ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 АРАФАТ КҮНҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

1️⃣ АРАФАТ КҮНҮ АЛЛАХ ТААЛА ДИНДИН ТОЛУКТУГУН ТАСТЫКТАГАН АЯТТЫ ТҮШҮРГӨН
 
«Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым». (Маида сүрөсү, 3-аят)
 
Бул аяттын улуулугун жөөттөр дагы түшүнүшкөн. Күндөрдүн биринде алар Умар ибну Хаттабга: «Эй, мусулмандар! Китебиңерде айтылган бир аятты силер дайым окуйсуңар. Эгерде ошол аят бизге түшкөндө, анда биз ал күндү майрам кылмакпыз» – деп айтышат. Умар алардан: «Ал кайсы аят?» – деп сурайт. Алар: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым» – деген аят деп жооп беришет. Ошондо Умар, радыяллаху анху, аларга карап мындай дейт: 
«Аллахка ант болсун! Мен ал аяттын кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде түшкөнүн жана ошол кезде Аллахтын Элчиси ﷺ кайсы жерде болгонун анык билемин. Бул аят биз Арафатта турганда Аллахтын элчиси ﷺ хутба кылып жатканда түшкөн». 

Мына ошол күнү Аллах Таала Өзүнүн динин толук түшүрүп бүтүргөн. Анткени мусулмандар ага чейин ажылык ибадаттарын аткарышчу эмес. Ошол жылы ажылыктын парз кылынышы менен Исламдын негиздери толукталган. 
 
2️⃣ АЛЛАХ ТААЛА КУРАНДА АРАФАТ КҮНҮ МЕНЕН АНТ БЕРГЕН
 
Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах Таала улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү. Аллах Таала айтты:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». (Буруж сүрөсү, 3-аят)

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Убадаланган күн – кыямат күн, күбө кылынган күн – Арафат күн, ал эми күбө болуучу күн – жума күн». (Тирмизи)

Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах Таала ант берген так күн. 
«Жуп жана так менен ант!». (Фажр сүрөсү,3-аят)
Ибну Аббас аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күн, ал эми так (күн) – бул Арафат күн» – деп айткан.
 
3️⃣ АРАФАТ КҮН – АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ЭҢ УЛУУ КҮНДӨРДҮН БИРИ
 
Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, тозоктон куткарыла турган күн. Ошондой эле ушул күнү Аллах Таала периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат. Бул туурасында Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айткан:
 
«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да жакшыраак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскаң, (талбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин жазамды көрүшпөсө да Менин ырайымымды каалашат. Арафат күнүндөгүдөй тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». (Сахих Ибн Хиббан)
 
4️⃣ АРАФАТ КҮНҮ ТУТУЛГАН ОРОЗО ЭКИ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
 
Бул туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Сахих Ибн Хиббан)

Бул орозо ажыга барбаган мусулмандар үчүн мустахаб болуп саналат. Ал эми ажылыкты аткарып жүргөн мусулмандар үчүн бул күнү орозо тутуу милдет эмес. Анткени пайгамбарыбыз ажылыкта Арафат күнү орозо туткан эмес. 

⚠️ Мусулман бир тууган! Арафаттын орозосун сөзсүз карма! Жеке эле өзүң тутпастан, үй-бүлөңдү да орозо тутууга буйругун. Анткени бул күн – улуу күн жана ал күндүн орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон күн. 
 
5️⃣ АРАФАТ КҮН – ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН КҮН
 
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнү кылынган дуба». (Тирмизи)

Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔵 УЛУУ АРАФАТ КҮНҮНДӨ УШУЛ ДУБАНЫ КӨБҮРӨӨК АЙТЫҢЫЗ

Арафат күн — дубалар кабыл боло турган улуу күн. Андыктан бул улуу күндө талыкпай дуба кылыңыз, жетпей жүргөн жакшы ой-тилектериңизди Аллахтан сурап калыңыз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
📌 Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 АРАФА КҮН АЛЛАХТАН БҮТ БААРЫН СУРАЙ ТУРГАН КҮН

▷ t.me/risalatkg
❗️МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОН ЧЫГАРБАҢЫЗ!

Арафат күнү дубалар кабыл болгон күн. Ошондуктан бүгүн басып-туруп дуба кылыңыз. Айрыкча асыр намазынан баштап шам намазына чейинки убакыт аралыгында көбүрөөк дуба кылыңыз. Пайгамбарыбыз да коштошуу ажылыгында Арафат тоосунда турганда дал ушул убакыт аралыгында колун түшүрбөй дуба кылган.

Түшүнгөн адам үчүн бул өзгөчө күн, өзгөчө мүмкүнчүлүк. Алакан жайгандан эринбеңиз, Аллах сураганыңызды берет. Кээ бир аалымдар көптөн күткөн арзуу тилегин дал ушул күнгө сактап койгон деп да айтылат. Арафа күнү келгенде ошону сурашкан, Аллах алардын сураганын кечиктирбей берген.

Ошондуктан эринбестен, чын дилден сураңыз, сиз сураган нерседен Аллахтын казынасы кемип кетпейт. Тескерисинче, Аллах сураган пендесин сүйөт жана анын сурагынын берет.

Аллах бул улуу күндө баарыбыздын арзуу тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ТАКБИР ТАШРИК АЙТУУ ВАЖИП, АНЫ АЙТПАСАҢЫЗ КҮНӨӨКӨР БОЛОСУЗ

Максат ажы Токтомушев

⚠️ Такбир ташрик дубасын төмөндөгү шилтеме аркылуу көчүрүңүз:

➤➤ https://t.me/dubazikir/174

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🟤 КУРМАН АЙТ КҮНҮ НАМАЗДАН КАЙТЫП КЕЛИП ӨЗ КУРМАНДЫГЫНАН ЖЕГЕНГЕ ЧЕЙИН ЭЧ НЕРСЕ ЖЕБЕЙ ТУРУУ

Бурайда ибн Хусайб, радыяллаху анху, риваят кылат:

«Пайгамбар ﷺ орозо айт күнү бир нерседен даам татмайынча үйүнөн чыкчу эмес эле. Ал эми курман айт күнү намаздан кайтып келгенге чейин эч нерсе жечү эмес». (Тирмизи)

Ал эми имам Ахмаддын риваятында мындай деп айтылат:

«Аллахтын Элчиси ﷺ Орозо айт күнү бир нерсе жемейинче үйүнөн чыкчу эмес. Ал эми Курман айт күнү намаздан кайтып келип өз курмандыгынан жегенге чейин эч нерсе жебейт эле». (Ахмад)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Курман айт майрамы менен ар бириңиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун. Аллах таала баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды, кылган жакшылыктарыбызды жана сойгон курмандыгыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өзүнүн ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!
​​🔴 ДУБАЛАРЫҢ КАБЫЛ БОЛСУН ДЕСЕҢ, АРАМДАН АЛЫС БОЛ

Куран-сүннөттө дубанын адептери, шарттары жана кабыл болушуна тоскоолдук кылган иш-аракеттер туурасында келген далилдер өтө көп. Алардын арасынан Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтты:
«Чындыгында Аллах таала – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт. Ошондой эле Аллах таала пайгамбарларга буйруганын ыймандууларга да буйруду. Аллах таала Куранда айтты: «Эй, пайгамбарлар! (Адал) нерселерден жегиле жана жакшы иштерди кылгыла» . Жана айтты: «Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылган (адал) нерселерден жегиле».

Андан соң бир адам тууралуу айтты, ал адам узак жол жүрүп, чачтары жүдөп, чаң баскан абалда асманга колун созуп: «Оо, Раббим! Оо, Раббим!» деп (жалынса), бирок жегени арам, ичкени арам, кийгени арам жана арам менен багылган болсо, анда ага кантип жооп берилсин?!». (Сахих Муслим)

Бул хадис өзүнө көп пайдаларды камтыган мазмундуу хадистердин бири. Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте дуба кылуунун адептери, кабыл болуш шарттары жана ага тоскоол болгон иштер туурасында айтты. Пайгамбарыбыз ﷺ адегенде эле арам тамакты жештин коркунучун жана ал дубанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иштерден экендигин баса белгиледи. Демек, мындан бизге адал тамак – дубанын кабыл болушунун бирден-бир себептеринен экендиги маалым болот.

Вахб ибну Мунаббих айтат:
«Кимди Аллах анын дубасын кабыл кылуусу кубандырса, анда жеп-ичкенин адал кылсын».

Сахабалардын арасынан Саад ибну Абу Ваккас, радыяллаху анху, Аллах тааладан кандай нерсе сурап дуба кылбасын, дубасы тез кабыл болгон. Анткени ал Аллах менен болгон мамиледе чынчыл болгон жана адал тамак гана жеген. Күндөрдүн биринде андан: «Эмне үчүн сахабалардын арасынан сиздин дубаларыңыз тез кабыл болот?» – деп сурашканда, ал:
«Ушуга чейин кандай тамак жебейин, анын кай жактан келгендигин жана кайдан чыгарылгандыгын так билчүмүн» – деп жооп берген.

Ал эми ким арамды жеп-ичкенден, арам кийимди кийгенден сактанбаса, анда бул анын дубаларынын кабыл болбошуна себеп болот. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз ﷺ: «…анда ага кантип жооп берилсин?!» – деп айтты, тактап айтканда анын дубасы кантип кабыл болсун деп таң калуу ирээтинде суроо таштады.

Ошондой эле күнөө иштерди кылуу жана диний милдеттерди аткарбоо да дубанын кабыл болушуна тоскоол болгон иш-аракеттерден.

Бул туурасында Яхья ибну Муаз мындай деп айткан:
«Дубаларым эмнеге кабыл болбойт деп айта бербегин, балким анын кабыл болуш жолдорун күнөөлөрүң тосуп калгандыр».

Ошондуктан пенденин Раббисине тообо кылуусу, күнөөлөрдөн алыс болуусу, Ага гана жүздөнүп ыхластуулук менен сыйынуусу жана жегенин, ичкенин, кийгенин адал жол менен табуусу – дубанын кабыл болуш себептеринен.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Ханафи мазхабы боюнча эркек үчүн киндиктен тизенин астына чейинки жерлер аврат болуп эсептелет. Тизе дагы авратка кирет. Мусулман адам үчүн аврат жерлерин башка бирөөгө көрсөтүү жана башка бирөөнүкүн кароо күнөө болуп саналат.

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ДАРАЖАҢДЫ БИЛГИҢ КЕЛСЕ, АНДА ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕНИҢЕ КАРА
 
▷ Эгер Аллах сени Аны зикир кылуу менен алек кылса, анда билгин, Ал дагы сени периштелердин алдында эскерүүнү каалады.

▷ Эгер Аллах сени Куран окуу менен алек кылса , анда Ал сени менен сүйлөшүүнү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө ибадат кылуу менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнө жакындатууну каалады. 

▷ Эгер Аллах сени дүйнөгө берилүү менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнөн алыстатууну каалады.

▷ Эгер Аллах сени адамдардын гана ыраазылыгын издеш менен алек кылса, анда Ал сени кор абалга түшүүңдү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө дуба кылуу менен алек кылса, анда Ал сенин сураганынды берүүнү каалады.

Андыктан өзүңдүн абалыңа көз чаптыр, эмне менен алек болуп жатканыңа кара. Мына ошондо Аллахтын алдындагы даражаңды билесиң.
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ

Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:

– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун! 

▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот. 

▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот. 

▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот. 

▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат. 

▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат. 

▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын. 

▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун. 

▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун. 

 📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КЕДЕЙЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ

Пайгамбар ﷺ айтты:
«Мага алсыздарыңарды алып келгиле! Чындыгында силер араңардагы алсыздарыңардын (берекеси) менен ырыскыга жана жеңишке жетишип жатасыңар». (Тирмизи, 1702)

Ибну Муаз айтты:
«Кедейлерди жакшы көргөнүң пайгамбарлардын сыпаттарынан, алар менен чогу олтурууну жакшы көргөнүң такыба адамдардын сыпаттарынан, алардан качканың эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан». («Файдуль Кадир», 1/109)
 
Адам алсыздардын берекеси, алардын кылган дубалары себептүү ырыскыга жана жеңишке жетет.

▷ Эгер сен колунда жок адамдарга жардам берсең, анда алар себептүү колуңда жок нерселерге жетесиң.

▷ Эгер сен ырыскысы тартыш болгон кедейлерге жардам берсең, анда кенен ырыскыга жетесиң.

▷ Эгер сен алсыз болгон кембагалдарга жардам берсең, анда жеңишке жетесиң.

▷ Эгер сен адамдар көңүл бурбаган алсыздарга көңүл бурсаң, анда кудуреттүү Аллахтын назарына илинесиң жана Анын ыраазылыгына жетесиң.

══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech