🔴 ҮЙЛӨНҮҮ КҮНӨӨДӨН САКТАЙТ
Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)
📌 ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Пайгамбарыбыз ﷺ адамдарды, өзгөчө жаштарды үйлөнүүгө үндөгөн. Эгер кимдин үйлөнүүгө шарты болсо, мисалы, үй-бүлө багууга мүмкүнчүлүгү болсо жана жоопкерчиликти көтөрө ала турган даражага жетсе, анда ал сөзсүз түрдө үйлөнүшү керек. Анткени үйлөнүү көздү арам нерселерден, денени зынадан сактайт. Ал эми үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ орозо тутууну сунуштаган. Анткени орозо денедеги кумар каалоонун күчүн басаңдатып, адамды күнөө иштерден алыс кармайт.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

🔴 МУНУ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БИЛИШЕТ, БИРОК АТКАРЫШПАЙТ
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ ачык кийинген аялдар бейишке кирбесин, жадагалса андай аялдар бейиштин да жытын жыттабасын билишет. Бирок ага карабастан ачык кийинип жүрүшөт.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ хижаб кийүү балагатка жеткен күндөн баштап парз экенин билишет. Бирок ага карабастан хижаб кийишпейт.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ күнүгө бир саат боёнгонго убакыт табышат. Бирок намаз окуу парз десең, эч убактым жок деп көрүнгөн шылтоолорду айтышат.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ каш терген жана кашын тердирген аялдарга Аллахтын каргышы айтылганын билишет. Бирок ага карабастан каштарын терип жүрүшөт.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ атыр себинип көчөгө чыгуу арам экенин, ал атырдын жытын сездириш үчүн эркектердин жанынан өтсө, андай аял зынакор сымал экенин билишет. Бирок ага карабастан сыртка чыкканда атыр жыттарды буркуратып себинип чыгышат.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ аялзаты үнүн назик кылып сүйлөгөнү эркектерди азгырарын, алардын ойлорун бузуп, жаман ойлорго түртөрүн билишет. Бирок ага карабастан эркектердин алдында үндөрүн өзгөртүп назик кылып сүйлөшөт.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ күйөөсүнөн башка эркектерге сулуулануу арам экенин билишет. Бирок ага карабастан көчөдө ашыкча сулууланып жүрүшөт.
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ тозокко түшкөндөрдүн көбү аялдар болору тууралуу хадисти билишет, бирок тозоктон коргонууга эч кандай аракет кылышпайт.
Эми сизге суроо…
Сиз үчүн Аллахтын буйругу, пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү эч кандай мааниге ээ эмеспи? Же сиз Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө, бейишке кирүүгө ошончолук кайдыгерсизби? Сиз үчүн бейишке кирүү ошончолук арзанбы?
Эсиңизде болсун, Аллахтан алыстоо менен эч качан бактылуулукка жете албайсыз.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

