ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🎞 БУЛ ДУБАНЫ АР НАМАЗДА ОКУ

📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔵 БУЛ ДУБАНЫ АР НАМАЗДА СӨЗСҮЗ ОКУ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силерден кимдир бирөө ташаххудду (аттахият) окуса, Аллахтан төрт нерседен коргоо сурасын: «Оо, Аллах, мен Сенден тозок азабынан, кабыр азабынан, жашоонун жана өлүмдүн сыноолорунан, Масих Дажжалдын азгырыгынын жамандыгынан коргоо сурайм». (Сахих Муслим, 588)

اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِن عَذَابِ جَهَنَّمَ، وَمِنْ عَذَابِ القَبْرِ، وَمِنْ فِتْنَةِ المَحْيَا وَالْمَمَاتِ، وَمِنْ شَرِّ فِتْنَةِ المَسِيحِ الدَّجَّالِ.

Аллахумма инни аъуузу бика мин аъзааби жаханнам, уа мин аъзаабиль-кобр, уа мин фитнатиль-махьйаа уаль-мамаат, уа мин шарри фитнатиль-масиихид-даджааль.

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Пайгамбарыбыз ﷺ сахабаларына жана үммөтүнө аларды жакшылыкка жеткирген жана жамандыктардан коргогон дубаларды үйрөтүүгө ашыккан. Бул дубада пайгамбарыбыз төрт нерседен коргоо сурады.

1. «Тозок азабынан». Тозок – бул Аллахка жана Анын буйруктарына баш ийбеген адамдарга даярдалган жай (Аллах бизди андан сактасын). Тозокко түшүү – бул эң чоң жана түбөлүк бактысыздык. Ал эми тозоктон корголуп, бейишке кирүү – эң чоң ийгилик жана бакыт.

2. «Кабыр азабынан». Кабыр – адам өлгөндөн кийин баруучу жай жана ал акыреттин эң алгачкы баскычы болуп саналат. Эгер ким кабыр азабынан сакталса, анда анын кийинки абалы андан да жеңил болот жана ал кыяматта кайра тирилгенге чейин кабыр жыргалчылыгында болот.

3. «Жашоо жана өлүм сыноолорунан». Башкача айтканда, Аллахтан жашоодогу ар кандай сыноолордон, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан коргоо суроо. Ошондой эле өлүмдүн кыйынчылыктарынан, атап айтканда, жаман өлүмдөн, эки периштенин кабырдагы катаал сурагынан жана кабыр азабынан коргоо суроо.

4. «Дажжалдын азгырыгынан». Анткени Адам атадан баштап кыяматка чейин Даджалдын азгырыгынан (фитнасынан) өткөн эч кандай азгырык болбойт. Ким ошол күндө анын азгырыгынан корголсо, анда ал ийгиликке жетет.

Бул дубаны айтуу менен адам өзүн бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кыйынчылыктардан, жамандыктардан жана азаптан коргойт. Ошондуктан ар бир мусулман бул дубаны намазда сөзсүз айтып жүрүүсү зарыл.

⚠️ Эскертүү: Бул дуба намаздын акырында салам берерден мурун айтылат, тактап айтканда, акыркы рекетте “аттахиятты” жана “салаватты” окугандан кийин айтылып, андан соң салам берилет.

═══════════════

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ТУМАР ЖАНА КӨЗ МОНЧОК ТАГЫНУУ КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Кимде-ким тумар тагып алган болсо, анда Аллах анын максатын ишке ашырбайт. Кимде-ким ракушка (деңизден чыккан үлүл кабыкчасы) тагып алган болсо, анда Аллах анын максатын ишке ашырбайт». (Ибн Маажах)

Ахмад жана Хакимдин риваятында: «Кимде-ким тумар тагынса, анда ширк кылган болот» – деп келет.  (Ахмад)

Сахих Бухариде: «Төөлөрдүн мойнундагы (көз тийбеш үчүн тагылган) жиптерди кескиле» – деп айтылат.  (Бухари)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БАЛАҢДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАППА

Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
 
«Бир адам Абдуллах ибн Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:

– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.

– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага: 

– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)

Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭЧ КИМДИ МИНТИП СӨКПӨ

Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Жабир, радыяллаху анху, пайгамбарыбызга ﷺ келип: «Мага осуят кылыңыз» – дегенде ал: «Эч кимди сөкпө» – деп осуят кылды. Мен ошондон кийин эркин адамды да, кул адамды да, жадагалса төөнү да, койду да сөккөн жокмун». | Абу Дауд, 4084

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Улуу табийин Саид ибн аль-Мусайиб айтты: 
«Эч качан досуңа «Эй, эшек… Эй, ит… Эй, чочко» деп айтпагын. Эгер ушинтип айтчу болсоң, кыяматта сага: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүң беле?!» – деп айтылат». | «Мусаннаф» Ибну Абу Шайба, 5/282

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ибрахим ан-Нахаи, рахимахуллах, айтты: 
«Эгер кайсы бир адам бирөөгө: «Эй, эшек! Эй, ит! Эй, чочко!» – десе, кыямат күнү Аллах ал адамга: «Мен аны ит же эшек же чочко кылып жаратканымды көрдүңбү?!» – деп айтат. | «Мусаннаф» Ибн Абу Шайба, 5/283

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Имам Навави, рахимахуллах, айтты: 
«Адатта адамдар колдонгон жаман сөздөрдөн – кайсы бир адам бирөө менен урушуп кетсе, ага: «Эй, эшек! Эй, теке! Эй, ит» же башка ушуга окшогон сөздөрдү айтуусу. Бул эки тараптан алганда жаман сөз болуп эсептелет: биринчиси, жалган болгондугу үчүн, экинчиси, ыза келтиргендиги үчүн». | «Аль-Азкар», 365-бет

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 КАРЫЗ АЛСАҢ, КАЙТАРЫП БЕРЕМ ДЕГЕН НИЕТТЕ АЛ

Кимде-ким карыз алган кезде кайтарып берем деген ниетте алган болсо, анда Аллах таала ал адамды карызынан өз убагында кутулууга сөзсүз жардам берет. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Кимде-ким кутулам деген ниетте адамдардан карызга акча алса, Аллах аны карызынан кутултат. А эгер ким кайтарып бербейм деген ниетте карыз алса, Аллах аны жок кылат». (Сахих Бухари)

Ошондой эле карыздар адам Аллах таала карызымдан кутулууга сөзсүз жардам берет деген терең ишенимде болуусу керек. Аллахтын элчиси ﷺ өзүнүн хадистеринин биринде айтты:
«Чындыгында карыздар адам Аллах жаман көрбөгөн жолдо карыз алып, андан кутулганга чейин Аллах аны менен бирге болот». (Ибну Маажах)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ошондой эле карызы бар адам сүннөттө келген дубаларды дайым айтып жүрсө, Аллах аны карызынан тез арада кутулууга жеңилдиктерди берет. Имам Тирмизи риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:

«Күндөрдүн биринде өзүн кулчулуктан куткарыш үчүн кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талибге келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатам, мага жардам бер»– дейт. Ошондо Али ага айтты: «Аллахтын элчиси ﷺ мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү, эгерде Сир тоосундай карызын болсо да бул дубаны айтсаң, Аллах сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:

“Оо, Аллах! Мага адал ырыскы берип Өзүң арам кылган иштерден сакта жана мени Өз пазилетин менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам Тирмизи)

📌 Дубанын арапчасы: 
اللَّهمَّ اكْفِني بحلالِكَ عَن حَرَامِكَ، وَاغْنِني بِفَضلِكَ عَمَّن سِوَاكَ
“Аллахумма-кфинии би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔵 ЫЙМАН АЛСЫРАГАНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА

Бул дуба — шариятта келген негиздүү дубалардын бири. Эгер мусулман адам ыйманы алсыраганын сезсе, анда бул дубаны дайым окуп жүрүүсү керек. Анткени Пайгамбарыбыз айткан: «Чындыгында, силердин бириңердин ичиңердеги ыйман, кийим эскирген сыяктуу эле эскирет. Ошондуктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңылоосун сурагыла».

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir