут кийим кие турган болсо, анда оң бутунан баштоосу керек. Ал эми чечкенде, сол бутунан баштап чечет. Ошондой эле бут кийим кийгенде эки бутуна тең кийиш керек же экөөсүн тең чечиш керек. Бир бутуна гана бут кийим кийип басуу шайтандын басыгы болуп эсептелет. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айткан:

«Аллахтын Элчиси ﷺ бир бут кийим менен жүрүүдөн тыйган жана «шайтан бут кийимин бир (бутуна эле) кийип жүрөт» – деп айткан». | Ат-Тахави, «Мушкил аль-Аасар», 2/142
 
Анткени бир бут кийим менен жүрүү адамдын кадыр-баркына шек келтирет, чалынып кетиши мүмкүн же сырттан караган адамга сылтып баскандай көрүнүшү мүмкүн. Ошондой эле адам башкалардын көңүлүн өзүнө буруш максатта кылуусу да мүмкүн. Шариятта мындай кылуу тыйылган.

✔ БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ:
 
1)  Оң буттан баштап кийүү.
2)  Сол буттан чечүү.
3)  Бут кийимди отуруп кийүү.
4)  Бут кийимди эки бутуна кийүү же экөөсүнөн тең чечүү.
 
⚠️ Кимде-ким бут кийим кийгенде ушул сүннөттөрдү аткарса, анда ал адамга СООП жазылат. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ЖАСАЛМА КИРПИК КОЙСО БОЛОБУ?

Максат ажы Токтомушев

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
📌 ЖУМА НАМАЗЫ КИЧИНЕ КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Эгерде чоң күнөөлөр кылынбаса, анда беш убак намаз – намаздардын арасындагы күнөөлөрдү, жума намазы — жума намазына чейинки күнөөлөрдү жана рамазан — рамазанга чейинки күнөөлөрдү жок кылат». (Муслим)

Абу Малик ал-Ашари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Жума намазы кийинки жума намазына чейинки күнөөлөрдү жана дагы үч күндүк күнөөлөрдү жок кылат. Анткени Аллах таала айтты: «Кимде-ким бир сооп менен келсе, анда ал он эсеге көбөйтүп берилет».* (Табарани)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН АДЕПТЕРИ

1. БУТ КИЙИМ КИЙГЕНДЕ ОҢ БУТТАН БАШТАП КИЙҮҮ

Айша, радыяллаху анха, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ даарат алганда, чачын тараганда жана бут кийимин кийгенде оң жактан баштаганды жакшы көрчү». (Сахих Бухари)

2. БУТ КИЙИМ ЧЕЧКЕНДЕ СОЛ БУТТАН БАШТАП ЧЕЧҮҮ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийимин кийгенде оң бутунан баштасын, ал эми чечкенде сол бутунан баштасын. Оң бут кийим биринчи кийилип, акыркы чечилсин». (Сахих Бухари)

3. БУТ КИЙИМДИ ОТУРУП КИЙҮҮ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ бут кийимди туруп кийүүдөн тыйган». (Ибн Маажах)

4. БУТ КИЙИМДИН БИР ЭЛЕ ТҮГӨЙҮН КИЙИП ЖҮРБӨӨ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийиминин бир түгөйүн кийип баспасын. Эки түгөйүн тең чечип жүрсүн, же эки түгөйүн тең кийип жүрсүн». (Сахих Бухари)

Жабир, радияллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бириңердин бут кийиминин боосу үзүлүп калса, же бир бут кийиминин боосу үзүлүп калса, анда боосун оңдомойунча жалгыз бут кийими менен жүрбөсүн жана жалгыз маасысы менен да жүрбөсүн». (Сахих Муслим)

5. КЭЭДЕ ЖЫЛАҢАЯК БАСУУ СҮННӨТ

Абдуллах ибн Бурайда риваят кылган хадисте пайгамбарыбыздын ﷺ сахабаларынын бири Мисирде башчы болуп турган Фудала ибн Убайдка барып: «Менин келгенимдин себеби пайгамбарыбыздын ﷺ бир хадисин уктум, ошол хадис жөнүндө сени билеби деген үмүттө сага келдим» – деп айтат да ага карап: «Сен башчы болуп туруп эмнеге чачтарыңды жакшылап (майлап) тарап албадың?» – деп сураганда тиги Фудала ибн Убайд: «Пайгамбарыбыз куунак жашоодон тыйган» – деп жооп берет. Кийин бут кийими жок жүргөнүн көрүп калып: «Эмнеге бут кийимиңди кийбей жүрөсүң? » – деп сураганда: «Пайгамбарыбыз ﷺ кээде бут кийимди чечип жалаңаяк жүрүштү буйруган» – деп жооп берет. (Абу Дауд)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ҮЙЛӨНӨ ТУРГАН ЭРКЕКТЕРДИ КЫЙНАБАГЫЛА

▷ @risalatkg
🎞 БУЛ ДУБАНЫ АР НАМАЗДА ОКУ

📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔵 БУЛ ДУБАНЫ АР НАМАЗДА СӨЗСҮЗ ОКУ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силерден кимдир бирөө ташаххудду (аттахият) окуса, Аллахтан төрт нерседен коргоо сурасын: «Оо, Аллах, мен Сенден тозок азабынан, кабыр азабынан, жашоонун жана өлүмдүн сыноолорунан, Масих Дажжалдын азгырыгынын жамандыгынан коргоо сурайм». (Сахих Муслим, 588)

اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِن عَذَابِ جَهَنَّمَ، وَمِنْ عَذَابِ القَبْرِ، وَمِنْ فِتْنَةِ المَحْيَا وَالْمَمَاتِ، وَمِنْ شَرِّ فِتْنَةِ المَسِيحِ الدَّجَّالِ.

Аллахумма инни аъуузу бика мин аъзааби жаханнам, уа мин аъзаабиль-кобр, уа мин фитнатиль-махьйаа уаль-мамаат, уа мин шарри фитнатиль-масиихид-даджааль.

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Пайгамбарыбыз ﷺ сахабаларына жана үммөтүнө аларды жакшылыкка жеткирген жана жамандыктардан коргогон дубаларды үйрөтүүгө ашыккан. Бул дубада пайгамбарыбыз төрт нерседен коргоо сурады.

1. «Тозок азабынан». Тозок – бул Аллахка жана Анын буйруктарына баш ийбеген адамдарга даярдалган жай (Аллах бизди андан сактасын). Тозокко түшүү – бул эң чоң жана түбөлүк бактысыздык. Ал эми тозоктон корголуп, бейишке кирүү – эң чоң ийгилик жана бакыт.

2. «Кабыр азабынан». Кабыр – адам өлгөндөн кийин баруучу жай жана ал акыреттин эң алгачкы баскычы болуп саналат. Эгер ким кабыр азабынан сакталса, анда анын кийинки абалы андан да жеңил болот жана ал кыяматта кайра тирилгенге чейин кабыр жыргалчылыгында болот.

3. «Жашоо жана өлүм сыноолорунан». Башкача айтканда, Аллахтан жашоодогу ар кандай сыноолордон, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан коргоо суроо. Ошондой эле өлүмдүн кыйынчылыктарынан, атап айтканда, жаман өлүмдөн, эки периштенин кабырдагы катаал сурагынан жана кабыр азабынан коргоо суроо.

4. «Дажжалдын азгырыгынан». Анткени Адам атадан баштап кыяматка чейин Даджалдын азгырыгынан (фитнасынан) өткөн эч кандай азгырык болбойт. Ким ошол күндө анын азгырыгынан корголсо, анда ал ийгиликке жетет.

Бул дубаны айтуу менен адам өзүн бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кыйынчылыктардан, жамандыктардан жана азаптан коргойт. Ошондуктан ар бир мусулман бул дубаны намазда сөзсүз айтып жүрүүсү зарыл.

⚠️ Эскертүү: Бул дуба намаздын акырында салам берерден мурун айтылат, тактап айтканда, акыркы рекетте “аттахиятты” жана “салаватты” окугандан кийин айтылып, андан соң салам берилет.

═══════════════

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir