🔴 КЫЯМАТТА ТӨРТ ТАРАПТАН КОРГОГОН ТӨРТ СӨЗ
Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз ﷺ сахабаларга: «Коргонууга камылгаңарды көргүлө!» – деп айтты. Ошондо алар: «Оо, Аллахтын элчиси! Бастырып келген душмандан коргонуугабы?» – деп сурашты. Ал айтты: «Жок, ага эмес, тозоктон коргонууга кам көргүлө. Ал – «Субханаллах, уалхамдулиллах, уа лаа илааха иллаллах, уаллаху акбар» деп айтуу. Чындыгында булар кыямат күнү куткаруучу, арттан коштоп жүрүүчү, ошондой эле түбөлүк калуучу жакшылыктар». («Ас-Сунан аль-Кубра» Насаи, 10684)
Хадистин башка риваятында пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Тозоктон коргонууга камылгаңарды көргүлө! Мындай деп айткыла: «Субханаллах, уалхамдулиллах, уа лаа илааха иллаллах, уаллаху акбар». Чындыгында булар кыяматта алдыңдан, артыңдан жана оң-сол тарабыңдан коштоп келишет жана алар түбөлүк калуучу сооптуу иштер». (Сахих аль-Жаами, 3214)
▣ ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ ▣
Аллахты зикир кылуу – ибадаттардын эң улугу жана эң жеңили. Зикир адамды тозок азабынан коргойт жана кыяматта аны көптөгөн сооп-сыйлыктарга жана сый-урматка жеткирет.
Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте адамды тозок азабынан коргогон төрт зикир сөзүн үйрөттү:
1) СУБХАНАЛЛАХ – Аллах бардык айып-кемчиликтерден аруу.
2) АЛХАМДУЛИЛЛАХ – Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун.
3) ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
4) АЛЛАХУ АКБАР – Аллах улук.
Кимде-ким бул зикир сөздөрүн дайым айтып жүрсө, алар аны кыямат күнү төрт тарабынан коргойт, тагыраак айтканда, алды-артынан жана оң-сол тарабынан коштоп коргоп жүрүшөт. Ошондой эле Аллахтын алдында түбөлүктүү сооп-сыйлыктарга жеткирет, аны сый-урматка бөлөп түбөлүктүү бейишке киргизет. Андыктан ар бир мусулман бул сөздөрдү басса-турса айтып жүрүүсү зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЧЕЙИНКИ СООПТУУ БЕШ УБАКЫТ
Абу Хурайра риваят кылган хадисте пайгамбар ﷺ айтты:
«Жумага биринчи убакытта барган адам төө курмандык кылгандай сооп алат. Экинчи убакытта барган адам уй курмандык кылгандай сооп алат. Үчүнчү убакытта барган адам мүйүздүү кочкор курмандык кылгандай сооп алат. Төртүнчү убакытта барган адам тоок курмандык кылгандай сооп алат. Бешинчи убакытта барган адам жумуртка курмандык кылгандай сооп алат. Ал эми имам минбарга чыккан кезде периштелер да келип баян угушат». (Сахих Бухари; Сахих Муслим)
➤ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте жума намазга чейинки беш убакытты санап өттү жана ар бир убакыттын жеке өзүнө жараша сообу бар экенин айтты. Эми ушул айтылган убакыттар канча убакыт созулат, биринчи убактысы качан башталат, акыркы убактысы качан бүтөт дегендей суроолор жаралышы мүмкүн. Бул туурасында аалымдар ар кандай ойлорду айтышкан. Ошол ойлордун арасынан туурага жакыны – жума тууралуу айтылган беш убакыт күн чыккандан башталып, имам минбарга чыкканга чейин уланат. Ошондо биз күн чыккан убакытты карайбыз, анан имам минбарга чыккан жума убактысын карайбыз, экөөсүнүн ортосундагы убакытты бешке бөлөбүз. Мисалы, азыркы убакта күн 8:00до чыгып жатса, жума намазы 13:30да окулат. Бул убакыт аралыгын бешке бөлсөк бир сааттын тегерегиндеги убакыт чыгат. Ошондо ар бир убакыт болжолу бир сааттай созулат. Бул убакыттар күндүн кыскарышына же узарышына карап өзгөрүшү мүмкүн.

