Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 ИСЛАМДАГЫ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү башын жууса, гусул алса, мечитке эрте барса, хутбаны башынан баштап укса, эч нерсе минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп, хутбаны кунт коюп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет». |Абу Дауд, 345
Кээ бир аалымдар: «Биз шариятта мынчалык соопту камтыган негиздүү хадисти уккан эмеспиз» деп айтышкан. |Тухфатуль-Ахвази, 3/15
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Бул хадис шариятта келген эң сооптуу хадистердин бири. Адам жума намазга баратканда ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо жана бир жылдык тахажуд намазын окуду деген соопко жетет.
Элестетиңиз, адам канча кадам басып барышы мүмкүн? Эгер ушул хадисте айтылгандарды аткарса, канча деген соопторго жетиши мүмкүн? Биз бул хадистен Аллахтын бизге болгон мээримин билебиз. Ал бизге кичине гана ибадаттардын артында көптөгөн соопторду даярдап койгон.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

🔴 ҮЙ-БҮЛӨНҮ АДАЛ ЖОЛ МЕНЕН БАГУУ ЭРКЕКТИН МИЛДЕТИ
Сахабалардын аялдарында ушундай адат болгон, күйөөсү үйдөн чыгып жатканда ага мындай дешкен:
«Биз үчүн Аллахтан корккула, бизди адал менен гана тамактандыргыла жана бизге арамды алып келүүдөн сак болгула. Чындыгында биз ачкалыктын отуна чыдайбыз, бирок тозок отуна чыдай албайбыз».

🔴 АТА-ЭНЕНИ НААРАЗЫ КЫЛУУНУН 13 КӨРҮНҮШҮ
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллах Таала кыямат күнү үч түрдүү адамга карабайт: ата-энесин нааразы кылган адамды, өзүн эркектерге окшоткон аялды жана аялын кызганбаган эркекти. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы адам, аракка берилген адам жана бергенин милдет кылган адам». (Ан-Насаи)
📍 Ата-энени нааразы кылуунун кээ бир көрүнүштөрү:
1. Бала ата-энесинин алдында өзүн көтөрмөлөп, кандайдыр себептерден улам аларга менменсинип текебер мамиле кылуусу. Мисалы, мал-мүлкү көбөйүп же билим деңгээли жогорулап адамдар арасында абройлуу болгондуктан ушундай жоруктардарды өз ата-энесине көргөзө баштайт.
2. Аларга мээрим төкпөй, аларды адамдарга зар кылып, колдорунан эч нерсе келбей, эч кимге пайдалары тийбей калган курактарында аларды бакпай кароосуз таштап кетүү.
3. Башкаларды ата-энеден абзелирээк көрүү. Мисалы, өзүнүн досун же аялын алардан артык көрүп, ата-эне балага көз каранды болуп турганда, аларга кош көңүл мамиле жасоо.
4. Ата-эненин көңүлдөрүн оорутуп, кылган иши менен же сөзү менен аларды иренжитип ыйлатуу.
5. Аларга бакырып, каяша сөз кайтарып үн көтөрүү.
6. Алардын буйруктарын жактырбай, алардан тажагандай сезим жаратып, үшкүрүнө берүү.
7. Энесинин жасаган тамагына жаман сын айтуу.
8. Алардын айткан сөздөрүнө маани бербей, кош көңүл мамиле кылуу.
9. Аларды башкалардын алдында жамандап, айып-кемчиликтерин айтуу.
10. Ата-эненин балага муктаж болуп турган курактарында алардын уруксатысыз үйдөн чыгып, аларды таштап, көчө тинтип жүрө берүү.
11. Аларга акаарат кылып сөгүш жана каргыш айтуу.
12. Аларга кол көтөрүү.
13. Аларга өлүм тилөө.
═══════════════

🔴 БУЛ ДУБАНЫ АР БИР АТА-ЭНЕ БИЛИШИ КЕРЕК
Бул куттуу дубаны жаттап балдарыңызга дайым айтып жүрүңүз. Бул дубаны айтуу – балаңызды көз тийүүдөн, адамдардын назары түшүүдөн, жин-шайтандардын, курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын зыян берүүсүнөн, сыйкырдан, дегеле бардык жамандыктардан сактайт.
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

🔴 ФАТИХА СҮРӨӨСҮНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Куран китеби баштан аяк шыпаа болуп эсептелет. Бирок фатиха сүрөөсү Курандагы эң улуу сүрөө болгону үчүн шыпаа берүүдө өзгөчө касиетке ээ. Ал дене ооруларына, жан дүйнө ооруларына, сыйкырга, жин-шайтандар зыян бергенде, көз тийгенге, көрө албастыктын зыяндарына каршы шыпаа болот.
Ибну Каййим (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Эгерде пенде фатиха сүрөөсү менен дарыланганды жакшы билгенде, анда анын айыктыруу касиетине ээ болгон укмуштуудай таасирин көрмөк.
Бир кездерде катуу ооруп Меккеде бир топ убакыт туруп калдым, бирок ал жактан дарыгер да, дары да таба албадым. Ошондо өзүмдү фатиха сүрөөсү менен дем салып дарылап, анын укмуштуудай таасирин көрдүм.
Кийин ким мага оорусун айтып арызданып келсе, мен ага фатиха менен дарылан деп кеңеш берчим. Ошолордун көпчүлүгү ал себептүү тез арада сакайып кетишти». («Аль-Жаваб аль-Каафи», 5-бет)
● ЭМИ БУЛ СҮРӨӨ МЕНЕН КАНТИП ДЕМ САЛУУ КЕРЕК?
Адам бул сүрөө менен өзүнө же башкага дем салган кезде, бир жолу окуса болот же көп жолу окуса болот, кыскасы өзү каалаган санда окуйт, мисалы, 1 же 3 же 5 же 7 же андан көп жолу окуйт да, андан соң алаканына үйлөп, ошол ооруган жерге сүртөт же болбосо ооруган жерге колун коюп окуйт. Же сууга окуп туруп, аны ичсе болот же ооруган жерине сүртсө да болот. Же болбосо аны балга окуп жесе да болот ж.б. Ошондой эле фатиха сүрөөсү менен дем салган адам окуганда чын дилден окуп, шыпааны бир гана Аллах берет, ал эми бул сүрөө жөн гана шыпаага себепчи дегендей терең ишенимде болуусу зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 ЖУМА НАМАЗЫН ОКУП ЖҮРГӨНДӨРГӨ АКЫРЕТТЕ БЕРИЛҮҮЧҮ СЫЙЛЫКТАР
Абу Муса, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:
«(Кыямат күнү) күндөр (жаратылынган) өз абалында келет, бирок жума күн нурланып жаркырап келет. Жума намазын окуп жүргөндөр жума күндү көшөгөсүнө алып бараткан келиндей курчап алышат. Жума күн аларга жарык кылып, алар анын жарыгында басышат. Алардын түстөрү кардай аппак жана жыттары мисктей жыттуу болушат. Алар «тисс» дарагынын тоолорун кезишет. Алар бейишке киришкенге чейин аларды жиндер менен адамдар таң калгандан кыймылдабай карап турушат. Аларга сооп гана үмүт кылып азан айткан азанчылар гана кошула алышат». (Табарани)

🔴 КҮНӨӨЛӨР — ЖАКШЫЛЫКТАРДЫН ДУШМАНЫ
Аалымдардын бири Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:
«Адам кандай күнөө кылбасын, ошол күнөөсүнө жараша Аллахтан келген жакшылыктар андан кете баштайт. Эгерде тообо кылып Аллахка кайтса, анда ал жакшылыктын өзү же ошого окшогону кайра ага кайтып келет. А эгер Аллахка кайтпастан күнөөсүн уланта берсе, анда анын күнөөлөрү андагы болгон жакшылыктардын бүт баарысын четинен жок кылат. Аллах Таала Куранда: «Кайсы бир коом өзүн өзгөртмөйүн Аллах аларды өзгөртпөйт» – деп айткан.
Ал эми адамга берилген жакшылыктардын эң улугу – ыйман. Ал ыйманды зына кылуу, уурулук кылуу, арак ичүү, талап тоноо сыяктуу күнөөлөр акырындык менен жок кылат.
Кээ бир улуу аалымдардын: «Бир күнөө кылып, ал себептүү бир жыл бою түнкү намаздан куру калдым» – деп айткан сөздөрү бар.
Ал эми башка бири: «Бир күнөө кылып, ал себептүү Куранды түшүнүүдөн куру калдым» – деген.
Ушуга окшогон мааниде бир акын: «Эгерде жетсең жакшылыкка, кастарлап аны сактап кал, болбосо күнөөлөр аны жок кылат» — деп айткан.
Жалпылап айтканда, күнөөлөр – жакшылыктар үчүн от сыяктуу. От отунду күйгүзүп жок кылгандай күнөөлөр да жакшылыктарды жок кылат». («Торик аль-Хижратайн», 1/271)

🔴 КЫЗЫҢДЫ ДИНДАР ЖАНА МҮНӨЗҮ ЖАКШЫ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА БЕР
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон бир адам силерге куда түшүп келсе, анда ага (кызыңарды) бергиле. А эгер силер мындай кылбасаңар, анда жер бетинде фитна (азгырык) күчөп, бузукулук жайылат». («Сунан» ат-Тирмизи)
Абдуллах ибн Мубарактын атасы кул болуп жүргөн кезинде андан кожоюну: «Эй, Мубарак! Кандай ойлойсуң, кызымды жуучулардын кимисине берсем?» – деп оюн сураганда, Мубарак мындай деп айткан: «Жахилият учурунда адамдар ата-тегине карап үйлөнтүшчү. Жөөттөр болсо, үйлөнгөндө байлыгына карашат. Христиандар болсо, сулуулугуна көбүрөөк көңүл бурушат. Ал эми биздин мусулман үммөтүндө динди карманганына жана кулк-мүнөзүнө гана карап турмушка берүү керек».

Forwarded from ТИЛМЕЧ
🔴 БАЛАНЫ ЖИН-ШАЙТАНДАН КОРГООНУН БИР ЖОЛУ
Ислам дини жубайларга кээ бир шарият адептерин аткарууну милдет кылган. Ал адептерден – күйөөсү менен аялы жыныстык мамиле кылуудан алдын шариятта келген дубаны айтуулары зарыл. Бул дубаны айтуу – такыба, ыймандуу урпакка жетүүгө жардам берген себептерден болуп саналат.
Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгерде силердин бириңер аялы менен жыныстык мамиле кыларда: «Аллахтын ысымы менен баштаймын. Оо, Аллах! Бизден жана бизге ырыскы кылган (перзенттен) шайтанды алыстат» – деп айтса жана ошондон кийин ал экөөсүнө балалуу болуу тагдыр кылынса, анда шайтан ал балага эч качан зыян бербейт». (Сахих Бухари 6388, Сахих Муслим 1434)
Ал эми хадистин башка риваятында мындай деп айтылган:
«Шайтан ага зыян бербейт жана анын үстүнөн башкара албайт». (Сахих Бухари 3283)
Дубанын арабча айтылышы:
«Бисмиллахи, аллахумма жаннибнаш-шайтоона уа жаннибиш-шайтоона маа розактанаа».
{ بِسْمِ اللَّهِ، اللَّهُمَّ جَنِّبْنَا الشَّيْطَانَ ، وَجَنِّبْ الشَّيْطَانَ مَا رَزَقْتَنَا }
▪️ Бул хадисте айтылган «шайтан ал перзентке эч зыян бере албайт» деген сөздүн мааниси туурасында аалымдар ар кандай ой-пикирлерди айтышкан:
– «Бисмиллах» сөзүнүн берекеси себептүү шайтан анын үстүнөн толук бийлик жүргүзө албайт.
– Ага жин-шайтандар зыян келтире албайт, жин себептүү талма оорусуна чалдыкпайт, жиндин кирүүсүнөн тосот, сыйкырдын таасиринен коргойт.
– Шайтан анын динине эч кандай таасир тийгизе албайт.
– Шайтан аны динден чыгарып, каапырлыкка түртө албайт. Бирок мындан ал бала келечекте такыр күнөө кылбайт дегендей маани келип чыкпайт.
– Жубайлар жыныстык мамиле кылып жатканда шайтан аларга аралаша албайт, алардын авраттарын жиндердин көзүнөн тосот.
– Ымыркай төрөлгөндө шайтан аны курсагына сая албайт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

🔴 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
▪️ ООРУЛАРГА ШЫПАА
Аиша, радыяллаху анха, айтат:
«Пайгамбар ﷺ анын өлүмүнө себеп болгон ооруга чалдыкканда ал өзүнө фалак жана наас сүрөөлөрүн окуп дем салчы. Качан анын абалы оорлошкондо, мен өзүм үйлөп дем салып, аны берекеттүү колдору менен өзүн сүртүп жаттым».
Ибн Шихабдан: «Кантип үйлөп дем салган эле?» – деп сураганда, ал: «Колуна үйлөп, андан кийин анын жүзүн сүргөн» – деп жооп берди. (Сахих аль-Бухари, 5751)
▪️ БҮТКҮЛ ЖАМАНДЫКТАРДAН КОРГОЙТ
Абдуллах ибн Хубайб, радыяллаху анху, айтат:
«Капкараңгы жана жамгырдуу түндөрдүн биринде сыртка чыгып, Аллахтын Элчиси ﷺ биз менен чогу намаз окусун деп аны издеп жүрүп акыры таптык. Ошондо ал бизге: «Намаз окудуңарбы?» – деп сурады. Мен эч нерсе дебедим. Ал: «Айт» – деди. Мен эч нерсе дей албадым. Кийин дагы: «Айт» – деди. Ошондо мен андан: «Оо, Аллахтын Элчиси! Эмнени айтайын?» – дедим. Ал айтты: «Айт: Ал – Аллах жалгыз …» (ихлас), фалак жана нас сүрөлөрүн кеч киргенде жана таңга маал үч жолудан окуй турган болсоң, алар сага бардык (жамандыктардан) коргонууңа жетиштүү болот». (Абу Дауд, 5082)
▪️ АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУҢ ЧЫҢДАП, АР КАНДАЙ ООРУЛАРДАН САКТАЙТ
Кээ бир хадистерде келген боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ уктардан алдын бул сүрөөлөрдү алаканына окуп жүзүн жана денесин баштан аяк сүргөн. Мындай кылуу адамдын денесин ар кандай оорулардан, зыяндуу нерселерден сактайт. («Заад аль-Маъад», 168)
▪️ БУЛ ЭКИ СҮРӨӨНҮН АЯТТАРЫНДАЙ ЭЧ БИР АЯТ ТҮШКӨН ЭМЕС
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз ﷺ Укба ибн Аамир, радыяллаху анхуга, мындай деп айтты:
«Сен бүгүн түнү түшкөн аяттарды көргөн жоксуңбу, буга чейин аларга тең келе тургандай эч бир аят түшкөн эмес?! Алар «Кул аъуузу би-роббиль фалак» жана «Кул аъуузу би-роббин наас». (Сахих Муслим, 814)
▪️ ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН ЖАНА КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ
Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ жин-шайтандардан жана адамдардын көзү тийүүсүнөн Аллахтан коргоо сурап жүрүп, акыры ага эки коргоочу (фалак жана нас) сүрөлөрү түштү. Алар түшкөндөн кийин ошол экөөсүн карманып, калгандарын таштады». (Тирмизи, 2058)
📌 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:
➤➤ https://t.me/dubazikir/30
➤➤ https://t.me/dubazikir/35

Telegram
Дубалар жана зикирлер
🎞 ФАЛАК СҮРӨӨСҮ | МААНИСИ - ОКУЛУШУ - АРАБЧАСЫ
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir