Исламдагы сүйүү 🧕❤️
2.3K subscribers
351 photos
266 videos
18 links
🎀 Адамдарга сонун сөздөрдү айт

Пайгамбар (ﷺ)айтты:" эң сонун сөз бул-садака"😻
Download Telegram
"ХРУСТАЛДАР СЫНЫП КАЛБАСЫН..."

Бир жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабалар менен ажылык сапарына баратты. Зыяратчылардын арасында аялдар да бар эле. Төө айдаган Анжаша аттуу сахаба төөлөр бат бассын деп шайыр ырларды ырдай баштайт. Себеби төөлөр кооз аваздан таасирленип, ылдамдыгын тездетчү өзгөчөлүгү бар эле. Төөлөр жорголой баштайт. Баары ыраазы болуп баратты. Себеби төөлөр канчалык бат жорголосо, ошончолук бат жетишмек Меккеге. Бирок бул абалга сүйүнбөгөн, тескерисинче кыжаалат болуп, сарсанаага баткан бирөө бар эле. Ал Аллахтын элчиси (с.а.в.) эле." Ал эмне үчүн кыжаалат болуп баратты? Себеби төөнүн үстүндө төөгө минип көнбөгөн, назик зат болгон аялдар бар эле. Аларга зыян келип калышынан кабатыр болуп жаткан эле Мээрим Пайгамбары. Ал (с.а.в.) Анжашага карап тарыхта алтын тамга менен жазылып калган, азыркы күндө болсо ар бир эркек телефонунун паролундай жаттап алып, айтып жүрө турган ушул сөздөрдү айтат:

- Оо, Анжаша! Абайла! Төөнүн үстүндөгү хрусталдар сынып калбасын!
Эмне деген салыштыруу, эмне деген окшотуу, эмне деген улуулук, эмне деген сылык мамиле! Болгондо да бул сөз аялдар басмырланган, муктаждыкты кандыруучу объект катары гана бааланган доордо айтылып жатат. Эмне үчүн "аял - хрусталь" деди Мээрим Пайгамбары?
Биринчиден, аял хрусталдай кооз, сулуу, назик. Хрусталды көрүнгөн жерге калтырып коё албайбыз. Анткени бирөө уурдап же сындырып кетиши мүмкүн. Аялды да көрүнгөн тарапка ачык калтырып же жалгыз жөнөтө бербейбиз. Себеби чоочун болгон, ууру көз караштар кадалышы мүмкүн. Же бирөөлөр тараптан зыянга учурап калышы ыктымал. Хрусталды өзүбүз гана көргөн, башка эч ким көрбөгөн кутуларда, бийик жана жумшак жерлерде сактайбыз. Аялды да өзүбүзгө таандык болгон уябызда, коломтобузда, жылуу-жумшак жерде сактайбыз. Базарга же чоочун эркектер көп болгон жерлерде иштетип койбойбуз. Эмне үчүн? Себеби ал хрусталь, башкача айтканда баалуу. Ошол эле кезде хрусталдарды абайлап колдонобуз. Болбосо оңой эле сынып калат. Аялдарга да хрусталдай этияттап, абайлап мамиле кылабыз. Сынып калса, калыбына келиши кыйын. Хрусталды канчалык аарчып тазаласак, ошончолук жаркырап нурга бөлөнөт. Аялдарга канчалык сүйүүбүздү арнап, сылык мамиле кылсак ошончолук сулуулугу артат, бакытка бөлөнөт.
Мээрим Пайгамбары "Абайла, хрусталдар сынып калбасын!" деп Анжашага (р.а.) эле кайрылган жок. Ал бүткүл үммөтүнө "Хрусталдай болгон назик аялдарыңарга төөдөй болуп жоргологон турмуш-тиричилик жолунда абайлап, жумшак мамиле кылгыла!" деп буюруп жатат. Азыркы күндө бул осуятка аба менен суудай муктажбыз! Бул сүннөткө баш ийгенде гана бакыттын даамын татабыз, уруш-жаңжалдын эшигин жабабыз!

Себеби ал - Халим (Өтө Жумшак мамиле кылган) болгон Аллах жөнөткөн Пайгамбар.

"Аял сыйлаган пайгамбар" китебинен алынды
❤6🥰4👍1😁1
Сиздин сулуулугуңуз бир гана өмүр жолдошуңуз үчүн. Башка эркектерге көз-көз кылуудан тыйылыңыз...
❤19👍2🥰1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жарыгым🤍
❤8👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ас'сальяму ъалейкум уа рахматуллохи уа баракатуху!

Жума маарек болсун,🌸♥️
Аллахумма солли ъалаа,
саййидина Мухаммад .🥰🌿
🥰10❤3
👳 - Аманатым канча пара окуудуң?❤️

🧕 - Атасы 1 пара окудум Ин Шаа Аллах🥰 сизчи?😊

👳 - Аманатым мен 2 парага жеттим.😁

🧕 - Азыр сизге жетип алам😁анан ашып кетем.😌☺️

👳 - 😁 Аманатым өзүмдүн, сен экинчи параны окуугуча мен күтүп турам хооп.🌹❤️

🧕 - Бейиште да күтүп турасызбы? 😍

👳 - Ин Шаа Аллах Бейишке да жетелешип киребиз.🥰🫀

🧕 - Ин Шаа Аллах. 🤲🫀


СҮЙҮҮ - Исламда болгондо да тунук, таза..❤️😍
🥰29❤6😁1
🧕:Атасы жаз келди го гүлүм кана🤭?!
👳:Вай апасы , гүлгө гүл берүү кандай болот экен дейм да😁❤️.
🧕:😌🫢
🫀
❤25🔥2🥰2
Жылмаюу жана кооз сөздөр - бул жөнөкөй белек, алардын таасири жүрөктөрүндө түбөлүккө сакталат.
Чын элеби?
❤16👍6
🤍
👍4❤2
🧕 : Атасы биринчи учурашкан күнүбүз
эсиңиздеби?

👳 : Эсимде!
Ошол күнү Аятал курсини окубастан үйдөн
чыккан элем..😅
😁19👍2
🫀
❤11👍1
👳🏻: Мен жакшы көрөсүңбү?

🧕:Ооба.

👳🏻:Анда эмнеге, сизди жакшы
көрөм деп айтпайсың?

🧕:Жер, мен айланам деп айтабы?

👳🏻:Жок.

🧕:Бирок айланат ко! 🙃
😁20👍4🙈1
👳:Ханышам,эгер сулуулук кылмыш болгондо мен өмүр боюуга камалып кетсем керек эле а?

🧕:Ооба, кылбаган кылмыш үчүн жалаа жабылып камалат элеңиз... 😅❤️


https://t.me/sitatalar2
❤5👍1
🧕:Падышам, дүйнөдөгү эң чырайлуу аял ким? (🤔🤨)

👳:Сенсиң ханышам сенсиң.
Эми колуңдагы бычакты кой. 😅💙
❤16😁7👍1🔥1
АЯЛДЫН КЫЯЛЫ

Таң атпай күйөөсү аялын жүгүргөнчө, серүүндөп кайталы деп чакырды :

🧕 : "Оо, сен мени семиз деп ойлойсуңбу?"
🫠(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Жок. Жүгүрүү - ден соолукка пайдалуу".
🤗(❤️)

🧕 : "Сен мени оору демекчисиңби?".🙁🤕(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Жок, жок, эгер тургуң келбесе баары
жакшы..."😅(❤️)

🧕 : "Аа, сен мени жалкоо дейсиң,
ошондойбу?"🙄(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Сен мени такыр туура эмес түшүндүң".
🫣🫢(❤️)

🧕 : "Сен мени окубаган акмак дегиң келип
жатабы ошондо?"🤔🫤(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Мен андай деген жокмун, байка".🤦‍♂(❤️)

🧕 : "Жалганчы дегиң келип жатканы го?"
🥲(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Таң азандан башымы оорутпачы!"
🙃🤕(❤️)

🧕 : "Ааа, мен ошондо көп сөйлөгөн какбаш
болдумбу!?".🙂(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Болуптур, жакшы. Сен жата берчи. Мен
өзүм жүгүрүп кайтамын".😶(❤️)

🧕 : "Сен дайым бир өзүң гана көңүл
көтөрөсүң..."🥹(❤️)

🧔🏻‍♂ : "Менин эми башым ооруй баштады.
Койчу!"🥺🤕(❤️)

🧕 : "Көрдүңбү? Сен дайым өзүңдү ойлойсуң.
Эгоист. Менин ден соолугум тууралуу
ойлонгон да эмессиң...(("🥹🥹(❤️)

Күйөөсү отуруп алып, кайсы жерден ката кетиргенин ойлоно баштады. Аялзатын сүйүп гана жана түшүнүп жашоо керек.. 🤗🫀❤️
❤36👍5
👤: Көрсө ,апамдын чачымды тарап өрүп койгону,

бутуна эркелей жатканымда,

башымды сылаганы
мен үчүн бул нерселер

кайталангыс бакыт болгон экен эле... 💌💜

____

Мээрим колдору менен
мага арнап жасаган тамактары,

Мен үчүн дүйнөнүн эч бир бир тамагына алмашкыс даамду.

Гүл берсем, сүйүнүп караган ошо сүйкүм жүзү,

Мен үчүн дүйнөдө эч бир кооз нерсеге алмашкыс

Апамдын эркелетип сүйлөгөн сөзүнөн таттуу эч нерсе мен үчүн бул дүйнөдө жок ....

Сагындым апа


Бактылуу балалыгымдын себепчиси Бейишим Апам....❤️🫀
❤25👍2🥰1
КЕЛБЕТТҮҮ ПАЙГАМБАРГА ЖАРАШКАН КЕРЕМЕТ АЯЛ

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) атасы Абдуллахтын жүзүндө өзгөчө нур бар эле. Ага баары ашык болчу. Ал нур Пайгамбарыбыздын ата-бабаларынан келе жаткан эле. Ошол нур акыры өз дарегине Пайгамбарыбызга (с.а.в.) жетип келген болчу. Ошол себептен да Пайгамбарыбыздын жүзү ай төгүлгөндөй ажайып нурлуу боло турган.
Сахабалардан Абдуллах бин Салам мусулман
боло элек кезде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинага келет. Жөөттөрдүн эң алдыңкы аалымдарынан болгон Абдуллах ибни Салам дароо Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрүү үчүн алдына барат. Анын нур чачкан куттуу жүзүн көрөт. Сезимдерин жашыра албай: "Бул жүздө жалган жок! Бул жүздө алдамчылык жок!" деп дароо мусулман болот. Ооба, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өтө нурдуу, келбеттүү адам болгон. Хадистердин маанисинде анын Жусуп Пайгамбардан да сулуу, нурдуу болгону айтылат. Айша (р.а.) энебиз өзүнүн эскерүүлөрүндө, "Эгерде Жусуптун (а.с.) сулуулугун көрүп колдорун кесип алган мисирлик аялдар Мухаммаддын (с.а.в.) сулуулугун, нур жүзүн көрүшкөндө колдорун эмес, жүрөктөрүн кесип алышмак!" деген жайы бар.
Жүзү жаркыган Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алгачкы өмүрлөшү Азирети Хадича (р.а.) болчу. Ал жогоруда айтылгандай, ашкан сулуу, абдан бай аял эле. Бирок комфорт жашоосун акыйкат жолго алмаштырган улуу айым болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аны бекеринен Хадижаи Кубро, башкача айтканда «Улуу Хадича» деп атаган эмес. Ааламдын мырзасы алгач ашуусу бийик, даңгыр жолдуу турмуш сапарына дал ушул айым менен аттанган болчу. Аны менен бирге чейрек кылым өмүр сүрдү. Пайгамбарыбыз Аз. Хадичанын көзү тирүүсүндө анын үстүнө аял алган эмес. Ооба, Ниса сүрөсүндөгү «Экиден, үчтөн, төрттөн аял ала бергиле»-деген маанидеги аяты түшкөн кезде Хадича (р.а.) энебиз Пайгамбарыбызга (с.а.в.) «Көңүлүнө жаккан жаш кыхдардан никелеп алсын»- деп айттырып, атайын киши жөнөтөт. Бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул сунушка минтип жооп берет:

-Жок! Хадичамдын үстүнө эч качан башка аял албайм!

Аз. Хадичанын дагы бир өзгөчөлүгү Пайгамбарыбызга эң алгач ыйман келтирген инсан эле. Эң биринчи исламды кабыл алган даңазалуу айым болчу. Ал бүткүл байлыгын ислам жолуна арнап салган айкөл, берешен асылзат. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгону менен өзгөчөлөнүп турат. Ал исламияттын төрт улуу айымынын бири!

Пайгамбарыбыздын Ибрахимден башка бардык перзенти Аз. Хадичадан төрөлдү. Алар: Касым, Зайнап, Рукыййа, Умму Гүлсүм, Фатима жана Абдуллах болчу.

Уландысы бар
👍12❤1😍1
"КЕЛБЕТТУУ ПАЙГАМБАРГА ЖАРАШКАН КЕРЕМЕТ АЯЛ"
2-болум

Жалпыга маалым болгондой, Азирети Фатима чарчап калган...
Хижраттан мурунку жылдарда, бир күнү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үйүнө келип Хадича энебиздин ыйлап жатканын көрдү. Расулуллах андан эмнеге ыйлап жатканын сураганда, Хадича энебиз:
Кантип ыйлабайын, уулубуз Касым эмчектен чыкпай туруп каза болду, деди жүрөгү сыздап. Ал энелик мээрими менен жашып жаткан эле. Аллахтын Элчиси:
- Жашыба оо Хадичам, ал бейиште! – деп айтты. Хадича энебиз:
Жок дегенде эмчектен чыккандан кийин кеткенде, көкүрөгүмдү сыздатып, сүтү калбагандачы! деп ботосу өлгөн боз ингендей буркурап ыйлап жиберди момундардын энеси. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын көңүлүн жубатып,
- Хадича, билесиңби ал ушул тапта бейиште сүтүн ичүүнү улантып жатат! деп башынан сылады. Хадича энебиз баласынан ажыраган энеликтин күйүтү менен,
- Бирок анын энеси менмин да, мен ичиргенимде... - деди шолоктой.
Ооба, энесинен, атасынан ажыраган балага адамзат "жетим" "өксүк" деген ат беришиптир да, баласын жоготкон эненин абалын сүрөттөп, түшүндүрүп берер бир да ат таба алышпаптыр. Хадича энебиздинда ушундай аянычтуу абалына Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жүрөгү эзилип сыздап кетти. Кантип сыздабасын анан?! Ал дагы ата болчу, анын үстүнө ааламдарга рахмат, мээримдүүлүк катары жөнөтүлгөн бир ата эле эмес, Пайгамбар да болчу. Ал (с.а.в.) дагы бала күйүтүн тартып жаткан. Мээримге толгон көөдөнү сыздап жаткан.
Анан Расулуллах момундардын энесине карап:
📌Уландысы бар
👍8❤2