🔴 ТООБО КЫЛУУ ЖАНА ИСТИГФАР АЙТУУ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ
⠀
Аллах таала ыйык Куранда айтты:
“Раббиңерден кечирим сурап, андан соң Ага тообо кылсаңар силерге белгилүү бир мөөнөткө чейин эң сонун жакшылыктарды берет жана ар бир артыкчылык ээсине кылган жакшылыктарынын сообун берет. А эгер бурулуп кетсеңер, улуу кыямат күнү силерге азап жетишинен коркомун". (Худ сүрөөсү, 3-аят)
⠀
Ал эми башка бир аятта айтты:
“Мен айттым: “Раббиңерден кечирим сурагыла, чындыгында Ал Кечирүүчү. Ал силерге нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат жана мал-мүлкүңөрдү, бала-чакаңарды көбөйтүп, силерге бактарды жана дарыяларды берет”. (Нух сүрөөсү, 10-12-аяттар)
⠀
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
“Кимде-ким ар дайым истигфар айтып жүрсө, Аллах аны бардык кыйынчылыктардан чыгарат, бардык тынчсыздануулардан куткарат жана анын ырыскысын ал күтпөгөн жактан берет”. (Абу Дауд)
⠀
Ал эми башка бир хадисте айтты:
“Чындыгында Аллахтын кулу өзүнүн кылган күнөөсү үчүн ырыскысынан куру калат”. (“Муснад”, Имам Ахмад)
⠀
Хасан аль-Басриге бир киши келип, кургакчылык болуп жатат ндеп арызданды. Хасан аль-Басри: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Аллахтан кечирим сура!”,– деп жооп берди. Экинчи бир адам келип, жакырчылыгына арызданганда, Хасан аль-Басри: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Аллахтан кечирим сура!”, – деп жооп берди. Үчүнчү бир киши келип Хасан аль-Басриге: “Мен үчүн дуба кыл, Аллах мага бала берсин”,– дегенде, Хасан аль-Басри ага да: “Өзүңдүн күнөөлөрүңө Аллахтан кечирим сура!”,– деп жооп берди.
⠀
Күнөөлөр күнөөкөр адамды жана күнөө кылып жаткан адамды ырыскысынан куру калтырат.
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
🔵 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ ЖЕТИ ЗИКИР СӨЗҮ
Бул зикир сөздөрүн маанисин түшүнүү менен дайым айтып жүрүү көптөгөн соопторго жеткирет.
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
Бул зикир сөздөрүн маанисин түшүнүү менен дайым айтып жүрүү көптөгөн соопторго жеткирет.
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 ЭРТЕҢ УЛУУ АРАФАТ КҮНҮ
Кечээ эле башталган Зулхижжа айынын баштапкы улуу он күнү да бүтөөрүнө аз калды. Бул күндөрү жакшылыктарды кылууга жанталашкан адам акыретте эң улуу сооп-сыйлыктарга жетээринде эч кандай шек жок. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган адам пайдаланып калды, пайдаланбаганы көптөгөн жакшылыктардан жана сооп-сыйлыктардан куру калды.
Дагы да болсо Аллахтын пенделерине болгон ырайымы чексиз. Пенделери көптөгөн сооп-сыйлыктарга жетүүлөрү үчүн аларга Зулхижжанын он күнүн тартуулады. Муну менен эле чектелбестен, ошол он күндүн ичинде дагы бир улуу күндү белгиледи. Ал күн – албетте, Арафат күнү. Ал күндүн да келээрине саналуу гана күн калды.
Арафат күнү – жыл ичиндеги улуу күндөрдүн бири жана анын артыкчылыктары да өтө көп. Аллах Таала ыйык Куранда Арафат күнү менен ант берген жана бул күндү башка күндөрдөн өзгөчөлөп улуктаган. Мына ушул күнү пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, Тозоктон куткарам деп убада кылган. Жеке эле кечиримди убада кылбастан, аларга ырайым тартуулап, алардын кылган дубаларын, сураган ой-тилектерин кабыл кылам деп убада берген. Бул күнү ким орозо туткан болсо, ошол адамдын эки жылдык күнөөлөрү кечирилет деп айтылган.
Арафат күнү – тозок азабынан кутулуунун жана күнөөлөр кечирилген күн. Ошондой эле Аллахтын каргышына калган Иблис кирерге жер таппай кордоло турган күн. Мына ушул күнү Аллах Таала Ислам динин толуктаган, пенделерине Өз нээматын толук берген жана Исламды дин катары тутунууга Өзү ыраазы болгон.
Арафат күнү – Аллах Таала бүткүл адамзаттан жалгыз Ага гана сыйынууга убадаларын алган күн. Бул күн – теңдиктин күнү. Анткени жер бетинин ар тарабынан ажылык кылууга чогулган адамдар, өң-түсүнө, байлык-бийлигине карабай, баарысы бирдей ихрам кийип, Арафат тоосунда Аллахка сыйынышат, Аны улукташат жана Ага гана жалбарып дуба кылышат.
Мусулман бир тууган! Ушундай улуу күндөгү жакшылыктардан өзүңүздү куру калтырбаңыз. Бул күнү сөзсүз орозо тутуңуз, Аллахтан дуба кылып каалаган ой-тилегиңизди сураңыз, Аны зикир кылыңыз, Куран окуңуз, колуңуздан келген жакшылыктарды кылууга аракет жасаңыз.
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2026-жылы Арафат күнү 26-майга туш келет.
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдаттын убактысына чейин ооз жабылат жана шамдын убактысында ооз ачылат.

Арафат күнү боюнча орозо убактыларын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/tilmech/5286