ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдышүкүр ажы Нарматов

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 21-декабрга (2025-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.


▷ t.me/risalatkg
🔴 ДААРАТТА СУУ ТИЙБЕГЕН ЖЕРЛЕРГЕ АЗАП БОЛОТ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллалху алейхи уа саллам, бир киши даарат алып жатып согончогун жуубай калганын көрүп: «(Суу тийбеген) согончокко тозоктун азабы болот» – деп айтты.

Башка риваятта мындай деп айтылат: «Абу Хурайра, радыяллаху анху, бир топ адамдардын даарат алып жатканын көрүп: «Дааратты толук алгыла! Анткени мен Абул Касим, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын укканмын: «(Суу тийбеген) согончокко тозоктун азабы болот. (Суу тийбеген) таман сөөккө тозоктун азабы болот». (Бухари жана Муслим)

Дагы башка риваятта: «(Суу тийбеген) согончокко жана тамандын астына тозоктун азабы болот» – деп айткан. (Тирмизи)

Хумран, рахимахуллах, айтат: Күндөрдүн биринде Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, идишке даарат алуу үчүн суу алдырды да колдоруна суу алып үч жолудан жууду. Кийин оң колун идишке салып суу алып оозун жана мурдун чайкады. Андан кийин бетин үч жолудан жууду. Анан колун чыканакка чейин үч жолудан жууду. Башына масх тарткандан кийин эки бүтүн үч жолудан жууду. Андан кийин мындай деди: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мына ушинтип даарат алганын көрдүм. Ошондо Пайгамбар даарат алып бүтүп: «Кимде-ким ушул менин даарат алганымдай даарат алып бүтүп кийин оюн бөлбөй эки рекет намаз окуса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет» – деп айтты. (Бухари)

Абу Дарда, радыяллаху анху, айтат: Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким жакшылап даарат алгандан кийин эки же төрт рекет намаз окуп (Аллахты) эстөө менен жана коркуу менен намазын жакшы окуп намазынан кийин Аллахтан кечирим сураса, анда Аллах анын күнөөлөрүн кечирет». (Ахмад)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ИСЛАМДАГЫ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким жума күнү башын жууса, гусул алса, мечитке эрте барса, хутбаны башынан баштап укса, эч нерсе минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп, хутбаны кунт коюп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет». |Абу Дауд, 345

Кээ бир аалымдар: «Биз шариятта мынчалык соопту камтыган негиздүү хадисти уккан эмеспиз» деп айтышкан. |Тухфатуль-Ахвази, 3/15

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄

Бул хадис шариятта келген эң сооптуу хадистердин бири. Адам жума намазга баратканда ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо жана бир жылдык тахажуд намазын окуду деген соопко жетет.

Элестетиңиз, адам канча кадам басып барышы мүмкүн? Эгер ушул хадисте айтылгандарды аткарса, канча деген соопторго жетиши мүмкүн? Биз бул хадистен Аллахтын бизге болгон мээримин билебиз. Ал бизге кичине гана ибадаттардын артында көптөгөн соопторду даярдап койгон. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КЕЧИНДЕ ИДИШТЕРДИ ЖАБУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Идиштерди жапкыла, суулардын оозун бекем жапкыла, эшиктерди кулптагыла жана балдарыңарды түнү сыртка чыгуудан тыйгыла. Анткени ошол учурда жин-шайтандар жер бетине таркашат жана кол салышат. Жатар мезгилде чырактарды өчүргүлө. Анткени чычкан чырактын билигин тартып үйдөгүлөр күйүп кетүүсү мүмкүн». (Сахих Бухари, 3316)

Ал эми Жабир, радыяллаху анху айтты: «Накии өрөөнүндөгү ансарлардан болгон Абу Хумайд аттуу бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир идишке сүт алып келди. Ошондо  Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Анын үстүнө чырпыкты коюуп болсо да жапкан белең?» – деп айтты». (Сахих Бухари, 5606)

Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Идиштин үстүн жапкыла, чанач суу идишинин оозун бекем байлагыла. Анткени бир жылда бир түн бар. Ошол түнү жугуштуу оору түшөт. Ошондо оозу жабылбаган кандай гана идиш болбосун же оозу байланбаган чанач суу идиши болбосун аларга өтүп бараткан жанагы жугуштуу ооруу түшөт». (Муслим, 2014)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 УШУНДАЙ БОЛОРУН ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ОН ТӨРТ КЫЛЫМ МУРУН АЙТЫП КЕТКЕН

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да алардын артынан киресиңер». Биз сурадык: «Оо, Аллахтын Элчиси! Жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы?». Ал: «Алардан башка ким болмок эле»,– деп жооп берди. (Сахих Бухари)

Имам ан-Навави хадиске түшүндүрмө берип мындай деп айтты:
«Бул хадистеги мисал катары айтылган карыш, чыканак жана кескелдириктин уясынан максат – аларга окшошуу жана ашыкча ээрчүү. Мындагы окшошуу – каапырлыкта эмес, күнөө иштерде жана карама-каршылыктагы окшошуу. Бул хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, ачык муужизасы камтылган. Анткени бардыгы анын айтканындай болду». (Шарх Сахих Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСКОНДОРГО ЭСКЕРТҮҮ

Садыбакас ажы Доолов

▷ t.me/risalatkg
🔴 ЖУМА КҮНДӨГҮ ДУБА КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН УБАКЫТТЫН ТАК МӨӨНӨТҮ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Күн чыккан күндөрдүн жакшысы – жума күн. Жума күнү Адам ата жаратылган жана жума күнү бейишке кирген. Жума күнү бейиштен түшүрүлгөн. Жана жума күндө бир убакыт бар. Эгерде бир мусулман адам ошол убакытка туш болуп намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураса, анда Аллах ага сөзсүз сураган нерсесин берет».

Абу Хурайра айтат: «Күндөрдүн биринде Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анхуга, жолугуп ага ушул хадисти айттым. Ал:
—  Мен бул убакыт кайсыл экенин билем – деди. Мен:
—  Ошол убакытты мага айтчы. Мага ичи тардык кылбачы – дедим.
— Ал убакыт асыр намазынан кийин күн батканга чейинки убакыт» – деп айтты.
— Кантип эле? Пайгамбарыбыз: «Эгерде бир мусулман адам ошол убакытка туш болуп намаз окуп...» – деп айтып жатпайбы? Сен айткан убакытта намаз окулмак беле? Анда Абдуллах ибн Салам:
— Пайгамбар: «Кимде-ким намазды күтүп отурса, анда ал намаз окугандай боло берет» – деп айтпады беле?
— Ооба, ошондой деген
— Мына ошол убакыт асырдан кийин – деди. (Тирмизи, 491)

Башка бир риваятта Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ биз менен отурган кезде мен мындай дедим: «Биз (мурун) Аллахтын Китеби (Инжилде) жума күндө бир убакыт бар. Эгерде ыймандуу адам ошол убакытка туш болуп намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураса, анда Аллах анын муктаждыгын берет» – деген сөздү окуганбыз. Ошондо Пайгамбар:
— Ал убакыт жума күндүн кээ бир убакыттары бекен? – дегендей ишарат кылды. Мен:
— Туура айтасыз. Кээ бир эле убакыттары – дедим да – Айтыңызчы, ал кайсыл убакыт? – деп сурадым.
— Күндүздүн акыркы убакыттары – деп айтты.
— Ал намаз окуй турган убакыт эмес да? – дедим.
— Ооба, намаз окуй турган убакыт эмес. Чындыгында, бир ыймандуу адам намаз окуп бүтүп башка намазды күтүп отурса, анда ал намаз окугандай боло берет? – деп айтты. (Ибн Маажах, 1139)

Башка бир риваятта Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анху, айтат: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Жума күнүндө он эки убакыт бар. Эгерде мусулман адам ошол убакытта Аллахтан бир нерсе сураса, анда Аллах таала ага сөзсүз сураган нерсесин берет. Ал убакытты асырдын акыркы убакыттарында издегиле». (Абу Дауд, 1048)

📍 Бул хадистердин негизинде аалымдар: жума күнүндөгү дуба кабыл боло турган убакыт – ал асыр намазынын акыркы убактары деп айтышкан.

Бирок хадисте айтылган убакытка жетүү үчүн жума намазынан же асыр намазынан баштап күн батканга чейин дуба кылуу сүннөт болуп саналат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ

Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты:
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)

Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат:
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)

Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибн Маажах, 3660)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз