Шейх Муаз Хава
2.89K subscribers
1.11K photos
34 videos
4 files
975 links
Тасаввуф хикматтары.
ياربِّ بالمُصطفى بلغ مقَاصِدَنا
واغفِر لنا ما مَضى يا واسِع الكرمِ
https://t.me/hanafiajordan
https://t.me/Muazhawwa
Download Telegram
Алла Таала пайгамбарыбыздан кийин туура жолду үйрөтүп, адашуудан эскертип, тирүү үлгү тута турган ар заманда аалымдарды жаратты. Алардын негизги максаты Аллах ыраазылыгы үчүн акыр заман элчисинин үммөтүнө кызматына өмүрүн арноо. Бири сабак айтса, бири китеп жазат. Бири баян айтса, бири тарбиялайт.
Бузукулар чабуул жасаганда, акыйкат калканы менен коргошот. Аалымдардын эмгеги баа жеткис. Чыныгы аалым, кылганын милдет кылбайт. Эл көрсүн үчүн кылган, аалым болбойт...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤19💯2❤‍🔥1👍1
Илим талап кылууда пайгамбар заманынан бери келе жаткан багытты бекем кармануу негиз. Ал эми акылга салып, "менимче" - деп аалымдарга каршы чыгуу жолун баштоо, анык адашуунун башаты. Аалымдардын жумушу, жоопкерчиликтүү оор жүк. Эч ким айтпаган, илимге шайкеш келбеген пикирди алып чыгуу, туура жолдон тайган биринчи кадам. Инсан баласы Кудайдан коркуп, аманатка кыянат кылып албайын деп, өзүнүн илимине эмес, балким Жараткандын мээримине таянуу чыныгы илимдүүнүн кылган иши. Адашуу "Мен баарын билем" - дегенден келип чыгат. Бизден алдын кеткен аалымдардын жолун бекем кармануу - саламат жол.
Кудай Тааланын ооматынан жүз үйүрсө, адашып кетүү бат эле...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤12❤‍🔥3👍2💯2🕊1
Бул ааламда жакшы адамдар көп. Алар менен жер кармалып турат. Алардын урматында жаан жаап, береке түшүп жатат.
Алсыздарды коргоп, муктаждарга кол сунуп, адашканга жол көргөзүп, өзүн таштап койгондорго үмүт берип, жапа чеккендердин кайгысы менен тең бөлүшүп, өзүм дебей, өзгөнү ойлоп, кыйынмын дебей, алсызмын деп, текеберленбей, кичипейил болгон, өзүнө таянбай, Жаратканга таянып, бул дүйнөгө берилбей, акырет деп, эл көрбөсө, Кудай көрүп турат деген адамдардын саны аз эмес.
Алар менен бул аалам жарык. Жакшы адам болбогондо, бул дүйнө сасып, тарып кетмек.
Олуя болбосо да, инсандык касиетин жоготпой, жүрөгүндө мээрим сыпатын сактаган адамдар бар. Алхамдуллилла...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤19👍3😢3❤‍🔥1🕊1💯1
Ким Алла Таалага кандай ойдо болсо, ошол абалда табат. Алла Таала Ырайымдуу, өтө Мээримдүү, Кечиримдүү, Берешендүү зат.
Алсыз пенде алсыз бойдон калат. Жараткан ааламдардын падышасы болчу, падыша бойдон калат.
Байлык же мансап адам баласын бузбасын. Ким элек, ким болдук?! Азыр кыйынчылык болуп жатса, ал да бүтө турган күн келет. Ар бир кыйынчылыктын аркасында, эки жакшылык жатат. Жакшы адам бол, жакшылардын бара турган жери жакшы болот. Жүрөгүңдү таза сакта, баардык амалдар ошол жерден чечилет. Кудайды унутпа, андан бөлөк айлаң жок. Алла Таала биринчи болчу, акыркы бойдон калат. Алла Таала жалгыз, анын шериги жок. Эч ким жардам бере албайт. Бир гана Алла Таала башкарат.
Алла Тааладан муктаждыгыңды сура, ашыкчасы менен берет. Алла Таала сактаса, эч ким зыян келтире албайт. Алла Таала азаптаса, эч ким коргой албайт... Ислам дини менен мусулман кылган Алла Таалага миң мэртебе шүгүрлөр болсун!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤‍🔥16❤8👍5😢2💯2🔥1😭1
Дуа же хутба, сабактарды баштардан алдын айтыла турган зикр:

الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ، وَالصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ عَلَى أَشْرَفِ الْأَنْبِيَاءِ وَالْمُرْسَلِينَ، سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِهِ وَأَصْحَابِهِ أَجْمَعِينَ.

Алхамду лилляхи Роббил ааламиин, вас-салату вас-саламу алаа ашрофил анбия'и вал-мурсалиин, саййидина Мухаммадин ва алаа аалихи ва асхабихи ажмаъиин.

Мааниси:
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун! Пайгамбарлардын жана элчилердин эң ардактуусу болгон мырзабыз Азирети Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына салават-саламдар болсун!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤24✍1👏1
Бүгүн жакын досубуз кыздуу болду. Ма ша Аллах, ма ша Аллах
Алла Таала кыргыздарга солиха кыздын торолушун кут кылсын. Рабиьа Адавия энебиздей такыба, Мариям энебиздей таза, Фатима энебиздей барктуу, Аише энебиздей аалым, Хадижа энебиздей суйкумдуу жар болсун!!! Амииииииииииин. Кабыл болсун!
❤44👍5🤗4🎉3🥰2😇1
Эгер (такыбачылык жолду карманып) Аллахка карай жолдо бара жатсаң, чурка! (Б.а. динди бекем карманып, ибадатыңа маани бер).
Эгер (нафсиң менен күрөшүүдө) кыйынчылык жаралса, тез бас (ибадатыңды улай бер).
Эгер чарчасаң, жай бас. Эгер басууга да алыӊ келбесе, жөрмөлөп болсо да жолуңду улант (ибадатыңды таштаба).
Бирок, этият бол! Эстен чыгарба! Артка кайтуудан сактан! (Б.а. менден жакшы, солих адам чыкпады деп, караңгылыкка кайтып кетпе!).

إذا كنت في الطريق إلى الله فاركض!
وإذا صعُب عليك فهرول وإذا تعبت فامشِ
وإذا لم تستطع فسِر ولو حبواً
(ولكن إياك ثم إياك والرجوع)

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤16❤‍🔥6🔥4💯3👍2✍1
Түнкү намаз - Аллахка карай жолуңдун түздүгүн жана руханий жашооңдун тууралыгын көрсөткөн белги.
Эгер сен түнкү намазга турган адамдардан болсоң, Аллах Таала дүйнөңдү да, адамдардын сага болгон мамилесин да өзгөртөт.
Ошондой эле башкалар таба албаган урмат-сыйга, берекеге, жакшылыктарга, жеңилдиктерге жана туура жолго ээ болосуң.
Шейх Муаз Саид Хава

«قيام الليل علامة على صحة سيرك إلى الله وعلى صحة حياتك، حتى دنياك ربنا يغيرها لك وتعامل الناس معك ربنا يغيره لك إذا كنت من أهل قيام الليل وتجد من الكرامة والبركة والعطاء والتيسير والهداية ما لا يجده غيرك.»

الشيخ معاذ سعيد حوى

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤24👍3👎1🔥1😢1💯1
«Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда жакшы амалдарды кылсын».

Эң акылдуу адам - күнөө аны таштап кете электе, өзү күнөөнү таштаган; дүйнө менен коштошконго чейин, ага болгон ашыкча байланышын үзгөн; кабырга кире электе, аны нурланта турган жакшы амалдарды жасаган жана Эгесине жолукканга чейин, Аны ыраазы кылган адам.
Шейх Муаз Саид Хава

[فمن كان يَــرجو لقَـاء ربه فليعمَــل عمَلاً صـالحاً]
أعقلُ الناس مَن ترك المعصيةَ قبل أنْ تتركه، وتركَ التَّعلّــق بالدنيا قبل أن تتركه، وأنارَ قبرَه قبل أن يُسكَنَه، وأرضى ربَّه قبل أن يلقاه.
الشيخ د.معاذ سعيد حوى

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤13💯3👍2✍1🔥1
Тарбиячы устаз, урматтуу шейх азирети Хазим Абу Газаланын (Аллах анын сырын ыйык кылсын) айткандары:

«Дин бир туугандык - Аллахтын бизге берген эң улуу нематтарынын бири. Эгер Аллах сага Өзү үчүн сүйгөн бир тууганды насип кылса, анда аны бекем карма, эч качан таштап кетпе.
Ошондуктан биз силерге бекем байланабыз, силер да бизге бекем байлангыла.
Биздин ортобуздагы убада - кимдир бирөөбүз кутулууга жетсе, экинчисинин колунан кармап, аны да кутулууга жетелейт».

قال حضرة شيخنا المربي سيدنا الشيخ حازم أبو غزالة قدّس الله سرّه:
"الأخوة من أعظم نعم الله علينا؛ فإذا أكرمك الله بأخٍ في الله فتمسّك به ولا تتركه. لذلك نحن نتمسّك بكم وأنتم تتمسكون بنا. لذلك العهد الذي بيننا أنّ الناجي منا يأخذ بيد أخيه."

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤6👍2🔥2💯1
Жаш курак жөн гана сан экенин түшүнүшүң керек. Ал сенин чыныгы жүзүңдү эч качан аныктай албайт.
Анткени алтымыш жашка чыксаң да, бала бойдон калышың мүмкүн. Ал эми жыйырма жашыңда эле карыядай акылга ээ болушуң ыктымал.
Шамсуддин Тибризи

يجب أن تفهم أنَّ العمرَ ليس سوى رقمٍ،
لا يُعبِّر عن حقيقتك أبدًا.
فلربما تكون طفلًا في الستين،
أو شيخًا في العشرين.
شمس التبريزي

Кээде жашы кичине болсо да, Кудай берген илимге ээ чыгат.
Кээде картаюу менен жашоо тажрыйбасы мол болуп, акылман болуп кетпейт. Апенди да картаярын унутпа! Насаат сурасаң да, өз ээсинен сура!..

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤‍🔥6💯5❤4🔥3🤝1
(Убактыңды туура бөл!)

Кээде убактыңды истигфар айтууга, кээде тасбих тартууга, кээде тахлил айтууга, кээде Пайгамбарыбызга صلى الله عليه وسلم салават айтууга арна!

Истигфар -күнөөкөрлөрдү өчүрөт.
Тасбих -Аллахты сүйгөндөрдүн жан дүйнөсүнө ырахат тартуулайт.
Тахлил -жашоонун руху.
Пайгамбарыбызга صلى الله عليه وسلم салават айтуу - ага болгон берилгендиктин жана анын шапаатына үмүт артуунун белгиси.
Шейх Муаз Хава

(أوقــاتـــك)
* تارة للاستغفار
* وتارة للتسبيح
* وتارة للتهليل
* وتارة للصلاة على النبي صلى الله عليه وسلم.

الاستغفار يمحو أوزار المذنبين، والتسبيح رَوحُ المحبين، والتهليل رُوحُ الحياة، والصلاة على النبي وفاء واستشفاع.
الشيخ معاذ حوى

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤17💯3👍2❤‍🔥1
"Адамдардын арасында жан дүйнө тынчтыгын жайылткыла! Силерге коркунучтуу заман жөнүндө айткан адамга, мээримдүү жана ырайымдуу Роббиңер жөнүндө айтып бергиле…"

إنشروا الطمأنينة بين الناس
من يحدثكم عن زمن مخيف حدثوه عن رب لطيف ...

Биздин жол Жараткандын мээримдүүлүгүн жар салып, Алла Таалага махабат кылууга багытталган. Кудайын тааный алган адам, ага каршы чыгып, тыйган нерседен оолак болуп, сестенет. Насаатыбыз пенделерге үмүт берип, Жаратканды сүйдүрүү, акыретке таза жүрөк менен даярданууга багытталат. Алла Тааланы сүйүүдөн арамга жакындабаган, азаптабасын деп арамды таштаган адамга караганда даражасы бийигирээк. Мүдөөбүз тозок же кабыр азабы менен коркутуу эмес. Балким Жаратканга ишарат кылып, Аны сүйүүгө ортомчу болуу...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤5👍3💯3😢1
الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله الله
👍5❤2😇1
"Жаман чөйрөгө караганда, жалгыздык жакшы. Жалгыз жүргөндүн ордуна, мыкты чөйрө жакшы".
Ыйманың алсыз болсо, жаман чөйрөгө аралашып, таасир берем деп, аракет кылба. Өз ыйманыңа иште. Кандай эле үрөн өнүп чыгышы үчүн башында жерге жашырылат. Эгер күнгө жатып калса күйүп калат да ал эч качан өнбөйт. Өзөгү катпай эртелеп жемиш байлаган көчөт сынат.
Алла Таала ыйманы күчтүүлөрдү аларга жөнөтүп, дин насаатын угузат. Алла Таала даанышман, баарын билүүчү зат. Өзүң эптеп жүргөндө, алар өзүнө тартып кетпесин. Сен мыкты чөйрөдөн чыкпа, алыстаба. Ыйманың күчтөнүп, ташкындасын. Мен айтпасам, баары тозокко кирип кетет деп баардык жоопкерчиликти өзүңө алба. Алла Таала даанышман уга тургандарга, айта тургандарды жөнөтөт. "Акыретте мен билген эмесмин", "мага эч ким айткан эмес" деген адамдардын шылтоосун алдын алып, дин насаатын айтып, эскерткендер өз убагы менен ар бир адамга жетет.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤16👍5🔥4❤‍🔥2🕊1
Чамлыжа мечити -Түркиянын Стамбул шаарындагы эң чоң мечиттердин бири. Ал шаардын Азия тарабындагы Чамлыжа дөңсөөсүндө жайгашкан.

2013-жылы курулушу башталып, 2019-жылы расмий ачылган. Мечит Осмон жана Селжук архитектуралык стилдеринин айкалышында курулган. Алты мунарасы жана бийиктиги 72 метрге жеткен чоң күмбөзү менен айырмаланат. Бир мезгилде болжол менен 63 миң адамды батыра алат.
Мечиттин курамында китепкана, музей, көркөм өнөр галереясы жана жыйындар залы да бар. Чамлыжа мечити -Түркиянын диний жана архитектуралык көркөм мурастарынын маанилүү символдорунун бири.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤7👍4🥰1
Инсан баласы өзү тандайт...

Жакшы адам - башкаларга пайдасы тийген, чынчыл, адилеттүү, мээримдүү, аманатка бекем жана өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалаган адам.
Жаман адам -башкаларга зыян келтирген, калп айткан, адилетсиздик кылган, аманатка кыянаттык кылган жана өз кызыкчылыгы үчүн башкалардын акысын тебелеген адам.
Хадистин маанисинде: Жакшы адам -адамдар анын тилинен жана колунан аман болгон адам. Жаман адам - адамдар анын тилинен жана колунан зыян тарткан адам.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤5❤‍🔥4👍2💯1
Жарыя Жарыя Жарыя!📖🔊
Жаратканга шүгүрлөр, пайгамбарыбызга салам салаваттар болсун!
Калемибизге таандык биринчи китеп басылып чыкты. "Бактылуулар жашоосу. Үй-бүлөлүк турмуш. Нике-талак". Коомубузда үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөр көбөюп, укук талашуулар коомдо орун алууда. Диний насаат алмайын, инсан баласы туура жолду акылына салып таба албайт.
Бул китепте коомдо болуп жаткан көйгөйлүү маселелердин эң негизгилерин жазганга аракет кылдым. Ар бир уруш, түшүнбөстүктө эркектер талак айтууга шашылып, аялдар талагын сурап, кетем деп жатканы маалым. Көйгөй бар, аны чечүү керек... Бул китепти окуган адамдар, көп суроосуна жооп табат деген үмүттөмүн. Алла Таала бул китепти пайдалуу кылсын...

Буюрса китеп жакында сатыкка чыгат..
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤14🤩3😍3😇1
Олуяларды көрсөң, Алланы Тааланы эстетишет. Анткени алардын көөдөнүнөн бир гана Аллах Тааланы улуктоо сөзү чыгат. Аларды алыста туруп эстесем, Улук Алла Тааланы сыпаттаган сөздөрү эске келет. Ал эми Алла Тааланы эстесек, жүрөк тынчтанат. Өзүн тааныткан затка мактоолор болсун! Улук затты эстегенде, кантип ибадат кылбай койо алабыз?!
Олуялар Жараткандын ыраазылыгын көздөп, амал менен муридтерине үлгү болушту. Сүйлөсө да, элдин мактоосуна жүздөнбөй, бир гана ыкласка басым жасашты. Жер бетинде ушундай адамдар болгон соң, кантип көргөнүмдү жашырам. Ыкластуулар мени түшүнөт деп, жүрөгүмдөгү сезим менен бөлүшөм. Бул да Жараткандан берилген ырыскы экен.
Олуялар биз кыла албай жаткан такыбалыкты, эң жогоркусун кылышты. Дүйнөгө берилбей, тобокели бир гана Аллах, махабат кылганы Аллах, үмүт кылганы Аллах, тооба кылганы Аллах болсо, анан кантип мындай адамдарды эскергенде таазим этпейм?!
Шейхтер жүрөгүбүздө. Баардык олуя, шейхтерге таазим. Кимди Алла Таала бул жолго тандаса, төрүбүздөн орун алат.
Алла Таала ар бир олуядан ыраазы болсун!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
❤4👍2🔥1💯1