🔴 АЛЛАХТЫН КААРЫН КЕЛТИРГЕН ЭҢ ЖАМАН САПАТ
Ибну Кудама (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты:
«Гыйбат (ушак) кылган адам билсин, ал башка адамды ушактоо менен Аллахтын каарына калат жана кылган жакшылык иштеринин сооптору ушактап жаткан адамга берилет. Эгерде анын бере тургандай жакшылык иштери жок болсо, анда тигил адамдын күнөөлөрүнөн алат. Ким мунун маанисин терең түшүнгөн болсо, анда ал тилин гыйбаттан тыят.
Эгерде ал ушактай тургандай абалга туш болуп калса, анда биринчи эле өзүнүн айыптары тууралуу ойлонсун, аларды оңдоо менен алек болсун. Өзүндө айыптары болуп туруп, башканы айыптагандан уялсын. Өзүн айыпсыз деп ойлосо да ушундай кылсын.
Ошондой эле Аллахтын ага берген жакшылыктарына шүгүр кылуу менен алектенсин. Жан дүйнөсүн ушактоо деген эң жаман сыпат менен булгабасын. Бирөө аны ушактаганын жаман көргөн сыяктуу өзү да башкаларды ушактоону жаман көрсүн». ("Мухтасар минхаж аль-Коосидин", 171-бет)
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
❏ СУРОО:
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
❏ ЖООП:
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)
Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот.
Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот. Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.
═══════════════

📌 Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)

🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ
Аллах таалага жакындаткан эң улуу нафил ибадаттардын бири – Куранды дайым окуу, кунт коюп угуу жана анын ичиндеги маанилерге ой жүгүртүү. Курандын ар бир тамгасында сооптор бар, ар бир аятында жакшылыктар бар, ар бир сүрөөсүндө эки дүйнө бактысына багыт көрсөткөн жолдомолор жана жол-жоболор бар. Куран китеби бизге Кудайды тааныткан эң улуу китеп жана ал пенде менен Раббисинин ортосундагы эң күчтүү байланыш.
● Улуу сахабалардын бири Хаббаб ибну аль-Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп насыйкат кылган:
«Аллахка жакындоого болушунча аракет кыл! Билип кой, Аллахка сүйүктүү иш-аракеттердин арасынан сени Ага Куран китебинчелик башка эч нерсе жакындата албайт». («Жаамиъ аль-Улуум уаль-Хикам», 36)
● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:
– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал:
– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 БАКАНЫ ДАРЫЛЫК МАКСАТТА ӨЛТҮРСӨ БОЛОБУ?
Шариятта баканы өлтүрүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу бир нече хадистер айтылган. Аалымдар ошол далилдердин негизинде баканы өлтүрүү арам деп өкүм кылышкан.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ борбаш чымчыкты, баканы, кумурсканы жана сасык үпүптү өлтүрүүнү тыйган». (Ибну Маажах, 211)
Ал эми Абдуррахман ибн Усман ат-Тайми айтты:
«Бир дарыгер Аллахтын элчисинен ﷺ баканы дарылык максатта колдонсо болобу деп сураганда, ал аны өлтүрүүдөн тыйган». (Абу Дауд, 5269)
Имам Байхаки айтты: «Бул хадис баканы өлтүрүүгө тыюу салган далилдердин эң күчтүүсү». («Субул ас-Салам», 2/515)
Ал эми баканы өлтүрүүгө тыюу салынышынын сыры тууралуу Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анху, мындай деп айткан:
«Курбакаларды өлтүрбөгүлө, анткени алардын чардаганы – тасбих (Аллахты аруулоо). Ошондой эле жарганатты да өлтүрбөгүлө, анткени Байтуль-Макдис (Акса мечити) талкаланганда, ал айткан: «Оо, Раббим! Мага деңиздин үстүнөн бийлик бер, мен аларды чөктүрөйүн». («Ас-Сунан аль-Кубро», Байхаки, 9/318)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Аалымдар баканы өлтүрүү, жеш жана аны дарылык максатта пайдалуу арам экендигине жогорудагы эки хадисти далил кылышкан. Эгерде аны жегенге уруксат болгондо, анда Пайгамбарыбыз ﷺ аны өлтүрүүдөн тыймак эмес.

🔴 МАРКУМГА ДУБА КЫЛГАНДЫ УНУТПА
Аалымдардын бири айтат: «Бир жакка сапар кылып барып калдым. Мен ал жерде чоочун жана баш калкалай турган жерим жок болгондуктан, мечиттердин бирине барып уктадым. Уктап жатсам жаназа окуу үчүн адамдар топурап кирип келишти. Ошондо ичинден мен дагы соопчулук үчүн кошулуп жаназа окуюн дедим да, алар менен чогу жаназа окудум. Анан алар менен кошо аны көмүү үчүн бардым. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«Кимде-ким маркумдун жаназасына катышса, анда ал бир карат өлчөмүндө сооп алат. Ал эми ким көмгөнүнө да катышса, анда ага эки карат өлчөмүндө сооп жазылат». Андан: «Эки карат деген канча?» – деп сураганда: «Ал эки чоң тоо сыяктуу» – деп жооп берди». (Сахих Бухари, 1325)
Адамдар маркумду көмгөндөн кийин бири да калбай кайтып кетишти. Ошондо ичимден бул өлгөн адам азыркы учурда дубага өтө муктаж деп Аллахка кайрылып:
– Оо, Раббим! Бул адам Сага конок болуп келди, бирок мен аны тааныбайм. Эгер бул адам мага конок болуп келсе, аны тааныбасам да мен ага сый көрсөтмөкмүн. Сен болсо жоомарттардын эң жоомартысың, эми кантип ага сый көрсөтпөй коёсуң?! – деп дуба кылдым.
Андан соң мечитке кайра келип уктадым. Түшүмдө аппак кийимчен бир адамды көрдүм. Ал менден: «Мага дуба кылган адам сен белең?» – деп сурады. «Сен кимсиң?» – дедим. Ошондо ал айтты: «Сен дуба кылган кабырдагы адам менмин. Аллахка ант болсун, Аллах сенин дубаң себептүү күнөөлөрүмдү кечирди».
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

🔴 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ
1. «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын» Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.
2. «Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат.
3. «Аллаху акбар» – «Аллах улук» Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз.
4. «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат.
5. «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.
6. «МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.
7. «ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.
8. «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.
9. «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.
10. «Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.
11. «Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.
12. «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.
13. «Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.
14. «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз.
15. «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун». Пайгамбарыбыздын атын укканда же анын атын айтканда айтылат.