ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
▪️ ООРУЛАРГА ШЫПАА

Аиша, радыяллаху анха, айтат: 
«Пайгамбар ﷺ анын өлүмүнө себеп болгон ооруга чалдыкканда ал өзүнө фалак жана наас сүрөөлөрүн окуп дем салчы. Качан анын абалы оорлошкондо, мен өзүм үйлөп дем салып, аны берекеттүү колдору менен өзүн сүртүп жаттым». 
Ибн Шихабдан: «Кантип үйлөп дем салган эле?» – деп сураганда, ал: «Колуна үйлөп, андан кийин анын жүзүн сүргөн» – деп жооп берди.
(Сахих аль-Бухари, 5751)
 
▪️ БҮТКҮЛ ЖАМАНДЫКТАРДAН КОРГОЙТ

Абдуллах ибн Хубайб, радыяллаху анху, айтат:
«Капкараңгы жана жамгырдуу түндөрдүн биринде сыртка чыгып, Аллахтын Элчиси ﷺ биз менен чогу намаз окусун деп аны издеп жүрүп акыры таптык. Ошондо ал бизге: «Намаз окудуңарбы?» – деп сурады. Мен эч нерсе дебедим. Ал: «Айт» – деди. Мен эч нерсе дей албадым. Кийин дагы: «Айт» – деди. Ошондо мен андан: «Оо, Аллахтын Элчиси! Эмнени айтайын?» – дедим. Ал айтты: «Айт: Ал – Аллах жалгыз …» (ихлас), фалак жана нас сүрөлөрүн кеч киргенде жана таңга маал үч жолудан окуй турган болсоң, алар сага бардык (жамандыктардан) коргонууңа жетиштүү болот». (Абу Дауд, 5082)
 
▪️ АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУҢ ЧЫҢДАП, АР КАНДАЙ ООРУЛАРДАН САКТАЙТ

Кээ бир хадистерде келген боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ уктардан алдын бул сүрөөлөрдү алаканына окуп жүзүн жана денесин баштан аяк сүргөн. Мындай кылуу адамдын денесин ар кандай оорулардан, зыяндуу нерселерден сактайт. («Заад аль-Маъад», 168)
 
▪️ БУЛ ЭКИ СҮРӨӨНҮН АЯТТАРЫНДАЙ ЭЧ БИР АЯТ ТҮШКӨН ЭМЕС

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз ﷺ Укба ибн Аамир, радыяллаху анхуга, мындай деп айтты: 
«Сен бүгүн түнү түшкөн аяттарды көргөн жоксуңбу, буга чейин аларга тең келе тургандай эч бир аят түшкөн эмес?! Алар «Кул аъуузу би-роббиль фалак» жана «Кул аъуузу би-роббин наас». (Сахих Муслим, 814)

▪️ ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН ЖАНА КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты: 
«Аллахтын Элчиси ﷺ жин-шайтандардан жана адамдардын көзү тийүүсүнөн Аллахтан коргоо сурап жүрүп, акыры ага эки коргоочу (фалак жана нас) сүрөлөрү түштү. Алар түшкөндөн кийин ошол экөөсүн карманып, калгандарын таштады». (Тирмизи, 2058)

📌 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:

➤➤ https://t.me/dubazikir/30
➤➤ https://t.me/dubazikir/35

═════════

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔵 ЖУМА НАМАЗЫНА ЖӨНӨГӨН АДАМ АЛЛАХТЫН ЖОЛУНДА БОЛОТ

❏ Язид ибн Абу Мариям, радыяллаху анху, айтты:
«Мен жумага жөө баратсам Ибая ибн Рифаът, радыяллаху анху, артымдан келип: «Сага сүйүнчү! Чындыгында, сенин бул кадамдарың Аллах жолундагы кадамдар. Абу Аббастын мындай деп айтып жатканын уктум: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кимдин буттары Аллах жолунда чаң болсо, анда ал буттар тозокко арам болот». (Тирмизи)

❏ Имам Бухаринин риваятында мындай деп келет:
«Ибая айтты: «Мен жумага баратсам Абу Аббас мага жетип келип: «Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Кимдин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда аны Аллах тозокко арам кылат» – деп айтып жатканын уктум» – деп айтты».

❏ Башка бир риваятта: «Кайсы пенденин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда ага тозок оту тийбейт» – деп келет. Бул риваятта Ибаянын Язидке айткан сөзү айтылбайт.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ДУБА КЫЛУУДАН ТАЛЫКПА

❒ Фудейл ибн Ийяд ( رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:

«Мен сабырдуулукту жаш баладан үйрөндүм. Бир жолу мечитке баратсам, жол боюндагы бир үйдө бир аял баласын уруп жаткан экен. Ал кыйкырып ыйлап жатат. Анан эле эшикти ачты да качкан бойдон жөнөдү. Ошондо ал аял баласын кире албай тургандай кылып эшикти бекем жаап койду.

Кийин кайра үйгө кайтып келе жатканда жанагыл үйгө көз салсам, баласы ыйлап-ыйлап эшикке сүйөнүп уктап калган экен. Ошондо энеси ага боору ооруп, көңүлү жибип эшикти ачты.

Аны көргөн Фудейл ибн Ийяд токтоно албай ыйлады. Ал мындай деп айтты:
«Субханаллах! Пенде дагы Аллахтын эшигинин алдында сабыр кылып күтө билгенде Аллах дагы ага эшикти ачмак».

❒ Улуу сахабалардын бири Абу Дарда, радыяллаху анху, айтты:

«Дубада өжөр болгула! Чындыгында ким эшикти улам кага берген болсо, анда ага эшиктин ачыларына аз калды».
(«Мусаннаф» Ибн Абу Шайба, 2/6)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 БАЛАҢДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАППА

Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
 
«Бир адам Абдуллах ибну Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:

– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.

– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага: 

– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)

Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛҮҮСҮНӨ СЕБЕП БОЛГОН ИШ

Имам Бухари риваят кылган хадисте Хузайфа (радыяллаху анху) Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегенин эскерет:
«Силерден мурунку заманда жашаган бир кишиге жанын алуу үчүн өлүм периштеси келет. Андан: «Бир аз болсо да жакшылык кылдың беле?» – деп сурайт. Ал: «Билбейм» – деп жооп берет. Ага: «Жакшылап эстеп көр» – дегенде, ал киши: «Дүйнөдө адамдар менен соода кылчу элем. Байларга (төлөөгө) убакыт берип, кедейлердин карызын кечип жиберет элем. Мындан башка жакшылыгымды билбейм» – дейт. Ошондо Аллах Таала анын бул амалы үчүн күнөөлөрүн кечирип, бейишке киргизет».

🔸 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Бул хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ өткөн элдердеги бир соодагердин окуясын мисал кылат. Ал киши өлүм алдында турганда, кылган амалдарынан эч бир чоң ишти таба албайт. Бирок анын өзгөчө бир сапаты бар эле: ал адамдарга карата өтө кечиримдүү жана жумшак болгон.

Ал өз кызматчыларына: «Эгер карыз алган адамдын төлөөгө шарты бар болсо, кыйнабай убакыт бергиле, ал эми кедей болсо, карызын кечип жибергиле. Мүмкүн, Аллах да биздин күнөөлөрүбүздү кечирер» – деп айтчу. Анын Аллахтын ырайымынан үмүт кылып кылган ушул кичинекей сезилген, бирок чын ыкластан жасаган иши анын куткарылуусуна себеп болду.

💡 ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР

✅ Кечиримдүүлүктүн пазилети: Башкалардын оорчулугун жеңилдеткен адамдын оорчулугун Аллах Кыямат күнү жеңилдетет.

✅ Аллахтын чексиз мээрими: Пенде чын ыкласы менен кылган аз гана жакшылыгы үчүн чоң сыйлыкка — бейишке жетиши мүмкүн.

✅ Адамдар менен сылык мамиле: Соодада жана карыз маселесинде талап кылбай, жумшак болуу — такыбалыктын белгиси.

✅ Үмүт үзбөө: Бул хадис момун адамды Аллахтын кечириминен эч качан үмүт үзбөөгө жана колдон келген жакшылыкты кыла берүүгө үндөйт.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БАЛДАРЫҢ ЫЙМАНДУУ БОЛСУҢ ДЕСЕҢ, УШУЛ ДУБАНЫ ДАЙЫМ АЙТЫП ЖҮР

Бир адамдан: «Балдарыңыздын адептүү, такыба болушунун себеби эмнеде?» — деп сураганда ал мындай деген экен:

«Үйлөнгөнгө чейин жана балалуу болгонго чейин мына ушул дубаны дайым айтып жүрчүм:

«Робби ижъалнии мукыимас солаати уа мин зуррийяти, Роббанаа уа такоббаль дуъа'и».

{رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِن ذُرِّيَّتِي ۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ}

«Оо, Раббим! Мени жана менин урпагымды намазды толук окугандардан кыл. Оо, Раббибиз! Дубамды кабыл кыл».

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 КАРЫЗЫ БАР АДАМ БЕЙИШКЕ КИРЕ АЛБАЙТ

📌 КАРЫЗДАН КУТУЛУУНУН ДУБАСЫН ТӨМӨНДӨГҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:

▷
https://t.me/dubazikir/72
‼️ БҮГҮН ЖУМА НАМАЗГА БАРУУНУ УНУТПАҢЫЗ.

➤➤ @tilmech
🔴 КӨЗДҮ КҮНӨӨДӨН ТЫЮУ

Аялдар чоочун эркектерди, эркектер чоочун аялдарды кароодон Аллах Таала Өз Китебинде тыйды. Анткени көптөгөн бузукулуктар кароодон жана сүйлөшүүдөн башталат.

Аллах Таала айтат: «(Оо, Мухаммад!) Момун эркектерге айт, көздөрүн күнөөдөн тыйышсын жана зынадан сактанышсын. Мына ошондо алардын (жүрөктөрү) таза болот. Чындыгында Аллах алардын эмне кылып жатканын билип турат. Момун аялдарга да айт, көздөрүн күнөөдөн тыйышсын жана зынадан сактанышсын». (Нур сүрөөсү, 30-31-аяттар)
‎
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айтты:
«Адам баласынын зынадан болгон үлүшү анын тагдырына жазылган, ал анын башына түшөөрү шексиз. Көздүн зынасы – кароо. Кулактын зынасы – сөз тыңшоо. Тилдин зынасы – сүйлөө. Колдун зынасы – кармоо. Буттун зынасы – басып баруу. Жүрөк каалайт жана эңсейт, ал эми аны жыныс мүчө ишке ашырат же жалганга чыгарат». (Сахих аль-Бухари)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 НАМАЗ ОКУБАГАНДЫН КҮНӨӨСҮ ЗЫНАДАН ДА, АРАКТАН ДА ООР

Чубак ажы Жалилов

➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 АДАМДЫ ИБАДАТТАН ТОСКОН ЭҢ ЧОҢ СЕБЕП
 
Адамдын ыймандуу экендигинин эң чоң белгилеринин бири – өткөрүп жиберген ибадаты жана кылган күнөөсү үчүн өкүнүүсү.
 
Абу Дауд, рахимахуллах, айтат:
Күндөрдүн биринде Курз аль-Харисинин үстүнө кирсем, ал ыйлап жаткан экен.
Мен андан:
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деп сурасам, ал мындай деди:
– Күнүгө калтырбай окуп жүргөн Куранымды кечээ окуй албай калдым. Аны окубай калганымдын себеби кандайдыр бир күнөөм үчүн болду окшойт деп ойлоп жатам. («Аль-Хилья», 5/79)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Күнөө – адамды ибадаттан тоскон эң чоң себептердин бири. Адам канчалык көп күнөө кылган сайын, ошончолук ибадаттан алыстайт. Эгерде адам кайсы бир ибадатты аткарууда жалкоолукту сезсе же мурункудай ибадатка болгон кызыгуусу жоголгонун байкаса, анда бул нерселер анын күнөө кылып жатканынан болушу мүмкүн. Анткени адам күнөө кылуу менен Аллахтан алыстайт, ибадат кылуу менен Ага жакындайт.

Эгерде сен адамдар менен сүйлөшкөнгө убакыт таап, бирок Аллахты зикир кылганга убакыт таппай жатсаң, жумушка убакыт таап, бирок намазга убакыт таппай жатсаң, тамак жегенге убакыт таап, бирок орозо кармаганга убакыт таппай жатсаң, интернетке убакыт таап, бирок Куран окуганга убакыт таппай жатсаң, алыс жактарга барып эс алууга убакыт таап, бирок жумага убакыт таппай жатсаң, демек, бул нерсе сенин күнөөлөрүң себептүү болуп жатат. Анткени Аллах сени күнөөлөрүң себептүү Өзүнө жакындатууну каалаган жок.

Ошондуктан ибадатка бекем болгусу келген адам – эң алгач күнөөлөрдү таштоосу керек. Күнөө кылуу менен Аллахка жакындоо мүмкүн эмес.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз