ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
📌 Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 АРАФА КҮН АЛЛАХТАН БҮТ БААРЫН СУРАЙ ТУРГАН КҮН

▷ t.me/risalatkg
❗️МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОН ЧЫГАРБАҢЫЗ!

Арафат күнү дубалар кабыл болгон күн. Ошондуктан бүгүн басып-туруп дуба кылыңыз. Айрыкча асыр намазынан баштап шам намазына чейинки убакыт аралыгында көбүрөөк дуба кылыңыз. Пайгамбарыбыз да коштошуу ажылыгында Арафат тоосунда турганда дал ушул убакыт аралыгында колун түшүрбөй дуба кылган.

Түшүнгөн адам үчүн бул өзгөчө күн, өзгөчө мүмкүнчүлүк. Алакан жайгандан эринбеңиз, Аллах сураганыңызды берет. Кээ бир аалымдар көптөн күткөн арзуу тилегин дал ушул күнгө сактап койгон деп да айтылат. Арафа күнү келгенде ошону сурашкан, Аллах алардын сураганын кечиктирбей берген.

Ошондуктан эринбестен, чын дилден сураңыз, сиз сураган нерседен Аллахтын казынасы кемип кетпейт. Тескерисинче, Аллах сураган пендесин сүйөт жана анын сурагынын берет.

Аллах бул улуу күндө баарыбыздын арзуу тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ТАКБИР ТАШРИК АЙТУУ ВАЖИП, АНЫ АЙТПАСАҢЫЗ КҮНӨӨКӨР БОЛОСУЗ

Максат ажы Токтомушев

⚠️ Такбир ташрик дубасын төмөндөгү шилтеме аркылуу көчүрүңүз:

➤➤ https://t.me/dubazikir/174

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🟤 КУРМАН АЙТ КҮНҮ НАМАЗДАН КАЙТЫП КЕЛИП ӨЗ КУРМАНДЫГЫНАН ЖЕГЕНГЕ ЧЕЙИН ЭЧ НЕРСЕ ЖЕБЕЙ ТУРУУ

Бурайда ибн Хусайб, радыяллаху анху, риваят кылат:

«Пайгамбар ﷺ орозо айт күнү бир нерседен даам татмайынча үйүнөн чыкчу эмес эле. Ал эми курман айт күнү намаздан кайтып келгенге чейин эч нерсе жечү эмес». (Тирмизи)

Ал эми имам Ахмаддын риваятында мындай деп айтылат:

«Аллахтын Элчиси ﷺ Орозо айт күнү бир нерсе жемейинче үйүнөн чыкчу эмес. Ал эми Курман айт күнү намаздан кайтып келип өз курмандыгынан жегенге чейин эч нерсе жебейт эле». (Ахмад)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Курман айт майрамы менен ар бириңиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун. Аллах таала баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды, кылган жакшылыктарыбызды жана сойгон курмандыгыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өзүнүн ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!
​​🔴 ДУБАЛАРЫҢ КАБЫЛ БОЛСУН ДЕСЕҢ, АРАМДАН АЛЫС БОЛ

Куран-сүннөттө дубанын адептери, шарттары жана кабыл болушуна тоскоолдук кылган иш-аракеттер туурасында келген далилдер өтө көп. Алардын арасынан Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтты:
«Чындыгында Аллах таала – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт. Ошондой эле Аллах таала пайгамбарларга буйруганын ыймандууларга да буйруду. Аллах таала Куранда айтты: «Эй, пайгамбарлар! (Адал) нерселерден жегиле жана жакшы иштерди кылгыла» . Жана айтты: «Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылган (адал) нерселерден жегиле».

Андан соң бир адам тууралуу айтты, ал адам узак жол жүрүп, чачтары жүдөп, чаң баскан абалда асманга колун созуп: «Оо, Раббим! Оо, Раббим!» деп (жалынса), бирок жегени арам, ичкени арам, кийгени арам жана арам менен багылган болсо, анда ага кантип жооп берилсин?!». (Сахих Муслим)

Бул хадис өзүнө көп пайдаларды камтыган мазмундуу хадистердин бири. Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте дуба кылуунун адептери, кабыл болуш шарттары жана ага тоскоол болгон иштер туурасында айтты. Пайгамбарыбыз ﷺ адегенде эле арам тамакты жештин коркунучун жана ал дубанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иштерден экендигин баса белгиледи. Демек, мындан бизге адал тамак – дубанын кабыл болушунун бирден-бир себептеринен экендиги маалым болот.

Вахб ибну Мунаббих айтат:
«Кимди Аллах анын дубасын кабыл кылуусу кубандырса, анда жеп-ичкенин адал кылсын».

Сахабалардын арасынан Саад ибну Абу Ваккас, радыяллаху анху, Аллах тааладан кандай нерсе сурап дуба кылбасын, дубасы тез кабыл болгон. Анткени ал Аллах менен болгон мамиледе чынчыл болгон жана адал тамак гана жеген. Күндөрдүн биринде андан: «Эмне үчүн сахабалардын арасынан сиздин дубаларыңыз тез кабыл болот?» – деп сурашканда, ал:
«Ушуга чейин кандай тамак жебейин, анын кай жактан келгендигин жана кайдан чыгарылгандыгын так билчүмүн» – деп жооп берген.

Ал эми ким арамды жеп-ичкенден, арам кийимди кийгенден сактанбаса, анда бул анын дубаларынын кабыл болбошуна себеп болот. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз ﷺ: «…анда ага кантип жооп берилсин?!» – деп айтты, тактап айтканда анын дубасы кантип кабыл болсун деп таң калуу ирээтинде суроо таштады.

Ошондой эле күнөө иштерди кылуу жана диний милдеттерди аткарбоо да дубанын кабыл болушуна тоскоол болгон иш-аракеттерден.

Бул туурасында Яхья ибну Муаз мындай деп айткан:
«Дубаларым эмнеге кабыл болбойт деп айта бербегин, балким анын кабыл болуш жолдорун күнөөлөрүң тосуп калгандыр».

Ошондуктан пенденин Раббисине тообо кылуусу, күнөөлөрдөн алыс болуусу, Ага гана жүздөнүп ыхластуулук менен сыйынуусу жана жегенин, ичкенин, кийгенин адал жол менен табуусу – дубанын кабыл болуш себептеринен.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Ханафи мазхабы боюнча эркек үчүн киндиктен тизенин астына чейинки жерлер аврат болуп эсептелет. Тизе дагы авратка кирет. Мусулман адам үчүн аврат жерлерин башка бирөөгө көрсөтүү жана башка бирөөнүкүн кароо күнөө болуп саналат.

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ДАРАЖАҢДЫ БИЛГИҢ КЕЛСЕ, АНДА ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕНИҢЕ КАРА
 
▷ Эгер Аллах сени Аны зикир кылуу менен алек кылса, анда билгин, Ал дагы сени периштелердин алдында эскерүүнү каалады.

▷ Эгер Аллах сени Куран окуу менен алек кылса , анда Ал сени менен сүйлөшүүнү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө ибадат кылуу менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнө жакындатууну каалады. 

▷ Эгер Аллах сени дүйнөгө берилүү менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнөн алыстатууну каалады.

▷ Эгер Аллах сени адамдардын гана ыраазылыгын издеш менен алек кылса, анда Ал сени кор абалга түшүүңдү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө дуба кылуу менен алек кылса, анда Ал сенин сураганынды берүүнү каалады.

Андыктан өзүңдүн абалыңа көз чаптыр, эмне менен алек болуп жатканыңа кара. Мына ошондо Аллахтын алдындагы даражаңды билесиң.
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ

Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:

– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун! 

▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот. 

▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот. 

▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот. 

▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат. 

▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат. 

▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын. 

▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун. 

▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун. 

 📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КЕДЕЙЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ

Пайгамбар ﷺ айтты:
«Мага алсыздарыңарды алып келгиле! Чындыгында силер араңардагы алсыздарыңардын (берекеси) менен ырыскыга жана жеңишке жетишип жатасыңар». (Тирмизи, 1702)

Ибну Муаз айтты:
«Кедейлерди жакшы көргөнүң пайгамбарлардын сыпаттарынан, алар менен чогу олтурууну жакшы көргөнүң такыба адамдардын сыпаттарынан, алардан качканың эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан». («Файдуль Кадир», 1/109)
 
Адам алсыздардын берекеси, алардын кылган дубалары себептүү ырыскыга жана жеңишке жетет.

▷ Эгер сен колунда жок адамдарга жардам берсең, анда алар себептүү колуңда жок нерселерге жетесиң.

▷ Эгер сен ырыскысы тартыш болгон кедейлерге жардам берсең, анда кенен ырыскыга жетесиң.

▷ Эгер сен алсыз болгон кембагалдарга жардам берсең, анда жеңишке жетесиң.

▷ Эгер сен адамдар көңүл бурбаган алсыздарга көңүл бурсаң, анда кудуреттүү Аллахтын назарына илинесиң жана Анын ыраазылыгына жетесиң.

══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 БАЛАГА АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Акыйка – бул Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында жаңы төрөлгөн баланын атынан жандык союу. Акыйка кылуунун төрөлгөн балага да, анын ата-энесине да чоң пайдасы бар. Акыйка кылуу менен бала шайтандын азгырыгынан амандыкта болот. Ал эми баланын ата-энеси акыйка кылып элге садака бергендиги үчүн акыретте көптөгөн сооп-сыйлыктарга ээ болот. А бул дүйнөдө болсо элдерден жакшы бата-тилектерди алат. Садака бергендигинин себебинен ар түрдүү кырсык балээлерден алыс болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Бала төрөлгөндө жандык союп акыйка кылуунун­ өкүмү шариятта сүннөт иштерден болуп са­налат. Ошондуктан сүннөттү аткарып, төрөлгөн ар бир балага калтырбай акыйка кылуу жакшы иштерден. Уул балага эки кой, ал эми кыз балага бир кой союлат. Эки кой союуга мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда уул бала үчүн бир кой союп койсо жетиштүү болот. Эң башкысы, максат кылынган акыйка кылуу амалы аткарылды. Самурат ибну Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Бала өз акыйкасына байланган. Аны бошот­уу үчүн жетинчи күнү ага атап жандык ­союлуп акыйка кылынат жана ага ат коюлуп, чачы алынат». (Насаи)

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, уул бала үчүн эки кой, кыз бала үчүн бир кой союп акыйка кылууга бизди буйруган». (Ибну Маажах)

Эгерде мурда балага ата-энеси акыйка кылбаган болсо, анда ал бала чоңойгондо өзүнүн атынан өзү акыйка кылса да болот. Анас ибну Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбар болгондон кийин өзүнүн атынан өзү акыйка кылган». ("Ас-Сильсилат ас-Сахиха", Абдурраззак)

Хасан аль­-Басри, рахимахуллах, айтат: «Эгерде сага акыйка кылынбаган болсо, анда сен өзүңдүн атыңдан өзүң акыйка кыл». ("ас-Сильсилат ас-Сахиха")

Акыйка кылуу үчүн жандыкты союп жатканда Аллахым бул жандыкты сен үчүн баланчанын уулу баланчанын атынан деп жүрөгүнөн ниет кылып: “Бисмиллахи, Аллаху Акбар” – деп мууздайт.
Акыйка кылуу – кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо, жарым жашка толсо да жарай берет. Эчки бир жаштан өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө сойгонго жарактуу болуп эсептелет. Ал жандыктар ургаачыбы же эркекпи айырмасы жок, баары тең акыйкага сойгонго жарай берет. Эң негизгиси, акыйкага аталган жандыктын дене-мүчөлөрү бүтүн жана оорукчан болбошу шарт. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, араңжан жандыктар акыйкага жарабайт.

Кыскасын айтканда, курмандык кылууга кандай жандыктар жараса, акыйка кылууга да ошондой жандыкты сойсо жарайт.

Акыйкага союлган жандыктын этин садака кылса болот, же ал этти бышырып тууган-урук, кошуна-колоңдор жана жоро-жолдошторду чакырып меймандаса да болот. Бир бөлүгүн кийин өз үй-бүлөсү менен жегенге сактап койсо да болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ

Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү жандык союлуп, акыйка кылынат. Эгерде жетинчи күнү соё албай калса, анда он төртүнчү күнү союп койсо болот. А эгерде он төртүнчү күнү да сойгонго үлгүрбөй калса, анда жыйырма биринчи күнү, анда да соё албай калса, анда мүмкүнчүлүк болгон күнү союп койсо жарай берет. Бурайда, радыялла­ху анху, риваят кылган хадисте пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Акыйка кылууга даярдалган жандык жетинчи күнү, же он төртүнчү күнү, же болбосо жыйырма биринчи күнү союлат». (Байхаки, "Сахих Ал-Жаамиь")

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ДИНГЕ БЕКЕМ БОЛУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА

▷ Анас, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ ушинтип көп айтат эле:
«Оо, жүрөктөрдү Өзгөртүүчү! Жүрөгүмдү диниңе бекем кыл (Йа, муколлибаль кулууб! Саббит кольби аълаа дииник)». 📕 Тирмизи, 3/171.

Пайгамбарыбыз ﷺ Аллахтын эң сүйүктүү пайгамбары болсо да Аллахтан динге жана акыйкат жолго бекем кылууну дайым сураган. Эгер пайгамбарыбыз ﷺ пайгамбар болуп туруп туура жолго бекем кылууну сурап жатса, анда биз үчүн ар бир көз ирмемде сураш милдет. Анткени адамдын жүрөгү өзгөрмө, жан-дили кубулма, ой пикири оомо, бирок аларды бекем кылган жалгыз Аллах. Ар бир адам баласынын жүрөгү Аллах тааланын гана колунда. Эгер Аллах кааласа, аны туура жолго салып коёт, кааласа аны адаштырып коёт. Андыктан ар бир адам ушул дубаны дайым айтып жүрүүсү зарыл. Анткени анын динге бекем болуусу – анын эки дүйнөдөгү бактылуулугунун негизи болуп эсептелет.

═══════════════

📍Дубаны сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir