СҮННӨТ ЖОЛУ
1.2K subscribers
348 photos
66 videos
883 links
Каналдын автору: Нурбек Аширмухаммад уулу

🎓Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн

🎓Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн
Download Telegram
Сухайл ибн Абу Салихтен, ал атасынан (атасы — Закван), ал эми ал Каъб ал-Ахбардан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат, ал айтты:

«Аллах Таала убакыттарды (биринен бирин абзел кылып) тандады. Ал эми Аллахка убакыттардын эң сүйүктүүсү — ыйык айлар. Ыйык айлардын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — Зул-хижжа айы. Ал эми Зул-хижжа айынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — (анын) алгачкы он күнү».

📚Ибн Ражаб, "Латаиф ал-Ма’ариф", 267-бет.

✏️ Нурбек А.У.
https://t.me/sunnotjolu/1463
👍12
الله أكبر الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله،
والله أكبر الله أكبر ولله الحمد


Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, лаа илааха иллаллах,
уаллаху акбар, Аллаху акбар, уа лилляхиль хамд.


Мааниси:

«Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу.
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок.
Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу.
Бардык мактоолор Аллахка таандык».

https://youtu.be/-CcE6gUWw-M?si=QF0c8bJsNxNpCIpg

https://www.instagram.com/reel/DYhjc06oOzZ/?igsh=MXgycjlmMnUwOW5tOA==
👍10
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ
(صحيح البخاري، 3334)



Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты:

«Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” — деп сурайт.
Ал: “Ооба (берет элем)” — деп жооп берет.
Ошондо Аллах айтат: “Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”».

📚(Сахих аль-Бухари, 3334)


🖊Түшүндүрмө:

Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз.

Хадистеги “Сен Адамдын белинде кезиңде...” деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат.
Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан.

Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу.


✏️Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1465
👍16
Урматтуу мусулман бир туугандар!

Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

تقبل الله منا ومنكم
«Такаббалаллаху минна ва минкум»

Аллах Таала бизден жана сиздерден кабыл кылсын!
👍19🎉5
🔹Көркөм кулк-мүнөз

Кимдин сөзү жагымдуу (жакшы) болсо, анын кадыр-баркы жогору болот.

Момун инсан — жумшак, кичи пейил келип, сөздүн эң жакшысын, эң сылык сөздөрдү тандап сүйлөйт;
ал эч кимдин көөнүн оорутпайт, эч кимди шылдың кылбайт жана эч кимди тили менен да, ишараты менен да ушактап-жамандабайт.
Өзүнүн ушундай мүнөздөрү менен ал мол соопко жана улуу урматка жетишет.

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Чындыгында, момун инсан өзүнүн көркөм мүнөзү менен (күндүзү) орозо кармап, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет».

📚Сунан Абу Давуд (Хадис № 4798)

✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1470
👍18
🔰Багымдат намазы

عن ابن مسعود رضي الله عنه أنه:
«ذُكِرَ عِنْدَ النَّبِيِّ ﷺ رَجُلٌ، فَقِيلَ: مَا زَالَ نَائِمًا حَتَّى أَصْبَحَ، مَا قَامَ إِلَى الصَّلَاةِ، فَقَال: بَالَ الشَّيْطَانُ فِي أُذُنِهِ»
(صحيح البخاري1144

Ибн Масъуддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, ал айтты:
«Пайгамбарыбыздын ﷺ алдында бир киши тууралуу сөз козголуп: "Ал таң атканча уктап, намазга турган жок",— деп айтылды. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ: "Анда анын кулагына шайтан заара кылып коюптур",— деп айтты».

📚Сахих ал-Бухари, № 1144


🖊Аалымдар айткандай, шайтандын жеп-ичери жана үйлөнөрү далилденген. Демек, анын заара кылуусу да акыйкат.
Бул жерде кулактын өзгөчөлөнүп айтылганынын себеби — кулак (ойгонуу үчүн) эң биринчи кабыл алуучу орган болуп саналат.
Ал эми эки жийиркеничтүү нерсенин ичинен дал зааранын тандалып айтылганы — анын (кулактын) көңдөйлөрүнө кирүүсү эң жеңил, тамырларга сиңүүсү эң тез болгондугунда. Бул (шайтандын заарасы) адамдын бүткүл дене-мүчөсүнө жалкоолукту пайда кылат.

✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1471
👍14
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ
(صحيح البخاري، 3334)



Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты:

«Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” — деп сурайт.
Ал: “Ооба (берет элем)” — деп жооп берет.
Ошондо Аллах айтат: “Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”».

📚(Сахих аль-Бухари, 3334)


🖊Түшүндүрмө:

Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз.

Хадистеги “Сен Адамдын белинде кезиңде...” деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат.
Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан.

Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу.


✏️Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1472
👍18
Имам Ибн ал-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) айткан:

«Ибадат жүрөктү нурлантат, аны тазалап, жылмалайт, чыңдайт жана бекемдейт. Аягында ал жүрөк тазалыгы жана тунуктугу жагынан жаркыраган күзгүгө айланып, нурга толот. Эгер ага шайтан жакындаса, ага бул жүрөктүн нурунан асмандан кабар уурдаган шайтандарга тийген күйгүзүүчү жылдыздардай сокку тиет. Андыктан, шайтан мындай жүрөктөн карышкыр арстандан корккондон да катуу коркот».

📚 «Ал-Даъ ва ад-Дава», 222-бет.

https://t.me/sunnotjolu/1476
👍8
Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

Абу Хурайрадан (радияллаху анху) риваят, Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аллах Таала айтты: “Кыямат күнү Мен үч адамдын душманы (доочусу, каршылашы) болом :
1. Менин атым менен убада/ант берип, анан кыянаттык кылган адам;
2. Эркин кишини (кул катары) сатып, анын акчасын жеген адам;
3. Жумушчу жалдап, анын жумушун толук аткартып алып, бирок акысын (эмгек акысын) бербегериваяты”»

📚(Сахих ал-Бухари)


✏️Хадистен алынган пайдалар:

1. Аллахтын аты менен берилген убадага кыянат кылуу — эң чоң күнөөлөрдүн (кабаир) бири.

2. Эркин адамды кулга айлантуу (сатуу) — дагы эң чоң күнөөлөрдүн бири.

3. Жумушчунун акысын, өзгөчө аны иштетип бүткөндөн кийин бербей коюу — эң чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.

4. Ислам дини жумушчулардын укуктарын коргоого абдан чоң маани берет.

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1477
👍7🎉2
Али ибн Аби Толиб (Аллах андан разы болсун) айтты:
«Эгерде дин жеке пикирге (акылга) таянганда, маасыга масх тартууда анын астыңкы тарабы үстүңкү тарабына караганда масх тартууга татыктуураак болмок. Бирок мен Аллахтын Элчисинин (саллаллаху алейхи ва саллям) маасынын үстүңкү бетине масх тартканын көрдүм».

​📚Сахих Абу Дауд, 162

✍Түшүндүрмө:
Али ибн Абу Талибдин (Аллах андан ыраазы болсун) бул сөзү шарият өкүмдөрү адамдын логикасына же жеке пикирине эмес, Аллахтын жана Анын Элчисинин (саллаллаху алейхи ва саллам) буйруктарына гана таянарын түшүндүрөт.

​Адамдын логикасы боюнча, маасы менен жүргөндө анын астыңкы бети жерге тийип чаңдайт же кирдейт. Эгер дин адамдын жеке акылына гана таянса, маасынын астын сүртүү туурараак болмок.

​Бирок Али (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнүн логикасы туура деп эсептеген нерсени калтырып, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) аткарган Сүннөтүнө толугу менен баш ийип, ал Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) маасынын үстүңкү тарабына гана масх тартканын көрүп, Сүннөттү өз акылынан жогору коюп жатат.

​Адам акылы канчалык акылдуу көрүнбөсүн, Куран менен Сүннөттүн өкүмдөрү ар дайым биринчи орунда турат. Диний өкүмдөрдү адам өз логикасына салып өзгөртө албайт.

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1479
👍9
Хадис:
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Билип койгула мага Китеп (Куран) жана аны менен бирге ага окшош нерсе (Сүннөт) берилди. Жакында диванында курсагы ток отуруп алып: "Силер ушул Куранды гана кармангыла андан эмнени адал деп тапсаңар — адал дегиле ал эми эмнени арам деп тапсаңар — арам дегиле" — деп айта турган киши пайда болот»
(Абу Дауд, 4604)

Шарх:
Бул хадис Пайгамбарыбыздын ﷺ пайгамбарлыгынын ачык белгиси болуп саналат. Ал өз заманында эле келечекте Куранды гана тутунуп Сүннөттү четке кага турган тайпалардын чыгарын алдын ала кабарлаган жана ал айткандай эле болду.

Аллах Таала Пайгамбарыбызга ﷺ Куранды гана эмес аны түшүндүрүп толуктап берүүчү Сүннөттү да кабар кылган. Сүннөтсүз Куранды толук түшүнүү да намаз орозо ажылык сыяктуу ибадаттарды аткаруу да мүмкүн эмес.

Хадистеги курсагы ток диванында отурган деген сүрөттөө илим изденбей жылуу ордунда отуруп алып өз акылына гана таянып дин тууралуу өкүм чыгаргандардын абалын чагылдырат. Мындай абал адамды адашууга алып барат.

Илимсиздик менен кененчилик адамды кайдыгерликке, текеберликке жана адашууга алып келет.

Куранды Сүннөттөн бөлүп кароо диндин тамырына балта чабуу менен барабар.
Сүннөттү четке кагуу Пайгамбарыбыздын ﷺ пайгамбарлыгын жана ага берилген вахийди танганга барабар.

Аллах Таала баарыбызды Куран менен Сүннөттү бекем кармангандардан кылсын!

✍Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1480
👍9🎉1
Куран аяты:
﴿فَإِنَّهَا لَا تَعْمَى الْأَبْصَارُ وَلَٰكِن تَعْمَى الْقُلُوبُ الَّتِي فِي الصُّدُورِ﴾
«Чындыгында, көздөр сокур болбойт, бирок көкүрөктөрдөгү жүрөктөр сокур болот». (Хаж сүрөөсү, 46-аят)

Сокурлук — бул көздүн көрбөй калышы эмес...
Чыныгы сокурлук — көөдөндүн (жүрөктүн) сокурлугу...

Адамдын көзү соо болушу мүмкүн, бирок ал акыйкатты көрө албай, чындык менен жалганды ажырата албай же адал менен арамдын айырмасына жете албайт...

Ал эми айрым адамдар кадимки көрүү жөндөмүнөн ажыраса да, Ыйман нуру менен кабыл алып, Аллах жүрөгүнө берген көкүрөк сезими (басират) аркылуу акыйкат менен жалганды ачык-айкын айырмалай алат...

✏️Нурбек Аширмухаммад уулу
https://t.me/sunnotjolu/1481
👍9🎉3