КР ССМ/Минздрав КР
832 subscribers
8.47K photos
483 videos
1 file
1.94K links
Официальный Telegram-канал Министерства здравоохранения КР

КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий Telegram-каналы

🌐www.med.kg

https://www.facebook.com/MinzdravKG

https://www.instagram.com/minzdravkg_official

@mz_kr_info_bot
Download Telegram
КРнын Саламаттык сактоо министри Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып, мекеменин үстүбүздөгү жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана артыкчылыктуу милдеттердин аткарылышы менен таанышты.
Көңүл борборунда эпидемиологиялык көзөмөлдүн натыйжалуулугу, санитардык мыйзамдарды өркүндөтүү, милдеттүү медициналык кароолорду санариптештирүү жана саламаттык сактоо системасынын инфекциялык коркунучтарга даярдыгын жогорулатуу маселелери болду.
Отчеттук мезгилде департамент эпидемиологиялык көзөмөлдү санариптештирүү багытындагы иштерди улантты. IEPID маалыматтык системасына 21 инфекциялык оору боюнча эпидемиологиялык иликтөөнүн электрондук карталары киргизилди. Байланышта болгон адамдарды эсепке алуу жана маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү тармактык маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.


https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49525


Министр здравоохранения КР ознакомился с результатами деятельности Департамента профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора


Министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов посетил Департамент профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора, где ознакомился с результатами деятельности за второй и третий кварталы текущего года и ходом реализации приоритетных задач.
В центре внимания - эффективность эпидемиологического надзора, совершенствование санитарного законодательства, цифровизация обязательных медицинских осмотров и повышение готовности системы здравоохранения к инфекционным угрозам.
В отчётном периоде Департамент продолжил развитие цифрового эпидемиологического надзора: в информационной системе IEPID внедрены электронные карты расследования по 21 инфекционному заболеванию. Проделана работа по интеграции профильных информационных систем, расширяющих возможности учёта контактных лиц и обмена данными.
👍1
КРнын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет.
Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.
 
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49542
 
Три автомобиля скорой медицинской помощи переданы Минздраву КР

Сегодня, 17 октября Министерству здравоохранения Кыргызской Республики переданы три автомобиля скорой медицинской помощи. Машины будут переданы организациям здравоохранения Чуйской области.
Новая техника позволит повысить оперативность реагирования на экстренные вызовы, укрепить оснащённость медицинских организаций и улучшить доступность неотложной помощи для жителей.
Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды профилактикалык медициналык текшерүүдөн (Check-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда.
Долбоордун максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөрүү моделин сыноодон өткөрүү. Ал өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган.



https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49543


В Бишкеке реализуется пилотный проект профилактического обследования государственных и муниципальных служащих


Министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов посетил Центр семейной медицины № 6 города Бишкек, на базе которого реализуется пилотный проект профилактического медицинского обследования (Check-up) государственных и муниципальных служащих, и ознакомился с условиями проведения обследований.
Пилотный проект реализуется Министерством здравоохранения Кыргызской Республики во исполнение поручения Президента Кыргызской Республики от 12 июня 2026 года.
Его целью является апробация модели профилактического медицинского обследования государственных и муниципальных служащих, направленной на раннее выявление хронических неинфекционных заболеваний и факторов риска их развития.

Пилотный проект проводится в Бишкеке с октября по 31 декабря 2026 года. Программа предусматривает несколько пакетов обследований, включая базовый, терапевтический, а также пакеты для мужчин и женщин разных возрастных групп.
МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУДАГЫ ӨЗ УКУКТАРЫҢЫЗДЫ БИЛИҢИЗ!
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмдарында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча усулдук колдонмо даярдады.
Колдонмодо жарандар кандай медициналык жардам алууга укуктуу экени, кайсы учурларда медициналык кызматтар акысыз же акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөрү, расмий эмес төлөм талап кылынган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги жана ушундай жагдайлар жаралса, кайда кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлөт.
Өз укуктарыңызды билүү жана коррупциялык мыйзам бузууларга туш болгон учурда кандай аракеттенүү керектигин түшүнүү үчүн колдонмо менен таанышыңыз.
Материалды окуу үчүн QR-кодду сканерлеңиз
#МедициналыкЖардам #ӨзУкугуңдуБил #БейтаптынУкуктары #КоррупциягаКаршы #саламаттыксактоо
ЗНАЙТЕ СВОИ ПРАВА ПРИ ПОЛУЧЕНИИ МЕДИЦИНСКОЙ ПОМОЩИ!
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики подготовило методическое пособие по противодействию коррупции в организациях здравоохранения.
В пособии разъясняется, на какую медицинскую помощь имеют право граждане, в каких случаях услуги предоставляются бесплатно или на платной основе, как действовать при требовании неофициальной оплаты, а также куда обращаться при возникновении подобных ситуаций.
Ознакомьтесь с пособием, чтобы знать свои права и понимать, как действовать при возможных коррупционных нарушениях.
Отсканируйте QR-код, чтобы прочитать материал
#ЗнайСвоиПрава #ПраваПациентов #ПротиводействиеКоррупции #Здравоохранение
👍2
📢 АНОНС: «МИНИСТРЛИК БАЙЛАНЫШТА» рубрикасы

Урматтуу катталуучулар!
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Министрлик байланышта» рубрикасынын алкагында «Саламаттык сактоо системасында жарандардын кайрылууларын кароо тартиби — коррупциянын алдын алуу механизми» темасында түз эфир өтөт.

Сиздердин суроолоруңуздарга Персоналды башкаруу жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Достонбек Сатторов жооп берет.

📌 Суроолоруңуздарды ушул посттун астындагы комментарийлерге калтырсаңыздар болот.

📅 Түз эфир 2026-жылдын 23-октябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы расмий баракчаларында өтөт.

****
📢 АНОНС: Рубрика «МИНИСТЕРСТВО НА СВЯЗИ»

Уважаемые подписчики!
В рамках рубрики «Министерство на связи» Министерства здравоохранения Кыргызской Республики состоится прямой эфир на тему «Порядок рассмотрения обращений граждан в системе здравоохранения как механизм предупреждения коррупции».

На ваши вопросы ответит заведующий отделом правового обеспечения Управления правового обеспечения и службы управления персоналом Достонбек Сатторов.

📌 Свои вопросы вы можете оставить в комментариях под этим постом.
📅 Прямой эфир состоится 23 октября 2026 года в 10:00 на официальных страницах Министерства здравоохранения Кыргызской Республики в социальных сетях Facebook и Instagram
2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайды

Кош бойлуулуктун татаалдашууларынын алдын алуу, үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, тобокелдик факторлорун өз убагында аныктоо жана аялдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

2026-жылдын тогуз айындагы ыкчам маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталган. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү төрөлгөн балага карата 22,1 учурду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн.

Оң динамикага карабастан, энелердин өлүмүнүн ар бир учуру себептерин жана жагдайларын тыкыр талдоону талап кылат. Мындай талдоонун максаты — келечекте ушул сыяктуу учурлардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды аныктоо.


https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49869


Материнская смертность в Кыргызстане снизилась на 34,4% за девять месяцев 2026 года


Профилактика осложнений беременности, доступность услуг по планированию семьи, своевременное выявление факторов риска и качественное медицинское сопровождение женщин остаются приоритетными направлениями работы Министерства здравоохранения Кыргызской Республики.

По оперативным данным за девять месяцев 2026 года, в Кыргызской Республике зарегистрировано 23 случая материнской смертности во время беременности, родов и в послеродовом периоде. Показатель материнской смертности составил 22,1 на 100 000 живорождённых, что на 34,4% ниже по сравнению с аналогичным периодом прошлого года.

Несмотря на положительную динамику, каждый случай материнской смерти требует тщательного анализа причин и обстоятельств для определения необходимых мер по предупреждению подобных случаев в дальнейшем.
Чүй облустук төрөт үйү капиталдык оңдоодон өткөн имаратка көчүүгө камданууда
Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Учурда негизги оңдоо иштери дээрлик толугу менен бүткөрүлдү.
Бүгүнкү күндө палаталарга линолеум төшөө иштери гана калды. Аны менен бирге төрөт үйүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Төрөткананын короосуна асфальт төшөө иштери аяктады.
Инженердик иштерден газ магистралын от казанына туташтыруу гана калды. Бул иштер аяктагандан кийин от казан толук кандуу иштөөгө даяр болот.

Бардык иштер толук аяктагандан кийин төрөт үйү жаңыланган шарттарда бейтаптарды кабыл алууга даяр болот. Бул энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына ылайык, толук көчүп кирүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин пландалууда.

******

Чуйский областной роддом готовится к переезду в обновлённое здание


Капитальный ремонт Чуйского областного родильного дома выходит на завершающий этап. В настоящее время основные ремонтные работы практически завершены.
На сегодняшний день осталось уложить линолеумное покрытие в палатах. Параллельно ведутся работы по благоустройству прилегающей территории. Асфальтовое покрытие уже уложено.
Из инженерных работ осталось подключить газовую магистраль к котельной, что позволит обеспечить ее полноценную работу.

После завершения всех работ родильный дом будет готов к приему пациентов в обновленных условиях, что будет способствовать созданию более комфортной и безопасной среды для матерей и новорожденных.
По данным координатора по здравоохранению Чуйской области Алмазбека Аскарова полный переезд планируют до 1 декабря 2026 года.
Кыргызстан онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммитте жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгрессте сөз сүйлөдү.

Министр өз сөзүндө балдардын ден соолугун сактоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү артыкчылыктары экенин белгиледи. Ал онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасын өнүктүрүүгө, ооруларды эрте аныктоого жана заманбап дарылоо ыкмаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

Дамир Осмонов белгилегендей, акыркы беш жылда Кыргызстанда балдар онкологиясына мамлекеттик каржылоонун көлөмү үч эсеге көбөйдү. Балдардын рак ооруларынын улуттук реестри түзүлүп, бейтаптарды каттоо жана көзөмөлдөө системасы өркүндөтүлүүдө. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында адистештирилген медициналык жардам өнүктүрүлүүдө.

https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49876


Кыргызстан расширяет возможности лечения детей с онкологическими заболеваниями

21 октября 2026 года министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов выступил на Всемирном саммите «Инвестиции в благополучие детей: путь к устойчивому и справедливому развитию будущих поколений» и II Международном конгрессе по детской онкологии, проходящих в Самарканде, Республика Узбекистан.

В своем выступлении министр подчеркнул, что сохранение здоровья детей и повышение доступности медицинской помощи являются важнейшими приоритетами государственной политики. Особое внимание он уделил развитию системы оказания помощи детям с онкологическими заболеваниями, ранней диагностике и обеспечению доступа к современным методам лечения.

Как отметил Дамир Осмонов, за последние пять лет государственное финансирование детской онкологии в Кыргызстане увеличилось втрое.
Кыргызстан менен АКШдагы Ыйык Иуда балдар ооруканасы балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөгө белгилүү АКШдагы Ыйык Иуда балдар изилдөө ооруканасынын (St. Jude Children’s Research Hospital) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Балдар арасындагы рак ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык платформага Кыргызстандын катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Аталган платформа балдардагы залалдуу шишик ооруларын аныктоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү үчүн мамлекеттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган.


https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49884

Кыргызстан и госпиталь Святого Иуды из США укрепляют сотрудничество в области детской онкологии и онкогематологии

В рамках международного саммита по детской онкологии в Самарканде состоялась встреча министра здравоохранения Кыргызской Республики Дамира Осмонова с представителями всемирно известного детского исследовательского госпиталя Святого Иуды (St. Jude Children’s Research Hospital, США).

В ходе встречи стороны подтвердили приверженность дальнейшему развитию международного сотрудничества, направленного на повышение доступности и качества медицинской помощи детям с онкологическими и онкогематологическими заболеваниями в Кыргызской Республике.

Особое внимание было уделено перспективам участия Кыргызстана в Глобальной платформе по борьбе с детским раком, которая призвана объединять усилия государств и международных партнёров для совершенствования системы диагностики и лечения злокачественных новообразований у детей.
Кыргызстан менен Roche компаниясы дары-дармек менен камсыздоо жана балдар онкологиясын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Самарканд шаарында өткөн балдар онкологиясы боюнча эл аралык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү Roche эл аралык фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптар үчүн заманбап дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле балдар онкологиясы жана онкогематологиясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги негизги көңүл борборунда болду.

Тараптар инновациялык дарылоо ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, дары-дармек менен камсыздоо ыкмаларын өркүндөтүү жана улуттук саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарын эске алуу менен заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49886


Кыргызстан и Roche обсудили перспективы сотрудничества в области лекарственного обеспечения и развития детской онкологии

В рамках международного саммита по детской онкологии в Самарканде состоялась встреча представителей Министерства здравоохранения Кыргызской Республики с представителями международной фармацевтической компании Roche.

Основное внимание в ходе встречи было уделено вопросам обеспечения доступности современных лекарственных препаратов для пациентов с онкологическими заболеваниями, а также перспективам расширения сотрудничества в области детской онкологии и онкогематологии.

Стороны обсудили возможности взаимодействия в вопросах повышения доступности инновационной терапии, совершенствования подходов к лекарственному обеспечению и внедрения современных методов лечения с учётом потребностей национальной системы здравоохранения.
Особое значение было придано вопросам лечения детей со злокачественными новообразованиями, для которых своевременный доступ к эффективным лекарственным препаратам имеет принципиальное значение.
👍1
Кыргызстан балдардын ден соолугун коргоонун жеткиликтүү жана туруктуу системасын өнүктүрүүдө

2026-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол» аттуу Дүйнөлүк саммиттин тематикалык пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр өз сөзүндө Кыргызстанда балдардын ден соолугун коргоо жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды белгиледи. Алардын катарына баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, ооруларды эрте аныктоо, телемедицинаны жайылтуу жана адистештирилген дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кирет.

Өлкөдө неонатология боюнча 23 клиникалык протокол жана сунуштама киргизилип, 1 500дөн ашык медицина кызматкери балдар ооруларын интеграцияланган түрдө жүргүзүү боюнча окутуудан өттү. ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен медицина кызматкерлери үчүн улуттук чөнтөк маалымдама китепчеси ишке киргизилди.


https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49896


Кыргызстан развивает доступную и устойчивую систему охраны здоровья детей


Министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов 22 октября 2026 года выступил на тематическом пленарном заседании Всемирного саммита «Инвестиции в благополучие детей: путь к устойчивому и справедливому развитию будущих поколений» в Самарканде.

В выступлении министр обозначил приоритеты Кыргызстана в сфере охраны здоровья детей: развитие первичной медико-санитарной помощи, раннюю диагностику заболеваний, телемедицину и повышение доступности специализированного лечения.

В стране внедрены 23 клинических протокола и рекомендации по неонатологии, более 1 500 медицинских работников обучены интегрированному ведению детских заболеваний. При поддержке ЮНИСЕФ и Всемирной организации здравоохранения внедрён национальный карманный справочник для медицинских работников.
Кыргызстанда балдар онкологиясын өнүктүрүү: каржылоо көбөйүп, дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө

Кыргыз Республикасында онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасы ырааттуу түрдө чыңдалууда. Иштин негизги багыттары — мамлекеттик каржылоону көбөйтүү, адистештирилген медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, диагностиканын сапатын жогорулатуу жана заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү.

2014-жылга чейин Кыргыз Республикасында балдар онкологиясын каржылоонун көлөмү жылына 1 миллион сомдон ашкан эмес. 2014-жылдан тартып бул тармакка мамлекеттик колдоо кыйла кеңейтилген.

Жогорку технологиялуу жардам фондунун (ЖТФ) линиясы боюнча бөлүнгөн каражаттын көлөмү ырааттуу түрдө көбөйүп, 10 миллион сомдон 20 миллион сомго, андан кийин 100 миллион сомго жеткен. Ал эми 2025-жылы каржылоонун көлөмү 200 миллион сомду түзгөн.

Ошентип, балдар онкологиясын каржылоо баштапкы деңгээлге салыштырмалуу 200 эсеге көбөйдү. Бул балдарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын чыңдоого багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы болуп саналат.

https://egov.kg/kg/ministry/health/news/49906

Развитие детской онкологии в Кыргызстане: увеличение финансирования и расширение возможностей лечения

В Кыргызской Республике последовательно укрепляется система медицинской помощи детям с онкологическими и онкогематологическими заболеваниями.

Основные направления работы — увеличение государственного финансирования, развитие специализированной инфраструктуры, совершенствование диагностики и внедрение современных методов лечения.
До 2014 года объём финансирования детской онкологии в Кыргызской Республике не превышал 1 миллиона сомов в год. Начиная с 2014 года государственная поддержка отрасли была существенно расширена.

Объём средств, выделяемых по линии Фонда высокотехнологичной помощи (ФВТ), последовательно увеличивался: с 10 миллионов сомов до 20 миллионов, затем до 100 миллионов сомов. В 2025 году финансирование достигло 200 миллионов сомов.

Таким образом, по сравнению с первоначальным уровнем финансирование детской онкологии увеличилось в 200 раз. Это стало результатом целенаправленной государственной политики по укреплению специализированной медицинской помощи детям.