🔴 ЫРЫСКЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
Аллах Таала адам баласы энесинин курсагында түйүлдүк кезинде эле анын ырыскысын алдын ала жазып жана белгилеп койгон. Ошондуктан ким болбосун, өз ырыскысына толук жетмейинче бул жашоодон өтпөйт. Ырыскы тууралуу пайгамбарыбыздан ﷺ көп хадистер келген.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ырыскым кечикти дебегиле! Анткени пенде акыркы ырыскысына жетмейинче өлбөйт. Аллахтан корккула! Ырыскыны туура жолдо издегиле, адалын алгыла, арамын таштагыла». | Сахих аль-Жаами,7323
«Чындыгында Аллах Таала жатынга бир периштени даярдап коёт. Ал айтат: «Оо, Раббим, бир тамчы бел суу болду. Оо, Раббим, уюган кан болду. Оо, Раббим, бир тиштем эт болду». Кийин Аллах аны толук жаратууну кааласа, ал айтат: «Оо, Раббим! Балабы же кызбы? Бактысызбы же бактылуубу? Анын ырыскысы жана ажалы кандай?». Ушулардын баарысы ал энесинин курсагында жатканда жазылат». | Сахих Бухари, 6595
«Чындыгында ырыскы пендени анын ажалынан да көбүрөөк издейт». | Сахих ат-Таргыиб, 1703
Абдуллах ибн Умар, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде пайгамбар ﷺ жолдо жаткан курманы көрүп калат. Аны жерден алып: «Эгерде сен буга өзүң келбесең, ал өзү сага келет» – деп айтты». | Сахих ат-Таргыиб, 1705
Демек, ар бир адам өз ырыскысына сөзсүз түрдө жетет. Ырыскысын толук түгөтмөйүн бул дүйнөдөн өтпөйт. Анын ырыскысы Аллах жазгандан көбөйүп да, кемип да кетпейт жана аны андан башкалар тартып да албайт. Себеби ырыскы бул адамдын жеке өзүнө гана таандык энчиси.
Ырыскы десе кээ бирлер жеген тамак-ашты гана ойлойт. Ырыскы деген абдан кеңири түшүнүк. Адамдын ырыскысы жалпысынан алганда эки түрдө болот: убактылуу жана түбөлүктүү.
Убактылуу ырыскы деген – адамга бул дүйнө жашоосунда берилген ырыскынын түрлөрү. Мисалы, анын жеген тамак-ашы, кийген кийими, ден-соолугу, үй-бүлөсү, бала-чакасы, байлыгы, ийгиликтери, жоро-жолдоштору, жумушу жана башка дүйнө жашоосуна гана байланыштуу нерселер.
Ал эми түбөлүк ырыскы деген – адамдын акыретине байланыштуу ырыскынын түрлөрү. Адам бул ырыскынын пайдасын эки дүйнөдө көрөт. Мисалы, ыйман келтирүү, шарият илимин үйрөнүү, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөттөрүн аткаруу, беш убак намазды калтырбай окуу, намазды берилүү жана коркуу менен окуу, ата-эненин ыраазылыгын алуу, балдарды туура тарбиялоо, Куран жаттоо жана окуу, зикир кылуу, садака берүү, кулк-мүнөздүүлүк, туугандык мамилени бекемдөө, адамдарды кечирүү, күнөө иштерден алыс болуу ж.б.
Андыктан ырыскыдан кыйналдым деп арам жолдо ырыскы издебе, убактылуу ырыскыга алаксып, түбөлүк ырыскыңды унутуп калба! Убактылуу ырыскы – бул дүйнөгө гана чектелүү, анын ырахаты убактылуу. Түбөлүк ырыскынын убактысы болсо дүйнөгө гана чектелбестен, анын жакшылыктары түбөлүк.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Имам ан-Навави айтты:
«Ушак деген бул – адамдын денесине, динине, жашоосуна, жеке өзүнө, дене-боюна, мүнөзүнө, мал-мүлкүнө, ата-энесине, бала-чакасына, аялына, кызматчыларына, кийимине, кыймыл-аракетине, түнт же жайдары мүнөзүнө жана башка ага тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылуу. Гыйбат – сөз, белги же ишарат менен болот». (“аль-Азкар”)

➤ Пайгамбарыбыз ﷺ Ашура күнүнө өзгөчө көңүл бурган, ал күнү орозо тутууга шашылган. Абдуллах ибн Аббас айтат:⠀
«Пайгамбар ﷺ артыкчылыкка ээ болгон күндөрдүн арасынан мына ушул Ашура күнүнүн орозосуна айрыкча көңүл бурганын көрдүм». (Сахих Бухари, 1867)
⠀
📌 ЭСКЕРТҮҮ!!!
Быйыл 2026-жылы Ашура күнү 25-июнь күнү болот.
Ашура күнүнө карата орозо календарын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:
➤➤ https://t.me/tilmech/5342

📌 Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал:
«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
➤➤ https://t.me/tilmech
«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 БИР ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛГОН АШУРА КҮН
🔹 АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?
Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы 2026-жылы 25-июнга туура келет.
🔹 БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?
Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фараон жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.
🔹 АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИЯТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?
Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болорун билебиз.
🔹 БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?
Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (24-25-26-июнь күндөрү) катар орозо тутулат.
2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (24-25-июнь күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (25-26-июнь күндөрү) орозо тутуу.
3) Ашура күнү эле (25-июнь күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.
🔹 БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?
– Пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет.
– Бул күнү пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан.
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн.
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз ﷺ аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнүн же кийинки күнүн кошуп туткула деп айткан.
– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фараонду аскери менен кошо жок кылган деп келген.
Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөсү (11:14)
Аллах таала Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!

🔴 АШУРА КҮНҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНДАЙ КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде Ашура күнү тууралуу мындай деп айткан:
«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деп үмүт кыламын». (Сахих Муслим, 1976)
⠀
Бул хадистеги «өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот» дегендин мааниси – бул күндүн орозосу өткөн жылдагы кылынган кичине күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деген маанини билдирет. Ал эми адам чоң күнөөлөрдү кылган болсо, алар үчүн тообо кылуусу шарт.
Бул туурасында Имам Навави мындай деп айткан:
«Ашура күнүнүн орозосу себептүү бир жылдык күнөөлөр кечирилет. Эгерде адамдын кичине күнөөлөрү болсо, анда ал себептүү ошол күнөөлөрү кечирилет. Эгерде анын эч кандай кичине жана чоң күнөөлөрү болбосо, анда ал себептүү ага жакшылыктар жазылат жана даражасы көтөрүлөт. Эгерде анын чоң күнөөлөрү гана болсо, анда ал себептүү алар жеңилдетилет деп үмүт кылабыз». («аль-Мажмуъ шарх аль-Мухаззаб», 6)
Ал эми башка аалымдардан: «Арафат жана Ашура күнүнүн орозосу кичине күнөөлөрдүн гана кечирилишине себеп болот» – деген да сөздөр айтылган.

🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЧЕЙИНКИ СООПТУУ БЕШ УБАКЫТ
Абу Хурайра риваят кылган хадисте пайгамбар ﷺ айтты:
«Жумага биринчи убакытта барган адам төө курмандык кылгандай сооп алат. Экинчи убакытта барган адам уй курмандык кылгандай сооп алат. Үчүнчү убакытта барган адам мүйүздүү кочкор курмандык кылгандай сооп алат. Төртүнчү убакытта барган адам тоок курмандык кылгандай сооп алат. Бешинчи убакытта барган адам жумуртка курмандык кылгандай сооп алат. Ал эми имам минбарга чыккан кезде периштелер да келип баян угушат». (Сахих Бухари; Сахих Муслим)
➤ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте жума намазга чейинки беш убакытты санап өттү жана ар бир убакыттын жеке өзүнө жараша сообу бар экенин айтты. Эми ушул айтылган убакыттар канча убакыт созулат, биринчи убактысы качан башталат, акыркы убактысы качан бүтөт дегендей суроолор жаралышы мүмкүн. Бул туурасында аалымдар ар кандай ойлорду айтышкан. Ошол ойлордун арасынан туурага жакыны – жума тууралуу айтылган беш убакыт күн чыккандан башталып, имам минбарга чыкканга чейин уланат. Ошондо биз күн чыккан убакытты карайбыз, анан имам минбарга чыккан жума убактысын карайбыз, экөөсүнүн ортосундагы убакытты бешке бөлөбүз. Мисалы, азыркы убакта күн 8:00до чыгып жатса, жума намазы 13:30да окулат. Бул убакыт аралыгын бешке бөлсөк бир сааттын тегерегиндеги убакыт чыгат. Ошондо ар бир убакыт болжолу бир сааттай созулат. Бул убакыттар күндүн кыскарышына же узарышына карап өзгөрүшү мүмкүн.

🔴 КАНДАЙ АДАМ ЭКЕНИҢДИ ӨЛҮМ КЕЛГЕНДЕ БИЛЕСИҢ
Кумейл ибну Зияд айтты:
Күндөрдүн биринде Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анху, менен бирге жолго чыктым. Качан биз көрүстөнгө жетейин деп калганда ал кабырларга карап мындай деди:
– Эй, кабыр ээлери! Эй, сыноо ээлери! Эй, жалгыздык ээлери! Силерде эмне жаңылыктар? Биздеги жаңылыктарды айта турган болсом, силер салган үйлөрдө башкалар жашап жатышат, силер топтогон байлыгыңардын баарысын бөлүп кетишти, балдарыңар болсо жетим калды, аялдарыңар болсо башкаларга турмушка чыгып кетишти. Бизде мына ушундай жаңылыктар болду. А силерде эмне жаңылыктар?
Андан соң мага кайрылып:
– Оо, Кумейл! Эгерде буларга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде мындай деп айтышмак: «Жол азыгыңарды камдагыла! Чындыгында эң жакшы азык – такыбалык экен».
Ошондо ал өзүн кармана албай ыйлады. Бир аздан кийин мага карап мындай деди:
– Оо, Кумейл! Кабыр – адамдын кылган иш-аракеттеринин сандыгы. Сен анын ичинде эмне бар экенин өлүм келгенде билесиң. («Канзуль Уъммал», 3/396)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Өлүм келгенде сен үчүн эң кымбат болгон бүткүл нерсе артыңда калат. Сен күн-түн дебей далбастап чогулткан байлыгың да калат. Сенин көзүңдү май бастырган бийлигиң да калат. Сен суктанган сулуулугуң топуракка айланат. Бүгүн атагың асманга жетип турса да, адамдардын баарысы сенин көзүңдү карап турушса да, эртең эле эч нерсе болбогондой унутуласың. Анткени бул жашоо канчалык узак сезилсе да ал өтө кыска, канчалык кооз көрүнсө да ал убактылуу, канчалык чындыктай сезилсе да ал азгырык. Бул дүйнө жашоосу дүрт этип күйүп, жалп этип өчкөн от сыяктуу. Ал чыныгы акырет жашоосунун жанында бир көз ирмемге барабар болгон убакыт сыяктуу. Мына ошондуктан бул дүйнө жана анын ичиндеги болгон бүткүл нерселер Аллахтын алдында чиркейдин канатына да тең келбейт. Акыретке барганда сенин таянган байлыгың, бийлигиң, бала-чакаң сага эч жардам бербейт. Акыретте сага жардам берген бир гана нерсе бар – ал сенин такыбалыгың, Аллахтан коркконуң жана Анын дини менен жашаганың. Бул убактылуу жашоодо динсиз жашап өтүү – түбөлүктүү акыретти жоготуу деген сөз. Андыктан азыртадан акыретке азыгыңды камда, такыбалыкты бекем карма!