ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 КАРГЫШКА КАЛГАН ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР
 
● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айткан». (Абу Дауд, 4098)

● Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Амр ибн аль-Аас, радыяллаху анху, жаа тагынган жана эркектей болуп баскан бир аялды көрүп калат. Ошондо жанындагы бир адамдан: «Бул ким?» – деп сурайт. Ал адам: «Бул Абу Жахлдын кызы Умму Саид» – деп жооп берет. Ошондо Амр ибн аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: «Мен Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Өзүн эркектерге окшоткон аялдар жана өзүн аялдарга окшоткон эркектер бизден эмес» – деп айтканын уккам». (Муснад Ахмад, 6875)

● Абдуллах ибн Аббас, радыяллаху анху, айтты: 
«Пайгамбар ﷺ кыз чалыш эркектерге жана эркек чалыш аялдарга каргыш айтып: «Аларды үйүңөрдөн кууп чыккыла» – деп айтты. Кийин пайгамбар ﷺ баланчаны кууп чыкты, Умар баланча кууп чыкты». (Сахих Бухари, 5886)

● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде пайгамбардын ﷺ алдына кыз чалыш бир эркекти алып келди. Ал колу менен бутун хна менен боёп алыптыр. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Буга эмне болгон?» – деп сурады. Ага: «Оо, Аллахтын элчиси! Аялдарга окшошуп алыптыр» – дешти. Ошондо пайгамбар ﷺ ал тууралуу буйрук чыгарып, аны (Медина шаарынын сыртындагы) аль-Накии деген жерге куугунтуктады». (Абу Дауд, 4928) 

Эркектин аялдарга жана аялдын эркектерге окшошуусу динде чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, жүрүм-турумунда, кийиминде, сөзүндө, басыгында, сулууланууда, кооздуктарды тагынууда, кылык жоругунда ж.б.у.с. нерселерде эркектин аялга же аялдын эркекке окшошуусу арам иштерден. Анткени Аллах аялды да, эркекти өзүнө жараша табиятта жараткан. Ким Аллахтын жараткан табиятын өзгөртсө, анда ал каргышка калат, Аллахтын ырайымынан алыстап, акыретте азапка туш болот.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН МЕДИНАГА КЕЛГЕНДЕ ЭҢ БИРИНЧИ АЙТКАН СӨЗҮ

Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Медина шаарына хижрат кылып көчүп келгенде, адамдар шашылып аны көздөй жөнөштү. Ошондо: «Аллахтын Элчиси келди! Аллахтын Элчиси келди! Аллахтын Элчиси келди!» – деп үч жолу айтылганда, мен дагы көрөйүн деп адамдарды аралап келдим. Мен анын жүзүн жакшылап көрөрүм менен эле чындыгында анын жүзү жалганчынын жүзү эмес экенин билдим. Ошондо анын сөздөрүнөн менин эң биринчи укканым ушул сөз болду: «Оо, адамдар! Саламды жайылткыла! Тамак бергиле! Туугандар менен карым-катнашты бекемдегиле! Түнкүсүн адамдар уктап жатканда намаз окугула! Мына ошондо силер бейишке тынчтыкта киресиңер». (Ибн Маажах, 3251)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖАСАЛМА ЧАЧ УЛАТУУ КҮНӨӨ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кайсы аял болбосун, өз чачына башка бирөөнүн чачын кошсо (уласа), ал аны алдамчылык менен кошкон болот». (Табарани, 19, 342)

📌 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Бул жерде кеп алдамчылык жана табигыйлыкты бузуу жөнүндө болуп жатат. Ислам дининде бирөөнүн чачын (же ага окшош жасалма нерселерди) өз чачына кошуп улоого тыюу салынган. Деги эле башка бир адамдын чачын сатып алуу же аны өзүнө улатуу арам деп эсептелет.

Негизги себептери:

1.  Алдоо (тазвир): Аял киши өзүндө жок нерсени (мисалы, калың же узун чачты) бар катары көрсөтүп, башка адамдарды алдаган болот. Бул өзгөчө турмуш курарда же эл алдында өзүн башкача көрсөтүүдө «жалган» болуп эсептелет.

2.  Аманат:
Адамдын денеси жана сулуулугу — Аллах Таала тарабынан берилген аманат. Аны жасалма жол менен, өзгөчө башка адамдын мүчөсү (чачы) менен өзгөртүү күнөө болуп эсептелет.

Бул хадис аялдарга өзүнүн табигый сулуулугуна ыраазы болуп, жасалмалуулуктан алыс болууга чакырат.

═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
📌 Ааламдагы ар бир нерсе — эң кичинекей атомдон тартып чексиз галактикаларга чейин — таң каларлык тактык жана терең акылмандык менен жаратылган. Акыл-эстүү адам бул кемтиксиз жана ырааттуу тартипти көрүп, аны «өзүнөн-өзү пайда болду» деп кокустукка жорубай, тескерисинче: «Бул ааламдын артында Улуу Жаратуучу бар» — деген жыйынтыкка келет.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 МИСВАКТЫН 10 ПАЙДАСЫ БАР

▷ t.me/risalatkg
🔴 КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛҮҮСҮНӨ СЕБЕП БОЛГОН ИШ

Имам Бухари риваят кылган хадисте Хузайфа (радыяллаху анху) Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегенин эскерет:
«Силерден мурунку заманда жашаган бир кишиге жанын алуу үчүн өлүм периштеси келет. Андан: «Бир аз болсо да жакшылык кылдың беле?» – деп сурайт. Ал: «Билбейм» – деп жооп берет. Ага: «Жакшылап эстеп көр» – дегенде, ал киши: «Дүйнөдө адамдар менен соода кылчу элем. Байларга (төлөөгө) убакыт берип, кедейлердин карызын кечип жиберет элем. Мындан башка жакшылыгымды билбейм» – дейт. Ошондо Аллах Таала анын бул амалы үчүн күнөөлөрүн кечирип, бейишке киргизет».

🔸 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Бул хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ өткөн элдердеги бир соодагердин окуясын мисал кылат. Ал киши өлүм алдында турганда, кылган амалдарынан эч бир чоң ишти таба албайт. Бирок анын өзгөчө бир сапаты бар эле: ал адамдарга карата өтө кечиримдүү жана жумшак болгон.

Ал өз кызматчыларына: «Эгер карыз алган адамдын төлөөгө шарты бар болсо, кыйнабай убакыт бергиле, ал эми кедей болсо, карызын кечип жибергиле. Мүмкүн, Аллах да биздин күнөөлөрүбүздү кечирер» – деп айтчу. Анын Аллахтын ырайымынан үмүт кылып кылган ушул кичинекей сезилген, бирок чын ыкластан жасаган иши анын куткарылуусуна себеп болду.

💡 ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР

✅ Кечиримдүүлүктүн пазилети: Башкалардын оорчулугун жеңилдеткен адамдын оорчулугун Аллах Кыямат күнү жеңилдетет.

✅ Аллахтын чексиз мээрими: Пенде чын ыкласы менен кылган аз гана жакшылыгы үчүн чоң сыйлыкка — бейишке жетиши мүмкүн.

✅ Адамдар менен сылык мамиле: Соодада жана карыз маселесинде талап кылбай, жумшак болуу — такыбалыктын белгиси.

✅ Үмүт үзбөө: Бул хадис момун адамды Аллахтын кечириминен эч качан үмүт үзбөөгө жана колдон келген жакшылыкты кыла берүүгө үндөйт.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech