Союз МСУ КР
932 subscribers
657 photos
5 videos
16 files
316 links
Содействуем развитию потенциала органов МСУ✔️
Download Telegram
2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин КР ЖӨБ Союзунун эксперттери эки топко бөлүнүп, Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорундагы 6 айыл өкмөтүнө, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Майлуу-Суу райондорундагы 4 айыл өкмөтүнө жана 4 шаардын мэриясына практикалык жардам көрсөтүштү.

🔹 Алар жер маселелери, муниципалдык кызмат, Ветеринария, жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук маселелери, ченем жаратуу процесси жана башка актуалдуу болгон маселелер боюнча көмөк көрсөтүштү.

📙 ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалып, жаңыдан басылып чыккан «Жерлерди башкаруу жана жер мыйзамдары боюнча актуалдуу 100 суроо-жооптор» аттуу практикалык колдонмо китеби ар бир айыл өкмөткө тапшырылыды.

Мындан тышкары, 2026-жылы КР ЖӨБ Союзу өлкөнүн бардык муниципалитеттерине практикалык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда.
🗓️ 2026-жылдын 9-октябрында Манас шаарында КР ЖӨБ Союзунун эксперттери КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевичтин кайрылуусунун негизинде өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери үчүн бир күндүк окуу семинарын өткөрүштү.

📌 Окуунун максаты - кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:
• Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги жана ыйгарым укуктары;
• Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
• Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты жана кызматтык этика;
• Жер маселелери, жер мыйзамдары жана жер мунапысы.

Катышуучуларга аталган багыттар боюнча укуктук жана практикалык маалыматтар берилип, суроо-жооп форматында актуалдуу маселелер талкууланды.
❤1
🗓️ 2026-жылдын 16-октябрында КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитети менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлорун талкуулаган тегерек стол өткөрдү.

👥 Иш-чарага аталган комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Жеенчороев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Эдита Тайгараева жана Эркеайым Сейтказиева, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев, КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, ошондой эле КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова катышты.

Мындан тышкары, тегерек столго тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле Кыргызстандын облустарынан келген айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

📌 Талкуунун негизги багыттарынын бири - бүгүнкү күндө аймактар үчүн өзгөчө актуалдуу болгон катуу тиричилик калдыктарын (КТК) башкаруу маселеси болду. Калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, муниципалдык ишканалардын абоненттер менен иш алып баруусуна мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча сунуштар каралды.

Тегерек столдун дагы бир маанилүү темасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусуна байланышкан мыйзамдык өзгөртүүлөр талкуулоо болду. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу жоопкерчилигин көтөрүү, шайлоочулардын алдында отчеттуулугу жана алардын ишмердүүлүгүн жогорулатууга байланышкан бир катар маселелер каралды.

Өзгөчө маанилүүсү - аймактардан келген өкүлдөр өздөрүнүн жеринде кездешкен актуалдуу көйгөйлөрдү түздөн-түз эл өкүлдөрүнө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ар бир катышуучу жергиликтүү деңгээлдеги практикалык кыйынчылыктарды көтөрүп, аларды чечүү боюнча өз сунуштарын билдирди.

Бул тегерек стол аркылуу ЖӨБ Союзу жергиликтүү көйгөйлөрдү республикалык деңгээлде көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун Жогорку Кеңештин депутаттары жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте талкуулоо үчүн маанилүү диалог аянтчасын түздү.

Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында өттү.
2026-жылдын 12-16-октябрь күндөрү КР ЖӨБ Союзунун эксперттери эки топко бөлүнүп, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу райондорунун айыл өкмөттөрүнө жана мэриясына практикалык жардамдарды көрсөтүштү.

Тактап айтканда:
✔️ Кара-Суу району: Манас, Жоош, Савай, Ала-Тоо айыл өкмөттөрү жана Кара-Суу шаарынын мэриясы
✔️ Чаткал району: Терек-Сай жана Каныш-Кыя айыл өкмөттөрү
✔️ Ала-Бука району: Ала-Бука, Т. Балтагулов, Айры-Там жана Ынтымак айыл өкмөттөрү.

🔹 Алар жер маселелери, муниципалдык кызмат, Ветеринария, жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук маселелери, ченем жаратуу процесси жана башка актуалдуу болгон маселелер боюнча көмөк көрсөтүштү.

📙 ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалып, жаңыдан басылып чыккан «Жерлерди башкаруу жана жер мыйзамдары боюнча актуалдуу 100 суроо-жооптор» аттуу практикалык колдонмо китеби ар бир айыл өкмөткө тапшырылыды.

Мындан тышкары, 2026-жылы КР ЖӨБ Союзу өлкөнүн бардык муниципалитеттерине практикалык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда.
Урматтуу кесиптештер!

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу сиздерди Жергиликтүү жамааттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү бул майрам жергиликтүү жамааттардын коомдогу маанилүү ордун жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалайт. Быйыл Жергиликтүү жамааттар күнү 25-октябрга туура келет.
Жергиликтүү жамааттар — мамлекетибиздин бекем пайдубалы, эл биримдигинин, ынтымактын жана туруктуу өнүгүүнүн негизги таянычы. Ар бир айылдын, шаардын өнүгүшү, калктын жашоо сапатынын жакшырышы жана жергиликтүү маанидеги маселелердин натыйжалуу чечилиши жамааттардын жигердүү катышуусуна, демилгесине жана биргелешкен аракетине түздөн-түз байланыштуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — бул элдин өз аймагынын келечегин аныктоого катышуусу, өз ара жоопкерчилиги жана жалпы жыргалчылык үчүн биргелешип аракеттенүүсү.

Бул майрам — жергиликтүү жамааттардын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалоого, жарандык демилгелерди колдоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанилүү ордун белгилөөгө өзгөчө мүмкүнчүлүк.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын чыңдоого жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө мындан ары да өз салымын кошо берет.
Ушул майрам күнү бардык жергиликтүү жамааттарга бекем ынтымак, тынчтык, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз! Ар бир айылда жана шаарда өнүгүү демилгелери ишке ашып, элибиздин жашоо деңгээли жогорулап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу улам бекемделе берсин!

Жергиликтүү жамааттардын биримдиги — күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, ал эми күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу — өнүккөн Кыргызстандын негизи!
Майрамыбыз кут болсун!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу
2026-жылдын 19-23-октябрь күндөрү КР ЖӨБ Союзунун эксперттери эки топко бөлүнүп, Жалал-Абад облусунун Аксы ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу райондорунун айыл өкмөттөрүнө практикалык жардамдарды көрсөтүштү.

Тактап айтканда:
✔️ Аксы району: Ак-Суу, Ак-Жол, Үч-Коргон, Сары-Челек, Кара-Камыш, Кош-Дөбө айыл өкмөттөрү.
✔️ Кара-Суу району: Мады, Ынтымак, Отуз-Адыр, Папан, Датка, Баш-Булак айыл өкмөттөрү.

🔹 Алар жер маселелери, муниципалдык кызмат, Ветеринария, жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук маселелери, ченем жаратуу процесси жана башка актуалдуу болгон маселелер боюнча көмөк көрсөтүштү.

📙 ЖӨБ Союзунун эксперттери тарабынан даярдалып, жаңыдан басылып чыккан «Жерлерди башкаруу жана жер мыйзамдары боюнча актуалдуу 100 суроо-жооптор» аттуу практикалык колдонмо китеби ар бир айыл өкмөткө тапшырылыды.

Мындан тышкары, 2026-жылы КР ЖӨБ Союзу өлкөнүн бардык муниципалитеттерине практикалык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда.
🇰🇬 ЖӨБ Союзу: Жазы айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча тажрыйба алмашуу иш чарасы өттү

🗓️ 2026-жылдын 29-октябрында Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айыл аймагында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Баткен жана Ош облустарынын айрым айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышышты.

Тажрыйба алмашуунун алкагында катышуучулар Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө аткарган иштери жана «Жазы-Нур» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

🚜 Айрыкча, муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасына, жергиликтүү калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтарга жана аларды уюштуруу тажрыйбасына көңүл бурулду.

💦 Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө катышуучулар Кара-Дыйкан айылындагы суу кампасында болушту жана элди ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматын жакшыртууга багытталган иштери менен таанышышты. Жеринде айыл ичиндеги суу бөлүштүрүүчү чуңкурларга орнотулган суу эсептегичтердин жана суунун сапаты үчүн хлор кошуп туруучу автоматтык системанын иштөөсүн көрүштү. Ошондой эле, таштанды таштоочу жайга экскурсия уюштурулду.

⛳ Ал эми, иш-чаранын экинчи бөлүгүндө болсо катышуучулар спортту өнүктүрүү жана өндүрүштү колдоо багытында аткарылган иштер менен таанышышты. Алгач, жаңы курулган спорттук залдарга экскурсия жасалып, ал жердеги спорттун волейбол, футбол жана күрөш түрлөрү боюнча машыгууга түзүлгөн шарттар көрсөтүлдү. Андан соң, катышуучулар мөмө-жемиштерди кургатып, чет өлкөлөргө экспорттогон жергиликтүү чакан ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныша алышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар өз ара пикир алмашып, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана алынган тажрыйбаларды өз аймактарында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

📌 Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Д. Садырбаев айыл аймагында муниципалдык ишкананын иш тажрыйбасы менен таанышуу өттү

🗓️ 2026-жылдын 30-октябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Д. Садырбаев айыл аймагында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана муниципалдык ишканалардын тажрыйбасын жайылтуу максатында тажрыйба алмашуу иш-чарасы уюштурулду.

👥 Иш-чарага Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, айыл өкмөт жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Д. Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2026-жылы аткарган иштери жана «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

Катышуучулар жергиликтүү деңгээлде коммуналдык кызматтарды уюштуруу жана ишкананын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Тажрыйба алмашуунун практикалык бөлүгүндө катышуучулар Масы айылындагы бир катар объектилерди көрүп чыгышты. Атап айтканда:

• «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы;
• «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жаңы курулуп жаткан имараты;
• Масы айылындагы нан бышыруучу цех;
• Масы айылындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
• А. Кулумбетов атындагы райондук тарыхый-этнографиялык музей.

Бул объектилер менен таанышуу катышуучуларга жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана аталган айыл аймактагы демилгелер боюнча практикалык тажрыйбаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

📌 Иш-чара Швейцария Өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана басма сөз тармагынын кызматкерлери!

🇰🇬 Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Журналистика — бул жөн гана кесип эмес. Бул — коомдун үнүн угуу, элдин көйгөйүн жеткирүү, чындыкты издөө жана адамдардын тагдырына кайдыгер карабоо деген чоң жоопкерчилик.

Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер аркылуу өлкөбүздүн ар бир аймагындагы жаңылыктар, жергиликтүү жамааттардын жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана демилгелери коомчулукка жетип келет. Айрыкча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырууда, эл менен бийликтин ортосунда ачык диалог түзүүдө сиздердин салымыңыздар өзгөчө маанилүү.

Ар бир даярдалган материалдын, ар бир маектин жана жаңылыктын артында чоң эмгек, изденүү, убакыт жана жоопкерчилик турганын жакшы түшүнөбүз.

Биз сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдү, жарандык позицияңыздарды жана коом алдындагы ак ниет эмгегиңиздерди жогору баалайбыз.

Ушул майрам күнү ар бириңиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык эргүү, кесиптик ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

Калемиңиздер курч, сөзүңүздөр таасирдүү, эмгегиңиздер ар дайым баалуу болсун!

Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу
📌 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо боюнча 5 маанилүү суроо-жооп!

КР ЖӨБ Союзуна кызматчылардын ишин баалоо тартиби, ай сайын төлөнүүчү үстөк акы жана комплекстүү баалоонун жыйынтыктары боюнча суроолор көп келип түшүүдө.

📚 Биз эң актуалдуу 5 суроого жоопторду топтодук:

1) Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын эмгегинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары, кесиптик демилгени көрсөтүүсү жана ченемделбеген иш режиминде иштөөсү үчүн берилүүчү баалоо алардын кызматтык ишмердүүлүгүнө берилүүчү баалоодон эмнеси менен айырмаланат?

Жооп: Эмгектин татаалдыгын, сапатын жана натыйжаларын, кесиптик демилгени көрсөтүүнү, ошондой эле ченемделбеген иш режиминде иштөөнү баалоо ай сайын берилген отчёттордун негизинде жүргүзүлөт. Баалоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү ай ичинде иш жүзүндө аткарылган иш үчүн ай сайын үстөк акы төлөнөт (143-токтомдун негизинде).
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо максатында жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт. Эсептелген баллдардын жыйынтыктоочу суммасынын негизинде кызматчыга төмөнкүдөй комплекстүү баа берилет: «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык», «канааттандырарлык эмес» (175-Жарлыктын негизинде).

2) Кызматчылардын кайсынысы баалоодон өтүүгө тийиш жана кимдерге пайыздык үстөк акы төлөнөт?

Жооп: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №143 токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана жетекчилеринин орун басарларына баалоо жүргүзүлбөйт. Калган бардык административдик муниципалдык кызматчылар ай сайын баалоодон өтүшөт.
Үстөк акы бардык муниципалдык кызматчыларга жана ошондой эле техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге ишинин жыйынтыгы боюнча ай сайын төлөнөт.

3) Эмгектин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары, кесиптик демилгени көрсөтүү, ошондой эле ченемделбеген иш режиминде иштөө үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө туруктуу төлөнөбү же анын өлчөмү эмгек ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыгына жараша ай сайын өзгөрүп турушу мүмкүнбү?
 
Жооп: Үстөк акынын өлчөмү жетекчинин чечими менен бекитилет жана түздөн-түз жетекчинин баалоосунун жыйынтыгына жараша өзгөртүлүп турат.

4) Эгерде кызматчы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык эмес» деген баа алса, комиссия кандай чечим кабыл алышы мүмкүн?
 
Жооп: Кызматчы «канааттандырарлык эмес» деген комплекстүү баа алган учурда, баалоо боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматчынын класстык ченин (атайын наамын) төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүүгө;
2) кызматчыны ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) кызматчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

5) Кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоону жүргүзүү үчүн комиссия түзүү зарылбы?
 
Жооп: Эмгектин татаалдыгын, сапатын жана натыйжаларын, кесиптик демилгени көрсөтүүнү, ошондой эле ченемделбеген иш режиминде иштөөнү ай сайын баалоодо кызматчынын отчёту жетиштүү болуп саналат. Анын негизинде түздөн-түз жетекчиси тиешелүү балл коюп, үстөк акынын өлчөмүн аныктайт.
Кызматчылардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү баалоо жүргүзүү үчүн баалоо боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечим милдеттүү түрдө протокол менен таризделет.