ТИЛМЕЧ
10.8K subscribers
3.56K photos
207 videos
1 file
3.77K links
Download Telegram
🔴 ИСЛАМДАГЫ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким жума күнү башын жууса, гусул алса, мечитке эрте барса, хутбаны башынан баштап укса, эч нерсе минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп, хутбаны кунт коюп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет». |Абу Дауд, 345

Кээ бир аалымдар: «Биз шариятта мынчалык соопту камтыган негиздүү хадисти уккан эмеспиз» деп айтышкан. |Тухфатуль-Ахвази, 3/15

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄

Бул хадис шариятта келген эң сооптуу хадистердин бири. Адам жума намазга баратканда ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо жана бир жылдык тахажуд намазын окуду деген соопко жетет.

Элестетиңиз, адам канча кадам басып барышы мүмкүн? Эгер ушул хадисте айтылгандарды аткарса, канча деген соопторго жетиши мүмкүн? Биз бул хадистен Аллахтын бизге болгон мээримин билебиз. Ал бизге кичине гана ибадаттардын артында көптөгөн соопторду даярдап койгон. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
✔️ Ойлонуу — оорунун жарымы. Оору денени талкалаган сыяктуу, түпсүз ойлор адамдын жашоосун талкалайт. Шайтан адамдын жүрөгүнө анын ойлору аркылуу кирет, ар кандай азгырык ойлорду жаратып, акыры адамдын ички дүйнөсүн бузат.

➤➤ https://t.me/tilmech
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ЗЫНАДАН САКТАНУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА

Эгерде адамга зына кылуу коркунучу жаралса же зынаны токтото албай жатса же көзүн арамдан тыя албай жатса, анда бул дуба дайым айтып жүрүүсү зарыл.

📍 Видеону сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
​​🔴 БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ

Имам Шиблийдин бир досу айтат:

«Имам Шиблий бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:
 – Аллах сага кандай мамиле кылды? – деп сурасам, ал айтты: «Ал мени Өз алдына тургузуп: 
 
– Оо, Абу Бакр! Билесиңби, мен сени кайсы нерсең үчүн кечирдим? – деп сурады. Мен:
 – Жакшы иш-аракеттерим үчүн чыгар,– десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ыкластуулугум жана ибадаттарым үчүн чыгар? – десем: 
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ажылыгым, орозом жана намаздарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, Мен сени ал үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Анда такыба адамдардын жанына көчүп барганым үчүнбү? – десем:
– Жок,– деди.
 
– Анда илим алуу үчүн узак сапарга чыкканым үчүнбү? – дедим.
– Жок,– деди.
 
– Оо, Раббим! Бул иштердин баарысы адамды азаптан сактай турган иштер го! Мен булардын баарысын Сени кичирет деген үмүттө алымдын келишинче жанталашып аткаргам,– дедим.
– Мен сени булар үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Оо, Аллах! Анда кайсы ишим үчүн кечирдиң? – деп сурасам, Ал айтты:
– Бир жолу сен Багдаддын көчөлөрүнүн биринде баратып кичинекей бир мышыкты көргөнүң эсиңдеби. Ал катуу сууктан улам өлөйүн деп бутун жерге коё албай дубалдан дубалга секирип жаткан болчу. Ошондо ага бооруң ооруп, аны сууктан коргош үчүн үстүңдө жамынган чепкениңе орогонсуң. 
– Ооба, эстедим,– дедим.
– Сен ошол мышыкка бооруң ооруп мээрим төккөнүң үчүн Мен сага ырайым кылдым,– деди. ("Тарих", Ибн Асакир, 342)

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ШИРК КЫЛБАСАҢ, АЛЛАХ ЭЧ НЕРСЕГЕ КАРАБАЙ КҮНӨӨЛӨРҮҢДҮ КЕЧИРЕТ

▷ t.me/risalatkg
​​🔴 АДАМДЫ ИБАДАТТАН ТОСКОН ЭҢ ЧОҢ СЕБЕП
 
Адамдын ыймандуу экендигинин эң чоң белгилеринин бири – өткөрүп жиберген ибадаты жана кылган күнөөсү үчүн өкүнүүсү.
 
Абу Дауд, рахимахуллах, айтат:
Күндөрдүн биринде Курз аль-Харисинин үстүнө кирсем, ал ыйлап жаткан экен.
Мен андан:
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деп сурасам, ал мындай деди:
– Күнүгө калтырбай окуп жүргөн Куранымды кечээ окуй албай калдым. Аны окубай калганымдын себеби кандайдыр бир күнөөм үчүн болду окшойт деп ойлоп жатам. («Аль-Хилья», 5/79)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Күнөө – адамды ибадаттан тоскон эң чоң себептердин бири. Адам канчалык көп күнөө кылган сайын, ошончолук ибадаттан алыстайт. Эгерде адам кайсы бир ибадатты аткарууда жалкоолукту сезсе же мурункудай ибадатка болгон кызыгуусу жоголгонун байкаса, анда бул нерселер анын күнөө кылып жатканынан болушу мүмкүн. Анткени адам күнөө кылуу менен Аллахтан алыстайт, ибадат кылуу менен Ага жакындайт.

Эгерде сен адамдар менен сүйлөшкөнгө убакыт таап, бирок Аллахты зикир кылганга убакыт таппай жатсаң, жумушка убакыт таап, бирок намазга убакыт таппай жатсаң, тамак жегенге убакыт таап, бирок орозо кармаганга убакыт таппай жатсаң, интернетке убакыт таап, бирок Куран окуганга убакыт таппай жатсаң, алыс жактарга барып эс алууга убакыт таап, бирок жумага убакыт таппай жатсаң, демек, бул нерсе сенин күнөөлөрүң себептүү болуп жатат. Анткени Аллах сени күнөөлөрүң себептүү Өзүнө жакындатууну каалаган жок.

Ошондуктан ибадатка бекем болгусу келген адам – эң алгач күнөөлөрдү таштоосу керек. Күнөө кылуу менен Аллахка жакындоо мүмкүн эмес.

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ДҮЙНӨ АЗГЫРЫГЫНАН САКТАГАН ТӨРТ АКЫЙКАТ

• Хасан аль-Басриден:

«Дүнүйөгө умтулбаганыңыздын сыры эмнеде?» – деп сурашканда, ал мындай деп жооп берди:

— Менин ырыскымды менден башка эч ким ала албастыгын билдим, ошондуктан ал нерсеге эч кабатыр болбодум.

— Менин иш-аракеттеримди менден башка эч ким кылбастыгын билдим, ошондуктан аларды өзүм аткарууга кириштим.

— Аллах таала мени көрүп-билип турарын билдим, ошондуктан Ага күнөө кылып жолугуудан уялдым.

— Өлүм мени да күтүп турарын билдим, ошондуктан Аллах менен жолугууга азыгымды камдадым.

📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”

═══════════════
➤ @tilmech
➤ @tilmech