Кара-Суу базарындагы сатуучулар митингге чыгышты
Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Алар 18-ноябрь күнү Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушту.
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев чыгып чогулгандардын сөзүн укту. Ал маселе менен тааныш экенин айтып, аны борбордук бийлик менен чечүү үчүн бир күн убакыт берүүнү суранды.
- деди аким.
Бирок соодагерлер базарды күн сайын жаап келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун белгилеп, каршылыгын билдиришти.
@azattyk_radiosu

"Бул маселе биздин компетенцияда эмес. Мен чечип бере албайм. Бишкек менен сүйлөшөлү. Эртең саат 12ге ушул жерге келип бергиле, мен сиздерге айтып коеюн, бүгүн эч ким жетишпейт",
- деди аким.
Бирок соодагерлер базарды күн сайын жаап келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун белгилеп, каршылыгын билдиришти.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Кара-Суу базарындагы сатуучулар митингге чыгышты
Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Алар бүгүн, 18-ноябрь күнү Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушту.
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев чыгып…

🔥1
«Азаттык» радиосу
Кара-Суу базарындагы сатуучулар митингге чыгышты Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Алар 18-ноябрь күнү Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушту. Кара…
Кара-Суу базаранын соодагерлери уюштургун митинг боюнча милиция текшерүү иштерин баштады
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарынын соодагерлеринин митингге чыгышы боюнча факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
Облустук милиция нааразылык акциянын катышуучулары ижаранын акысын азайтууга байланыштуу сунуш бергенин, бул маселе тиешелүү жетекчилерге жеткирилип, аны чечүү боюнча сунуштар каралып жатканын кошумчалады.
- деп айтылат маалыматта.

“Базар администрациясынын маалыматына ылайык, айтылган сунуштар жана пикирлер каралып, чечим кабыл алынат. Окуя болгон жерде Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жарандарга коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”,
- деп айтылат маалыматта.
@azattyk_radiosu
👍2🤬1
‼️Бишкекте “Нур Умра” компаниясынын жетекчиси кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбордо кичи ажылык зыяратын уюштуруудагы алдамчылык иши боюнча “Нур Умра трэвел” туристтик компаниясынын жетекчиси кармалганын билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин учурунда Кыргызстандын 100дөн ашык жараны Ташкент шаарынан кичи умра зыяратына уча албай калганы аныкталган. Текшерүүдө кыргыз жарандары зыяратка баруу үчүн жолдомолорду “Нур Умра трэвелден” сатып алышканы такталган.
“Алдын ала маалыматтарга караганда, туристтик компания зыяратчыларды умра тиркемесине тиешелүү каттоодон өткөрбөстөн, Өзбекстандын аймагы аркылуу сапарга чыгарган. Мындан тышкары, социалдык тармактарга тараган видео кайрылууда жарандар компаниянын жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 АКШ долларынан талап кылгандыгын билдиришкен. Ошондой эле буга чейин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан зыярат сапарларын уюштурууда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча аталган компанияга карата эки акт түзүлгөндүгү белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте “Нур Умра” компаниясынын жетекчиси кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбордо кичи ажылык зыяратын уюштуруудагы алдамчылык иши боюнча “Нур Умра трэвел” туристтик компаниясынын жетекчиси кармалганын билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн…

👍3🤬1
Кара-Суу: соодагерлердин митинги, Туманбаевдин убадасы | ЖАҢЫЛЫКТАР | 18.11.2026
• Президенттик шайлоого байланыштуу маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Арым депутаттар Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн сынга алды.
• Кара-Сууда "Туратали" базарында иштеген соодагерлер ижара акынын кымбатташына нааразылык билдирип чыкты. Аларга
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жолукту.
• Бейшембиде Си Цзинпин, Владимир Путин жана Дональд Трамп Украинадагы согуш, өзөктүк куралды көзөмөлдөө, Ирандагы согуш, жасалма интеллект өңдүү эл аралык саясаттагы негизги темаларды талкуулайт. https://www.youtube.com/watch?v=Ap7hBqpJj0Y

YouTube
Кара-Суу: соодагерлердин митинги, Туманбаевдин убадасы | ЖАҢЫЛЫКТАР | 18.11.2026
- Президенттик шайлоого байланыштуу маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Арым депутаттар Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн сынга алды.
- Кара-Сууда "Туратали" базарында иштеген соодагерлер ижара акынын кымбатташына нааразылык билдирип чыкты. Аларга
Президенттин…

❤1
Кыргыз бийлиги быйыл Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 295 жаранын которуп келгени маалым болду. Ошол эле учурда 53 кыргыз жаранына которууга уруксат берилген эмес. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун аймактардагы жолугушууларында тургундар Орусияда соттолгон уул-кыздарын, жакындарын Кыргызстанга которууда маселе жаралып жатканын айтып чыгышкан.
@azattyk_radiosu
@azattyk_radiosu
YouTube
Махабат: Балдарымды согушка азгырышты
Кыргыз бийлиги быйыл Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 295 жаранын которуп келгени маалым болду. Ошол эле учурда 53 кыргыз жаранына которууга уруксат берилген эмес. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун аймактардагы жолугушууларында тургундар…
👍2❤1
Дүйнөнүн тагдыры үч лидердин колундабы? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 19.11.2026
- Президенттик шайлоого катышууга арыз бергендер Садыр Жапаров менен жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?
- Дүйнөнүн тагдыры үч лидердин колундабы? Трамп, Путин жана Си Цзиньпин тарыхта биринчи жолу үч тараптуу саммит өткөрүштү.
- Кыргызстандын ички карызы тышкы карызга теңелди. Депутаттардын кооптонуусуна өкмөт жооп берди. https://www.youtube.com/watch?v=g-tGRhkG48M

- Кыргызстандын ички карызы…

"Соцтармактагы ар бир адам үчүн кооптуу белги". Молдалиев иши, эл аралык уюмдар камтамасы
Кыргызстанда социалдык түйүндүн колдонуучусу камалган окуяга байланыштуу соңку күндөрү эки ири эл аралык абройлуу укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдиришти. Фейсбукта «Клооптун» макаласын бөлүшкөн деп сот Бактыбек Молдалиевди үч жылга соттогон. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтууда.
Молдалиев Кыргызстанда "экстремисттик деп таанылган медианын материалын бөлүшкөн" деп соттолгон алгачкы адам болуп калды. Коюлган айыптарды ал четке кагып, мыйзам бузбаганын айтып келет. Укук коргоочулар соттун бул чечими тынчсыздандырган көрүнүш экенин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, мындай чечим сөз эркиндиги жана маалымат таратуу укугу боюнча кооптуу прецедент жаратышы мүмкүн. Кыргызстандын бийлиги 2025-жылы журналисттик эркин иликтөөлөрдү жүргүзүп келген «Клооп», «Темиров LIVE» жана «Айт Айт Десе» медиаларын экстремисттик деп тааныган.

Кыргызстанда социалдык түйүндүн колдонуучусу камалган окуяга байланыштуу соңку күндөрү эки ири эл аралык абройлуу укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдиришти. Фейсбукта «Клооптун» макаласын бөлүшкөн деп сот Бактыбек Молдалиевди үч жылга соттогон. Бийлик өлкөдө…
👍3❤1
АКШда трак айдап иштеген кыргызстандыктардын жашоосу сыртынан караганда ары кирешелүү, ары келечектүү көрүнөт. Бирок күндүр-түндүр узак сапар, жол азабы жана барган сайын күчөгөн миграциялык текшерүүлөр бул тармакта иштегендердин түйшүгүн көбөйттү. Айрымдары кырсыктан кийин кайра бутуна турууга аракет кылса, башкалары ICE офицерлерине кармалып, миграциялык маселесин чече албай убара. "Азаттык" бул жолу АКШдагы кыргызстандык айдоочулардын жумушу, коопсуздугу жана үй-бүлөсү үчүн тарткан түйшүгү тууралуу баяндайт.
#трак #бизнес #мигрант #чикаго #америка #кыргыздар
@azattyk_radiosu
#трак #бизнес #мигрант #чикаго #америка #кыргыздар
@azattyk_radiosu
YouTube
Америкадагы трак бизнеси эмне болду?
АКШда трак айдап иштеген кыргызстандыктардын жашоосу сыртынан караганда ары кирешелүү, ары келечектүү көрүнөт. Бирок күндүр-түндүр узак сапар, жол азабы жана барган сайын күчөгөн миграциялык текшерүүлөр бул тармакта иштегендердин түйшүгүн көбөйттү. Айрымдары…
Путин менен Рахмондун бир аптада экинчи жолу жолугушуусу эмнени билдирет?
Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдагы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭК) саммитинен кийин түз эле Дүйшөмбүгө барды. Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен 201-аскер базасынын ишин, Ооганстан менен чек арадагы кырдаалды талкуулады.
Бул эки лидердин сегиз күн ичиндеги экинчи жолугушуусу. Алар 12-ноябрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында да жолугуп, кызматташтыкка оң баа беришкен.
Мындан улам алар кандайдыр бир маанилүү маселени талкуулап жатат деген божомолдор күчөдү. Сапар тууралуу чечим качан кабыл алынганы белгисиз.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдагы Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭК) саммитинен кийин түз эле Дүйшөмбүгө барды. Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен 201-аскер базасынын ишин, Ооганстан менен чек арадагы кырдаалды…
🤬2⚡1🖕1
Таласта сегиз киши 26 жаштагы жаранды сабоого шек саналып кармалды
Талас шаарында 21-ноябрга караган түнү көчөдө бир адамды сабоого шектелип сегиз жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
20-ноябрда болжол менен түнкү 12лер чамасында топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганы аныкталган.
Жергиликтүү милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Шектүү катары Талас шаарынын тургундары 1995-жылы туулган Д.Б., А. Д., Б.А., М.К., Ч.Ж., К.А., Ш.А. жана 1994-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Талас шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Мунун алдында социалдык тармактарга Талас шаарында бир кишини топ жарандар кармап, сабап жатканы тартылган видео тараган. Анда белгисиз адамдар темир, жыгач менен катуу сабап жатканын, кийин аны автоунаага салууга аракет кылганын байкоого болот. https://www.azattyk.org/a/33903429.html

20-ноябрда болжол менен түнкү 12лер чамасында топ балдар алдын ала даярданып…

❤2🤬1
"Агалардан чарчадык". Азербайжан менен Борбор Азиянын алакасы
Баку соңку кезде Борбор Азия менен жигердүү кызматташууда. Азербайжан аймак лидерлеринин консультативдик жолугушууларынын толук укуктуу катышуучусу болуп, 2027-жылы бул форматты биринчи жолу жетектейт.
Баку Кыргызстан менен өнөктөштүк келишимге жана Өзбекстан менен түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге кол койду, биргелешкен инвестициялык фонддорду түздү. Азербайжандык бизнес бул чөлкөмдө ар кандай долбоорлорду өнүктүрүүдө, ал эми сентябрда Баку теги өзбекстандык орусиялык олигарх Алишер Усмановго салынган Евробиримдиктин санкцияларын алууга байланыштуу окуяга аралашып калды. Мунун баары башкы өнөктөшү - Түркия менен мамилеси сууп кеткен тушта болуп жатат. Бул мамилелерди жакындатуу артында эмне турат - жаңы рыноктор менен соода жолдорубу, саясий элиталардын кызыкчылыгыбы же "улуу агалардын" таасиринен арылуу умтулуубу?

❤2😁1
Сот башталды: “Эдунун” иши эмне менен бүтөт? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 23.11.2026
• Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамдарынын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин соту башталды. Кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлгандыктан жараян жабык өтүүдө.
• Киев Ливиянын жээгинде Орусиянын согуштук кемесине дрон менен сокку уруп, чөктүргөнүн билдирди. Москва бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.
• Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Арча капчыгайында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө адам фактору себеп болгонун, бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты. https://youtu.be/AerVSPxxX4Q

- Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамдарынын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин соту башталды. Кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлгандыктан…
❤3
Элдар Жакыпбеков коюлган айыпка макул эместигин адвокаты билдирди
23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум өттү. Бул процессте алдын ала угуу болду, кийинки отурум 4-декабрга белгиленди.
Процесстен кийин Жакыпбеков коюлган айыптарды мойнуна албай турганын адвокаты Эмил Макешов журналисттерге билдирди.
“Азаттыктын” кабарчысынын: “Жакыпбеков кылмыш ишин Ташиевге байланыштырабы? Коомчулукта ал учурунда УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын кадрларынын бири деп сыпатталып жатат”,-деген суроосуна: “Мындай байланыш тууралуу айыбы угузулган эмес. Андай маселе каралган жок”, - деди Макешов.
Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш…
Мигрант ата-энеге талапты күчөтүү сунушталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек миграциясында жүргөн жарандарды балдарын табыштап кеткен жакындары менен юридикалык жактан камкорчулук боюнча келишим түзүүгө милдеттендирүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Алмаз Имангазиев 24-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирип, мындай чара мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү максатында экенин тактады.
- деди Имангазиев.
Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирген.

“Балдарын чоң ата-чоң энесине, туугандарына калтырганда көп балдарга туруктуу көзөмөл болбой, алар кылмышка барып же балдардын өзүнө карата камкорчулардан мыйзам бузуу болгон фактылар орун алып жатат”,
- деди Имангазиев.
Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирген.
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
Мигрант ата-энеге талапты күчөтүү сунушталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек миграциясында жүргөн жарандарды балдарын табыштап кеткен жакындары менен юридикалык жактан камкорчулук боюнча келишим түзүүгө милдеттендирүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Алмаз Имангазиев 24…
Коррупцияга каршы күрөштө кандай ката кетти? | ЖАҢЫЛЫКТАР | 24.11.2026
- Бийлик коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн негизинде мамлекетке каражат, мүлктөрдү алууда алешемдик кеткенин мойнуна алды. Бирок ушул күнгө чейин кайтарылган акча, объекттер боюнча отчет бериле элек.
- Украинадагы жаңжалда Орусия тарапта согушуп жүрүп каза болгон дээрлик 7 миң чет өлкөлүктүн 60% жакыны борбор азиялыктар экени айтылды.
- Талас шаарында эки башка мушташка байланыштуу 9 адам кармалды. Алардын бирине катышкандардын арасында милиция кызматкери да бар. https://www.youtube.com/watch?v=bLnv60MiMtM

❤2
Садыр Жапаров эки акимди жана эки шаар мэрин кызматтан алды
Президент Садыр Жапаров Кочкор жана Панфилов райондорунун акимдерин, Баткен жана Кант шаарларынын мэрлерин кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-ноябрда маалымат таратты.
Мындай чечимдин эмне себептен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө берилген жок.
53 жаштагы Бекмаат Масаидов Панфилов районунун акими болуп 2023-жылы 15-августта дайындалган. Ага чейин президенттин администрациясында эксперт болуп иштеген.
Баялы Досалиев 58 жашта. Ал 2024-жылдын октябрынан бери Кочкор районунун акими кызматын аркалады. Ага чейин Финансы министрлигинде Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болгон.

Мындай чечимдин эмне себептен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө…

❤2👍1
Камакта калган Күрөңов, уурдалган 1 млн доллар | ЖАҢЫЛЫКТАР | 25.11.2026
- Абактагы активист Тилекмат Күрөңов соттук териштирүүнүн кечеңдешин саясатка байланыштырды. Сот активистти бул жолу да камакта калтырды.
- Арменияда Тоолуу Карабакка доомат артпоо принциби жазылган Конституциянын жаңы долбоору талаш жаратты. Оппозиция муну Азербайжандын шарттарына баш ийүү деп жатат.
- Бишкекте чет өлкөлүк жаранды коркутуп 1 миллион долларга жакын каражатын карактап кеткен деген шек менен 10 адам кармалды. Алардын айрымдары Казакстандан колго түшкөн. https://www.youtube.com/watch?v=MY-kBiBASQo

- Арменияда Тоолуу Карабакка доомат артпоо принциби жазылган Конституциянын жаңы долбоору талаш жаратты. Оппозиция муну…

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстанда мектеп окуучулары жана студенттер онлайн насыя алып, карызга батып жатканы парламентте талкууланды. Депутаттар 21 жашка чыга электерге ата-энесинин уруксатысыз насыя берүүгө чектөө киргизүүнү сунуштап жатышат.
Жаштар насыяны канчалык көп алат? Алган акчасын эмнеге жумшайт? #AzattykProject2026

‼️ Чечен өкмөтү Кадыровдун баласынын Сербия жарандыгы тууралуу маалыматты четке какты
Орусияга караштуу Чечен Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Илман Вахидов Рамзан Кадыровдун уулу Алинин серб жарандыгын алганы тууралуу маалыматтарды "фейк" деп атады.
Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Али Кадыров серб жарандыгын албаганын, аны алуу ниети жоктугун айтты.
Буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Сербия Кадыровдун экинчи уулу Алини жарандыкка кабыл алганы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ал "Али Рамзанович Мусаев" деген ысымдагы орусиялык паспорттун негизинде серб жарандыгын алганы айтылган.

Чечен өкмөтү Кадыровдун баласынын Сербия жарандыгы тууралуу маалыматты четке какты
Орусияга караштуу Чечен Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Илман Вахидов Рамзан Кадыровдун уулу Алинин серб жарандыгын алганы тууралуу маалыматтарды "фейк" деп атады.
Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Али Кадыров серб жарандыгын албаганын…

🤣2🖕2
Депутат Талиева мандатын тапшырганы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшырганы боюнча маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» 26-ноябрда билдирди.
«Мен мыйзам долбоорлорум менен эле отурам. Ага эч кандай негиз жок. Мандат адам каза болгондо алынат, мен азырынча тирүүмүн», - деди Талиева.
Кийин Талиева парламент жыйынында да бул маселе боюнча үн катып, анын мандатын тапшырганы боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери таратканын, аны төрага Марлен Маматалиев жумуштан алганын айтты.
Мунун алдында социалдык тармактарда депутат Талиева мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени тууралуу кабар тараган.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшырганы боюнча маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал «Азатыкка» 26-ноябрда билдирди.
«Мен мыйзам долбоорлорум менен эле отурам. Ага эч кандай негиз жок. Мандат адам каза болгондо алынат, мен азырынча тирүүмүн»…