🔴 ТАМАКТЫН КАЙСЫЛ ЖЕРИНДЕ БЕРЕКЕ БАР ЭКЕНИН БИЛБЕЙСИҢЕР
Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ (тамактануудан кийин) манжаларда жана идиште калган (тамактын калдыгын) тазалап жегенге буйруду». (Сахих Муслим)
Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «(Тамактанып жатканда) силерден тамактын бир бөлүгү түшүп калса, анда аны алсын да, андагы жаман нерселерди тазалап туруп, жеп койсун. Аны шайтанга калтырбасын. (Тамактанып бүткөндө) манжаларындагы тамакты тазалап жемейинче колун кол арчуу менен аарчыбасын. Анткени ал кайсы тамакта береке бар экенин билбейт». (Сахих Муслим)
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔵 БАРДЫК ИШТЕ ЖЕҢИЛДИК СУРОО ДУБАСЫ
Бул дуба иш жүрүшпөй же чечим табылбай жатканда, ошондой эле кыйынчылык күч алган мезгилде окулат. Ким чын дилден ишенип окуса, Аллах анын чечилбеген ишин чечип, кыйынчылыгын жеңилдетет.
▷ t.me/dubazikir

🔵 ЖУМА НАМАЗЫНА ЖӨНӨГӨН АДАМ АЛЛАХТЫН ЖОЛУНДА БОЛОТ
❏ Язид ибн Абу Мариям, радыяллаху анху, айтты:
«Мен жумага жөө баратсам Ибая ибн Рифаът, радыяллаху анху, артымдан келип: «Сага сүйүнчү! Чындыгында, сенин бул кадамдарың Аллах жолундагы кадамдар. Абу Аббастын мындай деп айтып жатканын уктум: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кимдин буттары Аллах жолунда чаң болсо, анда ал буттар тозокко арам болот». (Тирмизи)
❏ Имам Бухаринин риваятында мындай деп келет:
«Ибая айтты: «Мен жумага баратсам Абу Аббас мага жетип келип: «Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Кимдин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда аны Аллах тозокко арам кылат» – деп айтып жатканын уктум» – деп айтты».
❏ Башка бир риваятта: «Кайсы пенденин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда ага тозок оту тийбейт» – деп келет. Бул риваятта Ибаянын Язидке айткан сөзү айтылбайт.

✔️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:
Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдын, жаныбардын, канаттуунун) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу, же колго тартылган сүрөт болобу, же гезиттердеги сүрөттөр болобу, же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек, же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет.
Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл.

✔️ Саламдашуу — бул жөн гана амандашуу үчүн айтылган сөз эмес, саламдашуу башка адамдарга Аллахтын тынчтыгын, ырайымын жана берекесин тилеп дуба кылуу. Адам башкаларга жакшылык тилеген сайын өзү да ошол жакшылыктарга жетет. Пайгамбарыбыз Мединага көчүп келген кезде эң биринчи айткан осуяты да саламдашуу тууралуу болгон. Саламдашуу жеке адамдын өзүнө эле эмес, анын үй-бүлөсүнө, чөйрөсүнө жана жалпы коомчулукка жакшылык алып келген жана алардын ортосунда сүйүүнү жараткан улуу ибадаттардан болуп саналат.
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ
Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты:
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)
Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат:
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)
Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибн Маажах, 3660)

🔴 ЖУМА НАМАЗЫНА БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП КЕЛҮҮНҮН СООБУ
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Жума күнү мечиттердин ар бир эшиктеринде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине карап жазып турушат. (Имам минбарга чыгып) олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибн Хузайма)

🔵 КЫЯМАТ КҮНҮ АЛЛАХТЫН АРШЫНЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ БОЛО ТУРГАН ЖЕТИ ТҮРЛҮҮ АДАМ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эч бир көлөкө болбогон (кыямат) күнү Аллах жети түрдүү адамды (Арштын) көлөкөсүндө кылат:
1. Адилеттүү башчы.
2. Аллахтын ибадатында чоңойгон жаш жигит.
3. Жүрөгү мечитке байланган адам.
4. Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүп чогулса да, ажыраса да Ал үчүн кылган эки адам.
5. Мансаптуу сулуу аял зынага чакырганда «Чындыгында мен Аллахтан корком»,– деп айткан адам.
6. Оң колу берген садаканы сол колу көрбөгөн адам.
7. Жалгыз калып Аллахты эстегенде көзүнө жаш алган адам». (Бухари, Муслим)