ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ

Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты: 
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)

Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат: 
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)

Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: 
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибн Маажах, 3660)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНА БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП КЕЛҮҮНҮН СООБУ

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Жума күнү мечиттердин ар бир эшиктеринде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине карап жазып турушат. (Имам минбарга чыгып) олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибн Хузайма)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔵 КЫЯМАТ КҮНҮ АЛЛАХТЫН АРШЫНЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ БОЛО ТУРГАН ЖЕТИ ТҮРЛҮҮ АДАМ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эч бир көлөкө болбогон (кыямат) күнү Аллах жети түрдүү адамды (Арштын) көлөкөсүндө кылат:

1. Адилеттүү башчы.

2. Аллахтын ибадатында чоңойгон жаш жигит.

3. Жүрөгү мечитке
байланган адам.

4. Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүп чогулса да, ажыраса да Ал үчүн кылган эки адам.

5. Мансаптуу сулуу аял зынага чакырганда «Чындыгында мен Аллахтан корком»,– деп айткан адам.

6. Оң колу берген садаканы сол колу көрбөгөн адам.

7. Жалгыз калып Аллахты эстегенде көзүнө жаш алган адам».
(Бухари, Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КАБЫРДЫН ҮСТҮНӨ КҮМБӨЗ КУРУУ ШАРИЯТТА ТЫЙЫЛГАН

Абу Хаяж аль-Асади айтат:
Али ибн Абу Талиб, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мени жөнөткөн нерсеге сени да жөнөтөйүнбү. Көргөн айкелдердин баарын жок кыласың жана бийик күмбөздүү кабырларды тегиздейсиң». (Муслим)

Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, кабырды кооздоодон, кабырдын үстүнө отуруудан жана кабырдын үстүнө (күмбөз, эстелик) куруудан тыйды». (Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БИЙЛИКТЕ АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛУУНУН АКЫБЕТИ

Абу Умама, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Кайсы бир эркек киши он же андан көп адамга башчылык кылса, Аллах аны кыямат күнү колу мойнуна кишенделген абалда алып келет. Ал жакшылык (адилеттик) кылса колундагы кишени чечилет, ал эми күнөө (адилетсиздик) кылса колу кишенделген бойдон калат. Бийликтин башталышы – жемелөө. Ортосу – өкүнүч. Акыры – кыямат күнүндөгү азап». (“Муснад” Ахмад)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 НАМАЗ ОКУБАГАНДЫН КҮНӨӨСҮ ЗЫНАДАН ДА, АРАКТАН ДА ООР

Чубак ажы Жалилов

➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АРАМ ТАМАКТЫН АДАМГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эй, Кааб ибн Ужро! Чындыгында арам менен азыктанган дене бейишке кирбейт». (Ибн Хиббан)

Эгерде адам жаштайынан арам менен азыктанган болсо, анда арам нерсе анын денесинин бир бөлүгүнө айланат. Бул анын келечек жашоосуна, мүнөзүнө, ыйманына жана акыретине терс таасирин тийгизет. А эгер дене жаштайынан адал менен азыктанган болсо, анда ал дене бардык жамандыктардан, ыпылас нерселерден таза болот жана акыретте азаптан кутулуусуна себеп болот.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
‼️ БҮГҮН ЖУМА НАМАЗГА БАРУУНУ УНУТПАҢЫЗ.

➤➤ https://t.me/tilmech