Адахан Мадумаров
1.82K subscribers
127 photos
267 videos
1 file
37 links
🔹️"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери
🔹️Коомдук ишмер
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Жогору жактан буйрук болмоюнча Жогорку Кеңеш чүчкүрө да албайт"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров мамлекеттик символдорду өзгөртүү демилгеси тууралуу Азаттык үналгысына пикирин билдирди.

28.10.2024
🔥95👍44❤25🥰4🤔1😍1💯1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
«Гимнди парламент же президент өзгөртөт. Мамлекеттик катчы гимнди өзгөртпөйт. Мага белгилүү аксакалдар, илим, маданият ишмерлери келип турушчу. Алар ар кандай
варианттарды сунушташкан. Бул талкуулар менин кеңсемден алыс болгон эмес. Ал (Садыр Жапаров) менин кабинетимде болгону эсимде жок. Эмне үчүн мен ага бул сөздөрдү ишенип айтмак элем? Мен ага бир нерсе айта тургандай ал ким ?!»

Адахан Мадумаров

Апрель ТВ
🔥89👍46❤13👏4🥰3🤔1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Кыргыз тарыхын калчап келген аксылыктарга кайрылуу!"
_________________
17-ноябрь күнү өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү, Кербен шаардык кеңешине аттанган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлерин колдоп коюңуздар!
❤87👍72🔥6🥰3🤔3
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Адам укугу" деген түшүнүк калган жок" - Адахан Мадумаров
______________
29.05.2025
Азаттык
👍74❤15🔥4
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
АРХИВ / 2012-ЖЫЛ
__________
- Эки жыл мурун Кыргызстанды кыдырып жүрүп,
эртеби-кечпи, “АКШ менен Ирандын ортосунда согуш
чыгат” деп какшагам. Мына ошол күнгө келдикпи?
Эгер бүгүнкү күндө Иран Ормуз өтмөгүн жаба турган болсо, Америка “бомбалап баштайм” деп айтып жатат. Бул өтө кооптуу. Ирандын ракетасы Америкага жетпейт, бирок анын базасы турган “Манаска” жетет.
ЖККУга кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнөн
башка бир дагы куралдуу күч Кыргызстанда болбошу кажет!"
________________
03.02.2012-жыл.
Архив Супер-инфо гезити
🔥57❤16👍1👏1🙏1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу чечими, Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоо, саясий кырдаал боюнча Азаттык радиосуна берген пикирим...
___________
26.09.2025
❤74👍31🔥12😍2🥰1😁1
Расмий билдирүү!

Бүгүн, 2025-жылдын 22-ноябрында, болжол менен эртең мененки саат 07:00 чамасында укук коргоо органдары белгилүү оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Тинтүүнүн жүрүшүндө үйдөгү сейф, камера, ноутбук, компьютер, уюлдук телефондор жана башка жеке буюмдар алынган.

Тинтүү процесси саат 12:00дө аяктап, Адахан Мадумаровду укук коргоо кызматкерлери тарабынан белгисиз тарапка алып кетишкен.

Ушул эле күнү, болжол менен саат 15:00дө, укук коргоо органдары Мадумаровдун уулу Нурмухаммед Мадумаровду жана анын жубайын да белгисиз тарапка алып кетишкен.

Азыркы учурда Мадумаров жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кайда экени жана алардын укуктук макамы боюнча расмий маалымат берилген жок.
😢111🤔25💔8⚡2❤2🔥1👏1😁1
⚡️Адахан Мадумаров сурактан чыкты.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилет.
👍140❤17🤝4🔥3😁2
📌Мадумаров үйүн тинтүүдө алынган 150 миң доллар тууралуу комментарий берди

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган видео жана өткөн айдын аягында Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка кирип чыкканы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

11-декабрда Фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынын 150 миң доллар табылганы айтылат. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканын”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.

Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирди.

“Мен апасы батирин сатып, акчаны менин ортончу уулума таштап кеткен деп көрсөтүп бергем. Батирди сатуу боюнча келишимдин көчүрмөсүн да көрсөткөм. Менин уулума таандык болгон батир сатылып атат. Ал акчаны чоң олжо катары алып кетишкен”,

- деди ал.
💔34👍14😢4😁3❤2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Укук коргоо органдарын жана күч түзүмдөрүн
реформалоо иштери кандай жүрүшү керек?
__________________________
08.04.2026
@azattyk.kg
👍27🔥11❤6👏3😁2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
"Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы Исхак Масалиевди алдыдагы Президенттик шайлоодо ар тараптуу колдойбуз..."

Адахан Мадумаров
👍46🔥4❤3🤔2🥰1👏1
«Түндүк» тиркемеси аркылуу Исхак Масалиевди президенттикке талапкер катары көрсөтүү үчүн 30 000 адамдын колдоосу талап кылынат.
👍48🔥9❤5💯3💔3👏1🤔1