▷ Аль-Асмаи айтат:
«Бир жолу чөлгө барып калдым. Ошондо ушунчалык бир сулуу аялды көрдүм. Бирок анын күйөөсү өтө түрү суук адам экен. Анан мен ал аялдан:
– Ушундай адамдын алдында болууга кантип ыраазы болуп жүрөсүң? – деп сурасам, ал мага карап:
– Эй, сен укчу! Балким ал Аллах менен болгон мамилесинде такыбалык кылганы үчүн мени ага сыйлык катары бергендир. А балким мен Аллах менен болгон мамилемде кемчиликтерди кетиргеним үчүн аны мага жазакатары бергендир. Аллах мага Өзү каалап бергенине кантип нааразы болоюн?! – деп жооп бергенде мен эч нерсе дей албай туруп калдым». 📚 "Ихья улуму ддин"
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Адам Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Ал ага күтпөгөндөй сыйлыктарды берет. Адамдар сенин сырткы сулуулугуңа карап мамиле кылса, Аллах сенин ички сулуулугуңа карап мамиле кылат. Аллах эч качан адамдын сулуулугуна жана байлыгына карабайт, Ал адамдын жүрөгүнө, ниетине жана иш-аракеттерине карайт жана ошого жараша сыйлыгын же жазасын берет.
═════════
➤ https://t.me/tilmech

Өлүккө кылынган жакшылыктардын эң жакшысы – ал үчүн дуба кылуу, анын күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим тилеп истигфар айтуу.
📿 Сиз дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыңызга акыркы жолу качан дуба кылдыңыз, качан алар үчүн Аллахтан кечирим сурадыңыз?
Аларга азыр дуба кылыңыз! Дуба кылууда сөзсүз эле дасторкон салыш же такыя кийиш же даараттуу болуш же алакан жайыш шарт эмес. Кандай абалда болсоңуз да, кайсы жакта болсоңуз да, ошол абалыңызда сыртыңыздан же ичиңизден дуба кыла бересиз.
⚠️ Эгерде эмне деп дуба кылам деп билбей жатсаңыз, анда ушундай дуба кылсаңыз да болот:
– Оо, Аллах! Дүйнөдөн өтүп кеткен баланча тууганымдын же ата-энемдин ж.б. адамдардын күнөөлөрүн кечир! Аларга ырайым кыл! Сурагын жеңил кыл! Бейишке кирген адамдардын катарына кош! Алардан жакшылыгыңды аяба, аларды Өз ырайымыңа бөлө! Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин да, алардын да күнөөлөрүн кечир!
➤➤ https://t.me/tilmech

Аларга дуба кылууну унутпа! Алар сенин дубаңа муктаж. Тирүүлөрдүн өлүктөргө кылган эң чоң жакшылыгы — аларга дуба кылуу, Аллахтын кечиримин, ырайымын тилөө.
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ
Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:
«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.
Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.
► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.
► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».
═══════════════

🔵 ЖУМА НАМАЗЫНА ЖӨНӨГӨН АДАМ АЛЛАХТЫН ЖОЛУНДА БОЛОТ
❏ Язид ибн Абу Мариям, радыяллаху анху, айтты:
«Мен жумага жөө баратсам Ибая ибн Рифаът, радыяллаху анху, артымдан келип: «Сага сүйүнчү! Чындыгында, сенин бул кадамдарың Аллах жолундагы кадамдар. Абу Аббастын мындай деп айтып жатканын уктум: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кимдин буттары Аллах жолунда чаң болсо, анда ал буттар тозокко арам болот». (Тирмизи)
❏ Имам Бухаринин риваятында мындай деп келет:
«Ибая айтты: «Мен жумага баратсам Абу Аббас мага жетип келип: «Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Кимдин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда аны Аллах тозокко арам кылат» – деп айтып жатканын уктум» – деп айтты».
❏ Башка бир риваятта: «Кайсы пенденин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда ага тозок оту тийбейт» – деп келет. Бул риваятта Ибаянын Язидке айткан сөзү айтылбайт.

Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 ЫРЫСКЫМ КӨБӨЙСҮН ДЕСЕҢ АЛЛАХКА ГАНА ТАЯН
⠀
Аллах таала айтты:
“Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал Аллах ага жетиштүү. Чындыгында Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсенин өлчөмүн белгилеп койгон”. [Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар]
⠀
Бул аят туурасында пайгамбарыбыз ﷺ Абу Зар, радыяллаху анхуга, кайрылып мындай деп айткан:
“Оо, Абу Зар! Эгерде бардык адамдар ушул аятты колдоно билгенде, бул аларга дүйнө жашоосунда жетиштүү болмок”. [“Мустадрак”, Хаким]
⠀
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
“Эгерде силер чыныгы тобокел менен Аллахка тобокел кылсаңар, анда Аллах силерге кушка ырыскы бергендей ырыскы берет эле – куш эртең менен курсагы ач учуп чыгат, кечинде курсагы ток кайтып келет”. [Тирмизи]

🔴 КАРЫЗГА БЕРИЛГЕН 1000 ДИНАР
Пайгамбар ﷺ Бану Исраил коомундагы бир адамдын окуясын мындай деп айтып берет:
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
«Күндөрдүн биринде бир адам акчага муктаж болуп, бирөөдөн карызга миң динар сураганда, ал ага:
– Мага күбөлөрдү алып кел, сага акча бергениме күбө болушсун,– дейт.
Акча сурап жаткан адам:
– Сен экөөбүздүн ортобузда күбө болууга Аллах жетиштүү,– деп айтат. Ошондо карыз берип жаткан адам:
– Анда сага кепил боло турган адам алып кел,– дейт.
Карыз алып жаткан адам:
– Мага кепил болууга Аллах жетиштүү,– деп айтат. Анда ал:
– Туура айтасың,– деп, бир убакытты чектеп ага миң динар берет.
Ал акчаны алып, деңизге сапарга чыгат. Өзүнүн көздөгөн иштерин бүтүрүп, акчаны кайтаруу мөөнөтү келген соң артка кайтууга кеме издейт. Бир канча күн күтөт, бирок кетүүгө эч бир кеме чыкпайт. Карызды бере турган убактысы келип, аны кантип берүүнүн жолун таппай, акыры бир дөңгөчтү тешип, ичине миң динарды жана ал динарлардын ээсине жазган катты кошо салып кайра тешигин бүтөп коёт. Ал дөңгөчтү деңизге алып келип:
«Оо, Аллах! Мен баланчадан карызга миң динар сураганымды билесиң. Ал менден кепил талап кылганда ага «кепилдикке Аллах жетиштүү» деп айтканымда ал Сага ыраазы болгон. Күбө талап кылганда «күбөлүккө Аллах жетиштүү» деп айтканымда дагы Сага ыраазы болгон. Чындыгында, мен ал карызымды кайтарып берүүгө болгон аракетимди кылдым, бирок эч бир кеме таппадым. Эми бул динарларды Сага тапшырдым» – деп дөңгөчтү деңизге ыргытат. Дөңгөч көрүнбөй калганча карап туруп, кайра барып өзүнүн шаарына кетүүгө кеме издөөсүн улантат.
Ал эми карыз берген адам кемедеги адамдар акчамды алып келип калабы деген ойдо деңиздин жээгине келет. Деңиз жээктен бир дөңгөчтун жатканын көрүп, үй-бүлөмө отун кылып берейин деп көтөрүп үйүнө алып кетет. Ал дөңгөчтү алып барып жарса эле ичинен акча менен кат чыгат.
Көп өтпөй эле карыздар адам карыз берген адамга миң динар көтөрүп келип:
– Аллахка ант болсун! Сага акчаңды алып келип берүү үчүн кеме издеп аябай аракет кылдым, ушул келген кемеден алдын башка кеме таппадым,– дейт. Карыз берген адам:
– Сен мага мындан мурун бир нерсе жөнөттүң беле? – дейт. Анда карыз алган адам:
– Айтпадымбы, ушул келген кемеден алдын башка кеме таппадым,– дейт. Карыз берген адам:
«Чындыгында, Аллах сен дөңгөчтүн ичине салып жөнөткөн акча менен сенин алган карызыңды өтөп койду. Ал эми бул динарыңды өзүң ала бер» – деп өзүнө кайтарып берет». (Сахих Бухари, 2169)
✅ БУЛ ОКУЯДАН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР
❐ Бардык иштериңде жалгыз Аллах таалага гана таян. Күчүңө жана абалыңа ишенбе. Ошондой эле Аллахты өзүңдүн иштериңде кепилиң кыл жана Ага чынчыл бол, ошондо Аллах сени эч качан жардамсыз калтырбайт.
❐ Кимде-ким карыз алып, аны чын дилинен берем деп ниет кылып аны өтөөгө аракет кылса, ал карызды өтөөгө Аллах таала Өзү жардам берет.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
📌 КАРЫЗДАН КУТУЛУУ ДУБАСЫ
⚠️ Жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
🎞 Видеосун бул төмөндөгү шилтемеден көчүрүңүз:
▷ https://t.me/dubazikir/72

🔴 ГОРОСКОПКО ИШЕНҮҮНҮН КҮНӨӨСҮН БИЛЕСИЗБИ?
Астрология, гороскоп, ырыс-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат:
«Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт». | Муснад Ахмад
«Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Сахих ат-Таргыиб
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан:
«Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Шарх Китаб ат-Таухид, 349
Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу